Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 3
Кудайбергенов Буландын ысымын көчөгө коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосунун 2-пунктуна ылайык жана Боо-Терек айылынын тургуну А.Кудайбергеновдун 2024-жылдын 27-июнундагы №8 кириш сандуу арызын жана ошондой эле 390-контурдагы жер үлүш ээлеринин кайрылуусундагы макулдугун карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы №390 контурдун батыш жагындагы жана Туйтун, Нарбото, Ч.Сатаев атындагы көчөлөрдү кесип өткөн жана ошондой эле Бетен, Шабдан, Алымкул, Жадыгер көчөлөрүнүн чыгыш тарабындагы, түндүктөн батышты көздөй багытталган аты жок көчөгө Кудайбергенов Буландын ысымы коюлсун.
2. “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” Жобосунун 2-пунктуна ылайык Боо-Терек айылынындагы жогоруда аталган аты жок көчөсүнүн аты “Кудайбергенов Булан” деп аталсын.
3. Боо-Терек айылынын тургуну А.Кудайбергеновдун 2024-жылдын 27-июнундагы №8 кириш сандуу арызы жана 390-контурдагы жер үлүш ээлеринин кайрылуусундагы Кудайбергенов Буландын ысымын коюу боюнча макулдугу эске алынсын.
4. Көчөнүн ысымын коюу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга («Кадастр» мамлекеттик мекемесине, райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө) каттоодон өткөрүү боюнча иш аракеттерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жана жер маселелери боюнча адиси Дж.Аблаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |