Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТИРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 12-августу № 75-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Конструкциялык талаптарды өркүндөтүү менен кабаттуулукту жогорулатууга карата жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча ченемдерди өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өкүлдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун «КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген курулуш ченемдеринде:
- расмий тилдеги курулуш ченемдин 5-главанын 5.4-пунктундагы «При проектировании зданий и сооружений» деген сөздөрдөн кийин «рекомендуется» деген сөз менен толукталсын;
- 7-главанын 7.1.1-пунктунун экинчи абзацындагы «60 м» деген цифралар «70 м» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-главанын 8.2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«8.2 Курулуш конструкцияларын бекемдикке жана туруктуулукка эсептөөдө башка ченемдерге ылайык кабыл алынуучу жумуш шарттарынын коэффициенттеринен тышкары 8.1-таблица боюнча кабыл алынуучу жумуш шарттарынын коэффициентин Yt кошумча киргизүү керек. Yt коэффициентке конструкциянын тийиштүү материалынын эсептик каршылыгын көбөйтүшөт.»;
- 8.1-таблица төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
8.1-т а б л и ц а с ы – Жумуш шартынын коэффициентинин мааниси Yt
Конструкциялар | Коэффициенттин мааниси Yt | |
18 кабатка чейин кошуп эсептөө менен | 18 кабаттан көп | |
1 Болот: С235, С245, С255 болоттон элементтер (МАМСТ 27772 келтирилген) |
1,3 | |
башка болоттон элементтер ширетилген бирикмелер | 1,2 1,0 | |
болттуу бирикмелер (анын ичинде жогорку бекемдиктеги болттор жана бекитүүчү бирикмелер менен бириктирилген) |
1,1 | |
2 Өзөктүү жана зым арматуралуу темир-бетон (жантык кесилиштердин бекемдигин текшерүүдөн тышкары): |
| |
а) А240, А400С жана А500С класстарындагы арматуралуу оор бетондон, Вр-I( МАМСТ 34028 берилген) | 1,3 | 1,2 |
б) ошондой эле, башка класстардагы арматуралуу | 1,2 | 1,1 |
в) ошондой эле, бардык класстардагы арматуралуу жеңил бетондон | 1,2 | |
г) бардык класстардагы арматуралуу уюлдуу бетондон | 1,0 | |
3 Жантык кесилиштердин бекемдиги боюнча текшерилүүчү темир-бетон: |
| |
а) көп кабаттуу имараттардын мамылары | 1,0 | 0,9 |
б) башка элементтер | 1,0 | |
4 Таш, армоташ жана бетон: |
| |
а) борбордон тышкаркы кысууга эсептегенде | 1,2 | |
б) жылдырууга жана чоюуга эсептегенде | 1,0 | |
5 Жыгач | 1,2 | |
Туруктуулукка эсептегенде | ||
6 100дөн ашык ийкемдүүлүктөгү болот элементтери | 1,0 | 0,8 |
7 Ошондой эле, 20га чейинки ийкемдүүлүктө | 1,2 | 1,0 |
8 Ошондой эле, 20дан 100гө чейинки ийкемдүүлүктө | интерполяция боюнча 1,2ден 1,0гө чейин | |
Э с к е р т ү ү – Жылытылбаган жайларда же ачык абада минус 40оС төмөн эсептик температурада эксплуатацияланууга тийиш болгон болот жана темир-бетон жүк көтөрүүчү конструкцияларды эсептөөдө Yt=0,9, колонналардын жантык кесилиштеринин бекемдигин текшерген учурларда Yt=0,8 кабыл алуу керек. | ||
- 8.2- жана 8.3-таблицалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-главанын 9.1.4-пунктунда:
экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар эскертүүсү менен төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Сейсмикалуулугу 8 балл болгон курулуш аянтчаларында мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги тиешелүүлүгүнө жараша беш жана төрт кабат менен чектелет.
Сейсмикалуулугу 9 жана 9 баллдан жогору болгон курулуш аянтчаларында мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги тиешелүүлүгүнө жараша үч жана эки кабат менен чектелет.
Эгерде функционалдык талаптар боюнча долбоорлонуп жаткан мектептин жана мектепке чейинки мекемелердин имаратынын кабаттуулугун көрсөтүлгөндөн ашыкча жогорулатуу зарылдыгы келип чыкса, сейсмикалык күч келүүлөрдү азайтуу үчүн сейсмикалык коргоонун атайын системаларын (сейсмоизоляция, демпфирлөө ж.б.) колдонуу керек.
Э с к е р т ү ү – Конструкциялардын бекемдигин жана/же алардын пластикалык деформацияга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды гана камтыган атайын техникалык шарттардын болушу мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин долбоорлонуучу имараттарынын чектик бийиктиктерине карата ушул пункттун көрсөтмөлөрүнөн четтөө үчүн жетиштүү негиз болуп саналбайт.»;
- 9-главанын 9.3.1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-главанын 9.3.4-пунктунда:
- «Имараттардын пайдубалдары» деген сөздөрдөн кийин «(бир кабаттуу каркастуулардан тышкары)» деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- «сейсмикалуулугу 9 баллдан жогору болгон аянтчаларда;»;
- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Имараттардын бийиктиги 16 кабат жана андан жогору, ошондой эле сейсмикалык касиеттери боюнча жер кыртышынын шарттары III типке кирген топурактарда бийиктиги 4 кабат жана андан жогору болгон учурда темир-бетон плиталуу пайдубалдарды кабыл алуу керек»;
- 1.1, 1.8, 5.1, 6.1, 6.3.1, 6.3.2-пункттарда, 6.2-таблицада, 6.3.5-п., 6.4.2-п. г) пунктчасындагы, 7.3.1, 7.10.7-п., 9.1 жана 9.2-табл., 9.1.14, 9.3.5, 9.3.8, 9.6.7, 9.6.7.4, 9.7.5, 9.7.8, 9.7.12, 9.8.9, 9.9.1, 9.10.12, 9.10.15, 9.10.17, 10.3, 10.22, 12.1.1, 12.1.2, 12.1.3-п., 12.1.4-п. тиркемесиндеги, 12.4.4 – 12.4.9, 12.4.11, 12.5.1, 12.6.2, 13.2, 13.2.3, 13.2.5-13.2.10, 13.2.12-пунктчалардагы, 13.1-табл., 13.4.7, 13.4.29-пунктчалардагы, А.56-А.58, А тиркемесиндеги, Б тиркемесиндеги мамлекеттик тилдеги «сейсмиктик» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «сейсмикалуулук» деген сөз менен алмаштырылсын;
- К-тиркемесиндеги К.4 жана К.5 сүрөттөр төмөнкүдөй мазмундагы формулалар менен толукталсын:
FB/FA £ 0,05 h £ 0,15Lmin | FB/FA £ 0,05 b £ 0,15Lmin |
FB/FA £ 0,05;SFB/FA £ 0,2 h £ 0,15Lmin | FB/FA £ 0,05;SFB/FA £ 0,2 h=b £ 0,15Lmin |
FB/FA £ 0,05;SFB/FA £ 0,2 h £ 0,15Lmin | FB/FA £ 0,05;SFB/FA £ 0,2 b £ 0,15Lmin
|
К.4-сүрөт – Пландагы кабаттардын К.3.1-пункттарына ылайык келген конфигурациялары
FB/FA £ 0,1 h £ 0,25Lmin | FB/FA £ 0,1 b £ 0,25Lmin |
FB/FA £ 0,1;SFB/FA £ 0,3 h £ 0,25Lmin | FB/FA £ 0,1;SFB/FA £ 0,3 b £ 0,25Lmin |
FB/FA £ 0,15;SFB/FA £ 0,3 h £ 0,25Lmin | FB/FA £ 0,1;SFB/FA £ 0,3 h £ 0,25Lmin |
К.5-сүрөт – Пландагы кабаттардын К.3.2-пункттарына ылайык келген конфигурациялары
2. Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары Иманакун уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Мамкурулуштун gosstroy.gov.kg официалдуу веб-сайтында 2024-жылдын 13-августунда жарыяланды.
Директор | Н.К. Орунтаев |