Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги N 179 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында отунду маркалоо жана жүгүртүү тартибин аныктайт.
Бул Жобонун максатында төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган:
1) импорттоочу - Кыргыз Республикасынын аймагына маркалануучу отунду ташып киргизүүчү салык төлөөчү;
2) отунду маркалоо оператору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же мамлекеттик менчик үлүшү бар уюм;
3) маркалануучу продукция - ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спириттен тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, ТЭИ ТН 2707101000, 2709001001, 2709001009, 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500, 27101209000, 3811119000, 3811190000 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, кошундулар жана антидетонаторлор, ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизелдик отун жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата);
4) отун маркери - отундун молекулярдык курамына кирүүчү, жуулууга туруктуу молекулярдык маркер, анын бар экендиги шайкештикти баалоо документи берилген атайын приборлор менен текшерилет;
5) отун маркеринин наркы - маркердин наркын эске алуу менен отунду маркалоо операторунун отунду маркалоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы;
6) салык кызматынын органы - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
7) банк кепилдиги - бул салык төлөөчү акциздик маркаларды алууга арыз берген күндөн тартып 40 календардык күнгө чейин, бирок отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен акциз салыгын төлөбөгөн учурда, салык төлөөчүнүн банк кепилдигинде көрсөтүлгөн акциз салыгынын өлчөмүндөгү милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепил катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги N 179 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өндүрүүчүлөрдө лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мунайды кайра иштетүүгө лицензиясы болгон учурда алар тарабынан импорттолуучу, мунайзаттарды дистилляциялоо же кайра иштетүү жолу менен (анын ичинде процесстер: каталитикалык крекинг, оор дизелдик отунду изомерлөө жана депарафинизациялоо) маркалануучу продукцияны өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдаланылуучу маркалануучу отундан тышкары, уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында отун маркери менен белгиленбеген отун маркери жок маркалануучу отунду жүктөп жөнөтүүгө жана сатууга, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына отун маркери жок маркалануучу отунду ташып келүүгө тыюу салынат.
Жеке жактар тарабынан отун маркери менен белгиленбеген маркалануучу отунду Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чегинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги N 179 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жобонун 2-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу маркалануучу продукция отун маркери менен маркаланууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги N 179 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Салык төлөөчү тарабынан экспорт үчүн өндүрүлгөн маркалануучу отун экспортко жөнөтүүдө отун маркери менен маркаланууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын аймагында экспорттоо үчүн өндүрүлгөн жана отун маркери менен белгиленбеген, маркаланууга тийиш (анын ичинде товар алмашуу негизинде же иштетип алма чийки затты пайдалануу менен сатып алынган) отунду Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
5. Маркалануучу отунда отун маркеринин болушу аны керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (эл аралык транзиттен тышкары) жана сактоо (өндүрүүчү тарабынан буюмдарды технологиялык процесске ылайык маркалоого чейин сактоодон же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн сактоодон тышкары) үчүн зарыл шарттардын бири болуп саналат.
6. Маркалануучу отунду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө/импорттоодо отунду маркалоо ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган аймакта же маркалануучу отунду даярдоочунун заводунда өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин жүзөгө ашырылат.
7. Мунай продуктуларын импорттоодо салык кызматынын өкүлүнүн жана отунду маркалоо операторунун катышуусуз чет өлкөлүк мунай продуктуларын өндүрүүчүнүн пломбасын бузууга жол берилбейт.
8. Маркаланган отунду кайра иштетүүгө жол берилбейт.
Бул Жободо кайра иштетүү деп, отундун ТЭИ ТНдин 10 орундуу кодундагы бир же андан көп цифрасынын өзгөрүшүн билдирет.
9. Ушул Жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган отун маркаланбаган катары каралат.
10. Отун маркерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу отунду маркалоо оператору тарабынан даярдалат. Отун маркерлеринин түрлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан отунду маркалоо оператору менен бирдикте иштелип чыгат жана бекитилет.
