Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 378 токтомуна) |
Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
балык уулоочу синтетикалык торлор - химиялык жол менен алынган жиптерден жасалган торлор;
электр менен кармоочу тутумдар - өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареясы) туташтырылган электрдик сигнал генераторлорунан турган, электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарды алуу (кармоо) функциясын биргелешип аткарган түзүлүштөр.
2-глава. Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу
3. Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволук уюмдарында түзүлгөн жана 3төн кем эмес адамдан турган комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Көлмөлөрдө жана балык уулоочу участоктордо, ошондой эле башка жерлерде жаратылышты коргоочу жана балыкты коргоочу рейддик иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө табылган балык уулоочу синтетикалык торлор жана электр менен кармоочу тутумдар жок кылуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
5. Синтетикалык балык уулоочу торлор таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларга тапшыруу жолу менен жок кылынууга тийиш.
Таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар жок болгон учурда синтетикалык балык уулоочу торлор атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын болтурбоочу тазалоочу түзүлүштөр менен жабдылган атайын мештерде өрттөө жолу менен жок кылуу үчүн адистештирилген уюмдарга берилет. Комиссия тарабынан балык уулоочу синтетикалык торлорду жок кылууну фото жана видеого жазуу менен аларды жок кылуу фактысы боюнча 1-тиркемеге ылайык тиешелүү акт түзүлөт.
6. Электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу калдыктарды жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерде (санкцияланган таштанды төгүүчү жайлар, полигондор) аларды жараксыз абалга келтиргенден жана траншеяларга салуу жана топурак менен тыгыздоо жолу менен жараксыз тоо-тек үймөгүнө топтогондон кийин ишке ашырылат. Комиссия тарабынан электр менен кармоочу тутумдарды жок кылууну фото жана видеого жазуу менен аларды жок кылуу фактысы боюнча 2-тиркемеге ылайык тиешелүү акт түзүлөт.
7. Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу мөөнөтү алар табылган күндөн тартып 30 жумуш күндү түзөт.
8. Жок кылынган балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды эсепке алуу 3-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
|
| Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибине 1-тиркеме |
Балык уулоочу синтетикалык торлорду жок кылуу жөнүндө № ________ АКТ
202___-ж. "___" _______________ |
| акт түзүлгөн жер (шаар, обл., р-н) |
|
| _______________________________ |
_____________________________________________________________________________
(айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
Комиссия курамында: __________________________________________________________
(фамилиясы, кызмат орду, иштеген жери)

№ ______ 202___-ж. "___" ___________ балык уулоочу торлорду жок кылууну жүргүзүштү
Жайгашкан жери: ______________________________________________________________
(шаар, облус, район, калктуу конуш)
_____________________________________________________________________________
Жок кылынган балык уулоочу торлордун тизмеги жана саны:
1. ___________________________________________________________________________
2. ___________________________________________________________________________
3. ___________________________________________________________________________
4. ___________________________________________________________________________
Жок кылынган балык уулоочу торлордун жалпы саны: _______________________________
Балык уулоочу торлор төмөнкүдөй жол менен жок кылынды __________________________
_____________________________________________________________________________
Негиз: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 20 "Кыргыз
Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен
кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу
салуу жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын аймагына
алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен
кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому.
Комиссиянын төрагасы:
_____________________________ ______________________________
(кызмат орду, колу) (фамилиясы, аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:

| Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибине 2-тиркеме |
Электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу жөнүндө № ________ АКТ
202___-ж. "___" _______________ |
| акт түзүлгөн жер (шаар, обл., р-н) |
|
| _______________________________ |
_____________________________________________________________________________
(айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
Комиссия курамында: __________________________________________________________
(фамилиясы, кызмат орду, иштеген жери)
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
№ ______ 202___-ж. "___" ___________ электр менен кармоочу тутумдарды жок кылууну
жүргүзүштү
Жайгашкан жери: ______________________________________________________________
(шаар, облус, район, калктуу конуш)
_____________________________________________________________________________
Жок кылынган электр менен кармоочу тутумдардын тизмеги жана саны:
1. ___________________________________________________________________________
2. ___________________________________________________________________________
3. ___________________________________________________________________________
4. ___________________________________________________________________________
Жок кылынган электр менен камоочу тутумдардын жалпы саны: _______________________
Электр менен кармоочу тутумдар төмөнкүдөй жол менен жок кылынды _________________
Негиз: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 20 "Кыргыз
Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен
кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга
тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси жана Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын
аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун,
электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому.
Комиссиянын төрагасы:
_____________________________ ______________________________
(кызмат орду, колу) (фамилиясы, аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
_____________________________ ______________________________
(кызмат орду, колу) (фамилиясы, аты-жөнү)
_____________________________ ______________________________
_____________________________ ______________________________
_____________________________ ______________________________
|
| Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибине 3-тиркеме |
Эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Заттын аталышы | Жок кылуу жери | Ээси жок | Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди | ||||
узундугу (метр) | саны (даана) | акт түзүлдү (даана) | узундугу (метр) | саны (даана) | акт түзүлдү (даана) | |||
1 | Балык уулоочу синтетикалык торлор |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Электр менен кармоочу тутумдар |
|
|
|
|
|
|
|