Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 426 токтомуна) |
Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген баалоо стандарттарынын (мындан ары - баалоо стандарттары) негизинде рецензенттер тарабынан мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетту (мындан ары - баалоо жөнүндө отчет) рецензиялоону жүргүзүү жол-жобосун аныктайт.
Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо текшерилүүчү баалоо жөнүндө отчеттун "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана баалоо стандарттарында белгиленген талаптарга ылайык келишин аныктайт.
2. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо Кыргыз Республикасында баалоо ишин жүргүзгөн жана баалоо иши чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес практикалык кесиптик иш тажрыйбасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берилген жогорку категориядагы баалоочунун квалификациялык сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баалоочу тарабынан аткарылат.
Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо баалоочулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу коомдук уюмдарынын баалоочу мүчөлөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Рецензиялоо демилгечи тараптын эсебинен жүргүзүлөт. Сот же тергөө органдарынын кайрылуусу боюнча отчет рецензияланган учурда, рецензиялоо үчүн акы төлөө сот же тергөө органы тарабынан аныкталган адам тарабынан жүргүзүлөт.
4. Бул Жободо терминдер мүлктү баалоо стандарттарында жана баалоо иши жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда келтирилген мааниде колдонулат.
2. Баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо үчүн негиздемелер
5. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо мүлктү баалоону жана анын натыйжаларын чечим кабыл алуу үчүн пайдаланган адамдын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде, анын ичинде баалоонун заказчыларынын (төлөөчүлөрүнүн), мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү баалоо бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, соттордун жана мүлктү баалоону калыс сын көз караш менен кароого кызыкдар адамдардын талабы боюнча, ошондой эле баалоо ишинин субъектисинин өзүнүн демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Отчетту рецензиялоону жүргүзүү үчүн негиздеме болуп баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону жүзөгө ашырууга укуктуу адам (мындан ары - рецензент) жана рецензиялоонун заказчысы менен отчетту рецензиялоону жүргүзүү жөнүндө келишим, ошондой эле баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону жүргүзүү жөнүндө соттун жана тергөө органдарынын токтому эсептелет.
3. Рецензиялоо жүргүзүүнүн тартиби
7. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- баалоо заказчыларынын же объектти баалоонун натыйжаларын пайдалануучу башка адамдардын билдирмелеринин негизинде рецензиялоо жүргүзүүгө келишимдерди түзүү;
- баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону жүргүзүү жөнүндө соттун аныктамасы;
- баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону жүргүзүү жөнүндө тергөө органдарынын токтому.
8. Баалоо жөнүндө отчетту сапаттуу рецензиялоону камсыз кылуу жана баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо маселелери боюнча сот жана тергөө органдарынын кайрылуусу үчүн шарттарды түзүү үчүн рецензенттерди тандоону мүчөлүгүндө 50дөн (элүү) кем эмес баалоочулары бар баалоочулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу коомдук уюмдары жүргүзөт.
9. Сот жана тергөө органдары баалоочулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу коомдук уюмуна рецензиялоону жүргүзүү үчүн кайрылган учурларда, отчетту рецензиялоону жүргүзүү жөнүндө келишим баалоочулардын өзүн- өзү жөнгө салуучу коомдук уюму менен рецензенттин ортосунда түзүлөт.
Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоонун сапаты үчүн рецензент жоопкерчилик тартат.
10. Стратегиялык мааниге ээ жана/же татаал өндүрүштүк мүнөздөмөлөргө ээ болгон объекттерди баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоодо баалоочулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу коомдук уюму баалоо отчетун комиссиялык негизде карап чыгуу үчүн 3 адамдан турган рецензенттердин тобун түзө алат.
11. Эгерде рецензент рецензиялоо жүргүзүлүп жаткан баалоо объектине карата мүлктүк кызыкчылыгы бар болсо же рецензент юридикалык жак-рецензиялоонун заказчысынын уюштуруучусу (тең уюштуруучусу), менчик ээси, акционери, кызмат адамы же кызматкери болуп саналса, баалоо жөнүндө отчетту рецензент жүргүзө албайт.
12. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону жүргүзүүдө рецензент баалоо жүргүзүлгөн датада рыноктун катышуучуларына жеткиликтүү болгон маалыматты колдонот.
4. Рецензиялоо жүргүзүүгө талаптар
13. Ушул Жобонун 5-пунктунда каралган рецензиялоону жүргүзүү үчүн рецензиялоону жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууга баалоо жөнүндө отчеттун түп нускасы тиркелет, ал тигилүүгө (боо тагылууга), номерленүүгө, баалоо ишинин субъекти - баалоо жүргүзгөн субъекттин колу менен бекемделүүгө же анын заказчы (заказчынын жооптуу адамы) тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш.
14. Мүлктү баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө тергөө жана сот органдарынан суроо-талап келип түшкөндө отчеттордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн рецензиялоого жол берилет. Баалоо отчетунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн көлөмү жана мазмуну бирдей жана баалоо отчетунун түп нускасына дал келиши керек (сыпаттоо бөлүгү, эсептешүү бөлүгү жана бардык тиркемелер).
15. Рецензиялоо процессинде рецензент баалоо жөнүндө отчет түзүлгөн датадан жана рецензияга кол коюлган датага карата мүлктүн наркы жөнүндө корутундудан кийин пайда болгон баалоо объекти жөнүндө кандайдыр бир кошумча маалыматты эске албашы керек.
16. Рецензияда төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
- рецензиялоо жүргүзүүнүн негизи;
- рецензиялоо объекти болгон баалоо жөнүндө отчеттун толук аталышы, аны аткаруучулар жөнүндө маалыматтар, алардын квалификациясы жана көрсөтүлгөн адамдар тарабынан мүлктү баалоону жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду;
- рецензиялоо жүргүзүү мөөнөтү жана рецензияга кол коюлган датасы;
- нарктын түрүн тандоонун негиздүүлүгү жана анын мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештиги жөнүндө корутунду;
- аткаруучу чогулткан баштапкы маалыматтарды жана башка маалыматтарды баалоо жөнүндө отчеттор тууралуу корутунду (алардын толуктугу, баалоо жүргүзүү үчүн жетиштүүлүгү жана отчетто ачып берүү);
- баалоонун максатын жана базасын эске алуу менен баалоо ыкмаларын, методдорун жана жол-жоболорун баалоо учурунда колдонуунун шайкештиги жана тууралыгы жөнүндө корутунду, пайдаланылган божомолдордун негиздүүлүгү;
- мүлктү баалоонун ишенимдүүлүгү жөнүндө жалпы корутунду.
17. Рецензиялоонун жыйынтыктары боюнча баалоо жөнүндө отчет төмөнкү критерийлер боюнча квалификацияланат:
- отчет мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына толук жооп берет;
- отчет жалпысынан мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берет, бирок баалоонун ишенимдүүлүгүнө таасир этпеген майда кемчиликтери бар;
- отчет мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына толук өлчөмдө жооп бербейт жана баалоонун ишенимдүүлүгүнө таасир эткен олуттуу кемчиликтерге ээ, бирок көрсөтүлгөн кемчиликтерди ондогондон кийин отчетто аныкталган максаттарда колдонулушу мүмкүн;
- отчет мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бербейт, сапатсыз жана (же) профессионалдуу эмес.
18. Баалоо жөнүндө отчеттун рецензиясына рецензент (рецензенттер) тарабынан кол коюлушу, тигилиши жана баалоочулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу коомдук уюмунун мөөрү менен бекемделиши керек.
5. Корутунду жоболор
19. Баалоо иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо аны сын көз караш менен кароодон жана анын толуктугу, мүлктү баалоонун колдонулуучу жол-жоболорунун туура аткарылышы жана "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келиши жөнүндө корутундуларды берүүдөн турат.
20. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону жүргүзүүдө рецензент баалоо иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген, аларды эске алуу менен рецензиялоо жүргүзүлүүчү жол берүүлөрдү жана чектөө шарттарын белгилөөгө укуктуу.
21. Баалоо жөнүндө отчеттун рецензиясынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү баалоо жөнүндө отчет рецензияланган күндөн тартып 3 (үч) жыл бою өзүн-өзү жөнгө салуучу коомдук уюмдун архивинде сакталат.