Загрузка документа…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 жарлыгына ылайк |
«2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы
Мамлекеттик максаттуу программанын паспорту
Максаттуу программанын аталышы | «2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы |
Максаттуу программаны иштеп чыгуу үчүн чечимди кабыл алуунун негизи жана күнү | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы; Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги чечими |
Мамлекеттик заказчы – Максаттуу программанын координатору | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
Максаттуу программанын негизги иштеп чыгуучулары | Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
Максаттуу программанын максаты | Адамдын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот адилеттиги системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо |
Максаттуу программанын ички максаттары | Судьялардын жана сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу; сот системасынын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу; сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү жана пайдалануунун нактыйжалуулугун жогорулатуу; натыйжалуу сот өндүрүшүнө жетүү үчүн секторлор аралык өз ара аракеттенүү |
Максаттуу программанын негизги милдеттери | Судьялардын жана сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу; кадрдык потенциалды чыңдоо; судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу; сот түзүлүшү жана сот өндүрүшү системасын өркүндөтүү; сот адилеттиги системасынын натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу; аткаруу өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу; сот системасын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоону чыңдоо; сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү; сот адилеттиги системасында секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу; соттук экспертиза, медиация, адвокатура, сот приставдары институттарын өркүндөтүү; адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүү |
Максаттуу программанын негизги максаттуу индикаторлору жана көрсөткүчтөрү | Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо; адамдын жана жарандын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана калыбына келтирүүгө багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук институттардын комплекси катары сот адилеттиги системасынын жолго коюлган механизмин калыптандыруу; Дүйнөлүк экономикалык форумдун глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча (анын ичинде «соттордун көз карандысыздыгы» көрсөткүчү боюнча) дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу; адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу; сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу; сот системасын жогорку кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу; судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин квалификациясын дайыма жогорулатып туруу; сот системасына болгон ишенимди жогорулатуу; сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу; сот системасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу; соттук администрациялоо (башкаруу) системасын өркүндөтүү, сот системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо; сот системасынын финансылык көз карандысыздыгына жетүү, сот системасынын бюджеттик каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу; материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу, соттордун иштөөсү жана судьялардын, сот системасынын кызматкерлеринин иши үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү; сот системасына маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды (МКТ) киргизүү, «электрондук сот адилеттигин» түзүү; судьялык өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жана потенциалын чыңдоо |
Максаттуу программанын иш-чараларынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү | Сот системасынын көз карандысыздыгынын жана калыстыгынын деңгээли Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун тиешелүү милдеттенмелерине (адамдык өлчөм жаатындагы) шайкеш келет деп таанылды; судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш иет; адамдын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктери камсыз кылынды; сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы камсыз кылынды; сот системасы жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылынды; сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу, сапаты жогорулады; соттук актылардын бекитилүү жана туруктуулук пайызы көбөйдү; процесстик мөөнөттөрү бузулуу менен каралган иштердин саны кыскарды; судьялардын жүктөмдөрүнүн жаңы ченемдери бекитилди; соттордо «электрондук сот адилеттиги» системасы киргизилди, электрондук сот жана иш кагаздары жүргүзүлүүдө; статистикалык отчеттуулукту түзүү жана берүү тартиби өркүндөтүлдү; соттук актылардын жана башка аткаруу документтеринин сапаты жакшырды жана аткаруу мөөнөттөрү сакталат; коомдун сот системасына болгон ишениминин деңгээлинин пайызы жогорулады; Судьялардын ар-намыс кодексин бузгандыгы үчүн судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу пайызы азайган; сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн судьялардын жоопкерчилиги жогорулады; сот адилеттиги системасында кооррупциялык көрүнүштөрдүн фактылары жоюлду; соттук администрациялоо (башкаруу) системасы өркүндөтүлдү; сот адилеттиги инфраструктурасын модернизациялоо жүргүзүлдү; сот системасынын финансылык көз карандысыздыгына жетишилди; сот системасын каржылоо адекваттуу, жетиштүү жана өз убагында жүргүзүү талаптарына шайкеш келет; соттордун иштөөсү жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык камсыздоо жакшырды, талаптагыдай шарттар түзүлдү; соттордун кызматтык жайлары үчүн жаңы ченемдер иштелип чыкты жана бекитилди; соттордун кызматтык жайлары үчүн жаңы ченемдерди эске алуу менен соттордун жаңы имараттары курулду; соттордун учурдагы имараттары модернизацияланды жана соттордун кызматтык жайлары үчүн бекитилген ченемдерге жооп берет; сот процессинин тараптарынын катышуучулары үчүн талаптагыдай шарттар түзүлдү жана коопсуздук камсыз кылынды; сот системасына маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар (МКТ) киргизилди; АМС жакшырды; «Адилет сот» МТМ ишинин тышкы жана ички өз ара аракеттенүү процесстери оптималдаштырылды; сот системасынын ички корпоративдик маалыматтык тармагы киргизилди; соттор Маалыматтарды иштеп чыгуу борборуна кошулду; коомчулуктун соттук актылардын мамлекеттик реестрине туруктуу жетүүсү камсыз кылынды; архивдик кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты жогорулады; судьялык өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалы оптималдаштырылды жана чыңдалды; сот системасынын кызматкерлеринин социалдык кепилдиктери (турак жай, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана мектепке чейинки мекемелер менен камсыз кылуу) жакшыртылды |
Максаттуу программаны ишке ашыруу мөөнөттөрү | 2023–2026-жылдар |
Максаттуу программаны каржылоонун көлөмү | 25 518 980 600 сом |
Максаттуу программаны каржылоонун булактары | Республикалык бюджет жана башка булактар |
Максаттуу программаны ишке ашыруунун күтүлүүчү акыркы натыйжалары | Сот системасынын көз карандысыздыгы камсыз кылынды; сот системасынын кадрдык потенциалы чыңдалды; сот системасынын натыйжалуулугу, жеткиликтүүлүгү жана ачык-айкындыгы жогорулады; сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты жогорулады; сот системасына болгон ишеним жогорулады; сот системасында коррупциялык көрүнүштөрдүн фактылары төмөндөдү; соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин аткаруунун сапаты жогорулады; судьялык өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалы чыңдалды; республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын сот системасынын бюджетинин пайыздык үлүшү белгиленди; сот системасын каржылоо адекваттуу, жетиштүү жана өз убагында жүргүзүү талаптарына шайкеш келет; соттор үчүн имараттар курулду жана модернизацияланды; судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин эмгек акылары көбөйдү жана социалдык кепилдиктери (турак жай, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана мектепке чейинки мекемелер менен камсыз кылуу) жакшырды; сот системасынын кызматкерлери мамлекеттик сот кызматчысы статусуна ээ болот |
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары – Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы) өлкөнүн келечегинин образын жана мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы үчүн максаттуу багыттарды аныктады. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (мындан ары – Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы) алкагында адамга багытталуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын негиз болуучу «эч кимди артка калтырбоо» милдеттенмесине басым жасоо менен өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарынын негизинде ишин улантуучулук принцибин сактоо менен иштелип чыккан. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын жоболору жана принциптери өнүктүрүүнүн тармактык документтеринин негизи болушу керек.
Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын катарында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жарандардын жана коомдун кызыкчылыктарында системалык байланышта жүзөгө ашырылууга тийиш болгон сот жана укук коргоо органдарына мындан ары реформа жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилейт.
Укук коргоо органдарындагы жана башка аралаш укуктук институттардагы тийиштүү өзгөрүүлөрсүз сот органдарын реформалоо керектүү натыйжаларды бербейт, анткени алардын бардыгы сот адилеттиги системасына кирет.
Көптөр үчүн сот адилеттиги системасы ичинен карама-каршылыктуу, архаикалык түзүмгө ээ жана дайыма эле бир бүтүн эместей көрүнөт. Бул жүйөлөрдүн бардыгы аны өзгөртүү үчүн ишенерлик дем берет. Ушул «2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын (мындан ары – Максаттуу программа) максаты адамдын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган, адилеттүү жана натыйжалуу иштеген сот адилеттиги системасына жетүү үчүн мыйзам чыгаруу, башкаруу, билим берүү чөйрөлөрүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү болуп саналат. Мындай максатка жетүү үчүн көйгөйлөрдү аныктоо, аларды чечүү үчүн эң мыкты практикаларды имплементациялоо, башкаруу чөйрөсүнө санариптик технологияларды активдүү тартуу жана коомдун өнүгүүсүнүн жаңы чакырыктарына жана тренддерине сезимтал мамиле кылып, чара көрүү үчүн сот адилеттиги системасынын коомчулук менен байланышын күчөтүү зарыл.
