Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 15-июлу ПЖ № 190
Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- мамлекеттик тилдеги II бөлүмдүн 5-главасынын 1-пунктунун "Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык бөлүмү" деген графанын "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-Б" категориясынын экинчи абзацында "жетекчиси" деген сөз "жетекчисинин орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн төмөнкүдөй тартипте үстөк:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын борбордук аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө;
- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү кеңештеринин муниципалдык кызматчылары үчүн - кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө;
- мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук маанидеги шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү кеңештеринин муниципалдык кызматчылары, республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын аймактык бөлүмдөрү үчүн - кызматтык маянасына 25 пайызга чейинки өлчөмдө;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары, айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын мэрияларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрүнүн муниципалдык кызматчылары үчүн - кызматтык маянасына 10 пайызга чейинки өлчөмдө;";
2) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
II бөлүмдө:
- 1-главада:
главанын аталышында "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр "Республикалык маанидеги шаарлардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта "Биринчи вице-мэр" деген сөздөр "Мэрдин биринчи орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2. Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, республикалык маанидеги шаарлардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү | ||
1 | Облустук маанидеги шаардын мэри, облустук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 4,52 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысы | 4,26 |
3 | Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары, республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысынын орун басары | 4,05 |
4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчиси (мэриянын түзүмүндө) | 4,03 |
5 | Республикалык маанидеги шаардын муниципалдык администрациясынын аппаратынын жетекчиси, облустук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 4,02 |
6 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары (мэриянын түзүмүндө) | 3,65 |
7 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
8 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,39 |
9 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,22 |
10 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,96 |
11 | Инспектор, адис | 2,70 |
";
- 3-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, республикалык маанидеги шаардын мэриясынын бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрү";
1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык, ведомстволук бөлүмүнүн аймактык түзүмүнүн жетекчиси, облустук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 4,00 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык, ведомстволук бөлүмүнүн аймактык түзүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,30 |
".
3. Бул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |