Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 07-июнундагы № 465
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген, «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажырыйбасы менен максимум бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген, «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежесине мамлекеттик жана расмий тилдеринде өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алынсын, ошондой эле сапатты көзөмөлдөө боюнча программаларга жана даярдоо программаларына, авиациялык коопсуздук даярдоо программаларына зарыл болгон толуктоолорду киргизишсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т.Төлөгөновго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.
Директордун милдетин убактылуу аткаруучу |
| Д.К. Бостонов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 07-июндагы № 465 буйругуна Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген, “17-КРАЭ. Авиациялык коопсуздук” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-пункттун 2-пунктчасына:
- "жана аба транспортун, анын ичинде төмөнкүлөрдү" деген сөздөр алынып салынсын;
- "жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч келтирет" деген сөздөрдөн кийин "жана бул актылар менен чектелбестен"деген сөздөр кошулсун;
- 2-абзацындагы “жок кылуу” деген сөздөн кийин “талкалоо” деген сөз кошулсун;
- жетинчи абзацтагы "учуудагы аба кемесинин" деген сөздөрдөн кийин "же" приставка кошулсун, жана "жерде," деген сөздөрдөн кийин "коопсуздук" деген сөз кошулсун;
2. 1-пункттун 18-пунктчасындагы "туура эмес" деген сөздөр алынып салынсын;
3. 1-пункттун 32-пунктчасындагы "белгилүү жүк жөнөтүүчү" деген аныктама төмөнкүдөй мазмундагы жаңы редакцияда баяндалсын;
- белгилүү жүк жөнөтүүчү – жүктү же почтаны өзүнүн эсебинен жиберген жана жүктү жана почтаны ар кандай аба кемесинде ташууга уруксат берүү үчүн жетиштүү болгон коопсуздуктун жалпы эрежелерине жана стандарттарына жооп берген жол-жоболуу жүк ташуучу эсептелет;
4. 1-пункттун 54-пунктчасындагы "буюмдарды, куралдарды," деген сөздөрдөн кийин "жарылуучу заттарды"деген сөздөр менен толукталсын;
5. 1-пункттун 61-пунктчасындагы "буюмдарды же" деген сөздөр "буюмдарды жана"деген сөздөргө алмаштырылсын;
6. 1-пункттун 74-пунктчасындагы "аларга бир же андан ашык жеке коргоону камсыз кылуу үчүн жалданган адамдар кирбейт" деген сөздөр "бул аныктама бир же бир нече адамды жеке коргоону камсыз кылуу үчүн гана жалданган адамдарды камтыбайт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7. 1-пункту төмөнкү мазмундагы 87-91-пунктчалар менен толукталсын:
- “87) адамдын мүмкүнчүлүктөрү – учуулардын коопсуздугуна, авиациялык коопсуздукка, авиациялык иш аракеттердин натыйжалуулугуна таасирин тийгизген адамдын жөндөмү жана анын мүмкүнчүлүктөрүнүн чеги”;
- “88) күтүлбөстүк – коопсуздук максатында көзөмөлдөө чараларын, аларды бир калыпта эмес мезгилдүүлүктө, ар кайсы жерлерде жана/же белгиленген чектерге ылайык ар кандай каражаттарды колдонуу менен, алардын токтотуучу таасирин жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ишке ашыруу”;
- “89) жалпы багыттагы авиациянын аба кемесинин учуусу-коммерциялык абада ташуудан же авиациялык атайын жумуштарды аткарууга байланышкан учуудан башка аба кемесинин учуусу;
- “90) тастыктамалоо – авиациялык коопсуздук боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу орган же анын атынан тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган алгылыктуу деңгээлде тапшырылган функцияларды аткаруу үчүн талап кылынган квалификациянын болушун расмий баалоо жана ырастоо”;
- “91) трансфердик жүк жана почта – алар келгенден башка аба кемесинде жөнөтүлүүчү жүк жана почта”;
8. 7-пунктка:
- “Кыргыз Республикасы” - деген сөздөр “жарандык авиация органы жооптуу жак деп эсептелет” деген сөздөрүнө алмаштырылсын”;
- “берүү үчүн” – деген сөздөрүнөн кийин “кат түрүндө” –деген сөздөр менен толукталсын”;
- “бул Эрежелерде” – деген сөздөрүнөн кийин “жарандык авиация органы тарабынан бекитилген, персоналды даярдоо программасы жана авиациялык коопсуздук сапатын камсыздоо программалары” – деген сөздөрү менен толукталсын.”;
9. 8-пункттагы “кардар-мамлекеттин” - деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасы, конкреттүү каттамга(дарга) карата коопсуздуктун кошумча чараларын көрүүнү сураган тиешелүү консультацияларды өткөрүүнү камсыз кылат жана башка мамлекет тарабынан суралган каттамга эквиваленттүү альтернативдүү чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн карайт.” - деген сөздөр менен толукталсын.”
10. 12-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” – деген сөздөрүнөн кийин “тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы же жарандык авиация органы аркылуу” – деген сөздөрү менен толукталсын”;
11. 2-бөлүмдү 15¹, 15², 15³, пункттары, 4-параграф жана 15⁴, 15⁵-пункттар менен толукталсын:
“15¹. Кыргыз Республикасы коопсуздук тобокелдигине баа берүүнүн негизинде эл аралык жарандык авиациянын учууларына, ошондой эле ички учууларга карата стандарттарды колдонот жана 17-тиркеменин сунушталган тажырыйбасын колдонууга умтулат.
15². Жарандык авиация органы максатка ылайыктуулугуна жараша жана өзүнүн эгемендүүлүгүн эске алуу менен башка мамлекеттин өтүнүчү боюнча ИКАО тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жана текшерилип жаткан мамлекеттин түзөтүүчү аракеттери жөнүндө маалымат берет.
15³. Жарандык авиация органы коопсуздук максатында көзөмөлдөө чараларын ашыкча кайталоого жол бербөө жолу менен авиациялык коопсуздук системасынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Мындай макулдашуу жөнөтүү пунктунда коопсуздук максатында көзөмолдөөнүн натыйжалуу чараларын колдонуунун эсебинен камсыз кылынуучу коопсуздук чараларынын натыйжаларынын эквиваленттүүлүгүн текшерүүгө негизделет.
§ 4. Инновациялар, изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар
15⁴. Жарандык авиация органы, Жарандык авиация уюмдары жарандык авиациянын коопсуздук максаттарына көбүрөөк жетишүүгө өбөлгө түзө турган жаңы коопсуздук жабдууларын, процесстерин жана жол-жоболорун изилдөөгө жана иштеп чыгууга көмөктөшөт жана бул жаатта башка мамлекеттер жана уюмдар менен кызматташат.
15⁵. Жарандык авиация уюмдары коопсуздукту камсыздоо үчүн жаңы жабдыктарды иштеп чыгууда адам факторлорунун аспекттеринин санын камсыздашат”;
12. 16-пункттагы "Кыргыз Республикасы" деген сөздөрдөн кийин "жазуу жүзүндө"деген сөздөр кошулсун;
13. 20-пункттагы “бул Эрежелердин.” – создөрүнөн кийин “авиациялык коопсуздукка жооптуу болгон жарандык авиация органынын дайындалган түзүмдүк бөлүгү тууралуу маалымат ИКАОго билдирилет” – деген сүйлөм менен толукталсын;
14. 20-пункттун 2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын" деген сөздөрдөн кийин "саясатын жана жол-жоболорун белгилөө корректировкалоонун жана ишке ашыруу жана тиешелүү толуктоолорду киргизүү" деген сөздөр менен толукталсын;
15. 20-пункттун 10-пунктчасындагы “бул Эрежелердин” сөздөрүнөн кийин “авиациялык коопсуздук жаатындагы алардын тобокелдиктерди натыйжалуу балоого жардам берүү үчүн” – деген сөздөрү менен толукталсын.”
16. 20-Пункт төмөнкүдөй мазмундагы 19, 20-пунктчалар менен толукталсын:
“19) авиациялык коопсуздук жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдү камсыз кылуучу жарандык авиация органынын улуттук инспекторлорун даярдоо багытындагы саясатты белгилөө.
20) аэропорттордун жана аба кемелеринин эксплуатанттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу аба кыймылын тейлөөчү жеткирүүчүлөргө жана башка кызыкчылыгы органдарга ушул Эрежелердин тиешелүү бөлүктөрүн жазуу жүзүндө, ошондой эле аларга ушул Эрежелердин талаптарын аткарууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү маалыматтарды жана/же сунуштарды берүү.»;
17. 23-пункттун экинчи абзацына:
- "даярдоо программасы" деген сөздөрдүн алдына "баары" деген сөздү кошулсун;
- "даярдоо программасы", "камтыйт" деген сөздөр "даярдоо программалары", "камтышат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18. 25-пункттун 7-пунктчасындагы “авиациялык коопсуздуктун” сөзүнөн кийин төмөнкү маанидеги сүйлөм менен толукталсын:
“Аялуу жерлерди мындай баалоонун натыйжалары тобокелдиктерди баалоону жүргүзүү, авиациялык коопсуздуктун ченемдерин, эрежелерин жана жол-жоболорун өркүндөтүү, тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, анын ичинде укук коргоо жана чалгындоо органдарынын жана башка уюмдардын ортосунда координациялоо үчүн пайдаланылат”;
19. 25-пункттун 10-пунктчасындагы “жарандык авиация иш аракеттерине” деген сөздөрүнөн кийин “(билдирүүнүн үлгүсү 2-тиркемеде берилген)” деген сөздөр менен толукталсын;
20. 13-пункттун 25-пунктчасындагы "аэропорттордо (аэродромдордо, вертодромдордо)" деген сөздөрдөн кийин "архитектурага жана инфраструктурага талаптарды кошо алганда"деген сөздөр кошулсун;
21. 25-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 18, 19-пунктчалар менен толукталсын:
“18) жарандык авиациянын коопсуздук максаттарына зарыл болгон жерлерде жана эксплуатациялык, техникалык жана финансылык көз караштан алганда иш жүзүндө мүмкүн болгон деңгээлде коопсуздукту камсыз кылуунун техникалык каражаттарын пайдалануу үчүн;
19) жарандык авиациянын коопсуздук максаттарына жетүү үчүн жаңы жабдууларга инвестиция салууда коопсуздукту камсыз кылуунун заманбап жабдууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароо.»;
22. 35-пункттун 11-пунктчасындагы “инциденттер тууралуу” деген сөздөрүнөн кийин “2-тиркемеге ылайык жарандык авиация органына” деген сөздөрү менен толукталсын”;
23. 39-пункттагы “ылайык” - деген сөздөн кийин “бул Эрежелер менен” –деген сөздөр менен толукталсын”;
24. 43-пункту төмөнкү сүйлөм менен толукталсын жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Аялуу жерлерди мындай баалоонун натыйжалары тобокелдиктерди баалоону жүргүзүү, авиациялык коопсуздуктун ченемдерин, эрежелерин жана жол-жоболорун өркүндөтүү, тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, анын ичинде укук коргоо жана чалгындоо органдарынын жана башка уюмдардын ортосунда координациялоо үчүн пайдаланылат.”;
25. 3-бөлүмдү 43¹-пункт менен толуктап жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“43¹. Кыргыз Республикасына/нан ташууларды аткарган жана коддорду биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашууларга же башка эксплуатанттар менен кызматташуунун башка формаларына катышкан эксплуатанттар жарандык авиация органына бул макулдашуулардын мүнөзү, анын ичинде башка эксплуатанттардын аталыштары жөнүндө кабарлайт.”;
26. 55-пункттун 2-пунктчасындагы “көзөмөлдү ишке ашыруу”-деген сөздөрүнөн кийин (сапатты көзөмөлдөө боюнча иш саралар) –деген сөздөр менен толукталсын;
27. 60-пункттун 3-абзацындагы “жокко чыгаруу” – создөрүнөн кийин “(зыянсыз кылуу)”- деген сөз менен толукцталсын;
28. 60-пункту төмөнкү маанидеги абзац менен толукталсын:
“-өзүнүн аймагында жана анын аба мейкиндигинде жарандык авиация үчүн болгон коркунучту туруктуу тартипте тариздөө деңгээли жана мүнөзү.”;
29. 69-пункттун 2-пунктчасындагы “транспорттук каражаттар”-деген сөздөрүнөн кийин “жүргүнчү болуп эсептелбеген жак менен бирге, жүргүнчү, экипаждын мүчөсү, ошондой эле алардын алып/ташып бара жаткан буюмдарын,” – деген сөздөр менен толукталсын;
30. 80-пункттагы “жактарды кароо” сөздөрүнөн кийин “жана транспорттук каражаттар” – деген сөздөр менен толукталсын;