Сот адилеттиги системасынын органдарынын ишин, мындай системаны пайдалануучулардын укуктук аң-сезимдерин трансформациялоону талап кылуучу бардык реформалар адатта дайыма эле жетиштүү болуп саналбаган, олуттуу убактылуу жана материалдык ресурстарды талап кыларын белгилей кетүү керек. Ошону менен бирге сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу соттордун «өткөрүү жөндөмдүүлүгүн» арттырууга, чыгарылуучу чечимдерди даярдоо убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет, сот адилеттиги системасында талаш-тартыштарды чечүүнүн жагымдуулугун жогорулатат жана калктын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатат, бул коомдо мыйзамдуулукту бузуулардын деңгээлин олуттуу кыскартат.
Сот адилеттиги системасы ушундай иштөө шарттарында сот адилеттигин жарандардын жана коомдун кызыкчылыктарында натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн соттордун укук коргоо органдары, прокуратура, адвокатура, пробация кызматы, юстиция органдары жана башкалар менен ырааттуу өз ара аракеттенүүсүнө алып келүүгө тийиш.
Сот адилеттиги системасын реформалоонун жалпы максаты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин соттук жана башка коргоону азыркы учурдагыга караганда жакшыраак, тезирээк, жөнөкөй, арзан жана жеңилирээк алууну камсыздоого мүмкүндүк берген системаны түзүү болуп саналат.
Белгиленген максатка төрт артыкчылыкты (ички максаттарды) аныктоо жолу менен жетүүгө болот: (1) судьялардын жана сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу; (2) сот системасынын натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын жогорулатуу; (3) сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды пайдаланууну колдонууну кеңейтүү; (4) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү.
Сот адилеттиги системасын реформалоонун максаттары жана анын артыкчылыктары мамлекеттик бийлик органдарынын программалык документтеринде, калктын аялуу топторунун укуктарын коргоо жана сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу чөйрөсүндө иштеген эл аралык уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын отчетторунда чагылдырылган анын төмөнкү көйгөйлөрүнө негизделген. Булар төмөнкүлөр менен байланышкан көйгөйлөр: (1) сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатына; (2) сотко чейинки өндүрүштүн жана сот өндүрүшүнүн мөөнөттөрүн сактоого; (3) сот адилеттиги системасынын органдарынын канааттандырарлык эмес ишине; (4) сот адилеттиги системасынын иши жөнүндө жарандардын жетишсиз маалымдуулугуна; (5) соттук актылардын натыйжасыз аткарылышына; (6) сот бийлигин жетишсиз каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоого; (7) судьялардын жана сот системасынын көз карандысыздыгынын кепилдиктерин камсыз кылууга; (8) бардык деңгээлдердеги соттордогу судьялардын ашыкча жүктөмүнө; (9) судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуунун натыйжасыз механизмине; (10) талаш-тартыштарды альтернативдүү (соттон тышкары) жана сотко чейин жөнгө салуунун таасирдүү механизмдеринин жоктугуна; (11) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда санариптик технологияларды киргизүүнүн жетишсиз деңгээлине; (12) соттордо жана укук коргоо органдарында талаптагыдай коммуникациялык саясаттын жоктугуна; (13) сот бийлигинин органдарына жана укук коргоо органдарына карата коомдук ишенимдин деңгээлинин төмөндүгүнө; (14) адвокатура системасынын функциялык жактан өнүкпөгөндүгү, жарандардын кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам көрсөтүү системасына талаптагыдай кеңири жеткиликтүүлүгүнүн жоктугуна; (15) сот адилеттиги системасынын кызматкерлеринин кесиптик этикасынын жетишсиз деңгээлине; (16) процесстик мыйзамдардын туруксуздугуна жана башкаларга.
Көйгөйлөрдүн көрсөтүлгөн тизмеги толук болуп эсептелбейт, бирок булар негизги көйгөйлөр болуп саналат, ошондуктан ушул Максаттуу программанын алкагында көңүлдү аларды чечүүгө буруу пландалууда.
Максаттуу программанын милдеттерин түзүүдө негизги басым сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жакшыртууга, жарандардын сот адилеттиги системасына кайрылуусун жөнөкөйлөштүрүүгө жана тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү белгиленген мөөнөттөрдө алууга, соттук экспертизалардын сапатын жана алуунун оперативдүүлүгүн жакшыртууга, соттук чечимдердин толук аткарылышын камсыз кылууга, сот адилеттиги системасынын органдарынын ишин оптималдаштырууну жүргүзүүгө, судьялардын жана сот адилеттиги системасынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатууга, жыйынтыгында адамга багытталган реалдуу жана натыйжалуу сот адилеттиги системасын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү сот адилеттиги системасына маалыматтык технологияларды кеңири киргизүүгө жасалган.
Максаттуу программа жакынкы төрт жылга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын стратегиялык пландоо боюнча үчүнчү документ болуп саналат.
Бул максаттуу программанын мурдагы программалардан айырмалуу белгиси болуп сот системасынын өзүн өнүктүрүү маселелеринен тышкары мында сот адилеттиги системасына кирген башка органдардын: укук коргоо, юстиция, соттук чечимдерди аткаруу жана башка органдардын дагы ишин өркүндөтүү боюнча чаралардын чагылдырылгандыгы саналат.
Ушул Максаттуу программаны даярдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген «2014–2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3575-VI токтому менен бекитилген «2019–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы талданган. Аталган максаттуу программаларды ишке ашыруунун натыйжалары сот адилеттиги системасын өркүндөтүү милдети, аны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу эң аз дегенде дагы орто мөөнөттүү мезгилге (5–10 жыл) Кыргыз Республикасынын абдан маанилүү милдети бойдон каларын көрсөттү.
Аталган программалардын көптөгөн иш-чаралары ишке ашырылган, белгилүү бөлүгү – ишке ашыруу процессинде, ал эми айрымдары – белгилүү себептерден улам аткарылбаган бойдон калууда. «2019–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын иш-чараларын ишке ашырууга COVID-19 пандемиясы, ошондой эле сот системасынын ишин жетишсиз каржылоо олуттуу таасирин тийгизген. Ушуга байланыштуу мурдагы программанын аткарылбаган иш-чаралары ушул Максаттуу программанын иш-чараларынын планына киргизилди.
2. Мамлекеттик максаттуу программанын максаты жана милдеттери
Максаттуу программанын максаты адамдын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот адилеттиги системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо болуп саналат.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аныкталган:
1) судьялардын жана сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
2) кадрдык потенциалды чыңдоо;
3) судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
4) сот түзүлүшү жана сот өндүрүшү системаларын өркүндөтүү;
5) сот адилеттиги системасынын натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
6) аткаруу өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
7) сот системасын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоону чыңдоо;
8) сот адилеттигинин ачык-айкындыгын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
9) сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү;
10) сот адилеттиги системасында секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу;
11) соттук экспертиза, медиация, адвокатура, сот приставдары институттарын өркүндөтүү;
12) адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүү.
3. Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасындагы учурдагы кырдаалдын сереби
Сот ишин жана судьялардын статусун жөнгө салууну белгилүү деңгээлде өзгөрткөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2021-жылдын 5-майындагы жаңы редакциясын кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө конституциялык мыйзамдардын жана Соттук өз алдынча башкаруу органдары тууралуу мыйзамдын жаңы редакцияларын кабыл алуу зарылдыгы пайда болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-мартындагы сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча Жарлыгын ишке ашырууда 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирген Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстери, Укук бузуулар жөнүндө кодекси кайра каралган жана жаңы редакцияларда кабыл алынган, Жаза аткаруу кодексине, «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу», «Пробация жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.
Жогоруда аталган бардык мыйзамдар сот жана укук коргоо системаларынын органдарынын, судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн жооптуу органдардын жана өзүнүн компетенциясы боюнча сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашырууга жана талаш-тартыштарды жана башка чыр-чатактарды чечүүдө жардам көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардын ишиндеги өзгөрүүлөрдү талап кылат.
Сот адилеттиги системасынын ишинин сереби анын органдарынын укуктук статусун, жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына байланыштуу алардын ишиндеги жаңычылдыктарды, ошондой эле аларды Максаттуу программанын алкагында чечүү үчүн иштеги укуктук көйгөйлөрдү камтыйт.
3.1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
2021-жылы болуп өткөн конституциялык өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасында конституциялык контроль органынын ролун жана статусун олуттуу бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Мунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын базасында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту түзүлдү. Анын ыйгарым укуктарынын тизмеги, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин расмий чечмелөө, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенция жана Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталышы жөнүндө корутунду берүү жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү боюнча ыйгарым укуктар кыйла кеңейди.
Ошол эле учурда конституциялык контроль органынын судьяларынын саны 11 судьядан 9 судьяга чейин кыскарды, эгерде мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары биринчи жолу 7 жылдык мөөнөткө, андан кийин чектүү куракка жеткенге чейин шайланса, ал эми колдонуудагы конституциялык ченемдер боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары дароо эле чектүү куракка жеткенге чейин, б. а. 70 жашка чыкканга чейин шайланат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болуп таанылары жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын бүткүл шайланган мөөнөтүнө сактап калары белгиленген.
Көрсөтүлгөн конституциялык ченемдер, албетте, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана анын судьяларынын көз карандысыздыгын чыңдоого мүмкүнчүлүк түздү жана андан ары Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке ашырууда, анын ишин уюштурууну, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүнүн, соттун чечимдерин аткаруунун ж.б. тартибин жөнгө салуучу «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынды.
Конституциялык сот конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана тикелей колдонулушун камсыз кылуу максатында конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мамлекеттик бийлик органдарынын системасындагы өзгөчө абалы өзүнүн компетенциясынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдеринин бүтүндөй аймактагы бардык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле ишканалар, мекемелер жана уюмдар, кызмат адамдары, жарандар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүүлүгүн алдын ала аныктап турат. Конституциялык соттун чечимдеринин милдеттүүлүгү колдонуу тармагы боюнча да, дарек ээлеринин чөйрөсү боюнча дагы чектелбейт. Конституциялык соттун мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын жобосунун (компетенциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш эместигин тааныган чечиминин юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өзүнүн күчүнө тең.
Ошону менен бирге азыркы учурда конституциялык контролдоо органынын чечимдерин аткаруу менен байланышкан көйгөйлөр сакталып келүүдө. Конституциялык соттун чечимдерин, Конституциялык соттун чечимдеринде камтылган тапшырмаларды аткаруу толук регламенттелгендигине карабастан, белгилүү деңгээлде өз алдынча жана ыкчам эмес ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле алардын негизинде кабыл алынган мыйзамдык актылардын бирдиктүү жана кыйшаюусуз аткарылышын көзөмөлгө алуу боюнча прокуратура органдарынын ишин жыл сайын күчөтүү зарыл.
Конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында натыйжалуулукту жана көз караштарды туюнтуунун сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат орду каралган сыяктуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда, көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинен төмөн эмес туруктуу (ыйгарым укуктуу) өкүлдөр институтун киргизүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерине карата кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн аларды расмий басылмаларда акысыз негизде жарыялоо маселесин чечүү зарыл.
Мамлекетте конституциялык мыйзамдуулукту чыңдоо максатында, калктын Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун иши жөнүндө билим деңгээли үзгүлтүксүз жогорулап турушу зарыл. Ушуга байланыштуу конституционализмди өнүктүрүү боюнча ар түрдүү иш-чараларды, анын ичинде максаттуу топтор үчүн жайкы мектептерди, жогорку окуу жайларда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын меймандык лекцияларын, студенттердин арасында ар жылдык конкурстарды өткөрүүнү улантуу, ошондой эле жогорку окуу жайларда конституционализм борборлорун уюштурууну караштыруу керек.
Мындан тышкары кабыл алынган конституциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу, конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы катары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана анын аппаратынын жогорулатылган статусун жана ролун, ошондой эле бийликти бөлүштүрүүдө тең салмактуулукту камсыз кылууну эске алуу менен колдонуудагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча иштерди аягына чыгаруу зарыл.
3.2. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жарандык, кылмыш-жаза, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот процессинин катышуучуларынын кайрылуулары боюнча соттук чечимдерди кайра кароону жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
Конституциялык өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасын жана анын орун басарларын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын шайлоого/дайындоого, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге карата талаптарга тийиштүү болду. Конституциялык жоболорго ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланат. Мурда алар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын чогулушу тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайланышчу. Жергиликтүү соттордун төрагалары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат, мурда алар дагы жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушу тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайланышчу. Жогорку соттун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн жогорулатылган талаптар белгиленген – юридикалык кесип боюнча 15 жылдан кем эмес эмгек стажынын болушу, мурда эмгек стажына карата бул талап 10 жылды түзчү. Жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми мурда бул Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарына кирчү. Ошондой эле өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзам демилгелөө укугунун берилгени Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишиндеги маанилүү конституциялык өзгөрүү болуп калды.
Конституциялык жоболорду ишке ашыруу максатында «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө» жаңы конституциялык Мыйзам кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору (биринчи жана экинчи инстанциянын соттору) соттордун бирдиктүү системасын түзөт. Мындай бирдиктүүлүк төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: 1) Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленген сот адилеттигинин жалпы жана бирдиктүү принциптери; 2) бардык соттор тарабынан мыйзамдарда белгиленген сот өндүрүшүнүн бирдиктүү эрежелерин сактоо; 3) бардык соттор тарабынан Конституцияны жана мыйзамдарды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жана мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди бир түрдүү колдонуу; 4) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылышынын милдеттүүлүгү; 5) судьялардын статусунун бирдиктүүлүгүн мыйзамдарда бекемдөө; 6) сотторду республикалык бюджеттен каржылоо.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту үч соттук коллегиянын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун курамында аракеттенет. Пленумдун жана соттук коллегиялардын ыйгарым укуктары конституциялык мыйзам менен бекемделген. Жүргүзүлүп жаткан соттук реформалардын алкагында 2016-жылдын августунан тартып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдору соттор үчүн милдеттүү болуп саналарын белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппараты камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын кызматкерлеринин чектик саны, анын түзүмү жана штаттык саны чыгымдардын сметасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленет.
Жергиликтүү соттордун системасын төмөнкүлөр түзөт: биринчи инстанциядагы соттор (райондук соттор, шаардагы райондук соттор, шаардык соттор, административдик соттор); экинчи инстанциядагы соттор (облустук соттор, Бишкек шаардык соту). Жергиликтүү сотторду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү мыйзамдарга ылайык гана жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча гана жол берилет.
Биринчи инстанциядагы соттордун саны 64, алардын ичинен: 44 – райондук сот, 12 – шаардык сот, 8 – административдик сот. Акыркылары «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык райондор аралык соттордун базасында түзүлгөн.
Өлкөдөгү экинчи инстанциядагы соттордун саны 8. Алар иштерди апелляциялык тартипте карашат, ал үчүн ар бир ошондой сотто тиешелүү соттук коллегиялар уюштурулат.
Ар бир жергиликтүү сотто судьялардын ишин анын аппараты камсыз кылат. Жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлери соттордун сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, соттук практиканы жалпылоо, соттук статистиканы жүргүзүү жана башка иштерин камсыз кылат. Аппараттын кызматкерлери, тейлөөчү персоналды кошпогондо, мамлекеттик кызматта турушат. Аппараттардын мамлекеттик кызматчылары тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча Сот департаментинин жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин чектик саны, алардын түзүмү жана штаттык саны чыгымдардын сметасынын алкагында жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунуштамалары боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен Сот департаментинин жетекчиси тарабынан белгиленет.
Азыркы учурда сот системасынын ишинде соттук процесстердин ачыктыгына жана айкындыгына, соттук башкарууну, соттук практиканын бир түрдүүлүгүн өркүндөтүүгө жана коррупциялык көрүнүштөрүн жоюуга өбөлгө болуучу масштабдуу реформалар улантылууда. Жергиликтүү соттордун жана Жогорку соттун сот залдарында соттук отурумдарды аудио-, видеофиксациялоо системаларынын орнотулушу; «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын (АМС) киргизүү; басма сөз-катчылары жана жооптуу судьялар институттары аркылуу соттордун иши жөнүндө коомчулукту үзгүлтүксүз кабарлоо, ошондой эле сот адилеттигин ишке ашырууда жана аймактардагы соттордун ишинин сапатын жогорулатууда коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында жергиликтүү соттордун судьяларын масштабдуу ротациялоо мына ушундай реформанын абдан айкын мисалдары болуп саналат.
Жетишилген натыйжаларга карабастан, жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуу үчүн сот системасынын иши андан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Сотторду башкаруунун инновациялык методдорун колдонуу, талаш-тартыштарды кароонун эң мыкты практикаларын сот өндүрүшүнө киргизүү жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялардын чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылуу сот системасында орун алган көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги чаралары болуп саналат. Соттордо иштерди башкаруунун инновациялык методдорунун ыкмаларынын бири адамга багытталган сот адилеттиги системасынын маанилүү элементинин бири болуп саналган соттордо иштерди башкаруунун натыйжалуу ыкмасы (active case management) болуп саналат.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү камсыз кылуу зарыл.
Сот өндүрүшүнүн тили Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы керек, мында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жетекчилиги сот өндүрүшүн мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүлөрү зарыл.
3.3. Соттук өз алдынча башкаруу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык соттордун ички ишинин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт. Кыргыз Республикасынын судьяларынын съезди, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жана соттор судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат. Кыргыз Республикасынын судьяларынын съезди соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иштөөчү жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди кароону, соттордун бюджеттеринин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдоону, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашыруучу соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Соттордун судьялар чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болуп саналат. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруунун жана ишинин негизги принциптери, алардын укуктук статусу «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө, гендердик өкүлчүлүктү эске алуу менен (бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган) шайлануучу он беш мүчөдөн турган курамда түзүлөт. Соттук өз алдынча башкаруу органдарына шайланган адамдар өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырышат.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде бюджет маселелери боюнча соттук өз алдынча башкаруу органдарынын атынан чыгат.
«Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьялар коомдоштугунун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча судьялардын көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, бирок Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши анын иши талаптагыдай уюштурулбагандыктан улам аларды толук ишке ашыра албай келе жатат. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишине кыскача талдоого ылайык анын ишинин көлөмү жыл сайын өсүп жаткандыгын көрсөтүүгө, бул 2022-жылы Кыргыз Республикасынын судьяларынын кесиптик ишин баалоо тартиби жөнүндө жобонун кабыл алынышына байланыштуу болгон, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жергиликтүү соттордун үч жыл иштеген судьяларын жыл сайын баалап турушу керек.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин иши Сот департаментинин атайын уюштурулган түзүмдүк бөлүмү тарабынан камсыз кылынат, алардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишин эксперттик жактан камсыз кылуу үчүн атайын билимдерге ээ эмес. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишинин көпчүлүк бөлүгү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуусуз аткарылат, бул Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин отурумдарында көп сандаган убакыттын майнапсыз коромжу болуусуна алып келүүдө. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн судьялык иштен ажыратылбаган иштери дагы соттук өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин натыйжалуу аткарууга өбөлгө болбойт.
Судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуудагы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин маанилүү ролун эске алуу менен, ушул Максаттуу программанын алкагында жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү чечүү сунушталат.
Атап айтканда, гендердик жана аймактык өкүлчүлүктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн санын он бештен жыйырмага чейин көбөйтүү; Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү; Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишин камсыз кылуучу бөлүмдүн жана анын кызматкерлеринин ролун жана статусун жогорулатуу; Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин катчылыгын материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу.
3.4. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши
2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышы менен конституциялык орган Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш болуп өзгөртүп түзүлгөн.
Мурда Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши 24 мүчөдөн турган, алардын ичинен судьялар корпусунун өкүлдөрү – 8, парламенттик көпчүлүктүн өкүлдөрү – 8, парламенттик азчылыктын өкүлдөрү – 8 болгон. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 кишиге чейин кыскартылган.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши 12 мүчөдөн турат жана анын курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзгөн судьялардын арасынан түзүлөт, үчтөн бирин бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган 8 судьядан, Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган бир өкүлүнөн, Элдик Курултайдын бир өкүлүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган юридикалык коомчулуктун бир өкүлүнөн түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Конституциялык, Жогорку, жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук негизде талапкерлерди тандоо болуп саналат, анын жыйынтыгы боюнча аларды шайлоого же дайындоого Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштама жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши көз карандысыз орган болуп саналат жана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасындагы эч кандай мамлекеттик органга отчет бербейт.
Конкурстук тандоонун тартиби «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин регламенти менен аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине карата ишенимди жогорулатуу жана конкурстук тандоодо субъективизмди жоюу максатында конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартибин, судьялардын кызмат орундарына талапкерлерге карата талаптарды өзгөртүүгө багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүү зарыл.
Атап айтканда, чет өлкөлөрдүн практикасын жана тажырыйбасын эске алуу менен судьяларды тандоо процессин жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо; судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун критерийлерин өркүндөтүү; Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишинин өзгөчөлүгү эске алынган иш кагаздарын жүргүзүү боюнча ички документтерди даярдоо менен конкурстук тандоону өткөрүү жол-жобосу боюнча компьютердик программаларды иштеп чыгуу максатка ылайыктуу.
3.5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (мындан ары – Сот департаменти) жергиликтүү соттордун ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка камсыздоону, мыйзамдуу күчүнө кирген мыйзамдарда каралган соттук жана башка актылардын аткарылышын, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык камсыздоого багытталган башка мүнөздөгү иштерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Сот департаментинин ишин уюштуруу жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
Сот департаментинин аймактык бөлүмдөрү бар: сот аткаруучулар кызматы жана сот приставдар кызматы, штаттары менен, 7 облустук башкармалык; Бишкек шаары боюнча сот аткаруучулар кызматы; Бишкек шаарынын сот приставдар кызматы.
Сот департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине отчет берет.
Сот департаментинин алдында сот системасынын органдарына маалыматтык кызмат көрсөтүү жана маалыматтык системаларды коштоо, ошондой эле сот системасы үчүн программалык продуктуларды иштеп чыгуу жана коштоо максатында 2016-жылдын июнунда түзүлгөн маалыматтык технологиялар боюнча «Адилет сот» мекемеси бар.
Серептин толук болуусу үчүн ушул Максаттуу программанын алкагында Сот департаментинин иши ал төмөнкү жолдор менен ишке ашыруучу анын негизги милдеттеринин багыттарында баяндалган: (1) жергиликтүү соттордун, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка камсыздоо; (2) сот аткаруучулар кызматынын ишин уюштуруу жана контролдоо; (3) сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу жана контролдоо.
3.6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектеби
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектеби (мындан ары – Сот адилеттиги жогорку мектеби) судьяларды, сот аппараттарынын, Сот департаментинин кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат. Сот адилеттиги жогорку мектебинин ишине кесиптик билим берүү жөнүндө мыйзамдар колдонулбайт. Сот адилеттиги жогорку мектебинин ишин уюштуруу жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен регламенттелет. Сот адилеттиги жогорку мектебинин директору Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан дайындалат.
Сот адилеттиги жогорку мектеби туруктуу негизде колдонуудагы мыйзамдарга жана калыптанган практикага ылайык окуу куралдарынын актуалдуулугу боюнча инвентаризация жүргүзүүгө багытталган иштерди жүргүзүп турат. Окуу планына ылайык жаңы окуу куралдары иштеп чыгарылат жана мурда даярдалган окуу куралдары мамлекеттик жана расмий тилдерде толукталып иштеп чыгарылат.
Окутуунун сапатын талдоо окуп жаткандарды анонимдүү анкета түзүүнүн натыйжаларын изилдөө жолу менен жүргүзүлөт жана Сот адилеттиги жогорку мектебинин ишинин натыйжалуулук деңгээлин баалоо боюнча отчеттор түзүлөт.
Азыркы убакта соттордун укук колдонуу практикасынын актуалдуу маселелерин камтыган тематикалык программалар боюнча окутуучу иш-чаралар оффлайн-, ошондой эле онлайн-форматында жүргүзүлөт.
Сот адилеттиги жогорку мектебинин ишин санариптештирүүнүн алкагында окутуунун санариптик платформасы иштелип чыккан жана киргизилген, ал пайдалануучулардын окутууга жана натыйжаларга байкоо жүргүзүүгө бирдиктүү жеткиликтүүлүгүн, окутуу материалдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына карата жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн арналган.
Санариптик платформа биринчи дайындалган судьяларды окутуунун жана иштеп жаткан судьялардын, ошондой эле сот системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун бирдиктүү электрондук системасы болуп саналат, ага окуунун башталышы, окутуунун учурдагы статусу жөнүндө маалыматтар жана өткөрүлгөн окутуулар жөнүндө жазуулар киргизилет. Ошондой эле платформанын функцияларына пайдалануучулук жазууларды түзүү, сактоо, эсепке алуу, өткөрүлгөн\өтүлүп жаткан окутуулардын натыйжалары жана окутуучу тексттик жана мультимедиа файлдары кирет. Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн жумуштар улантылышы керек, бул келечекте бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө алып келет.
Сот адилеттиги жогорку мектебинин потенциалын андан ары чыңдоо, донордук жардамдардан көз карандылыгын жоюу, ошондой эле Сот адилеттиги жогорку мектебин юридикалык жогорку окуу жайларынын биринин базасында аймактарда филиалдарын ачуу мүмкүнчүлүгү менен Сот адилеттиги академиясына өзгөртүп түзүү маселеси изилдөөнү талап кылат.
Судьялар соттук чечимдерди даярдоо, өкүм чыгаруу, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен баарлашуу, ошондой эле соттук териштирүүнүн социалдык контекстин кыйла кеңири түшүнүүнү өнүктүрүү боюнча көндүмдөргө ээ болушу керек. Академиялык даярдоо менен чектелүү жетиштүү эмес, аны судьялык иштин иш жүзүндөгү практикасына ылайык окутуу методикасынын жана конкреттүү иштерди изилдөөнүн кыйла кеңири спектри менен толуктоо зарыл.
Ушуга байланыштуу соттордун ишинин натыйжалуулугун жана аларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү инструменттеринин бирин унутта калтырууга болбойт, ал насаатчылык институту болуп саналат. Насаатчылыкты кеңири киргизүү судьялар үчүн зарыл чечим болуп саналат, анткени судьялык персоналды натыйжалуу өнүктүрүү системасы сот системасынын кадрдык потенциалын калыптандырууга сапаттуу мамилени камсыз кылуучу инструменттерге муктаж.
Насаатчылык биринчи дайындалган судьялардын судьялык ролго өтүүсүнө жана алардын судьялык корпустагы карьерасынын бүткүл мезгилинде кыйла күчтүү потенциалга жетүүдө жана аны сактоодо судьяларга колдоо көрсөтүү системасына интеграциялоонун, ошондой эле учурдагы жана болочоктогу судьялык лидерлерди өстүрүүдө натыйжалуу каражат болуп саналат. Насаатчылык системасы жаш судьяларда сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырууну жана иштин шарттарына тезирээк көнүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзөт.
3.7. Сот арачылары
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир адам Мыйзамда каралган учурларда сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто кароого укуктуу. Бул конституциялык ченемди ишке ашырууда 2009-жылы «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, бирок анын күчүнө кирүү мөөнөтү 2012-жылга чейин кийинкиге калтырылган. Аталган Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү жетишсиз каржылоо жана ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн соттордун инфраструктурасынын даяр эместигинин себептери боюнча бир нече жолу кийинкиге жылдырылган. Аталган Мыйзамга акыркы өзгөртүү 2019-жылы киргизилген, анда 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүү мөөнөтү каралган.
Сот арачылары институтун киргизүүнүн негизги максаты кылмыш-жаза иштери боюнча айыпталуучулардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чыңдоо, процесстин айкындуулугун жана атаандаштыгын камсыз кылуу, коррупцияны жоюу, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жана жарандардын сот системасына ишенимин жогорулатуу болуп саналат. Бул максаттарга жетүү үчүн аталган институттун ишин камсыз кылуу маанилүү жана Мыйзам күчүнө киргенге чейин сот арачылары институтунун бюджетинин долбоорун түзүү, соттордун имараттарын модернизациялоо, судьяларды, соттордун аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн жана адвокаттарды окутуу, зарыл материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу сыяктуу жана башка бир катар уюштуруу маселелерин алдын ала чечүү зарыл.
«Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзүн кайра карап чыгуу маанилүү, анткени анын бир катар жоболору эскирген жана заманбап талаптарга жооп бербейт. Мыкты чет өлкөлүк практиканы жана Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн реформаларды эске алуу менен Мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү, анын ичинде заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен сот арачыларын кокустан тандоону, сот арачыларынын караштуулугун кеңейтүүнү, сот арачыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана мүлкүнүн коопсуздугунун кепилдиктерин, сот арачыларынын институтунун толук иштеши үчүн зарыл болгон башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну караган түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
3.8. Сот системасын каржылоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык сотторду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана республикалык бюджетке кошулат.
Конституциялык жоболорду ишке ашырууда сот системасынын бюджети өз алдынча түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун бюджеттеринен турат, ал тийиштүүлүгүнө жараша жогорку соттордун аппараттары жана Сот департаменти тарабынан аткарылат.
«2014–2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программада жана «2019–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программада сот бийлигинин бутагын жетиштүү каржылоону камсыз кылуу боюнча милдеттер коюлган: (1) сот системасын каржылоого бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн эки пайыздык үлүшүнө жетүү (анын ичинде, судьялардын жана соттордун аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу), этабы менен; (2) судьялардын жана соттордун аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмүн жана шарттарын аныктоодо бийликтин аткаруу бутагынын таасирин жокко чыгаруу; (3) республикалык бюджетти түзүүдө сот системасынын бюджетинин өлчөмүнө бийликтин аткаруу бутагынын таасирин жокко чыгаруу («контролдук цифраларды» белгилөөдөн тышкары).
Акыркы 2 жылда судьялардын жана сот системасынын, Сот департаментинин жана Сот адилеттиги жогорку мектебинин кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүү боюнча олуттуу кадамдар жасалды. Алсак 2021-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын эмгек акылары 2 эсеге жогорулатылды. 2022-жылдын августунда соттордун аппараттарынын, Сот департаментинин жана Сот адилеттиги жогорку мектебинин кызматкерлеринин эмгек маяналары 1,5-2 эсеге көбөйтүлдү. Буга чейин Кыргыз Республикасынын судьяларынын, сот аппараттарынын, Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акылары 2013-жылы гана кайра каралган болчу. Сот системасынын бюджетинин корголгон беренелери финансы менен толук камсыз кылынган.
Ошону менен бирге республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн 2 пайызынан кем эмес финансылык каражатты жыл сайын сот системасына бөлүп берүү бөлүгүндө иш-чаралар аткарылган эмес. «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышын талдоо сот системасынын ишин финансылык камсыз кылуу тийиштүү деңгээлде болбогонун көрсөттү (1-таблица).
«2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программага ылайык 2019-жылдан тартып сот системасынын бюджети республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн 1,5 пайыздык үлүшүнөн 2 пайыздык үлүшүнө чейин этабы менен көбөйтүлүшү керек болчу.
1-таблица – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каражаттарды бөлүү жөнүндө салыштырма таблица
|
|
|
| миң сом |
Жыл | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгү | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган сот системасынын бюджети | Бюджеттин чыгымдар бөлүгүнөн бөлүнгөн % | 2 пайыз-дык бөлүүдө каражат-тардын көлөмү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
2019 | 152 100,9 | 1 829,5 | 1,2 | 3 042,0 |
2020 | 163 710,4 | 1 959,3 | 1,2 | 3 274,2 |
2021 | 172 891,6 | 1 575,5 | 0,9 | 3 454,83 |
2022 | 282 112,8 | 2 128,9 | 0,75 | 5 642,25 |
Жыйын-тыгы: | 770 815,7 | 7 493,2 | 0,97 | 15 413,28 |
1-таблицадан көрүнүп тургандай, сот системасынын бюджети жыл сайын суммалык жактан көбөйгөн, бирок пайызы республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнөн азайган. Эгерде 2019-жылы бөлүнгөн каражаттар 1,2 пайызды түзсө, ал эми 2022-жылы бөлүнгөн каражаттардын үлүшү 0,75 пайызды гана түзгөн.
3.9. 2019–2022-жылдар үчүн сот системасынын бюджетинин аткарылышы
2-таблица – Сот системасынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө салыштырма таблица
миң сом | ||||
Жыл | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен | Каржыланган | Толук эмес каржылоо | Бекитилген бюджеттен % |
2019 | 1 829,5 | 1 143,6 | 685,9 | 62,5 |
2020 | 1 959,3 | 1 064,0 | 913,3 | 54,3 |
2021 | 1 575,5 | 1 291, 7 | 283,8 | 81,9 |
2022 | 2128000 |
|
|
|
2019–2021-жылдар үчүн бөлүнгөн финансылык ресурстар боюнча сот системасынын бюджетинин аткарылышы 2-таблицада көрсөтүлгөн цифралардан көрүнүп турат.
3 жыл ичинде (2019-2021) жыл сайын ачык кредиттерди толук эмес каржылоо 1 883 000 миң сомду түздү. «Финансылык эмес активдер» беренеси боюнча чыгымдарды каржылоо абдан төмөн деңгээлде камсыздалат.
«2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программанын аткарылбай калуусунун негизги себептери төмөнкүлөр болду:
1) сот системасына каражаттардын жетишсиз бөлүнүшү;
2) бюджетте каралган каражаттардан сот системасын жетишсиз каржылоо;
3) өзүнүн керектөөлөрүн бюджеттөө боюнча сот бийлигинин натыйжасыз иши.
3.10. 2023–2026-жылдарга сот системасынын бюджетинин долбоору
| миң сом |
| 2023 | 2024 | 2025 | 2026 |
КР ЖК |
267 932,3 |
262 932,3 |
262 932,3 | 313 459,9 |
КР КС | 115 150,0 | 115 150,0 | 115 150,0 | 126 150,0 |
КР СД (жергиликтүү соттор) |
4 643 7395,5 |
5 887 147,7 |
6 637 376,4 | 6 514 208,9 |
КР СД (БА) | ||||
СЖМ |
40 209,7 |
38 503,3 |
38 820,3 | 39 409,1 |
Жыйынтыгы: |
5 066 688,6 |
6 303 734, |
7 054 279,0 | 7 094 279,0 |
Жалпы жыйынтыгы: 25 518 980,6 | ||||
3.11. Сотторду жана соттук өз алдынча башкаруу органдарын материалдык-техникалык жабдуу
Соттордун инфраструктурасы да төмөнкү деңгээлдеги бойдон калууда, соттордун имараттарынын 90 пайызы модернизациялоого муктаж, соттук жыйналыштар залдарынын кескин жетишсиздиги орун алган. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, башкача айтканда сот өндүрүшүнүн бардык түрлөрү боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун заманбап талаптарына жооп берген имараттарда сотторду жайгаштыруу жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуунун маанилүү фактору болуп саналат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын соттору 77 имаратта жайгашкан, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун имараттары, 68 жергиликтүү соттун имаратты, 2 жергиликтүү сот мамлекеттик имараттар департаментинин имаратында жайгашкан жана 2 соттун өздүк имараты жок жана алар башка ведомстволордун имараттарында жайгашкан. Имараттардын 24,7 пайызы жетиштүү коммуналдык шарттар (борбордук жылытуу, муздак суу менен камсыздоо) менен жабдылган, калган имараттарда жетиштүү шарттар жок.
Дээрлик бардык соттор сот имараттарына ылайыкташтырылбаган, бирок мамлекеттик мекеменин универсалдуу түрү катары курулган: 2-4 кабаттуу, узун борбордук коридорлору жана ар бир коридордун эки тарабында жайгашкан кабинеттери менен төрт бурчтуу формадагы классикалык имараттар катары долбоорлонгон имараттарда жайгашкан. Бул сот системасынын органдарынын функциялык иш-аракеттерине ылайыкташтырылбаган, дизайны боюнча басымдуулук кылган имараттардын тиби болуп саналат.
«2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» максаттуу мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында Каракол шаарында (Ысык-Көл облусу), Жалал-Абад облусунда сот адилеттигинин үйлөрүн капиталдык оңдоо жана кайра профилдештирүү, ошондой эле өлкөнүн региондорунда жергиликтүү соттордун судьялары үчүн ведомстволук үйлөрдү куруу боюнча иштер уланууда.
Чүй облусунун Москва районунда, Ош облусунун Алай районунда соттордун жаңы административдик имараттарын, ошондой эле Талас жана Баткен облустарында сот адилеттигинин үйлөрүнүн имараттарын куруу үчүн жер участоктору сатып алынган.
Ошол эле учурда республика боюнча жергиликтүү соттордун 25 имаратын капиталдык оңдоо боюнча ишти улантуу жана активдештирүү талап кылынат, мында 15 жаңы имаратты бөлүп берүү же куруу зарыл.
Судьялардын тынч иштеши үчүн социалдык шарттарды түзүү үчүн да олуттуу иштер: өзүнүн турак жайы жок судьялар жашаган турак жайлар үчүн ижара акысын эсептөө жана төлөө; Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин коштоо жана башка иштер жүргүзүлүүдө.
Бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынан айырмаланып, бийликтин сот бутагынын өзүнүн ведомстволук эс алуу үйү, бала бакчасы жок экендигин белгилей кетүү керек. Адистештирилген медициналык мекемелерде сот системасынын кызматкерлерин тейлөө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлери үчүн берилген шарттарга ылайык келбейт.
Ушуга байланыштуу бийликтин бардык бутактарын бирдей социалдык камсыз кылууну сактоо максатында сот системасынын кызматкерлери үчүн ведомстволук эс алуу үйүн сатып алуу же куруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун судьяларынын жана аппараттарынын кызматкерлеринин балдарын бекитүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
Бийликтердин балансын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттарын жана алардын өлчөмдөрүн жок дегенде бирдей мааниде мыйзамдуу жана иш жүзүндө белгилөө зарыл. Көрсөтүлгөн сунуштарды ишке ашыруу үчүн сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн 2 пайызынан кем эмес суммасын сот системасына бөлүүнү караган толуктоолорду киргизүү талап кылынат.
3.12. Сот системасына маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) киргизүү
Бардык мамлекеттик органдардын, анын ичинде соттордун башкаруу чөйрөсүндө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу мезгилдин талабы болуп саналат. Соттордо МКТ киргизүүнүн зарылдыгы Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган. Анда соттордун ишинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу сот адилеттигин ишке ашыруу процессин оптималдаштыруунун артыкчылыктуу багыттарынын бири деп белгиленген (4.3-пункт). Анын артынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019–2023» санариптик трансформациялоо концепциясы кабыл алынган. Анда жана Концепциянын Жол картасында укуктук тартип жана сот адилеттиги системасында укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү укук коргоо органдарынын жана бийликтин сот бутагынын жарандар жана бизнес-түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүнүн санариптик инструменттерин киргизүү, ички процесстерди жана жол-жоболорду толук автоматташтыруу, судьялардын, прокурорлордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин санариптик көндүмдөрүн дайыма өркүндөтүү аркылуу ишке ашырылаары көрсөтүлгөн. Санариптик аспаптарды киргизүү, анын ичинде укуктук тартипти камсыз кылууда жана сот адилеттигин жүргүзүүдө криптографикалык протоколдордун жардамы менен соттук документтердин бүтүндүгүн камсыз кылуу санариптик далилдерди мыйзам менен бекитүүнү талап кылат (5.2.3-пункт). Жол картасында артыкчылык катары сот системасынын ар кандай маалыматтык системаларын «Санариптик сот адилеттиги» бирдиктүү маалыматтык системасына интеграциялоону ишке ашыруу көрсөтүлөт, мында сот реформасынын маанилүү бөлүгү болуп бардык кайра түзүүлөрдүн андан аркы натыйжалуулугу жана ийгиликтүүлүгү үчүн олуттуу жана ал тургай стратегиялык мааниге ээ болгон сот жыйналыштарын аудио, видеофиксациялоону киргизүү саналат.
Электрондук сот өндүрүшүн киргизүү жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн максималдуу ачык-айкындуулукка жана жеңилдетүүгө гана жетишүүгө мүмкүндүк бербестен, сот адилеттигинин сапатын, өз убагындалыгын, ачыктыгын жогорулатууга да өбөлгө түзөт.
Жогоруда белгиленген документтерди ишке ашырууда «2019–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» максаттуу мамлекеттик программада санариптик технологияларды киргизүү боюнча конкреттүү иш-чаралар белгиленген, алардын 70 пайызы аткарылган.
