Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2024-жылдын 31-майындагы № 13-97
«I-III-чоңдуктагы 6-10/0,4 кВ күчтүк трансформатор жана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүн эсепке» жөнүндө жобонун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 «Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин маселелери жөнүндөгү» токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. «I-III- чоңдуктагы 6-10/0,4 кВ күчтүк трансформатор жана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүн эсепке алуу» жобо жөнүндө тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
1) булл буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндөгү» 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык анны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып уч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күнөткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 04-июнундагы № 42 (3595) саны менен жарыяланды.
Министр |
| Т.О. Ибраев |