31. 84-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук программасында кеңири баяндалган аэропорттук жеке өткөрмөлөрдүн, ошондой эле транспорт каражаттары үчүн өткөрмөлөрдүн коргоо каражаттарын жана/же үлгүлөрүн мезгил-мезгили менен жаңыртып турат.”;
32. 88-пункттагы “аба транспортунун” деген сөздөрүнөн кийин “же башкы декларациянын”- деген сөздөр менен мтолукталсын;
33. 88-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“Эскертүү: аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүнө берилүүчү өздүгүн тастыктаган документтер “Машина менен окулуучу жол жүрүү документтеринде” (Doc 9303) каралган техникалык талаптарга ылайык келүү жолу менен көзөмөлдөгү зонага жана кирүүгө чектөө коюлган зоналарына санкцияланган кирүү предметин таануу жана текшерүү үчүн макулдашылган жана ишенимдүү эл аралык негизди берет.”;
34. 5-бөлүмдү төмөнкүдөй мазмундагы 109¹-пункт менен толукталсын:
“109¹. Жүргүнчүлөрдөн тышкары адамдар ташылуучу буюмдар менен бирге, ошондой эле транспорт каражаттары ташылуучу буюмдар менен бирге көзөмолдөгү зоналарга, кирүүгө чектөө коюлган корголуучу зоналарына кирүү алдында текшерилүүгө тийиш.”;
35. 6-бөлүмдү төмөнкүдөй мазмундагы 112¹-пункт менен толукталсын:
“«112¹. Аэропорттордо жана аба кемелеринин бортунда жарандык авиация үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон шектүү ишти аныктоого жана бөгөт коюуга көмөк көрсөтүүчү чараларды колдонуу камсыз кылынат.”;
36. 113-пунктуна:
- "камсыз кылат" деген сөздүн алдына "Аба кемесинин эксплуатанты" деген сөздөр кошулсун;
- “корголуучу зоналарга” сөздөрүнөн кийин “кирүүгө чектөө коюлган”-деген создөрү менен толукталсын”;
37. 6-бөлүмдү төмөнкүдөй мазмундагы 113¹-пункт менен толукталсын:
“113¹. Аба кемесинин эксплуатантынын жетекчиси тобокелдикти баалоонун жыйынтыктарынын негизинде аэропортто же ага жакын жердеги аба кемелерине ушундай коркунуч келтирген көчмө зениттик-ракеталык комплекстерди (ПЗРК) жана башка куралдарды колдонуу менен аба кемелерине кол салуу ыктымалдыгын азайтуучу жерде коопсуздуктун тиешелүү чараларын же эксплуатациялык процедураларды киргизүүнү камсыз кылат.”;
38. 6-бөлүмдү төмөнкүдөй мазмундагы 125¹-пункт менен толукталсын:
“125¹. Аба кемесинин эксплуатанты коркунуч туудурган аба кемесине текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн чараларды жана жол-жоболорду иштеп чыгуу иштерин камсыздайт. Мындай чаралар жана жол-жоболор аба кемесине тиешелүү текшерүү чараларынын эң аз дегенде жүргүнчүлөрдү, экипажды, жүктү, багаждын жүк ташуучу тарабын, борттук азыктарды же башка аба кемесине алынып келүүчү буюмдарды аны менен бирге жарылуучу каражаттарды тинтүү жол-жоболорунун көзөмөлдүк тизмегин камтыйт.”;
39. 126-пункттагы “ылайык” деген сөздөн кийин “бул Эрежелер менен” деген сөздөр менен толукталсын;
40. 132-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “жүргүнчсүлөрдү жана аларга тиешелүү кол жүктү, ошондой эле жүргүнчү болуп эсептелбеген жакктарды жана алардын буюмдарын кароо аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан ишке ашрылат.”;
41. 135-пункттагы “стерилдүү зонанын” сөздөрүнөн кийин “телескоптук трап, учуп келген жүргүнчүлөр пайдаланган транспорт каражаттары сыяктуу зоналарды кошо алганда” деген сөздөр менен толукталсын,”»;
42. 143-пункттагы “аба кемесинин бортуна” деген сөздөрүнөн кийин “же стерилдүү зонага кирердин алдында” – деген сөздөр менен толукталсын”;
43. 147-пункттагы “кароо мөөрөйү” деген сөздөрдөн кийин “аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, анын ичинде транзиттик жүргүнчүлөрдү текшерүүгө жооптуу,” –деген сөздөрү менен толукталсын;
44. 8-бөлүмдү 148¹, 149¹-пункттар менен толукталсын жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«148¹. Текшерип кароо пункттары, текшерип-өткөрүү пункттары жарандык авиация органы иштеп чыгуучу нускамага ылайык адамдарды жана предметтерди талаптагыдай текшерип кароо үчүн жетиштүү штат жана жабдуулар менен толукталат.