Отунду маркалоо Кыргыз Республикасынын аймагында видео фиксация каражаттарын колдонуу менен отунду маркалоо оператору тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги N 179 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу продукция маркалануучу отунду өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркаланат.
12. Отун маркеринин наркын төлөө отунду маркалоо операторунун эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Отунду маркалоо тартиби
13. Отунду маркалоо оператору отун маркеринин наркы төлөнгөндөн кийин гана салык төлөөчүгө отунду маркалайт. Отунду маркалоо жөнүндө чечимди алганда салык төлөөчү отун маркеринин наркынан тышкары бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык акциз салыгынын белгиленген ставкасы боюнча маркалануучу отунга акциз салыгын төлөйт.
14. Отун маркеринин наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен эки жылда бир макулдашылып турат. Отун маркеринин наркы отун маркерин өндүрүү, маркалоо жана инспекциялоо процесси, транспорттук чыгымдар, анын ичинде маркалоо пункттарына чейин жеткирүү чыгымдары, бажы төлөмдөрү жана алымдары, тобокелдиктерди камсыздандыруу чыгымдары жана башка чыгымдардан турат.
15. Отунду маркалоого өтүнмө берүүнүн тартиби жана отунду маркалоо оператору тарабынан отунду маркалоо процесси ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
16. Салык кызматынын органдары маркалоо оператору менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү/импорттолуучу, өндүрүлүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана сатылуучу бардык мунай заттардын маркалануучу отунга туура келүү жана отун маркеринин болушу маселесине карата физикалык көрсөткүчтөрү боюнча инспекция жүргүзөт.
17. Салык кызматынын органдары мурда берилген банк кепилдиги боюнча өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын акциз салыгын төлөө милдеттенмелерин аткарышын эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырат.
Салык кызматынын органдары берилген банк кепилдиктеринин эсебин жүргүзөт.
Салык төлөөчү акциз салыгын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда салык кызматынын органдары банк кепилдигинин аткарылышын контролдоого милдеттүү.
18. Маркалануучу отундун иш жүзүндөгү көлөмү салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн көлөмүнө дал келбеген учурда отунду маркалоо оператору бул тууралуу салык төлөөчүгө жана отунду маркалоо жөнүндө чечимди тариздеген салык кызматынын органына маалымдайт. Отунду маркалоо жөнүндө чечим шайкеш келтирилгенден кийин отунду маркалоо оператору тарабынан салык төлөөчүгө отунду маркалоо жүргүзүлөт.
19. Салык кызматынын органдары маркалануучу отунду өндүргөн же импорттогон салык төлөөчүнүн акциз салыгын эсептөө үчүн эсептерди жана башка документтерди беришин контролдойт.
20. Отунду маркалоонун сапаты үчүн жоопкерчилик отунду маркалоо операторуна жүктөлөт.
Отун маркеринин сакталышын камсыз кылуу максатында отунду маркалоо оператору коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылууга милдеттүү.
3-глава. Отундун маркаланышын контролдоо
21. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу продукцияны отун маркери менен маркалоо салык контролунун астында, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан - бажы контролу астында (ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген аймакта) жүзөгө ашырылат.
22. Кыргыз Республикасынын аймагында отундагы маркердин болушун жана аныктыгын контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
23. Салык кызматынын органдары отунду маркалоо оператору менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү/имнорттолуучу, ташылуучу, сакталуучу жана сатылуучу бардык түрдөгү мунай продуктуларына орнотулган контролдоо пломбаларын ачуу укугу менен инспекция жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.
24. Отунду маркалоо оператору тиешелүү корутунду берүү менен отундун маркеринин жана маркалануучу отундун бар экендигине экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.
25. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик отунду өндүргөн, импорттогон же саткан уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
26. Маркаланбаган отун табылган транспорт каражаттары, идиштер (резервуарлар), автомай куюучу станциялар бул продукция боюнча Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечими юридикалык күчүнө киргенге чейин мөөр басып жабылууга же алып коюлууга тийиш.