Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 44/19-8
Талас шаарындагы № 1 орто мектебинин аймагындагы кичи футбол аянтчасын оңдоого дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен жалпы суммасы 1 650 550 анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 330 110 сомго эсептелген акча каражатын Талас шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосунун 3-пунктунун 21-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 27.12.2022-жылдагы №01-19/3970 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы №1 орто мектебинин аймагындагы кичи футбол аянтчасын оңдоого дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен жалпы суммасы 1 650 550 анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 330 110 сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | А. Жусупбеков |