Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 552 токтому менен бекитилди) |
2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында
соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик
программасы
Мамлекеттик программанын паспорту
Мамлекеттик программанын аталышы | 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы |
Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу үчүн чечим кабыл алуунун негиздемеси жана датасы | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү мамлекеттик максаттуу программасы |
Мамлекеттик заказчы – Мамлекеттик программанын координатору | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
Мамлекеттик программанын негизги иштеп чыгуучулары | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат |
Мамлекеттик программанын максаты | Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууну эске алуу менен Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иштин натыйжалуулугун жогорулатуу |
Мамлекеттик программанын негизги милдеттери | – сот адилеттигин камсыз кылууга багытталган экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү жана өнүктүрүү жолу менен соттук экспертиза чөйрөсүндөгү саясатты өркүндөтүү; – соттук-эксперттик мекемелерде башкаруу системасын өркүндөтүү жана кадрдык потенциалды жогорулатуу; – соттук-эксперттик системанын инфраструктурасын жакшыртуу; – жаңы илимий-техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык жетишкендиктердин негизинде соттук-эксперттик ишти модернизациялоо; – соттук экспертизалардын сапатын жогорулатуунун укуктук, институттук, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык негиздерин чыңдоо, анын ичинде экспертизалардын сапатынын улуттук стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу бекемдөө; – соттук эксперттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуунун заманбап системасын түзүү; – колдо болгон илимий-методологиялык базаны өркүндөтүү; – экспертизалардын жаңы актуалдуу тектерин жана түрлөрүн киргизүү; – соттук-эксперттик тармакта эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо |
Мамлекеттик программанын негизги максаттуу индикаторлору жана көрсөткүчтөрү | – Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик ишин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо; – соттук экспертизанын маселелерин жөнгө салуучу учурдагы мыйзамдарды талдоо; – мыйзам долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу; – соттук-эксперттик мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу; – “Эксперт” автоматташтырылган маалыматтык системасын (АМС) киргизүү жана интеграциялоо; – соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу; – кызматкерлерди зарыл болгон уюштуруу техникасы менен камсыз кылуу; – жаңы модулдарды киргизүүнү эске алуу менен “Эксперт” АМСти модернизациялоо; – учурдагы кырдаалды талдоо; – тиешелүү ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларды кабыл алуу |
Мамлекеттик программанын иш-чараларынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү | – жүргүзүлгөн талдоо колдонуудагы мыйзам актыларына жана мыйзам алдындагы актыларга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын көрсөттү; – иштелип чыккан долбоорлор жогору турган органдар тарабынан жактырылды; – тиешелүү ведомстволук актыларды кабыл алуу; – тиешелүү мыйзам долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу; – соттук-эксперттик система жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздалды; – соттук эксперттердин эмгек шарттары жакшыртылды; – тартылган соттук эксперттердин саны көбөйдү; – укуктар жана мыйзамдуу кызыкчылыктар камсыз кылынды; – соттук-эксперттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды |
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу мөөнөттөрү | 2024–2027-жылдар |
Мамлекеттик программаны каржылоонун көлөмдөрү | 211 000 000 сом |
Мамлекеттик программаны каржылоо булактары | Республикалык бюджет жана башка булактар |
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун күтүлүүчү акыркы натыйжалары | – мамлекеттин укук коргоо жана сот системасынын ажырагыс бөлүгү катары соттук-эксперттик иштин натыйжалуулугу жогорулатылды; – мыйзамдуулукту камсыз кылуунун маанилүү инструменти катары соттук-эксперттик системанын иштөөсүнүн оптималдуу модели түзүлдү; – Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин жыйынтыктарын эл аралык таанууну камсыз кылуу; – соттук экспертизанын заманбап жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, эксперттик кадрлардын жогорку кесиптик деңгээлин камсыз кылуу жана жүргүзүлүүчү соттук экспертизалардын сапатын жогорулатуу; – соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу |
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Азыркы учурда соттук-эксперттик ишти төмөнкү субъекттер жүзөгө ашырат:
– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борбору;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Эксперттик-криминалистикалык бөлүмү;
– мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар жана мамлекеттик эмес эксперттер.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруучу жана соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган болуп саналат.
Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык жана жарандык процесстик кодекстерине, “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү тиешелүү эл аралык макулдашууларга жана келишимдерге так ылайык жүзөгө ашырылат.
Акыркы жылдары соттук эксперттерге жүктөмдүн көбөйгөнү байкалууда. Айрым соттук-эксперттик уюмдарда соттук изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү боюнча эксперттерге болгон жүктөм ченемден бир нече эсе ашат, бул экспертиза жүргүзүү мөөнөтүнө терс таасирин тийгизет.
Соттук-эксперттик уюмдардын айрым бөлүмдөрү лабораториялык жана адистештирилген жабдууларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо үчүн ылайык келбеген жайларда иштейт.
Мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл буруу жана соттук-эксперттик ишти каржылоо жетишсиз болгондуктан, 30 жылдан ашык убакыттын аралыгында материалдык-техникалык камсыздоодо гана эмес, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, изилдөөнүн жаңы методдорун жана методикаларын иштеп чыгуу боюнча да көйгөйлөр топтолгон. Соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизадан тышкары, соттук-эксперттик уюмдарда эксперттердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ведомстволук илимий-изилдөө базалары жок.
Өз квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу үчүн эксперттер илимий ишке катышып, илимий басылмаларда жарыяланышы керек. Бул маселени чечүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларынын бири биздин өлкөдө соттук экспертология боюнча электрондук журналды түзүү болуп саналат.
Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Украинанын, Молдованын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башка өлкөлөрүнүн ушундай мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарынын жеке илимий-изилдөө институттары бар.
Соттук-эксперттик уюмдарда ведомстволук илимий-изилдөө базаларын түзүү соттук-эксперттик ишти натыйжалуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул эксперттерди илимий изилдөөлөр менен активдүү алектенүүгө, өз билимин кеңейтүүгө жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга тартууга мүмкүндүк берет. Мындай базаларды ачуу соттук экспертиза жаатында тажрыйба жана жаңы иштеп чыгууларды алмашууга мүмкүндүк берет. Мындай илимий колдоо экспертизалардын сапатын жогорулатууга жана соттук экспертизанын жыйынтыгына ишенимди жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Ошентип ведомстволук илимий-изилдөө базаларын түзүү соттук-эксперттик уюмдун натыйжалуу иштешине жана эксперттердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берүү менен аны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы артыкчылыктуу багыттардын катарында жарандардын жана коомдун кызыкчылыгында системалуу байланышта ишке ашырылууга тийиш болгон сот жана укук коргоо органдарын андан ары реформалоонун зарылдыгын белгилейт. Аталган Улуттук программаны ишке ашырууда “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү мамлекеттик максаттуу программасы кабыл алынган, айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп сот системасынын өзүн өнүктүрүү маселелеринен тышкары, анда сот адилеттиги системасына кирген башка органдардын да: укук коргоо органдарынын, юстициянын ишин, соттук чечимдерди аткарууну жана башка маселелерди өркүндөтүү боюнча чаралар чагылдырылгандыгы саналат.
2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасынын, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттардын алкагында иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө” Жарлыгы менен сапаттуу соттук экспертизаларды жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, анын ичинде мамлекеттик органдардын соттук-эксперттик бөлүмдөрүнүн жана көз карандысыз соттук-эксперттик мекемелердин ишин активдештирүүгө багытталган маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгү таанылат. Бул контекстте заманбап маалыматтык технологияларды киргизүүгө, изилдөөлөрдүн методикаларын жаңылоого, эксперттердин квалификациясын жогорулатууга жана материалдык-техникалык базаны жакшыртууга вектор аныкталган. Укук коргоо жана сот органдары, коомчулук, ошондой эле эл аралык коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу максатында бирдиктүү соттук-эксперттик кызматты түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо да маанилүү аспект болуп саналат.
Соттук экспертиза атайын билимдерди колдонуунун зарыл болгон процессуалдык формасы катары укуктук мамлекетте өтө маанилүү ролду ойнойт жана сот адилеттиги системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жарандык, кылмыш-жаза, административдик иштерди жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун алкагында тергөө аракеттеринин жана сот өндүрүшүнүн кыйла маанилүү элементтеринин бири болуп соттук экспертизаларды жүргүзүү саналат.
Кыргыз Республикасынын укуктук мамлекетти чыңдоо, мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүү жана сот адилеттиги системасына жана укук коргоо органдарына коомчулуктун ишенимин жогорулатуу боюнча стратегиялык максаттары соттук экспертизалардын салттуу түрлөрүнүн сапатын жогорулатуу жана соттук экспертизалардын жаңы түрлөрүн киргизүү зарылдыгын аныктайт. Мамлекеттин кызыкчылыктарын жана коопсуздугун, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын коргоону камсыз кылуучу өз алдынча жана көз карандысыз соттук системаны түзүү милдеттери соттук-эксперттик ишке жогорку талаптарды коёт.
Экономикага инвестицияларды тартуунун маанилүү фактору болуп экономикалык иштин субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоону камсыз кылган сот системасын өнүктүрүү саналат. Кыргыз Республикасын эл аралык коомчулукка андан ары интеграциялоо, өлкөнүн глобалдык жана региондук процесстерге тартылуусунун өсүшү, өлкөнүн экономикалык жана саясий түзүмдөргө кириши соттук-эксперттик ишти укуктук, экономикалык жана социалдык мамилелердин зарыл болгон институтуна айландыруу менен жаңы милдеттерди чечүүнү шарттайт. Биздин өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча мамлекеттин күч-аракети жана жарандык активдүүлүктүн өсүшү соттук экспертизаны жүргүзүү боюнча уюмдардан укук коргоо органдарынын жана жарандык, административдик, кылмыш-жаза иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин бардык катышуучуларынын өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылат.
Экономикалык интеграция жарандардын жана коомдун сапаттуу соттук экспертизаларды жүргүзүүгө болгон муктаждыктарынын өсүшүн шарттайт. Жогорку технологиялар, энергетика, экология жана гендик модификацияланган технологиялар чөйрөсүндөгү объекттерди изилдөөгө, ошондой эле товардык белгилерди гана эмес, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын аныктоого байланышкан жаңы эксперттик милдеттер пайда болууда. Селекциялык жетишкендиктер, коммерциялык сыр, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жана экономикалык, интеллектуалдык жана маданий иштин башка элементтери сыяктуу объекттерде экспертизаны өнүктүрүү алдыда турат.
Азыркы кылмыш ишинин жогорку илимий-техникалык деңгээли, анын кесипкөйлүгү жана уюшкандыгы укук коргоо органдарынын жана соттордун ишинде соттук экспертизанын ролун жана маанисин объективдүү жогорулатат. Өлкөнүн коопсуздук кызыкчылыктары экстремизмдин жана радикализмдин түрлөрүн жана көрүнүштөрүн эксперттик изилдөөлөрдү өркүндөтүүнү актуалдаштырды.
Эл аралык терроризм жана трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өлкөлөрдүн жана уюмдардын соода-экономикалык, саясий-дипломатиялык кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн глобалдык жана региондук процесстерине Кыргыз Республикасынын тартылуусунун өсүшү соттук-эксперттик иштин бардык багыттары боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана чыңдоону жалпы актуалдаштырууда.
Республикада коррупция менен күрөшүүнүн алкагында акчаны адалдоо, кирешелерди жашыруу, салыктарды, бажы төлөмдөрүн, камсыздандыруу чегерүүлөрүн жана мыйзамдарда каралган башка чегерүүлөрдү төлөөдөн качуу, жалган ишкердик, мыйзамсыз ишкердик, алдамчылык ж. б. сыяктуу экономикалык кылмыштардын татаал жана көп объективдүү түрлөрү боюнча экспертизаларды дайындоо интенсивдүү өсүүдө.
Илимий-техникалык прогрессте, адамдардын социалдык-экономикалык жашоосунда жаңы технологиялардын ролунун күчөшүндө экспертизаларды жүргүзүүдө колдонулуучу методикаларды жана методдорду, илимий-техникалык каражаттарды өзгөрүп жаткан технологиялык реалдуулукка адаптациялоонун актуалдуулугу шексиз. Ушуга байланыштуу соттук-эксперттик ишке соттук экспертиза системасын өнүктүрүүгө инновациялык ыкманы колдонууга жана жүргүзүлүүчү эксперттик изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртууга жана мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүндүк берген заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды тез арада киргизүү талап кылынат.
Соттук эксперттердин жана адистердин потенциалынын жана квалификациясынын жаңы талаптарга ылайык келиши, уюштуруучулук, укуктук негиздерди туруктуу жана системалуу жакшыртуу, соттук-эксперттик иштин илимий-техникалык жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо азыркы чакырыктарга адекваттуу жооп берүү үчүн соттук-эксперттик системанын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн зарыл шарты болуп саналат.
Бул Мамлекеттик программа соттук-эксперттик системаны өнүктүрүүнүн максаттарын жана артыкчылыктуу багыттарын системалаштырылган баяндоону билдирет.
Мамлекеттик программны иштеп чыгууда соттук-эксперттик системаны өнүктүрүүнүн ички жана тышкы факторлорун көп пландуу изилдөө методдору колдонулду. Түзүлгөн кырдаал талдоого алынды жана сот, укук коргоо системасын өнүктүрүүнүн дүйнөлүк негизги тенденциялары эске алынды. Соттук-эксперттик иштин уюштуруу, укуктук жана финансылык негиздери изилденди. Өздүк ресурстар, болгон мүмкүнчүлүктөр жана потенциалдуу тобокелдиктер эске алынды.
Мамлекеттик программанын негизги багыттары тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызыкдар тараптардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты, ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-изилдөө институттарынын адистештирилген иштеп чыгуулары көңүлгө алынды. Мамлекеттик программанын долбоорунун үстүндө иштөөнүн жүрүшүндө эл аралык тажрыйба изилденди.
Мамлекеттик программанын долбоорун талкуулоого жана кароого Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 249 тескемеси менен түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын өкүлдөрү катышты.
2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Көз карандысыз эксперттик уюмдардын калыптанышына жана өнүгүшүнө түрткү берүү, ошондой эле сот өндүрүшүндө атаандаштык жана соттук-эксперттик иштин катышуучуларынын альтернативалуулугунун универсалдуу принцибин ишке ашыруу максатында “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, анда экспертизанын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарга өткөрүп берүү каралган.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-мартындагы № 1005-VII “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө” токтомуна ылайык жактырылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган жана 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзам кабыл алынган.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын ишин санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы биринчилерден болуп “Эксперт” автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан, ал экспертиза өндүрүшүн дайындоо, эксперттик корутундуларды жана коштоочу, келип чыгуучу документтерди берүү бөлүгүндө соттук-тергөө органдарынын ортосунда документ жүгүртүү процесстерин автоматташтырууга арналган, ал азыркы учурда пилоттук режимде иштеп жатат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 249 тескемеси менен эксперттик жумушчу топ түзүлгөн, алар системалуу негизде соттук-эксперттик ишти жакшыртуу үчүн сунуштарды иштеп чыгышат.
Соттук-эксперттик уюмдарды жана соттук-эксперттик ишти андан ары өнүктүрүү багыттарын тандоо кырдаалды курч түшүнүүнү жана укук коргоо жана сот органдарынын, ошондой эле жарандардын соттук экспертизага болгон керектөөлөрүн камсыздоо абалын талдоону талап кылат.
Соттук-эксперттик ишти уюштурууда болгон карама-каршылыктар аны системалуу реформалоону жана модернизациялоону талап кылат.
Мындай модернизациялоонун негизги багыттары бул иштин бардык багыттарын жана элементтерин керектөөлөргө жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык келген бүтүндөй функционалдык системага интеграциялоо болууга тийиш.
Бул маселелерди чечүүнүн актуалдуулугу соттук-эксперттик иште төмөнкү олуттуу көйгөйлөрдүн болушуна байланыштуу:
1. Кадрдык потенциал:
– эксперттик потенциалдын соттук экспертизаларды даярдоого коюлган талаптарга ылайык келбегендиги, эксперттик уюмдардын ишинин көптүгү, квалификациялуу эксперттик кадрлардын жетишсиздиги;
– дипломдон кийинки даярдоо, эксперттик кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кадр менен камсыздоодо жолун жолдоочулук системасынын жоктугу.
2. Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу:
– эксперттик уюмдардын материалдык-техникалык базасынын эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык келбеши (авариялык имараттар, эскирген прибордук база, лабораториялык жабдуулардын жоктугу);
– облустук, шаардык, райондук соттук-медициналык экспертиза бюролорунун басымдуу көпчүлүгүнүн имараттарынын канааттандырарлык эмес абалы, анын ичинде муздаткыч түзүлүштөрдүн, лабораториялык жабдуулардын жоктугу, анын натыйжасында соттук-химиялык, соттук-биологиялык, соттук-гистологиялык изилдөөлөр дээрлик жүргүзүлбөйт;
– экспертиза жүргүзүүнүн эскирген методикалык жана техникалык шарттары илим менен техниканын азыркы жетишкендиктеринен кыйла төмөн;
– эксперттик уюмдардын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун деңгээлинин төмөндүгү.
3. Экспертиза дайындаган органдар, ошондой эле калк менен өз ара аракеттенүү системасы жетишсиз:
– укук коргоо жана сот системаларында эксперттик корутундулардын сот адилеттигине тийгизген таасири маселелери боюнча талдоо иштеринин жоктугу;
– экспертизаларды дайындоодо табылган маселелер жөнүндө укук коргоо органдарынын жетишсиз маалымдуулугу;
– калктын соттук-эксперттик иш жөнүндө маалымдуулугунун жетишсиздиги.
4. Ченемдик укуктук жөнгө салуу:
– соттук-эксперттик ишти жөнгө салуучу ар кандай ченемдик укуктук актыларда юридикалык боштуктар жана коллизиялар бар;
– соттук-эксперттик ишти ченемдик укуктук жактан жетишсиз камсыз кылуу.
5. Эл аралык стандарттарга ылайык сапат менеджменти:
– соттук-эксперттик уюмдарда сапат менеджменти системасынын жоктугу;
– соттук-эксперттик лабораторияларды эл аралык стандарттарга ылайык эл аралык аккредитациядан өткөрүү жана даярдоо боюнча иштин жетишсиздиги;
– соттук-эксперттик уюмдардын ишине ISO/МЭК 17025, ISO/МЭК 17020 жана ISO/МЭК 15189 эл аралык стандарттары киргизилген эмес.
6. Инновациялык өнүгүү:
– Кыргыз Республикасында трансулуттук кылмыштуулук, экология жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузуулар чөйрөсүндө, ошондой эле жарандардын кызыкчылыктарына жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурган техногендик мүнөздөгү окуялар жана авиатранспорттогу авариялар боюнча экспертизалар жүргүзүлбөйт;
– республикада соттук экспертизанын айрым түрлөрү боюнча эксперттер жок. Мисалы, кылмыш, жарандык иштер жана укук бузуу иштери боюнча чындыкты аныктоо үчүн соттук кол жазма жаатында, атап айтканда, чет өлкөлүк жарандардын кол жазмасын жана колтамгаларын идентификациялоо үчүн атайын билим талап кылынат. Латын алфавитиндеги, араб жазуусундагы жана кытай иероглифтериндеги тексттерди изилдөө боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнүү жана өздөштүрүү зарылдыгы келип чыкты;
– жогорку технологиялар, энергетика, экология жана гендик модификацияланган технологиялар чөйрөсүндө экспертизалардын түрлөрү жок;
– соттук экспертиза системасын өнүктүрүүгө карата инновациялык ыкманы колдонууга мүмкүндүк берген жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жетишсиздиги.
3. Максаты
Мамлекеттик программанын максаты Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына, эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууну эске алуу менен соттук-эксперттик системанын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Бул Мамлекеттик программа 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн иштелип чыккан.
Мамлекеттик программа жазык, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдөө процессинде соттук экспертизанын биринчи даражадагы ролунан, жарандардын жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, укук коргоо жана сот органдарынын сапаттуу жана өз убагында соттук экспертизага (талашсыз далилдер менен) мыйзамдуу (өсүп жаткан) керектөөлөрүн канааттандыруу зарылдыгынан келип чыгат.
Мамлекеттик программада соттук экспертизаларды жүргүзүү боюнча ишти модернизациялоонун прогрессивдүү ыкмалары каралган жана жакынкы 4 жылга узак мөөнөттүү иш-чараларды белгилейт.
4. Артыкчылыктар
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталган:
– жаңы илимий-техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык жетишкендиктердин негизинде соттук-эксперттик ишти модернизациялоо;
– соттук экспертизалардын сапатын жогорулатуунун укуктук, институттук, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык негиздерин чыңдоо, анын ичинде экспертизалардын сапатынын улуттук стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу бекемдөө;
– колдо болгон илимий-методологиялык базаны өркүндөтүү;
– жаңы актуалдуу экспертизалардын түрлөрүн жана тектерин киргизүү;
– соттук-эксперттик тармакта эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө.
5. Ар бир артыкчылык боюнча милдеттер жана
аракеттер/чаралар
1. Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн төмөнкү милдеттер пландаштырылууда:
1) “Эксперт” автоматташтырылган маалымат системасын эксплуатацияга киргизүү жолу менен жеке жана юридикалык жактарды экспертизалардын айрым түрлөрү жана тектери боюнча тейлөөнүн санариптик технологияларын киргизүү жана аны андан ары соттук-тергөө органдарынын системалары менен интеграциялоо;
2) ар кандай чөйрөлөрдө изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча зарыл болгон заманбап адабияттарды алуу жолу менен эксперттик иштин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөргө эксперттердин катышуусун камсыз кылуучу окуу-методикалык базаны өнүктүрүү;
3) эксперттердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле илимий иштерге катышуу максатында Кыргыз Республикасында соттук экспертизалар боюнча электрондук журнал түзүү;
4) мамлекеттик соттук-эксперттик лабораторияларды керектүү заманбап жабдуулар, сапаттуу инструменталдык база менен камсыз кылуу жана эл аралык стандарттарга ылайык келген чыгымдалуучу материалдар менен өз убагында жабдуу. Экспертизалардын жаңы түрлөрүн жүргүзүү үчүн адистештирилген техниканы жана жабдууларды сатып алуу (геномдук (ДНК-анализ), экологиялык, автотовар таануу, товар таануу, санариптик кол тамгаларды изилдөө ж.б. сыяктуу экспертизалардын түрлөрү киргизилген учурда);
5) башкы аныктоочу документтердин бири катары Соттук эксперттин кесиптик этикасынын кодексин иштеп чыгуу. Соттук эксперттердин ишинде маанилүү принцип катары корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин кесиптик-этикалык эрежелерин иштеп чыгуу максатка ылайыктуу;
6) эл аралык соттук-эксперттик уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу:
– тажрыйба жана экспертизанын жаңы технологиялары менен алмашуу чөйрөсүндө;
– илимий-техникалык жана илимий-методикалык байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө;
– адистерди сертификаттоо, стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү жаатында;
– эксперттик изилдөөлөрдүн жана стандарттардын натыйжаларын өз ара таанууга жетишүү жана эксперттердин корутундуларын өз ара кабыл алуу жана баалоо жол-жоболорун оптималдаштыруу;
– глобалдык жана региондук соттук-эксперттик бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү;
– кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө;
– өзгөчө жана табигый кырсыктардын учурунда соттук экспертиза жаатында эл аралык кызматташтыкты жөнгө салуу да артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
7) жогорку технологиялар, энергетика, экология, гендик модификацияланган технологиялар, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө, техногендик мүнөздөгү окуялар жана авиатранспорттогу авариялар боюнча соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жаңы түрлөрүн/тектерин киргизүү;
8) республиканын аймактарында соттук эксперттердин биргелешкен семинарларын уюштуруу аркылуу укук коргоо жана сот органдары үчүн экспертизаларды дайындоодо аныкталган маселелер жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
9) соттук-эксперттик иш жөнүндө калкка маалымдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү.