«2019–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» максаттуу мамлекеттик программаны ишке ашыруу мезгилинде сот системасы судьяларды жана соттордун аппараттарынын кызматкерлерин компьютерлер жана аларды үзгүлтүксүз тамак-аш менен камсыз кылууга; жергиликтүү сотторго чейин байланыш линияларын жүргүзүүгө, аларды коммуникациялык жабдуулар менен камсыз кылууга; сот системасы үчүн маалыматтык порталдарды, соттук аткаруучулардын кызматы, статистикалык отчеттуулук үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгууга; соттордун штатына IT-адистерди киргизүүгө жетишкенин белгилей кетүү керек.
Сотторду сот жыйналыштарын аудио, видеофиксациялоо системасы менен бардык жерде камсыз кылуу, электрондук сот өндүрүшүн киргизүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтына сот актыларын жарыялоо боюнча иштер аяктоодо. Мында сотторду жеткиликтүүлүктү башкарууну контролдоо системасы, күзөт өрт сигнализациясы системасы, сотторду видеобайкоо системасы менен камсыз кылуу боюнча башталган ишти улантуу талап кылынат.
Ошол эле учурда соттордо маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү процессинде төмөнкүдөй көйгөйлөр бар: (1) колдонуудагы укуктук база МКТ чөйрөсүндөгү сот системасындагы жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө жана азыркы реалдуулукка ылайык келбейт; (2) соттордун IT-адистеринин эмгек акысы башка чөйрөлөргө караганда кыйла төмөн; (3) сот системасында IT-технологияларды киргизүүнү каржылоонун жетишсиздиги.
Ушул максаттуу программанын алкагында сот системасында МКТны киргизүүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр белгиленди:
– соттордун учурдагы инфраструктурасын өнүктүрүү (электрондук сот жана аткаруу өндүрүшүнө өтүүнү камсыз кылуу үчүн сотторду, соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүн жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборун техникалык жана инженердик жеткире жабдуу зарыл);
– сотторго жаңы маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүү (андан ары сотко экс аймактык караштуулукту киргизүү үчүн соттук жыйналыштарды жана башка процесстик аракеттерди онлайн-форматта жүзөгө ашырууга жөндөмдүү болгон);
– электрондук сот жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу системасын модернизациялоо жана ишке киргизүү, колдонуудагы модулдарды кеңейтүү, сот системасынын негизги, ошондой эле көмөкчү процесстерин автоматташтыруу;
– колдонуудагы маалыматтык системаларды сот системасында өз ара жана башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоо. Ресурстарды башкаруу системасы катары бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү, ал өзүнө «Сот», «Карызкорлордун реестри», «Кадрлар» АМСти, окутуу платформасын, электрондук документ жүгүртүү системасын, аудио, видеофиксациялоону жана сот жыйналышынын протоколун, сот системасынын маалыматтык сайттарын, сот адилеттигинин порталын, маалыматтар базасын, аларды жүргүзүү жана пайдалануу технологияларын, бирдиктүү принциптердин жана жалпы эрежелердин негизинде иштеген маалыматтык системалардын жана маалыматтык-телекоммуникациялык тармактардын интеграциялык процесстерин камтыйт;
– юридикалык маанилүү «Электрондук архивди» түзүү;
– сот актыларына, материалдарга жана архивдерге жетүүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу. Сот системасы менен толук өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү менен «Жарандар үчүн жеке кабинет» киргизүү, инсандыгын ырастоо менен жарандын милдеттүү аутентификациясын киргизүү жана Бирдиктүү идентификациялоо системасы менен интеграциялоону ишке ашыруу;
– дене бойлук жана маалыматтык коопсуздукту жеткире иштеп чыгуу жана киргизүү. Ар бир судьянын, соттун аппаратынын кызматкеринин жеке логинди жана паролду, электрондук санариптик кол тамганы (мындан ары – ЭСК) колдонуусун жана мындай маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө жол берилбестигин белгилеп кетүү маанилүү. Мындан тышкары маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу саясатын жана регламенттерин иштеп чыгуу жолу менен сот системасынын кызматкерлеринин арасында маалыматтык коопсуздук маданиятын өнүктүрүү жана жогорулатуу зарыл;
– Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуу программаларына жана процесстерине санариптик технологияларды киргизүү. Бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин базасында окутуу үчүн натыйжалуу жана туруктуу платформаны түзүүнү өнүктүрүү зарыл (порталдагы сот системасынын принциптерине жана ишинин маселелерине, электрондук сот адилеттигин уюштуруу маселелерин изилдөөгө, маалыматташтыруу чөйрөсүндө мыйзамдарды колдонууга арналган билим берүү курстары жана башкалар);
– соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, сот адилеттиги системасынын органдарынын жана институттарынын ишине санариптик технологияларды киргизүү;
– электрондук сот адилеттигин толук киргизүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алууга көмөктөшүү: ЭСКны колдонуу, соттук жыйналыштын протоколу жана аудио, видеофиксация менен иштөө боюнча системада түзүлгөн документтердин электрондук көчүрмөлөрүнө жана түп нускаларына юридикалык маанилүү документтердин статусун берүү, анын ичинде электрондук жазуулардын көчүрмөлөрүн көрүүгө жана алууга мүмкүндүк берүү процессин тактоо, соттук жыйналыштарды трансляциялоо (соттун ичинде, сот системасынын ичинде, сот системасынан тышкары ачык режимде, жетекчи жана биринчи адамдар үчүн сот системасынан тышкары), соттук териштирүүнү иштердин бардык категориялары боюнча аудио, видео жазуу системалары менен милдеттүү түрдө белгилөө;
– сот системасынын IT-инфраструктурасын пландаштыруу, түзүү жана тейлөө үчүн Сот департаментинин алдындагы маалыматтык технологиялар боюнча «Адилет сот» мекемесин өнүктүрүү. Азыркы учурда «Адилет сот» МТМ сот системасынын бардык бөлүмдөрү менен келишимдер түзүлбөгөнүнүн себеби боюнча сот системасындагы өз функцияларын толук аткарбай келүүдө. Маалыматтык технологияларды натыйжалуу киргизүү жана «Адилет сот» МТМ техникалык коштоо үчүн сот системасынын бардык институттары менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл;
– натыйжалуу техникалык колдоо көрсөтүүнү уюштуруу. Региондордо туруктуу коштоо топторунун болушу техникалык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана жабдуу аркылуу кошумча же тышкы ресурстарды тартпастан коштоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун, ыкчамдуулугун жана деңгээлин план ченемдүү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
3.13. Судьяларды иштердин категориялары боюнча адистештирүү, адистештирилген соттор
Судьяларды иштердин категориялары боюнча адистештирүүнү киргизүү жана\же адистештирилген сотторду түзүү сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу элементтеринин бири болуп саналат. Бул укуктук системанын өзүнүн туруксуздугу, ошондой эле мыйзам чыгаруу массивинин болушу менен шартталган. Ошентип мамлекеттин ишинин көптөгөн чөйрөлөрүн укуктук жөнгө салуу олуттуу өзгөрдү жана кеңейди, көптөгөн чөйрөлөрдө (экономика, менчик мамилелери, баалуу кагаздарды колдонуу менен байланышкан иш чөйрөсү ж.б.) өзгөрүү процесси уланууда, анын натыйжасында укуктук мамилелер татаал жана комплекстүү мүнөзгө ээ боло баштады. Өз кезегинде укук колдонуу процессинин татаалдыгы судьялардан кеңири юридикалык көз карашты, укуктун конкреттүү тармактарынын теориялык маселелерин да, аларды колдонуу практикасын да терең билүүнү талап кылууда.
Ушуга байланыштуу сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн сот адилеттигине тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү түзүү максатында адистештирилген (инвестициялык, ювеналдык жана башка) соттор уюштурулушу керек. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жалпы юрисдикциядагы райондук соттун ичинде адистештирүү мыйзам менен каралган эмес, бирок соттун төрагасынын чечими боюнча, эреже катары, судьяларга иштин белгилүү бир категориясын (жарандык, кылмыш-жаза жана башка) кароо бекитилет, муну судьялардын колдонуудагы адистештирүүсү деп атоого болот.
Көрсөтүлгөндөн тышкары, судьялардын формалдуу түрдө аныкталбаган адистешүүсүн байкоого болот, анткени бир коллегиянын алкагында айрым жогорку адистештирилген иштер конкреттүү судьялардын кароосуна берилиши мүмкүн.
