КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июлу № 426
Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |