ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 426 «Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция26.07.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-июлу № 426

Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров