Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 28-августу № 77-чуа
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 39-чуа “КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу” өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Шаарларда унаа токтотмо жайларын жана туруктарын уюштурууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шаарларынын аймагында автомототранспорт каражаттарын жайгаштыруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. 2020-жылдын 24-мартындагы №39-чуа КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги “Ушул курулуш ченемдеринде колдонуучу негизги түшүнүктөр” деп аталган 3-бөлүмүнүн 3.45 жана 3.46 пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3.47, 3.48, 3.49, 3.50, 3.51, 3.52, 3.53, 3.54, 3.55, 3.56, 3.57, 3.58, 3.59, 3.60, 3.61, 3.62, 3.63, 3.64, 3.65, 3.66, 3.67, 3,68 пункттары тиешелүү түрдө 3.45, 3.46, 3.47, 3.48, 3.49, 3.50, 3.51, 3.52, 3.53, 3.54, 3.55, 3.56, 3.57, 3.58, 3.59, 3.60, 3.61, 3.62, 3.63, 3.64, 3.65, 3.66 пункттар деп эсептелсин;
3) расмий тилдеги “Ушул курулуш ченемдеринде колдонуучу негизги түшүнүктөр” деп аталган 3-бөлүмүнүн 3.69 пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 3.70, 3.71, 3.72, 3.73, 3.74, 3.75, 3.76, 3.77 пункттары тиешелүү түрдө 3.67, 3.68, 3.69, 3.70, 3.71, 3.72, 3.73, 3.74 пункттар деп эсептелсин;
5) “Ушул курулуш ченемдеринде колдонуучу негизги түшүнүктөр” деп аталган 3-бөлүм 3.75 - 3.81 пункттары менен толукталсын:
«3.75 өткөөлдөр: Калктуу конуштун ичиндеги көчө, жол, шаардык инфраструктуранын негизги элементтеринин бири;
«3.76 имараттын подъезди: Имаратка, курулмага же кандайдыр бир объектке кирүүнү камсыз кылуучу жолдор же жөө адамдар өтүүчү жолдор;
«3.77 өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык): Өрттүн жайылышын болтурбоо үчүн имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы ченемделген аралык;
«3.78 коомдук имараттар: Имараттар жана алардын жайлары, соода, тарбиялоо, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, көңүл ачуу ж. б. кызматтарды (тейлөөчү) көрсөтүүчү ишканалар, уюмдар;
«3.79 шаар куруу реконструкциясы: Бул системаны жакшыртуу жана өнүктүрүү муктаждыктары менен шартталган мурда түзүлгөн шаардын пландоо системасын же анын курамдык элементтерин өзгөртүү боюнча максаттуу иш-аракет болуп саналат. Кайра реконструкциялоо пландоо системасын трансформациялоону калыптанып калган структураны дээрлик толук алмаштырганга чейин сактоо катары карайт. Эреже катары, көбүнчө бул терминди колдонуу бүтүндөй олуттуу өзгөрүүдө эски элементтердин жакшы бөлүгүн сактап калууну камтыйт;
«3.80 шаар куруу комплекси: Инженердик жабдуулардын зарыл түрлөрү менен камсыз кылынган, көрктөндүрүлгөн жана функционалдык жана композициялык биримдик менен бириктирилген турак жай жана коомдук объекттердин, өндүрүштүк жана башка курулмалардын тобу.
«3.81 имараттын пайдалуу аянты: Тепкич клеткаларын, лифт шакталарын, ички ачык тепкичтерди жана пандустарды кошпогондо, ага жайгаштырылган бардык аянттардын,ошондой эле балкондордун жана залдагы антресолдордун, фойе ж.б.у.с. суммасы катары аныкталат.
6) “Шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүү Концепциясы жана жалпы уюштуруу” деп аталган 4-бөлүмү төмөнкү мазмундагы 4.15.1-4.15.3 пунктчалары менен толукталсын:
4.15.1. Турак үйлөрдү, коомдук жана башка имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу бирдиктүү архитектуралык-мейкиндик чечими менен шаар куруу комплекси түрүндө жүзөгө ашырылат.
