Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 510 токтомуна)
|
Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы кызматтык милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу жана алардын өтүү тартибин аныктайт.
2. Мобилизациялык резервдин жыйындары (мындан ары – жыйындар) – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында тынчтык жана согуш мезгилинде пайдалануу үчүн аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо максатында өткөрүлүүчү иш-чаралардын комплекси.
Жыйындар төмөнкүлөрдү карайт:
– жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызматты өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызматты өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары – жарандар) үчүн – 500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү жана узактыгы отуз күндүк аскердик жыйындардан өтүүнү;
– жогорку билими бар, отуз жашка чейинки курактагы, биринчи категориядагы запаска каттоого кабыл алынган аскерге милдеттүүлөр үчүн (мындан ары – аскерге милдеттүүлөр) – 700 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү жана узактыгы отуз күндүк аскердик жыйындардан өтүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы №191 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарга чакырууну уюштурууну жана алардын өтүүсүн жалпы жетектөөнү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
4. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындардын күжүрмөн даярдоо программасын иштеп чыгуу;
2) жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү каттоого кабыл алууну контролдоо;
3) жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү сандык каттоону жүргүзүү;
4) жарандардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жыйындарды өтүү үчүн акча каражаттарын төгүүсүнүн жүрүшүн контролдоо;
5) жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларын буюм мүлкү, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жыйындарды өтүү үчүн керектүү башка материалдык каражаттар менен камсыздоо;
6) жыйындарды өтүүнү уюштуруу;
7) жыйындарга чакырылган жарандарды аскер комиссариатынан жыйындарды өткөрүү жерине чейин жана кайта ташууну уюштуруу;
8) жыйындарды өткөн запастагы аскерге милдеттүүлөргө офицердик курамдын "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамын ыйгаруу;
9) жыйындар аяктагандан кийин аскер кызматчыларын запаска бошотуу.
5. Аскер комиссариаттарына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү тандоону жана изилдөөнү жүргүзүү;
2) жыйындарга чакырылуучу жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү;
3) жыйындарды өтүү үчүн акча каражаттарынын түшүүсүн уюштуруу;
4) жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарга чакыруу жана жөнөтүү;
5) жыйындарды өтүү үчүн эсепке киргизилгендердин жекече каттоосун жүргүзүү;
6) жыйындарга чакырылган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү ташууну уюштуруу;
7) жыйындарды өткөн адамдарды аскердик каттоого коюу;
8) жарандар жана аскерге милдеттүүлөр үчүн жыйындарды өтүүнүн өзгөчөлүктөрү жана мүнөзү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
6. Окуу борборлоруна (аскердик бөлүктөргө) төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындарды өтүү үчүн келген адамдарды кабыл алуу жана аларды камсыздоонун бардык түрлөрүнө коюу, бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүү жана жайгаштыруу;
2) аскер кызматчыларын аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо;
3) аскердик кызматты уюштурууну жана аскердик кызматтын коопсуздугун, аскердик тартипти сактоону жана жыйындарды өтүп жаткан аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоону камсыздоо;
4) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча жыйындарды өткөн аскерге милдеттүүлөргө запастагы "кенже лейтенант" биринчи офицердик аскердик наамын ыйгаруу үчүн аттестациялык материалдарды даярдоо;
5) жыйындарды өткөн адамдардан Аскердик антты кабыл алууну уюштуруу;
6) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча жыйындарды өткөн жана комплекстүү сынактарды ийгиликтүү тапшырган адамдарга запастагы "кенже лейтенант" биринчи офицердик аскердик наамын салтанаттуу ыйгарууну уюштуруу;
7) жыйындарды өткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу.
7. Жыйноо пункттарына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) жыйындарга чакырылган адамдарга аскердик кийим формасын берүү;
2) жыйындарды өтүүнү каалаган жарандардан жана аскерге милдеттүүлөрдөн акча каражаттарынын түшүүсүн контролдоо;
3) жыйындарга чакырылган адамдарды жыйындарды өткөрүү жерине чейин жана кайта жөнөтүүнү уюштуруу;
4) жыйындарды өткөн аскерге милдеттүүлөр тапшырууга тийиш болгон аскердик кийим формасынын комплекттерин кабыл алуу.
2-глава. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү тандоонун жана изилдөөнүн тартиби
8. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү тандоону жана изилдөөнү аскер комиссариаттары жүзөгө ашырат.
9. Жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү изилдөө жыйындарга кылмыш жоопкерчилигине тартылган, тергөө же сот жоопкерчилигинде турган, психиатриялык, кургак учук, тери-венерологиялык, наркологиялык диспансерлерде жана башка дарылоо-алдын алуу мекемелеринде каттоодо турган адамдарды жыйындарга чакыруу учурларын жокко чыгаруу максатында жүргүзүлөт.
10. Жыйындарга чакырууга жаткан жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү изилдөөнү аскер комиссарынын жетекчилиги астында аскер комиссариаттарынын өздүк курамы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт.
11. Аскер комиссариаттары изилдөөнүн жүрүшүндө жарандын жаш курагын, үй-бүлөлүк абалын, жарандыгынын бардыгын, соттуулугун, билимин (анын ичинде жогорку), жарандык адистигин тактайт. Изилдөө жеке аңгемелешүү жолу менен жүргүзүлөт. Ар бир аңгемелешүү жарандын, аскерге милдеттүүнүн милдеттүү түрдө жеке колу, ошондой эле аңгемелешүүнү өткөргөн адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
Изилдөөнүн жыйынтыгы изилдөө барагында көрсөтүлөт.
12. Жыйындарга чакыруу башталганга чейин аскер комиссарлары төмөнкүлөр жөнүндө толук жана объективдүү маалыматтарга ээ болууга тийиш:
- медициналык кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жана мурда альтернативдик кызматты өтөгөн, жыйындарды өтүүнү каалаган жарандар жөнүндө;
- биринчи категориядагы аскердик билети жана жогорку билими бар, запас боюнча офицердик курамдын биринчи аскердик наамын алууну каалаган аскерге милдеттүүлөр жөнүндө.
13. Аскер комиссары жарандар жана аскерге милдеттүүлөр менен жекече аңгемелешүүнүн негизинде аны жыйындарга дайындоо жөнүндө корутунду чыгарат. Аскер комиссарынын корутундусу анын колу жана гербдүү мөөр менен изилдөө барагында күбөлөндүрүлөт.
14. Жыйындарды өтүү үчүн тандалган жарандардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн саны жөнүндө маалыматтарды аскер комиссариаттары ар бир айдын 20сында коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкаруу органына берет.
15. Жыйындарга чакырылуучу жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
3-глава. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү каттоонун тартиби
16. Аскер комиссарлары тейлеген аймактарында жашаган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү каттоону уюштурууга жана анын толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.
17. Аскер комиссариатынын дарыгердик комиссиясынын жыйналышынын протоколунун негизинде жыйындарга жиберилүүгө тийиш болгон жарандар жана аскерге милдеттүүлөр аскер комиссары тарабынан бекитилген аты аталган тизме менен аскерге милдеттүүлөрдү чакыруу жана аскердик каттоо бөлүмдөрүнөн аскер комиссариатынын мобилизациялык бөлүмүнө каттоого өткөрүлүп берилет.
18. Жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү каттоо жекече жана сандык болуп бөлүнөт. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сандык каттоо, аскер комиссариаттарында жекече каттоо жүзөгө ашырылат.
Жекече каттоо жекече каттоо журналы жана өздүк иштер боюнча жүзөгө ашырылат.
Жыйындарга чакырылууга жарактуу деп таанылган жарандар жана аскерге милдеттүүлөр белгиленген акчалай төгүмдү төлөгөндөн кийин жекече каттоо журналы боюнча эсепке алынат.
Журнал боолонууга, номерленүүгө жана аскер комиссариатынын гербдүү мастикалуу мөөрү менен мөөрлөнүүгө тийиш. Жазуулар оңдоосуз жүргүзүлүшү керек. Жазууларга оңдоолор киргизилген учурда, алар аскер комиссарынын колу жана аскер комиссариатынын гербдүү мастикалуу мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарга жана аскерге милдеттүүлөргө өздүк иштер таризделет жана өздүк иштерден төмөнкү картотекалар түзүлөт:
1) жыйындарга жөнөтүү үчүн каттоого кабыл алынгандар (өздүк иштер жыйындарга чакыруу даталары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча, алфавит боюнча, туулган жылы боюнча коюлат);
2) жыйындарга чакырылууга жаткандар;
3) жыйындарды өткөндөр.
20. Жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү каттоону жүргүзүү тартиби, ошондой эле өздүк иштерди жана башка документтерди жүргүзүү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4-глава. Жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү чакыруу тартиби
21. Жыйындарга чакыруу аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт. Жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарга чакыруу жөнүндө чечим аскер комиссарынын буйругу менен таризделет.
22. Жыйындарга төмөнкүлөр чакырылууга тийиш:
1) жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызматты өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызматты өтөгөн жарандар;
2) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча - отуз жашка чейинки курактагы, жогорку билими бар, биринчи категориядагы запаска каттоого кабыл алынган аскерге милдеттүүлөр.
23. Жыйындарга төмөнкүлөр чакырылбайт:
1) тынчтык мезгилинде аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылгандар;
2) аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандар;
3) аскердик кызматка келген убакта белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу болгондор же аларга карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылгандар.
24. Жыйындарга чакыруу жыл сайын жүргүзүлөт. Жыйындарды өткөрүү убактысы жана жыйындарга чакырылууга тийиш болгондордун саны коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аскер комиссариаттарында чакырылуучу ресурстардын болушунун негизинде аныкталат.
25. Дарыгердик комиссиялар аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин жыйындарды өтүүнү каалаган жарандар жана аскерге милдеттүүлөр 3 жумуш күндөн кечиктирбестен аскер комиссарынын атына белгиленген формадагы жазуу түрүндөгү арызды берет, анда белгиленген суммадагы акчалай төгүмдү төлөөгө жана жыйындарды өтүүгө милдеттенет.
26. Жыйындарды өтүү үчүн төлөнгөн белгиленген акчалай төгүм төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:
1) жыйындар башталганга чейин андан өтүүдөн баш тартканда (туугандары каза болгон, үй-бүлөлүк абалы өзгөргөн учурда);
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен каралган тизмекке ылайык жыйындарды өтүүгө тоскоол болгон ооруларды же майыптыкты алганда;
3) жаран же аскерге милдеттүү жыйындарды өтүүгө чейин каза болгон учурда (сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таануу) аскердик каттоодон чыгарылат. Жыйындарды өтүү үчүн төлөнгөн акчалай төгүм жакын туугандарына (мураскорлоруна) кайтарылууга тийиш.
27. Жыйындарга аскер кызматчыларын чакыруу боюнча аскердик-каттоо документтерин толтуруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5-глава. Жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларын окуу борборлоруна (аскердик бөлүктөргө) жөнөтүү жана ташуу тартиби
28. Жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларын аскердик бөлүктөргө (окуу борборлоруна) жөнөтүү топтоо пункттары аркылуу аскер комиссариаттарынан жүргүзүлөт.
Топтоо пункттарына аскер кызматчылары белгиленген мөөнөттөрдө аскер комиссариаттары тарабынан уюшкандыкта жеткирилет. Аскер кызматчыларын жөнөтүүнүн алдында топтоо пункттарында жол жүрүүдө коопсуздук чараларын сактоо боюнча машиналардын башчыларына, айдоочуларга жана аскер кызматчыларына инструктаж өтүү менен, ташуу үчүн пайдаланылуучу автомобиль транспортунун техникалык абалы текшерилет.
29. Жыйындардын аскер кызматчылары аскердик бөлүктөрдүн өкүлдөрүнө ысымы жазылган тизме боюнча аскердик-каттоо документтери, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, медициналык күбөлөндүрүү барагы, корутунду менен флюрографиялык фотосүрөтү, кеңсе жана жуунуп-тазалануучу буюмдары менен өткөрүп берилет.
6-глава. Жыйындарды өтүү тартиби
30. Аскер кызматчыларынын жыйындарды өтүүсү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен аныкталган окуу борборлорунда (аскердик бөлүктөрдө) 30 (отуз) күндүк мөөнөткө белгиленет.
31. Жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарды өтүү үчүн чакыруу жөнүндө аскер комиссарынын буйругу чыккан күн жыйындарды өтүүнүн башталышы болуп эсептелет.