149¹. Аэропорттун жетекчиси транзиттик жүргүнчүлөрдү жана алардын кол жүктөрүн уруксатсыз кийлигишүүдөн коргоо жана аэропорттун транзиттик коопсуздук тутумунун бүтүндүгүн сактоо үчүн аэропортто транзиттик учуу чараларын киргизет.»;
45. 161-пунктуна:
- төмөнкүдөй мазмундагы жаңы редакцияда баяндалсын:
«161. Аба кемесинин салонунда курал-жаракты ташууга фельдъегердик кызматтын кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жаткан учурда, ошондой эле "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8 жана 9-беренелеринде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт объекттерин кайтарган кайтарууну жүзөгө ашыруучу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жол-жобосуна ылайык ушул конкреттүү рейсте уруксат берилет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Бул кызматкерлер аба кемесинин операторунун экипаж мүчөлөрүнө жана аэропорттун коопсуздук кызматкерлерине, ошондой эле аэропорттун тиешелүү укук коргоо органдарына өздөрүн тааныштырып, тиешелүү документтерди көрсөтүшү керек.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүүлөр менен толукталсын:
Эскертүү: "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8 жана 9-беренелеринде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт объекттерин кайтарууну камсыз кылууда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк аба кемесинин салонунда курал-жаракты ташуу кызыкдар мамлекеттердин ченемдерине, эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасында курал-жаракты аба кемесинин салонунда, ошондой эле каттоодон өткөн багажда, жүктө, анын ичинде чет мамлекеттердин башчыларын жана делегацияларды кайтаруу учуурундагы адамдар тарабынан ташуулар үчүн уруксатты ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары берет.
46. 169-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жаңы редакцияда баяндалсын:
“169. Жарандык авиация органы мындай өтүнүч менен кайрылган Куралдуу персоналдын, анын ичинде мамлекеттин эксплуатанттарынын аба кемелеринин бортунда коопсуздук кызматынын кызматкеринин болушуна уруксат берүү жөнүндө башка мамлекеттин өтүнүчтөрүн кароо саясатын белгилейт. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, анда Коопсуздук кызматынын кызматкеринин аба кемесинин бортунда болуусуна улуттук коопсуздук органдары тарабынан уруксат берилет.”;
47. 9-бөлүмдү төмөнкүдөй мазмундагы 169¹-пункту менен толукталсын:
“169¹. Аба кемесинин бортунда коопсуздук кызматынын кызматкерлери пайдаланылган учурда аба кемесинин эксплуатанты бул сапатта аба кемесинин бортунда учуу коопсуздугунун жана авиациялык коопсуздуктун аспектилерин эске алуу менен атайын тандоодон жана даярдыктан өткөн жана улуттук коопсуздук органдарынын коркунучка баа берүүсүн эске алуу менен ишке тартылган адамдардын (улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын кызматчылары) болушун камсыз кылат. Мындай кызматкерлерди пайдалануу кызыкчылыгы бар мамлекеттер менен координацияланат жана жашыруун негизде жүзөгө ашырылат.”;
48. 176-пункттагы “жүргүнчүлөргө” деген сөздөрүнөн кийин “потенциалдуу көйгөйлүү жүргүнчүлөр”-деген сөздөр менен толукталсын;
49. 178-пункттагы “админитртивдик процедуралар” деген сөздөрдөн кийин “анын ичинде аба кемесинин командирине коопсуздук максатында тийиштүү көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн соттук же административдик териштирүүлөргө дуушар болгондугунун натыйжасында ташылууга тийиш болгон жүргүнчүлөрдүн бар экендиги жөнүндө билдирүү” – деген сөздөр менен толукталсын.”;
50. 180-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “бей тааныш жактардан каттоодон өткөн багажда же кол жүктө буюмдарды алып ташып өтүүгө тыую салынат.”;
51. 181-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы катталган багажды кароо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган болуп саналат”.;
52. 182-пункттагы "бардык багажга," деген сөздөрдөн кийин "трансфер жол жүгүн кошо алганда," деген сөздөр кошулсун;
53. 183-пункттагы “жүргүнчүлөрдөн” деген сөздөн кийин “аба кемесинин экплуатанды, аэропорттун эксплуатанты камсыздайт” – деген сөздөр менен толукталсын;
54. 186-пункт "ар кандай жүргүнчүнү" деген сөздөрдөн кийин "трансфердик жүргүнчүнү кошо алганда," деген сөздөр менен толукталсын;
55. 193-пункт "текшерип каралат" деген сөздөрдөн кийин "жана жөнөтүү аэропортунан трансфер аэропортунан учуп чыкканга чейинки учуулардын ортосундагы мезгилде санкцияланбаган кийлигишүүдөн корголот" деген сөздөр менен толукталсын;
56. 233-пунктунда “текшерилүүгө тийиш” деген сөздөрдөн кийин “аэропроттун авиациялык копсуздук кызматы тарабынан” – деген сөздөр менен толукталсын;
