Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын уюштуруучусу болуп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) болуп саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы бар:
1) толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде - государственное предприятие "Нарынстрой" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики;
2) кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Нарынкурулуш" МИ;
- расмий тилде: ГП "Нарынстрой".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибутикасы бар.
10. Ишкана өзүнүн бардык милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
11. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары, Кең-Булуң көчөсү, 2.
2-глава. Негизги максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги максаты баланстагы атайын техникалык жана инженердик автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү болуп саналат.
13. Ишкананын ишинин предмети өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга байланышкан иш-чаралар болуп эсептелет.
14. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында пайдаланылуучу товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу, сактоо, ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
2) мамлекеттик башкаруу органы үчүн зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды даярдоо жана сактоо;
3) өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучунда потенциалдуу кооптуу объекттерде курулуш жана жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
5) жалпы негиздерде пайдаланылуучу негизги фонддорду (анын ичинде оңдоо устаканаларын жана башкаларды) пайдалануу;
6) калктуу конуштарды коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
7) Ишкананын чарба жүргүзүүсүнө берилген мамлекеттик башкаруу органынын негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
8) өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана кесепеттерин жоюуда калкты эвакуациялоо боюнча иштерге, куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү иштерине катышуу;
9) калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
10) ар түрдүү иштерди аткаруу жана пайда алуу менен Ишкананы уюштуруу жана өнүктүрүү;
11) Ишкананын материалдык-техникалык базасын оң абалда кармоо;
12) оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү.
15. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
1) табигый жана техногендик мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча инженердик жана башка иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
2) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар шарттарында жана зоналарында оперативдүү чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
3) гидрокурулмаларды куруу;
4) жоопкерчилик зоналарында оперативдүү которуу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
5) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык ресурстардын резервин түзүү;
6) транспорттук кызматтарды көрсөтүү;
7) инфраструктура объекттерин куруу/демонтаждоо, мамлекеттик башкаруу органынын инфраструктурасынын материалдык-техникалык базасын натыйжалуу пайдалануу жана чыңдоо;
8) гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана берүү;
9) өзгөчө кырдаалдар районуна, ошондой эле КМШнын жана ШКУнун чек арага жакын өлкөлөрүнө гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыз кылуу;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерине ылайык өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган объекттерди курулуш жана башка товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу;
11) Ишкананын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү;
12) күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо жана сактоо, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын бөлүмдөрүнүн муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн авто май куюучу станциялардын жана пункттардын тармагын түзүү жана эксплуатациялоо;
13) асфальт-бетон заводдорун, бетон орнотмолорун куруу жана эксплуатациялоо;
14) Ишкананы модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуу;
15) жолдорду жана көпүрө курулмаларын куруу.
16) мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоого;
3) кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды ишке тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты жүргүзүүгө;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына ылайык чарбалык башкаруу укугунда ага таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде ижарага берүүгө;
11) обочолонгон мүлккө ээ болууга;
12) Ишкананын ишинин маселелери боюнча сунуштарды Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына киргизүүгө;
13) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана жоопкерчилик тартууга;
14) сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
15) чарба жүргүзүүдөгү мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
16) эл керектөөчү товарларды чыгарууну уюштурууга, коммерциялык ишти жүргүзүүгө;
17) күйүүчү-майлоочу материалдардын дүң жана рыноктук соодасын уюштурууга;
18) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча келишимдик негизде кызматтарды көрсөтүүгө.
17. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана алардын ишин аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын зарыл болгон отчетторун мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
5) чарбалык башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
6) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жетекчиликке алууга;
7) "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык объекттин иштөө тартибин камсыз кылууга, ошондой эле стратегиялык объекттердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды камсыз кылууга;
8) ушул Уставда аныкталган милдеттердин жана функциялардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
9) зарылдыгына жараша Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылууга, ошондой эле расмий иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан ишти жүргүзүүгө.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
19. Ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун атайын уруксатынын (лицензиясынын) болушун талап кылган иштин айрым түрлөрүн Ишкана тиешелүү уруксаттарды (лицензияларды) алгандан кийин жүргүзөт.
4-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу, Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
9) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өз компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн максаты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
14) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктүн максаты боюнча натыйжалуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге Ишкананын аймагына барууга жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берүүгө.
6-глава. Ишкананын аткаруу органы
25. Ишкананын аткаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалган Ишкананын жетекчиси - директор саналат.
Ишкананын жетекчиси мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат.
26. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган адам менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Ишкананын жетекчиси эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Эмгек келишими Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча жобону камтууга тийиш, анын өлчөмү, тизмеги жана жол берилген маанилери өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык белгиленет.
27. Ишкананын жетекчиси мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
Ишкананын жетекчиси төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алса;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
28. Ишкананын жетекчисинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошо алганда, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
29. Ишкананын жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
30. Ишкананын жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин каалаган чөйрөсү менен байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун өзүнө белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын жетекчисине мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттер да жүктөлөт.
31. Ишкананын жетекчисинин чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
Ишкананын жетекчиси:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине Ишкананын кызыкчылыгын коргоого ишеним каттарды берет;
7) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
81) коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ишкананын жетекчисинин эки орун басары болот, алар Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын жетекчиси ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетекчинин орун басарларынын бирине жүктөлөт.
7-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
33. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- директор, директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
34. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иш жүргүзүүгө тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
35. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетектөөчү курамына кире албайт:
1) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
2) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
3) менчигинин түрүнө карабастан мурда чарба жүргүзүүчү субъектте жетекчилик кызмат орундарын ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
4) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик ишти жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
36. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
37. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде мындай кызмат бар болсо);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
38. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
39. Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын максаттарынын жана ишинин негизги багыттарынын формулировкасын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин болушунун зарылдыгын негиздөөнү;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктерди талдоону.
40. Ишкананын жетекчиси жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
Мамлекеттик ишканалар жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которуп, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
9-глава. Ишкананын мүлкү
41. Ишкана мүлккө чарба жүргүзүү укугунда же ыкчам башкаруу укугунда ээлик кылат.
42. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
43. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, натыйжалар, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каалаган башка булактар.
44. Өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
45. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны салым катары чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
46. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
47. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүштүрүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
48. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында да анын укук улантуучусу болуп саналат.
49. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акциясынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган (акционерлештирүү) жоопкерчилиги чектелген коомго айлануу менен өзгөртүп түзүлөт.
50. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча же болбосо мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
51. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
52. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
53. Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
54. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.