2. Башкаруу системасын өркүндөтүү жана соттук-эксперттик иште кадрдык потенциалды жогорулатуу боюнча багыттын алкагында төмөнкү чаралар пландаштырылууда:
1) эксперттик иштин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөргө эксперттердин катышуусун камсыз кылуучу окуу-методикалык базаны өнүктүрүү үчүн ар кандай чөйрөлөрдө изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча зарыл болгон заманбап адабияттарды алуу;
2) тажрыйба алмашуу максатында, жогорку технологиялар, энергетика, экология, гендик модификацияланган технологиялар, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө, техногендик мүнөздөгү окуялар жана авиатранспорттогу авариялар боюнча соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жаңы түрлөрүн/тектерин изилдөө жана киргизүү үчүн соттук эксперттердин чет өлкөлүк стажировкаларын уюштуруу;
3) заманбап адистештирилген лабораториялык жабдууларды сатып алуу зарылдыгы бар, атап айтканда, геномдук (ДНК-анализ), автотовар таануу, товар таануу, автордук, экологиялык, санариптик колтамгаларды изилдөө сыяктуу соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү заманбап жабдуулар талап кылынат;
4) башкы белгилөөчү документтердин бири катары соттук эксперттин кесиптик этикасынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Ушуга байланыштуу, соттук эксперттердин ишинде маанилүү принцип катары корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин кесиптик-этикалык эрежелери катары Соттук эксперттин этикасынын кодексин иштеп чыгуу зарылдыгы бар;
5) соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу:
– укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
– эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларын системалаштырууга, стандартташтырууга жана унификациялоого катышуу;
– соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү көйгөйлөр боюнча биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, илимий-изилдөө иштерин өткөрүү.
3. Соттук-эксперттик ишти санариптештирүүнүн алкагында төмөнкү чаралар пландаштырылууда:
– “Эксперт” АМСти модернизациялоо, андан ары сот жана укук коргоо органдарынын АМСтери менен интеграциялоо;
– “Эксперт” АМСте “Эксперттин жеке кабинети” модулун иштеп чыгуу жана киргизүү;
– контракт түзүү аркылуу АМСти системалык администрациялоо үчүн IT-адистерди жалдоо;
– чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга багытталган, атап айтканда санариптик технологиялар маселелери боюнча иш-чараларды кароо.
6. Күтүлгөн натыйжалар
Бул Мамлекеттик программа соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө соттук-эксперттик уюмдардын ишин өркүндөтүүгө жана аталган ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого багытталган. Мамлекеттик программа белгиленген чөйрөдөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, көз карандысыз, илимий, объективдүү соттук экспертиза системасын түзүүнүн методикалык жана методологиялык негиздерин иштеп чыгуу жана жалпысынан соттук-эксперттик уюмдардын ишин жакшыртуу үчүн негиз болуп берет.
Соттук экспертизанын заманбап жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, эксперттик кадрлардын жогорку кесиптик деңгээлин камсыздоо жана жүргүзүлүп жаткан соттук экспертизалардын сапатын жогорулатуу акыры сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ар бир ишти сапаттуу, ар тараптуу, объективдүү иликтөөнүн жана соттук кароонун процесстик кепилдиктерин күчөтүүгө, сот өндүрүшү чөйрөсүнө тартылган адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, күтүлгөн натыйжалар төмөнкүлөрдү камтыйт:
– мамлекеттин укук коргоо жана сот системасынын ажырагыс бөлүгү катары соттук-эксперттик иштин натыйжалуулугу жогорулатылды;
– өлкөнүн коопсуздугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуунун маанилүү инструменти катары соттук-эксперттик системанын иштөөсүнүн оптималдуу модели түзүлдү;
– Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин жыйынтыктарын эл аралык таанууну камсыз кылуу;
– мамлекеттик эмес соттук-эксперттик ишти өнүктүрүү жана соттук-эксперттик иште альтернативалуулуктун жана атаандаштыктын негиздерин түзүү.
7. Ыңгайлуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
1. Мамлекеттик программанын алкагында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана толук ишке ашырууга мүмкүн болбой турган, жетиштүү каржылоону талап кылган иш-чаралар каралган.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка финансы каражаттарын табуу боюнча чаралар көрүлөт. Бирок, негизги тобокелдик болуп пландаштырылган иш-чараларды жетишсиз каржылоо мүмкүндүгү саналат.
2. Жалпы мамлекеттик өнүктүрүүнүн максаттары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саясаты өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн, алар натыйжада Мамлекеттик программанын айрым иш-чараларын ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн. Бул көйгөйдү чечүү Мамлекеттик программанын багыттарына түзөтүү киргизүү болушу мүмкүн.