4.15.2. Шаар куруу комплекстеринин курамы жана чектери аймакты көлөмдүк-мейкиндик уюштуруу долбооруна - деталдуу пландаштыруу долбооруна жана куруу долбооруна ылайык аныкталат.
4.15.3. Бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин долбоорлоо жана куруу участканы жолдор жана магистралдык инженердик тармактар менен камсыз кылуу боюнча иштер менен бирдикте жүргүзүлөт.
7) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн 5.3 пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
5.3 Шаарларда жеке турак жай курулуштарын жайгаштыруу аймакты жашылдандырууну, көрктөндүрүүнү жана инженердик жабдууну, күнүмдүк пайдалануудагы тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну эске алуу менен каралышы керек.
Жеке турак үйлөрдөн жана чарбалык курулуштардан жер участогунун чек араларына чейинки аралык жеткиликтүүлүктү, ошондой эле учурдагы оңдоону камсыз кылуу максатында А тиркемесине ылайык 1 метрден кем эмес өрт коопсуздугунун ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
8) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн 5.11 пунктундагы “1 тиркемесинин” деген сөздөр “А тиркемесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн 5.12 пунктундагы 1-таблицада:
- “Аянтчалар” графасынын төртүнчү сабындагы “жана иттер менен сейилдөө” деген сөздөр алып салынсын;
- “Аянтчалар” графасынын бешинчи сабындагы “Унаа токтотуучу жайлар үчүн” деген сөздөр “Иттерди сейилдетүү үчүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “Аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрү, м2/ адам” графасынын бешинчи сабындагы “0,8” саны “0,3” санына алмаштырылсын;
- “Аянтчалардан турак үйлөрдүн жана имараттардын терезесине чейинки аралык, м кем эмес” графасынын төртүнчү сабындагы “15” саны “чарбалык максаттар үчүн 20” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “Аянтчалардан турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын терезесине чейинки аралык, м кем эмес” графасынын бешинчи сабы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“чарбалык максаттар үчүн 40”.
10) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн мамлекеттик тилдеги 5.12 пункту төмөнкү мазмундагы 5.12.1 пункту менен толукталсын:
«5.12.1 Аянтчалардын салыштырма өлчөмүн азайтууга жол берилет, бирок 50% дан ашык эмес: кичи райондун бирдиктүү дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин түзүүдө балдар оюндары үчүн, окуучулар жана калк үчүн чоңдордун эс алуусу, дене тарбия менен машыгуусу үчүн.»;
11)“Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн 5.7 пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
Мында, турак жай курулушун түзүү кийинки кабаттагы имараттар менен ишке ашырылат:
Аз кабаттуу – 1-3 кабаттуу;
Орто кабаттуу – 4-5 кабаттуу;
Көп кабаттуу – 6-12 кабаттуу;
Жогору кабаттуу – 13-18 кабаттуу;
Бийик – 18 кабаттан жогору.
12) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн 5.13 пунктунун биринчи абзацындагы “турак жай” деген сөздөрдөн кийин “жана коомдук” сөздөр менен толукталсын.
13) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн мамлекеттик тилдеги 5.14 пункту күчүн жоготту деп табылсын;
14)5.15, 5.16пункттары тиешелүү түрдө 5.14 жана 5.15 пункттары деп эсептелсин;
15) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн 5.14 пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын;
Таштанды чогулткучтар үчүн аянтчалар атайын техника үчүн атайын бөлүнгөн жана жеткиликтүү жерлерде каралышы керек.
16) “Селитебдик аймак” деп аталган 5-бөлүмүнүн 5.15 пунктундагы “сунушталган 4-тиркемени” деген сөздөр “Г тиркемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) “Ландшафтык-рекреациялык аймак” деп аталган 7-бөлүмүндөгү 7.1 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7.1 Шаарларда жана шаар тибиндеги калктуу конуштарда шаар куруу документтерин иштеп чыгууда жашылдандырылган аймактардын жана башка ачык мейкиндиктердин үзгүлтүксүз системасын кароо зарыл. Мында, белгиленген жашылдандырылган аймактардын чектери, классификациясы жана функционалдык арналышы жалпыдан жекеге деталдаштыруу баскычында такталат.
18) “Ландшафтык-рекреациялык аймак” деп аталган 7-бөлүмдүн 7.5 пунктунун экинчи абзацындагы “сунушталган 6-тиркемени” деген сөздөр “Е тиркемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) “Ландшафтык-рекреациялык аймак” деп аталган 7-бөлүмдүн 7.17 пунктундагы “сунушталган 8-тиркемени” деген сөздөр “3 тиркемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20) “Тейлөө мекемелери жана ишканалары” деп аталган 8-бөлүмүнүн 8.1 пунктунун үчүнчү абзацындагы “сунушталган 6-тиркемени” деген сөздөр “Е тиркеме” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21) “Тейлөө мекемелери жана ишканалары” деп аталган 8-бөлүмүндөгү таблицадан кийинки биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар алынсын.
22) “Тейлөө мекемелери жана ишканалары” деп аталган 8-бөлүмүндөгү 5-таблицадан кийин төмөнкүчө редакцияда баяндалсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомунун 5-тиркемесине ылайык, жаңы курулуштарда, түзүлгөн тар курулуш шарттарында мектепке чейинки балдардын билим берүү уюмдарын турак үйлөргө кошо курулган жана курулуп-жанаша курулган жайларда жайгаштырууга жол берилет.
22-1) 9.15 пункттун №7 таблицасы төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
Эскертүү.
1. Тротуардын жөө жүрүүчүлөр өтүүчү бөлүгүнүн туурасы жөө жүрүүчүлөр адам/саат интенсивдүүлүгүнө жараша кабыл алынышы керек.
2. №7-таблицада көрсөтүлбөгөн шаарлардагы жана калктуу конуштардагы көчөлөрдүн жана жолдордун эсептик параметрлерин, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ушул сыяктуу Курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык км/саат кыймылдын эсептик ылдамдыгына жараша кабыл алуу зарыл.
23) “Транспорт жана көчө-жол түйүнү” деп аталган 9-бөлүмүнүн 9.12 пунктундагы “2-тиркеме” деген сөздөр “Б тиркемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24) “Транспорт жана көчө-жол түйүнү” деп аталган 9-бөлүмүнүн 9.27 пункту жана 9.27 пунктунун 9.27.1, 9.27.2, 9.27.3 жана 9.27.4 пунктчалары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«9.27 Селитебдүү аймактарда коомдук жана турак жай имараттарынын алдындагы жер астындагы мейкиндиктерде, ошондой эле кварталдардын, кичи райондордун чектериндеги үй жанындагы аймактарда жеке жеңил автомобилдердин эсептик санынын 100% дан кем эмесин кароо зарыл.
Көп ярустуу унаа токтотуучу жайларда жана ачык аянттарда жөө басууга жеткиликтүүлүк 800 метрден көп эмес, ал эми реконструкциялоо же гидрогеологиялык абалы жагымсыз райондордо 1500 метрден көп эмес.
Алардын ичинен төмөнкүлөрдү караштыруу зарыл, аны менен бирге %:
Турак жай райондору (кварталдар, кичи райондор) 50
өндүрүштүк жана коммуналдык-кампа зоналары (райондор) 10
жалпы шаардык жана адистештирилген борборлор 25
массалык кыска мөөнөттүү эс алуу зоналары 15
Шаарларда жана шаар тибиндеги калктуу конуштарда машина орундарын жайгаштыруу үчүн жашаган жерине жакын жайгашкан унаа токтотуучу жайларда (унаа токтотуучу жайлар, жер астындагы унаа токтотмо жайлары, унаа токтотмолору, гараждар, гараждар-туруктар) автотранспортун туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн орундар каралышы керек.
Автотоктотмолор: жеңил автомобилдерди жана башка мототранспорт каражаттарын (мотоциклдерди, мотороллерлерди, мотоколяскаларды, мопеддерди, скутерлерди ж.б.) сактоо (турук) үчүн арналган имараттар, курулмалар (имараттын, курулманын бөлүктөрү) же атайын ачык аянтчалар болушу мүмкүн.
Автомобилдерди жана башка мототранспорт каражаттарын туруктуу (узак мөөнөттүү) сактоо - бул автотранспорт каражаттарын конкреттүү Автоунаа ээлерине бекитилген унаа токтотуучу жайларда 12 сааттан ашык сактоо.
«9.27.1 Турак жай курулуш зоналарында калктын жеңил автомобилдерин туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн жөө басууга жетүү 800 метрден ашпаган, ал эми реконструкциялоо райондорунда - 1200 метрден ашпаган токтотуучу жайлар каралат.
Турак жай курулушунун аймагында турак жай курулушуна келүүчүлөрдүн автотранспортун убактылуу сактоо үчүн арналган туруктар 1000 тургунга 30 машина-орундан кем эмес эсебинде кароо сунушталат.
«9.27.2 Автомобилдерди убактылуу жана туруктуу сактоо үчүн ачык туруктар турак жай райондору жана кичи райондор менен чектешкен көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүгүнөн сырткары жайгаштыруу каралат.
«9.27.3 Турак-жай зоналарынын, анын ичинде турак-жай райондорунун, кичи райондордун аймактарында коомдук жана турак-жай имараттарынын алдындагы жер астындагы, жер үстүндөгү жана көп ярустуу мейкиндиктерде, ошондой эле кварталдардын, кичи райондордун жана автомобилдердин жер үстүндөгү токтоочу жайларынын чегинде үй алдындагы аймактарда эсептешүү мөөнөтүнө кабыл алынган автомобилдештирүүнүн деңгээлин эске алуу менен 7.1-таблицага жана З) тиркемесине ылайык автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн орундарды кароо сунушталат.
Турак жай имараттары үчүн машина-орундун саны Таблица 7.1
Турак жай менен камсыз болуу деңгээли боюнча турак үйдүн тиби | Квартирага автотранспортту, машина орундарын сактоо |
18 кв м \адам жана жогору | 1,7 |
18 кв м \адам | 1,0 |
18 кв м\адамдан кем | 0,7 |
Эскертүү: 1. КР КЭ 35-101:2018 талаптарына ылайык эс алуу аянтчаларын жайгаштыруу жана ыкмаларды уюштуруу шартта жөө адамдар жете турган радиуста турак жай курулушунун жер участогунан тышкары жеке транспортту сактоо үчүн, анын ичинде ДМЧА үчүн машина-орундарды жайгаштырууга жол берилет. 2. 5 кабаттан жогору турак жай имараттарын жана комплекстерин долбоорлоодо жер астындагы гараждарда жана унаа токтотуучу жайларда автотранспорт каражаттарын сактоо үчүн каралган орундар багытын өзгөртүүгө жатпайт. | |
Кичи райондорду, ири жана ири шаардык калктуу конуштардын кварталдарын долбоорлоодо автомобилдерди сактоочу жайлардын санын, эсептик мөөнөттө автомобилдештирүүнүн деңгээлине жараша, 1000 адамга 350 жеңил машина аныктоо керек.
Сактоо үчүн орундарга болгон жалпы муктаждыкты аныктоодо башка жеке транспорт каражаттарын (Мотоциклдер, мотороллерлер, мотоколяскалар, мопеддер) да эске алуу керек, мында аларды бир эсептик түргө (жеңил автомобилге) келтирүү төмөнкү коэффициенттерди колдонуу менен жүргүзүлөт: долбоорлоого тапшырма боюнча
Мотоциклдер жана мотороллерлер
Коляскасы менен, мотоколяскалар 0,5
Мотоциклдер жана мотороллерлер коляскасыз 0,25
Мопеддер жана велосипеддер 0,1
Турак жай жана коомдук имараттарга (жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кошпогондо) кошо курулган же курулуп-жанаша курулган жабык типтеги жеңил автомобилдер үчүн туруктар КР КЧ 31-12:2018 талаптарына ылайык аткарылышы керек.
Майыптарга тийиштүү автомобилдерди жана башка мототранспорттук каражаттарды сактоо үчүн туруктар КР КЭ 35-101:2018 ылайык жөө басып жетүү радиусунда каралуусу тийиш.
Эскертүү – Жагымсыз жагдайы бар, автомобилдердин жер астындагы токтоочу жайларын орнотуу мүмкүнчүлүгүн чектеген же жокко чыгарган райондордо, ушул пункттун биринчи абзацынын талабы спорттук жана чарбалык аянттар үчүн чатырды пайдалануу менен жер үстүндөгү жана жер астындагы курулмаларды куруу аркылуу камсыз кылынууга тийиш.
«9.27.4 Жеңил автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн арналган автомобилдердин жер үстүндөгү, жер астындагы гараж-турук жайларын, ачык аянттарын жайгаштырууну, шаар куруу кырдаалын, курулуш участогунун архитектуралык-пландоо чечимин эске алуу менен тандоо керек.
25) “Транспорт жана көчө-жол түйүнү” деп аталган 9-бөлүмүнүн 9.31 пунктундагы “9-тиркеме” деген сөздөр “И-тиркеме” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
26) “Инженердик жабдуу” деп аталган 10-бөлүмүнүн 10.4 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10.4 Канализациянын борборлоштурулган системасы жок болгон учурда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча куюучу станцияларды жана чуңкурларды кароого жол берилет.
Куюучу станцияларга жана алардын санитардык-коргоо зоналарына бөлүнүүчү жер участокторунун өлчөмдөрү колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык кабыл алынышы керек.
27) “Инженердик жабдуулар” деп аталган 10-бөлүмүнүн 10.9 пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
Аба электр чубалгылары үчүн коргоо зоналары энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралсын.
Мында аба электр чубалгыларынын коргоо зоналары балдар аянтчаларынын, дене тарбия жана чарба аянтчаларынын участокторунун чек араларына чейин каралат. Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй жанындагы аймактарынан 1000 В жогору аба электр чубалгыларынын өтүүсүнө жол берилбейт.
28) “Инженердик жабдуу” деп аталган 10-бөлүмүнүн 10.13 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10.13 Өзүнчө турган бөлүштүрүүчү пункттарды жана чыңалуусу 6-20 кВ болгон трансформатордук көмөкчордондорду жайгаштырууда ар биринин кубаттуулугу экиден ашпаган 1600 кВ*А болгон трансформаторлордун саны болсо жана ызы-чуудан коргоочу иш-чараларды аткарууну эске алуу менен аралыкты:
- турак жай жана коомдук имараттардын терезелерине чейин – 10м.
- дарылоо-алдын-алуу мекемелеринин имараттарына чейин – 15м.
Өзүнчө турган бөлүштүрүүчү пункттарды жана кыштан жасалган ар биринин кубаттуулугу 6-20 кВ чыңалуудагы 1600 кВ*А ашкан трансформатордук көмөкчордондорду жайгаштырууда, ызы-чуудан коргоочу иш-чараларды эске алуу менен аралыкты кабыл алуу зарыл, кем эмес:
- турак жай жана коомдук имараттардын терезелерине чейин – 10м.
- дарылоо-алдын-алуу мекемелеринин имараттарына чейин – 15м.
Кургак типтеги трансформатордук көмөкчордондордон турак жайлардын жана коомдук имараттардын бош дубалдарынын аралыгы ызы-чууга каршы иш-чараларды аткаруу шартында жөнгө салынбайт.