57. 234-пункттагы “Бекитилген ыкмалар” деген сөздөрдөн мурда төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“234. Аэропорттун эксплуатанты, жерде тейлөө боюнча уюмдары, аба кемелеринин эксплуатанттары жүк жөнөтүүнүн мүнөзүн эске алуучу тиешелүү ыкманы же ыкмаларды пайдалануу менен жүктү жана почтаны, трансфер жүктөрүн кошкондо текшерип кароо иштерин камсыздашат;
58. 261-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Аба кемесинин эксплуатанты, аэропорттун эксплуатанты, авиациялык коопсуздук чараларын ишке ашыруучу жерде тейлөө боюнча жарандык авиация уюму коопсуздук максатында текшерип кароо же көзөмөлдөөнүн башка чараларын колдонуу учурунан тартып аба кемеси учуп кеткенге чейин санкцияланбаган кийлигишүүдөн коргоо чараларын камсыз кылат.”;
59. 321-пункту төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“Эскертүү: Жабдууларды же аба кемесин пайдалануу үчүн зарыл болгон тапшырмаларды аткаруу максатында, ошондой эле кызматтык зарылдык менен байланышкан башка максаттарда уруксат берилген учурларда гана тыюу салынган буюмдарды кирүүгө чектелген корголуучу зоналарга алып кирүүгө жол берилет. Мындай уруксат конкреттүү уюмдун авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчилиги тарабынан берилет жана буюмдардын бир категориясынын курамында же айрым предметтер катарында предметтердин саны жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен мындай зоналарга кирүүгө уруксат берилген санкцияланган тыюу салынган предметтердин тизмесинин атайын талаасында камтылат. Мындай буюмдарды коопсуз шарттарда сактоо конкреттүү уруксат берилген тыюу салынган буюмду алып өтүүгө тиешелүү уруксат берилген бөлүм тарабынан камсыз кылынат. Уруксат берилген тыюу салынган буюмдар жөнүндө бардык маалыматтар, анын ичинде аларды сактоо, эсепке алуу жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук программасында документтештирилет.
60. 322-пункттагы “башка ичимдиктер” – деген сөздөрдөн кийин “алкагол менен бирге спирт камтыган башка суусундук,” –деген сөздөр менен толукталсын;
61. 19-бөлүмдү төмөнкүдөй мазмундагы 370¹-пункту менен толукталсын:
“370-1. Аэропорттун (аэродромдун, вертодромдун), аба кемелеринин эксплуатантынын, жерде тейлөө, күйүүчү май менен камсыздоо, аба кыймылын тейлөө боюнча уюмдун жетекчиси коопсуздук максатында көзөмөлдөө чараларын жүзөгө ашыруучу адамдардын мындай милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон бардык кесиптик көндүмдөргө ээ болушун жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык тийиштүү тандоодон жана даярдыктан өтүүсүн жана тиешелүү эсепке алуу документтери дайыма жаңыланып турушун камсыз кылат. Ишке жөндөмдүүлүктүн тиешелүү стандарттары белгиленет жана жарандык авиация органы тарабынан бекитилүүчү авиациялык коопсуздук маселелери боюнча персоналды даярдоо программасына ылайык ушундай стандарттарды сактоо максатында баштапкы жана мезгилдүү баалоону жүргүзүү уюштурулат.”;
62. 382-пункттагы “авиациялык коопсуздук тармагында” –деген сөздөрдөн кийин “бул Эрежелер менен бирге”- деген сөздөр менен толукталсын;
63. 418-пункттагы “натыйжасында” – деген сөздү “токтоосуз жокко чыгарууну талап кыла турган, же” – деген сөздөргө алмаштырылсын;
64. 424-пунктка өзгөртүүлөр киргизилсин жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«424. Улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары, жарандык авиация органы, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо органдары, аба кемесинин эксплуатанты, аэропорттун эксплуатанты мыйзамсыз кийлигишүү актысына дуушар болгон аба кемесинин жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды алар өздөрүнүн учуусун уланта алганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилде көрүшөт. Ушундай эле чаралар жарандык авиация объектисине мыйзамсыз кийлигишүү актысына дуушар болгон персоналга жана башка адамдарга карата да көрүлүүдө.»;
428¹. Жарандык авиация органы мыйзамсыз кийлигишүү актылары менен байланышкан инциденттер жөнүндө жана мындай актыларга даярдык көрүү жөнүндө маалыматты конфиденциалдуу маалыматтарга тиешелүү ченемдик документтерди эске алуу менен зарылдыгына жараша тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга иштиктүү жана өз убагында жиберүүнүн тартибин камсыз кылат.»;
65. 21-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 426¹, 428¹-пункттар менен толукталсын:
426¹. Аба кемеси аба кемесинин эксплуатанты, аэропорттун эксплуатанты, ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан мыйзамсыз кийлигишүү актысына дуушар болушу мүмкүн экендиги жөнүндө так маалымат келип түшкөн учурда, эгер аба кемеси жерде болсо аба кемесин тинтүү жана аба кемеси асманга көтөрүлүп кеткен болсо мындай аба кемесинин келгендиги жөнүндө билдирүүнү аэропорттордун тиешелүү администрацияларына жана кызыкчылыгы бар мамлекеттердин ИИО органдарына максималдуу түрдө өз убагында билдирүү жиберүү.
428¹. Жарандык авиация органы мыйзамсыз кийлигишүү актылары менен байланышкан инциденттер жөнүндө жана мындай актыларга даярдык көрүү жөнүндө маалыматты конфиденциалдуу маалыматтарга тиешелүү ченемдик документтерди эске алуу менен зарылдыгына жараша тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга иштиктүү жана өз убагында жиберүүнүн тартибин камсыз кылат.»;
66. 429-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мыйзамсыз кийлигишүү актылары менен байланышкан өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-чаралардын пландары туруктуу негизде иштелип чыгат.»;
67. 21-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 429¹-пункту менен толукталсын:
“429¹. Мыйзамсыз кийлигишүү актылары менен байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-чаралар, төмөнкү аспекттерди камтыйт:
1) мыйзамсыз кийлигишүүнүн ар кандай мүмкүн болгон актыларын жана мындай актыларга байланыштуу өч алуучу бардык катышуучулар үчүн так белгиленген милдеттерди, нускамаларды жана жол-жоболорду, анын ичинде төмөнкүлөргө карата жасалуучу аракеттерди караган жоболор:
- аба кемесине карата мыйзамсыз кийлигишүү актысы жана диверсиялар;
- аба кемесине, аэропорт курулуштарына, анын ичинде аэропорттун периметринин жанындагы тышкы аймактардан куралдуу кол салуу же диверсия;
- мындай актылардын коркунучу, мисалы: жарылуучу затты пайдалануу;
- аэропортто же аба кемесинин ичинде шектүү жардыруучу түзүлүштөрдү же башка потенциалдуу кооптуу нерселерди изилдөө, анын ичинде мындай буюмдарды жок кылуу;
- массалык баш аламандыкка каршы туруу/массалык маалымат каражаттары менен иштөө;
- барымтадагы кырдаал;
2) мамлекеттик деңгээлде жана аэропорттун деңгээлинде чечим кабыл алууга байланыштуу милдеттер;
3) пландын акылга сыйымдуулугун мезгил-мезгили менен текшерүүнүн жол-жоболору жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын оңдоо иш-аракеттери жана көзөмөлдөө жол-жоболору менен бирге жыйынтыктарды талдоо.»;
68. 430-пункттагы “байланыш системалары” – деген сөздөрүнөн кийин “жетиштүү түрдөгү каражаттар жана булактар менен камсыздашат” – деген сөздөр менен толукталсын;
69. 431-пункттагы “тиешелүү чараларды кабыл алышат” – деген сөздөрдөн кийин “аба кемесин кайтаруу менен бирге” – деген создөрү менен толукталсын”;
70. 21-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 433¹-пункту менен толукталсын:
“433¹. Ички иштер органдары, улуттук коопсуздук органдары, аэропорттордун (аэродромдордун, вертодромдордун) жетекчилери Жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн болжолдонгон же иш жүзүндөгү актылары менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү максатында жарандык авиацияны тейлеген анын аэропортторунда пайдалануу үчүн туруктуу даярдыкта турган ыйгарым укуктуу жана тиешелүү даярдыгы бар персоналдын болушун камсыз кылышат.”;
71. 21-бөлүмдү төмөнкүдөй мазмундагы 434¹-пункту менен толукталсын:
“434¹. Улуттук коопсуздук органдарынан, ички иштер органдарынан, жарандык авиация органынан, аэропорттун эксплуатантынан же башка органдан же аба кемесин эксплуатант уюмунан мыйзамсыз кийлигишүүгө даярдалып жаткан акт жасалгандыгы же аныкталгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн учурда аба кемесинин эксплуатанты улуттук коопсуздук органдары менен бирдикте тинтүү иштерин жүргүзөт.
72. 447-пункттагы “улуттук коопсуздук органы менен макулдашуу боюнча” – деген сөздөрү алынып салынсын;
73. 21-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 448-пункт менен толукталсын:
«448. Бул зарыл деп эсептелгенде, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар башка Макулдашуучу мамлекеттер менен мыйзамсыз кийлигишүү актысына байланыштуу жооп аракеттерине жетекчилик кылуу жөнүндө маалымат алмашат, ошол эле учурда мындай маалыматты ИКАОго жөнөтүшөт.»;
74. Төмөнкү маанидеги 2-тиркеме менен толукталсын:
“2-Тиркеме”
МЫЙЗАМСЫЗ КИЙЛИГИШҮҮ АКТЫЛАРЫ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮ (АНВ)
БОЛЖОЛДУУ □ АКЫРКЫСЫ □
Эскертуу: алдын ала кабарлоо АНВдан кийин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө түзүлөт жана жарандык авиация органына жиберилет.
Билдирүүнү берүүчү жактын (физикалык, юридикалык) аталышы:
Билдирүүнүн датасы:_________ []
АНВ ТИБИ | аткарылган АНВ | АНВ аткаруу аракети | ||
Учуп бара жаткардагы аба кемесине кол салуу (мисалы диверсиалык актылар же ПЗРК колдонуу менен кол салуу) | □ | □ | ||
Аэропортко/башка объектке кол салуу (жердеги аба кемесине, күйүүчү май кую комплекси, аэронавигация объекттери же кызматтары, борттук азыктандыруу объекттери, борттук, аэрапорттук кам) | □ | □ | ||
Аба кемесин мыйзамсыз басып алуу | □ | □ | ||
Кибер атака менен бирге аба кемесин курал катары колдонуу дистанционно-пилотируемые системы | □ | □ | ||
кибератака | □ | □ | ||
Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка АНВлар | □ | □ | ||
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ | КАТТАМ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ |
| ||
|
| Жүргүнчүлөрдүн саны: | ||
[күнү/айы/жылы] | [күнү/айы/жылы ] | |||
Жайгашкан жери (аэропорт, мамлекет ж.б.): | Каттамдын номери: ............. | Экипаждын мүчөлөрүнүн саны: | ||
| Эксплуатант:.......................... | IFSO1 саны: | ||
Инциденттин башталган убакытсы: ................................. [жергиликтүү убакыт – 24саат бою -часовому исчислению] | □ үзгүлтүксүз □ чартердик □ эл аралык □ ички | Укук бузуучулардын саны: Использовавшиеся оружие/метод: | ||
Инциденттин бүткөн убактысы: [жергиликтүү убакыт – 24 саат боюовому исчислению] Тип воздушного судна: ............. | Учуу аэропорту:.................... [аталышы/мамлекет] | □ ок атуучу □ жарылуучу каражат □ □ □ Прочее (опишите в части 4) □ Оружие не использовалось | ||
АК каттоо номери:........................................................ | Конгон аэропорту:................. [аталышы/мамлекет] Пландагы көздөгөн жер : | Инцидент болду: □ жерде □ учуу убагында | ||
ИНЦИДЕНТТИ БАЯНДОО ЖАНА АНЫ ЖОККО ЧЫГАРУУ БОЮНЧА КОЛДОНУЛГАН ЧАРАЛАР
ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДИН САНЫ/ЖАРАДАР БОЛГОНДОР
Жүргүнчүлөр, экипаждын мүчөлөрү, укук бузуучулар, персонал жана башкалар
Каза болгондор
Жарадарлар
Зыян, акча каражаттары, укук бузуучулар жана колдонулган курал-жарактар, жабырлануучулар жана жарадар болгондор менен байланышкан жагдайлар, ошондой эле инциденттин натыйжасында кабыл алынган убактылуу же туруктуу түзөтүүчү чаралар жөнүндө маалымат.
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
Кызмат орду колу аты-жөнү