Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 488
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4, 5-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктунун 3, 4-пунктчалары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергетика чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 2-пунктчасы.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту энергетика жаатындагы илимий-изилдөө, илимий-билим берүү, долбоордук-изилдөө жана өндүрүштүк-коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин карамагындагы мекеме болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун укугун улантуучу болуп саналат.
Институт Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине отчет берет.
Институттун иши Кыргыз Республикасынын илимий чөйрөдөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону, Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалуулукка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга ээ.
5. Институттун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Научно-исследовательский институт энергетики при Министерстве энергетики Кыргызской Республики".
Институттун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭИИИ";
- расмий тилде: "НИИЭ".
Институттун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
6. Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
7. Институттун юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
8. Институт өзүнүн ишин жеке жактар жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
9. Институттун максаты Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын илимий-техникалык жактан камсыздоо, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны өнүктүрүү болуп саналат.
10. Коюлган максатты ишке ашыруу үчүн Институт төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) экологиялык коопсуздук аспектилерин эске алуу менен энергетика тармагын өнүктүрүүнү илимий камсыздоо;
2) республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселелерин илимий негиздөө;
3) экономика тармактарынын жана региондордун отун-энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талабын талдоо жана болжолдоо;
4) энергия үнөмдөөчү программаларды иштеп чыгуу жана энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду ишке киргизүү;
5) энергияны үнөмдөө, энергиянын майнаптуулугу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары - ЭКБ) жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
6) энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду киргизүү менен ведомстволук жана региондук концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана механизмдерди иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү;
7) менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, анын ичинде республиканын бюджеттик чөйрөсүнүн жана отун-энергетикалык комплексинин (мындан ары - ОЭК) ишканаларынын энергетикалык менеджерлерин, энергоаудиторлорун жана адистерин даярдоо жана кайра даярдоо;
8) ОЭК ишканаларына, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу бюджеттик уюмдарга энергетикалык изилдөө жүргүзүү;
9) республиканын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын, башка энергия булактарын пайдалануунун лимиттеринин анык чоңдугун аныктоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
10) энергетика тармагындагы техникалык багыттагы актуалдуу маселелерди (ишенимдүүлүк, үнөмдүүлүк, модернизациялоо, жаңы технологиялар, стандарттар жана башкалар) чечүү;
11) энергетикалык ишканаларда электр энергиясын жоготуу ченемдерин белгилөө үчүн берилген материалдарга экспертиза жүргүзүү;
12) ОЭК ишканаларынын ишинин ченемдик-техникалык базасын өркүндөтүү;
13) энергетикалык илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
3-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
11. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн илимий ишинин негизги багыттарын аныктоого;
2) республикалык бюджеттен каржылануучу илимий-изилдөө иштерин (мындан ары - ИИИ) аткаруу боюнча конкурстарга катышууга;
3) башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча башка юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, мыйзамдарда белгиленген тартипте филиалдарды түзүүгө;
5) энергетикалык компаниялар берген материалдар боюнча электр энергиясынын объекттеринин жана участокторунун техникалык жоготууларынын экспертизасын келишимдик негизде жүргүзүүгө, зарыл учурда объекттерге жана участокторго тандап контролдук изилдөө жүргүзүүгө;
6) эл аралык долбоорлор жана программалар боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга техникалык тапшырмалардын экспертизасын жүргүзүүгө жана эксперттик корутундуларды даярдоого;
7) ОЭКтин илимий сунуштамаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга катышууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинин алкагында юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
9) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгарууга, маалыматтардын илимий-техникалык банктарын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
10) илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга;
11) илимий кызматкерлерди 5 жылда бир жолудан кем эмес аттестациядан өткөрүүгө;
12) интеллектуалдык менчик объекттерине жана илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларына болгон укуктарды коргоого;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишин жүргүзүүгө.
12. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкөнүн тармактагы керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимдерди иштеп чыгууга;
6) илимий уюмдун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) тармак боюнча илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен мамилелерди чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн технологияларын иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен Институттун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда кармоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
12) Институттун ыкчам башкаруусуна берилген негизги, жүгүртүү фонддорун жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык иштерди жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун жогорулатууга, анын ичинде өз ишин жана ишинин продуктусун кеңири жайылтуу аркылуу;
15) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкатты жана сунуштарды даярдоого;
16) өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга.
4-глава. Институттун функциялары
13. Институттун функциялары:
1) энергетика тармагынын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын ченемдик-техникалык базасын өркүндөтүү;
2) ОЭК ишканалары үчүн электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын технологиялык жоготууларынын ченемдерин иштеп чыгуу;
3) энергетикалык коопсуздуктун индикаторлорун аныктоо;
4) энергиянын натыйжалуулугу жана энергияны үнөмдөө маселелери боюнча институттук жана уюштуруучулук чараларды, анын ичинде рынок шарттарында тиешелүү программаларды иштеп чыгуу менен энергетикалык аудитти жүзөгө ашыруу;
5) отун-энергетикалык балансты оптималдаштыруунун ченемдик-укуктук, институттук жана башка рыноктук механизмдерин иштеп чыгуу;
6) энергетика чөйрөсүндө илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүү;
7) энергетика тармагынын объекттерин долбоорлоо;
8) улуттук энергетика системасын өнүктүрүү жана ишканалардын финансы-экономикалык туруктуулугун камсыздоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде энергетика чөйрөсүндөгү концепциялардын, программалардын жана пландардын долбоорлорун баалоо;
9) энергетика чөйрөсүндө бүткөрүлгөн диссертациялык изилдөөлөр боюнча алдынкы уюмдарды аныктоо боюнча диссертациялык кеңештерге сунуштамаларды даярдоо;
10) энергетика чөйрөсүндө диссертациялык изилдөөлөрдүн темаларынын актуалдуулугун ырастоо;
11) электр жабдууларынын, электр тармактарынын жана станцияларынын ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыздоочу техникалык чечимдердин, түзүлүштөрдүн, нускамалардын жана ченемдик документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
12) энергияны үнөмдөө, энергиянын натыйжалуулугу жана ЭКБ саясатынын механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын ичинде энергетикалык аудит жүргүзүү;
13) мониторинг системасын иштеп чыгуу жана имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) от казандарынын, жылытуу системаларынын жана ысык суу менен жабдуунун энергетикалык натыйжалуулугун келишимдик негизде мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатын контролдоо;
14) электр станцияларындагы энергетикалык от казандарды модернизациялоо боюнча техникалык сунуштарды иштеп чыгуу жана от жагуучу түзүлүштөрдүн экономикалык жана экологиялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууну камсыздоочу отунду күйгүзүүнүн жаңы технологияларын киргизүү;
15) отун-энергетикалык балансты диверсификациялоонун жана оптималдаштыруунун варианттарын иштеп чыгуу;
16) ченемдик-техникалык документтерди, анын ичинде эрежелерди, нускамаларды, жоболорду, прейскуранттарды, ченемдерди, тартиптерди, талаптарды, методикаларды, жетектөөчү жана методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу;
17) чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү жана ЭКБны киргизүү маселелерин изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү, анын ичинде маалыматты расмий веб-сайтка жайгаштыруу менен ЭКБны пайдалануучу чакан ГЭСтердин жана түзүлүштөрдүн кубаттуулуктарын квоталоо;
18) Чакан ГЭСтердин жана ЭКБ түзүлүштөрүнүн реестрин жүргүзүү;
19) алдын ала техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди жана ЭКБ түзүлүштөрүн куруунун конкурстук тандоосуна катышуу;
20) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана чакан ГЭСтерди жана ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүү;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чакан ГЭСтерди жана ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди электр тармактарына туташтырууга мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону ишке ашыруу;
22) Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө ЭКБнын энергетикалык потенциалын, аларды өздөштүрүүнүн деңгээлин жана электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсепке алуу жана талдоо жолу менен ЭКБны пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
23) айлана-чөйрөгө таасир этүүсүн эске алуу менен чакан ГЭСтерди жана ЭКБ түзүлүштөрүн курууга долбоордук-сметалык документтерди даярдоо;
24) жаратылыштык-климаттык жана табигый таасирлерден энергетика объекттерин коргоонун методдорун жана түзүлүштөрүн иштеп чыгуу, климаттык райондоштуруу карталарын иштеп чыгуу;
25) энергия ресурстарынын рыногун өнүктүрүү шарттарында ОЭК продукцияларына карата баа жана тариф түзүү механизмдерин изилдөө жана иштеп чыгуу;
26) жаңы технологияларга жана техникага, пайдаланылган ОЭКке техникалык жана энергия үнөмдөөчү стандарттарды иштеп чыгуу;
27) өндүрүштүн энергетикалык натыйжалуулугу, энергия менен жабдуу жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө жергиликтүү жана чет өлкөлүк тажрыйбаны пайдалануу боюнча ОЭКке, өнөр жай жана башка секторлорго консультациялык жардам көрсөтүү;
28) кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүү, аларды ИИИни аткарууга тартуу;
29) Институттун тармагы боюнча съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
30) Институттун тармагы боюнча илимий-практикалык кадрларды даярдоого катышуу;
31) энергетика тармагынын мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде заказдарды аткаруу;
32) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тапшырмасы боюнча илимди жана өндүрүштү интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоо;
33) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
5-глава. Институттун түзүмү
14. Институттун түзүмү Министрлик менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
15. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиалдуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
6-глава. Институтту башкаруу
16. Институтту директор жетектейт.
17. Институттун директору Кыргыз Республикасынын энергетика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Институттун директорунун кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган Институттун директору менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык директор болуп дайындала албайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Институттун директорун сунуштоосуз эле өз демилгеси боюнча кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Институттун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
18. Институттун директорунун кызмат ордун төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билим;
2) илимий даража;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызматтарда иш стажы 5 жылдан кем эмес.
19. Институттун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) илим, билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруунун теориясын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздери;
5) тармактагы фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) чет өлкөлүк илимий уюмдардын илимий жетишкендиктерин жана тажрыйбаларын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын өнүктүрүү боюнча көз карашынын (концепция, иштеп чыгуу, технология же план) болушу.
20. Институттун директору жок болгон учурда (иш сапарда, убактылуу эмгекке жарамсыздыкта, өргүүдө, кызмат ордунан бошотулганда) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
21. Институттун директорунун орун басары Министрлик менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
22. Институттун директору:
1) жеке башкаруунун принциптеринде Институтту жетектейт жана Институттун максаттарынын, милдеттеринин жана функцияларынын ишке ашырылуу сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тактыгы үчүн жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
3) Институттун башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
4) кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну ишке ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жооп берет;
5) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
6) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-глава. Институттун илимий-техникалык кеңеши
23. Илимий-техникалык кеңеш Институттун консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү Институттун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Эгерде эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, илимий кызматкерлердин, адистердин, административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу чечим кабыл алууга укуктуу.
Илимий-техникалык кеңештин курамына илимий уюмда иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
24. Эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, илимий-техникалык кеңеш чечим кабыл алууга укуктуу. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери, эгерде алар үчүн добуш берүүгө катышкан илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
25. Институттун директору илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
8-глава. Институттун каржылоо булактары
26. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду;
3) бюджеттен тышкаркы фонддор;
4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
5) кредиттер жана гранттар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, Институттун илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана башка киреше алып келүүчү иштеринин каражаттары;
7) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
27. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
28. Институттун ишин контролдоо тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
9-глава. Корутунду жоболор
29. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
30. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту чарбалык эсеп жана толук өзүн-өзү каржылоо шарттарында энергетика жаатында илимий-изилдөө, долбоордук-издеп табуу, коммерциялык ишин жүзөгө ашырган мекеме болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун укугун улантуучу болуп саналат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдеги аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Институттун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту";
- расмий тилде: "Кыргызский государственный научно-исследовательский и проектно-изыскательский институт "Энергопроект" при Министерстве энергетики Кыргызской Республики".
Институттун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Энергодолбоор" "КМИИжДТИ";
- расмий тилде: "КГНИиПИИ "Энергопроект".
5. Институттун юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 7 б.
6. Институт ыкчам башкаруу укугунда мүлккө ээ, мүлктү сатып алууга укуктуу, өз алдынча балансы, мөөрү бар, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзөт, ошондой эле соттордо доогер жана жоопкер катары чыга алат.
7. Институттун иши Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жайгашкан электр энергиясын керектөөчүлөрдү электрлештирүү жана электр менен камсыздоо боюнча илимий-техникалык жана долбоордук продукцияны иштеп чыгууга, ошондой эле каражаттарды үнөмдөөгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган.
8. Институт өз ишин жеке жактар жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзөт.
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
9. Институттун максаты өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Институттун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары электр тармактык өнөр жай жана жарандык курулуштун заказчыларын долбоордук-сметалык документтер менен камсыз кылуу;
2) илимий негизде электр тармактык жана башка объекттерди долбоорлоонун жана куруунун алдынкы технологияларын киргизүү;
3) электр энергиясын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын, продукцияга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө алардын талаптарын эсепке алуу;
4) бекитилип берилген мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана сактоо.
11. Институттун ишинин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) 0,4-500 кВ электр тармактарын келечектүү өнүктүрүүнүн илимий жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
2) электр берүү линияларын жана подстанцияларын изилдөө жана долбоорлоо;
3) оңдоо-эксплуатациялык базаларды, турак үйлөрдү жана башка өнөр жай жана социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоо;
4) электр тармактык курулуштун жана энергетиканын башка багыттарындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер.
3-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
12. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ага бекитилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө;
2) экономикалык өнүктүрүүнүн жылдык жана узак мөөнөттүү болжолдорун иштеп чыгууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө юридикалык жана жеке жактар менен өз ишинин алкагында макулдашууларды, контракттарды жана келишимдерди түзүүгө;
4) анын менчигинде турган мүлктү башкарууга;
5) илимий изилдөөлөрдү каржылоого конкурстарга катышууга;
6) башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
7) энергетика комплексинин долбоорлорун иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларды макулдашууга;
8) өндүрүлгөн продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, алынган кирешени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өз алдынча тескөөгө;
9) Институттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга.
13. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) илимий-техникалык иштеп чыгуулардын жана чечимдердин натыйжаларынын сапаты жана объективдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартууга;
3) эл аралык стандарттарга жооп берген илимий-техникалык жана башка продукциянын жогорку сапаттагы атаандаштык деңгээлин камсыз кылууга;
4) Кыргыз Республикасынын энергетикалык комплексинин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана инженердик иштеп чыгууларды жүргүзүүгө;
5) илимий-техникалык уюмдардын башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
7) оперативдүү башкарууга берилген негизги жана жүгүртүү каражаттарын жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
8) 5 жылда бир жолудан кем эмес Институттун кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүгө.
4-глава. Институттун мүлкү жана каржылоо булактары
14. Институттун финансылык жана мүлктүк келип түшүүлөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелердин;
2) кредиттердин, гранттардын жана банктардын ссудаларынын;
3) Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын, жарандарынын, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу инвестицияларынын, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
15. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу же ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
16. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктү ээликтен ажыратат же башка жол менен тескейт.
17. Институттун ишин контролдоо Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-глава. Институттун түзүмү жана башкаруу
18. Институттун түзүмү Министрлик менен макулдашуу боюнча анын директору тарабынан бекитилет.
19. Институтту Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
20. Кыргыз Республикасынын энергетика министри Институттун директору менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адамды эки мөөнөттөн ашык дайындоо мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Институттун директорун ээлеген кызмат ордунан сунуштоосуз эле өз демилгеси боюнча бошотууга укуктуу.
Институттун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
21. Институттун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген адам ээлей алат:
- жогорку кесиптик билими бар;
- электр тармактарынын курулуш объекттерин долбоорлоо тармагында жетекчилик кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.
22. Институттун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) долбоорлоо, илим, билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) Институтту башкаруунун теориясын жана методдорун;
3) кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансылык жана административдик мыйзамдардын негиздерин;
5) чет өлкөлүк илимий-техникалык уюмдардын илимий жетишкендиктерин жана тажрыйбасын.
23. Институттун директору жок учурда (кызматтык иш сапарда, убактылуу эмгекке жарамсыздыкта, өргүүдө болгондо, кызмат ордунан бошотулган учурда) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
24. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлик менен макулдашуу боюнча Институттун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Институттун директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Институттун ишин уюштурат.
25. Институттун директору:
1) жеке башчылык негизинде Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана Институтка жүктөлгөн максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке жактар менен мамилелерде ишеним катсыз Институттун атынан чыгат;
3) Институттун жылдык жана узак мөөнөттүү тематикалык иш планын бекитет;
4) финансылык ресурстарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсептин жана отчеттуулуктун тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат, финансылык тартипти сактайт;
5) Институттун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
6) Министрлик менен макулдашуу боюнча институттун түзүмүн бекитет;
7) Институттун кызматкерлеринин штаттык ырааттамасын жана кызматтык нускамаларын бекитет;
8) кызматкерлерди кабыл алууну жана бошотууну ишке ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоо үчүн жоопкерчилик тартат;
9) кызматкерлерди сыйлоо жана аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
10) кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
11) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
12) Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Директордун чечимдери буйрук жана тескемелер түрүндө кабыл алынат.
6-глава. Институттун эсепке алуусу жана отчеттуулугу
26. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
27. Институттун ишин контролдоо тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
7-глава. Корутунду жоболор
28. Институтту жоюу, кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
29. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.".