Зарыл техникалык жана санитардык иш-чараларды аткаруу учурунда имараттын атайын жайына кургак типтеги трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга жол берилет.
Ачык, жабык же комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор жана которуштуруу пункттары үчүн коргоо зонасы: көмөк чордондун чыңалуусунун жогорку классына карата колдонулган, белгиленген аралыкта периметри боюнча АБТ жана көмөкчордондун күч трансформаторлорунун тосмолорунун ар тарабында турган, вертикалдуу тегиздиктери менен чектелген жер участогунун жана аба мейкиндигинин бетинин бир бөлүгү катары (АБТ эң бийик чекитинин бийиктигине туура келген бийиктикке) АБТнын жана көмөкчордондун күч трансформаторлорунун тосмосунан орнотулат.
29) “Инженердик жабдуу” деп аталган 10-бөлүмүнүн 10.20 пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
Селитебдүү аймактагы электр тармактарын, байланыш линияларын жана оптика-була түйүндөрүн жер астынан аткаруу зарыл, техникалык мүмкүнчүлүк болбогон учурда жер үстүндөгү ыкма менен кароого уруксат берилет. Жеке турак жай курулушунда электр тармактары, байланыш линиялары жана оптикалык-була түйүндөрү аба аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
30) “Инженердик жабдуу” деп аталган 10-бөлүмү 10.26 – 10.28 пункттар менен толукталсын:
«10.26. Селитебдүү аймакта жер астындагы суулар жок болгон учурда эң четки суу өткөрүүчү линиялардын эки тарабындагы коргоо тилкесинин кеңдиги, кем эмес кабыл алынышы керек:
– 5м - 1000 мм чейинки диаметрде;
-10м – 1000 мм ашык диаметрде.
«10.27. Шаарлардын аймагы аркылуу өткөн дарыялардын жээк жээгиндеги суу коргоо тилкесинде канализациялык тазалоо курулмаларын кошпогондо, инженердик тармактарды жайгаштырууга уруксат берилет.
Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда, суу коргоо зоналарынын жана тилкелеринин чектеринде гидротехникалык курулмаларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чегинен тышкары жайгаштырууга уруксат берилет.
«10.28. Калктуу конуштарда көмөкчордондордун жана электр берүүнүн аба линияларынын коргоо зоналары тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар жана ченемдик техникалык документтер менен аныкталат.
31) А тиркемесинин 2.3 пункту төмөнкү мазмундагы 2.3.1 пунктчасы менен толукталсын:
«2.3.1. Бийик имараттарга өткөөлдөр, подъездер А тиркемесинин 2.9-пунктуна ылайык кошумча талаптарды эске алуу менен каралууга тийиш:
- өрт автомобилдеринин келиши бийик имараттын, комплекстин бардык тарабынан, анын ичине курулуп-жанаша курулган бөлүгүнүн өлчөмүн камтуу менен камсыз кылынууга тийиш;
32) А тиркемесиндеги 1.3-эскертүүдө “20” деген сан “50” деген сан менен алмаштырылсын;
33) А тиркемесиндеги 1-эскертүүдө “кабат” деген сөздөн кийин “же мансарддар” деген сөздөр менен толукталсын;
34) Г тиркемесинин биринчи абзацындагы “облустардын башкы архитектору менен макулдашуу боюнча” деген сөздөр алынсын;
35) Г тиркемесинин Г.2 таблицасынын 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
1. Шаар куруу баалуулугу жогору борбордук аймактардагы чон жана ири шаарларда калктын жыштыгы г.2-таблица боюнча, калган аймактарда шаар куруу баалуулугу жогору болгон аймактын борбордук пландоо районунан аймактын шаар куруу баалуулугуна жараша периферияга чейин жыштыкты төмөндөтүү менен кабыл алуу керек. Борбордук пландоо району калктуу конуштун башкы планын иштеп чыгууда аныкталат.