Аскер комиссарынын жыйындарга чакыруу жөнүндө буйругу чыгарылган убакыттан баштап жыйындарга чакырылган жарандар жана аскерге милдеттүүлөр жыйындардын аскер кызматчылары деп аталат жана аскер кызматчысынын статусун алат.
32. Жыйындарды өтүү мезгилинде жыйындардын аскер кызматчылары аскердик ант берет.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча жыйындардын аскер кызматчыларына жыйындарды өткөндөн жана комплекстүү экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандан кийин запастагы офицердик курамдын биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Аскердик жыйындар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилген атайын программа боюнча өткөрүлөт.
Жарандарды даярдоо жүргүзүлүп жаткан аскердик адистиктердин тизмектери коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
33. Окуу борборунун (аскердик бөлүктүн) башчысынын (командиринин) өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу жөнүндө буйругу чыккан күнү жыйындар аяктайт.
34. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын жарандарды жана аскерге милдеттүүлөрдү жыйындарга чакыруу жана жөнөтүү жөнүндө буйрукту иштеп чыгат.
Жыйындарга чакыруу жана жөнөтүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр аныкталат:
- аскер комиссариаттарында жыйындарды өтүүнү каалаган жарандардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн санын эске алуу менен жыйындарды өткөрүү мөөнөттөрү;
- жыйындарга чакыруу тартиби;
- окуу борборлоруна (аскердик бөлүктөргө) аскер кызматчыларын жөнөтүү жана кайра алып келүү тартиби.
7-глава. Жыйындарга чакырылган жарандардын жана аскерге милдеттүүлөрүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
35. Жыйындарга чакырылган жарандарга жана аскерге милдеттүүлөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте аскер кызматчысынын статусу колдонулат.
36. Жыйындарга чакырылган жарандар жана аскерге милдеттүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бардык социалдык-экономикалык, саясий жана жеке укуктарын, эркиндиктерин толугу менен пайдаланат жана бардык милдеттерди аткарат.
37. Жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларын жыйындарды өтүүгө байланышпаган башка милдеттерди, анын ичинде чарбалык жана курулуш иштерин аткарууга тартууга тыюу салынат.
38. Жыйындарды өтүү мезгилинде аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден-соолугун камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
39. Аскердик жыйындарды өтүү мезгилинде жарандардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн ээлеген кызмат орду жана иштеген жери сакталат.
40. Жыйындарга чакырылган жана андан өтүүнүн белгиленген тартибин бузган жарандар жана аскерге милдеттүүлөр аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
41. Жыйындарды өткөн аскерге милдеттүүлөр Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн.
8-глава. Запаска бошотуу
42. Жыйындарды өткөн аскер кызматчылары окуу борборунун (аскердик бөлүктүн) башчысынын (командиринин) буйругу менен запаска бошотулат.
43. Аскердик бөлүктө (окуу борборунда) жыйындарды өткөндөн кийин:
1) аскер кызматчысына аскердик-каттоо адистиги ыйгарылат жана анын өтөөлөрдү-каттоо карточкасына зарыл болгон белгилер коюлат;
2) окуу борборунда (аскердик бөлүктө) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча жыйындарды өткөндөн кийин аскер кызматчысына запастагы офицердик курамдын биринчи "кенже лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат жана аскердик билетине зарыл болгон белгилер коюлат.
44. Запаска бошотулган аскер кызматчылары топтоо пункттарына жеткирилет жана ысымы жазылган тизмелер боюнча топтоо пункттарынын башчыларына өткөрүп берилет.
45. Жыйындарды өткөн жана запаска бошотулган аскер кызматчылары аларга берилген аскердик кийим формасынын комплектин резервдик түзүмдөрдүн аскердик кийим формасына болгон жетишсиздигин жабуу үчүн топтоо пункттарына тапшырат.
46. Топтоо пункттарынын башчылары жыйындарды өткөн аскер кызматчылары тапшырган аскердик кийим формасынын комплекттерин аскер комиссариаттарына алуу үчүн кабыл алууну уюштурат.
47. Мобилизациялык резервдин аскер кызматчыларын запаска бошотуу боюнча аскердик-каттоо документтерин толтуруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.