Турак жай райондорунун эсептик аймагынын чектери магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн, өтмөктөрдүн же жөө жүргүнчүлөр жолдорунун огу боюнча, табигый чектер боюнча, кичи райондун, кварталдын эсептик аймагынын чектери магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн кызыл сызыктары боюнча, ал эми алар жок болсо - курулуш линиясынан 3 м.аралыкта белгилениши керек.
Эсептик аймактан райондук жана жалпы шаардык маанидеги объекттердин, тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафттык баалуулугу бар объекттердин участокторунун, ошондой эле чектеш кичи райондордун калкын ченемге салынуучу радиустарда тейлөөгө эсептелген (тейленүүчү калктын санына пропорционалдуу) күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин участоктору алынып салынууга тийиш.
Эсептик аймакка эсептелген калкты тейлеген күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин, анын ичинде чектеш аймактарда, ошондой эле жер астындагы жана жер үстүндөгү мейкиндиктерде жайгашкан участоктордун бардык аянттарын кошуу зарыл.
Калыптанган курулушту кайра конструкциялоо шартында кварталдарды бөлүп турган жана кичи райондун ичинде же имараттарга кирүү үчүн жөө жүрүүчүлөр үчүн сакталуучу көчөлөрдүн туурасынан кеткен профили өзүнчө көрсөтүлөт.
36) З тиркемесинин таблицасында:
- “Жер участокторунун өлчөмдөрү, га” графасындагы “Балдардын билим берүү уюмдары, орун” пунктунун “100 орунга чейин – 40, 100 дөн жогору - 35” сандары “100 орунга чейин – 35, 100 дөн жогору - 33” сандары менен алмаштырылсын;
- “Жер участокторунун өлчөмдөрү, га” графасындагы “Жалпы билим берүү мектептер, окуучулар*)” пунктундагы сандар:
- “Жер участокторунун өлчөмдөрү, га” графасындагы “Жалпы билим берүү мектептер, окуучулар*)” пунктундагы “600дөн 800 чейин – 1 окуучуга 40 м2” деген сандар алынсын;
- “Жер участокторунун өлчөмдөрү, га” графасындагы “Жалпы билим берүү мектептер, окуучулар*)” пунктундагы сандар:
- “40тан 400 чейин – 1 окуучуга 50 м2” деген сандар “150дөн 275 чейин – 1 окуучуга 20 м2;” деген сандар менен алмаштырылсын;
- “400дөн 500 чейин – 1 окуучуга 60 м2” деген сандар “275тен 500 чейин – 1 окуучуга 29 м2;” деген сандар менен алмаштырылсын;
- “500дөн 600 чейин – 1 окуучуга 50 м2” деген сандар “500дөн 800 чейин – 1 окуучуга 38 м2;” деген сандар менен алмаштырылсын;
37) З тиркемесинин таблицасында:
- “Эсептик бирдиктер” графасындагы 1.1 пунктунда “жалпы” деген сөз “пайдалуу” деген сөзгө алмаштырылсын;
- “Барган объекттер” графасынын 1.2. пунктундагы “коомдук уюмдардын имараттары жана жайлары” деген сөздөр “кеңсе имараттары жана коомдук уюмдар” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- “Эсептик бирдиктер” графасындагы 1.2 пунктундагы “жалпы” деген сөз “пайдалуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- “Барган объекттер” графасынын 1.3 пунктундагы “кеңсе имараттары жана жайлары” деген сөздөр алынсын;
- “Эсептик бирдиктер” графасындагы 1.3 пунктундагы “жалпы” деген сөз “пайдалуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- “Эсептик бирдиктер” графасындагы 1.4.1. жана 1.4.2 пунктчаларындагы “жалпы” деген сөз “пайдалуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- “Эсептик бирдиктер” графасындагы 4.6.2. пунктчасында “жалпы” деген сөз “пайдалуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- “Эсептик бирдиктер” графасындагы 4.6.3. пунктчасында “жалпы” деген сөз “пайдалуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
38) З тиркемесиндеги 1-пункт алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Директор |
| Н.К. Орунтаев |