Жашы жете электердин иштери, гендердик иштер боюнча судьяларды адистештирүү укук маселелери боюнча гана эмес, педагогика, социология, өспүрүмдөрдүн психологиясы, криминология, процесстик мыйзамдардын алкагында пайдаланылуучу ювеналдык технологияларды колдонуу боюнча окутуу жана кайра даярдоо жолу менен алардын кесиптик компетенттүүлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгына алып келет. Буга байланыштуу жашы жете элек айыпталуучулар менен жекече иштөөнүн заманбап методикаларын киргизүү зарылчылыгы бар.
Судьяларды адистештирүү процессинде сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатына жетүү үчүн комплекстүү мамиле артыкчылыктуу болуп саналат, ал иштердин белгилүү бир категориясы боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн кадрларды даярдоону, аларды сот системасынын тиешелүү бөлүмдөрүнө тандоону жана дайындоону жана өз адистештирүүсүнүн алкагында алардын квалификациясын системалуу жогорулатууну белгилейт.
Ошентип, жергиликтүү соттордо иштердин категориялары боюнча судьялардын адистешүүсүн киргизүүнү караган иш-чаралар судьялардын иш жүктөмүн эске алуу менен улантылышы керек.
3.14. Судьялардын жүктөмү
Азыркы убакта сот системасында, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында айрым соттордун ашыкча жүктөмү проблемасы чечилбеген бойдон калууда.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын орточо жүктөмү жана жергиликтүү соттордун аппаратынын саны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын 2007-жылдын 22-октябрындагы № 93 «Кыргыз Республикасынын судьяларынын жүктөмүнүн ченемдерин жана жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматчыларынын санын бекитүү жөнүндө» буйругу менен жөнгө салынат.
КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан бекитилген жумуш убактысынын ченемине ылайык 40 сааттык жумуш жумасында жумуш саатынын саны айына 166,58 саатты түзөт.
Бир судьянын соттук иштерди жана материалдарды кароо боюнча жүктөмүнүн ченеми айына төмөнкүлөрдү түзөт:
– кылмыш-жаза сот өндүрүшү тартибинде, ошондой эле административдик укук бузуулар (жоруктар) боюнча өндүрүштө 19 иш;
– жарандык сот өндүрүшү тартибинде 21 иш;
– экономикалык жана административдик өндүрүш тартибинде 17 иш.
Кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшү, административдик укук бузуулар жөнүндө иштер тартибинде соттук иштерди жана материалдарды кароо боюнча бир судьянын жүктөмүнүн ченеми айына 20 ишти түзөт.
Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттун бир судьясынын жүктөмүнүн ченеми бир ишти кароого катышуучу судьялардын санын эске алуу менен, биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттун судьяларынын жүктөмүнүн ченемине карата 0,3 коэффициентин колдонуу менен аныкталган.
3-таблица – Бир судьянын акыркы жылдардагы орточо жүктөмү
Соттор | Жыл | Судьялардын саны | Жылына иштердин саны | Жылына 1 судьянын жүктөмү | Айына 1 судьянын жүктөмү |
Биринчи инстанция | 2019 | 329 | 135 375 | 411 | 34,25 |
Экинчи инстанция | 2019 | 86 | 8 330 | 96,8 | 8,07 |
Биринчи инстанция | 2020 | 391 | 117 152 | 299,6 | 24,9 |
Экинчи инстанция | 2020 | 87 | 6 231 | 71,6 | 5,9 |
Биринчи инстанция | 2021 | 357 | 146 518 | 410,4 | 34,2 |
Экинчи инстанция | 2021 | 127 | 11 740 | 92,4 | 7,7 |
Биринчи инстанция | 2022 (I кв.) | 321 | 42 788 | 133,2 | 11,1 |
Экинчи инстанция | 2022 (I кв.) | 108 | 3 839 | 35,5 | 0,3 |
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун системасында 457 судья сот адилеттигин жүзөгө ашырууда. Соттук иштердин негизги саны биринчи инстанциядагы соттордо топтолгон. Мында соттук статистиканы талдоо көрсөткөндөй, экономикалык жактан өнүккөн региондордо соттордун көп жүктөмү байкалууда.
Бишкек, Ош шаарларындагы судьялардын, соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин түзүлгөн жүктөмү жүктөмдүн белгиленген ченемдерине шайкеш келбейт, бул иштерди кароонун процесстик мөөнөттөрүнүн бузулуусуна алып келет. Проблема башка мамлекеттик органдарга салыштырмалуу айлык маяналар төмөн болгон жергиликтүү соттордун аппараттарында уланып жаткан кадрлардын келип-кетүүлөрү менен ого бетер тереңдөөдө.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу ар бир ишке корогон убакыттын мониторингинин жыйынтыктарын, иштин татаалдыгын, ишке катышкан жактардын санын жана башкаларды эске алуу менен, судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин жүктөмүнүн ченемдерин өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарыл.
Ошондой эле жүктөмү жогорку соттордо судьялардын жана аппараттарынын кызматкерлеринин штаттык санын кайра кароо, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүүнүн сотко чейинки жана соттон тышкаркы (альтернативалык) формаларын (аксакалдар сотун, мидиация, бизнес-акыйкатчы, бейтарап соттор, административдик юстиция) өнүктүрүү жолу менен судьялардын жүктөмүн азайтуу маселесин кароо зарыл.
Аксакалдар сотторунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бийликтин жергиликтүү органдары менен тыгыз кызматташууну жолго коюу, Сот адилеттиги жогорку мектебинин ресурстарын балким тартуу менен, сот органдары тарабынан мыйзамдарды туура колдонуу боюнча комплекстүү консультативдик, методикалык жардамды көрсөтүү зарыл.
3.15. Сот аткаруучулар кызматы жана аткаруу өндүрүшү
Сот аткаруучулары Сот департаментинин жана анын аймактык бөлүмдөрүндө турушат. Сот аткаруучуларынын иши «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Ушул мыйзамга ылайык сот аткаруучу мамлекеттик кызматта турган жана аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы болуп саналат. Ал өз ишин мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырууга, аткаруу документтеринин реалдуу, толук, өз убагында жана натыйжалуу аткарылышына бардык чараларды көрүүгө жана өз ишинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кысымга алынышына жол бербөөгө милдеттүү.
Соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын аткаруунун натыйжалуулугу сот системасына карата коомдун ишенимин жаратуучу негизги элементтердин бири болуп саналат. Соттун чечиминин канчалык тез жана сапаттуу аткарылганына, бузулган укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо ыкмасы катары соттук жол-жоболорго карата жарандардын жана бүтүндөй коомдун мамилесинин деңгээли көз каранды.
Азыркы убакта сот аткаруучулар кызматынын ишинин жыйынтыктары боюнча соттордун жана башка органдардын актыларынын аткарылыш деңгээли абдан төмөн болуп саналат. Мисалы, 2021-жылы 380 сот аткаруучусунун өндүрүшүндө 247 917 барак турган. 2021-жылы бир сот аткаруучунун жүктөмү жылына 652 өндүрүштү жана айына 54 өндүрүштү түзгөн. Функционалдык талдоонун натыйжалары боюнча соттук аткаруучунун ар айлык жүктөмү айына 19 аткаруу документинен ашыкча түзбөшү керек. Келтирилген маалыматтар күбөлөндүрүп тургандай, соттук чечимдердин аткарылбашынын негизги себеби соттук аткаруучулардын ашыкча жүктөмү, соттук аткаруучуларды натыйжасыз башкаруу жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн бийик эмес деңгээли болуп саналат.
Аткаруу өндүрүшүнүн натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү талап кылынат, алар аткаруу өндүрүшүндө санариптик технологияларды пайдаланууну, ошондой эле Кыргыз Республикасында иши соттордун чечимдеринин сапаттуу, өз убагында аткарылуусун камсыз кылууга багытталган жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнү камтышы мүмкүн.
3.16. Сот процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу жана Сот приставдары кызматы
Жергиликтүү соттордун имараттарында жана жайларында соттук жыйналыштар убагында, ошондой эле көчмө соттук жыйналыштар өткөрүлүп жаткан имараттарда коомдук тартипти камсыз кылуу жана кармап туруу үчүн Сот департаментинин алдында Сот приставдар кызматы каралган. Сот приставдарынын иши «Сот приставдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат, Сот приставдары кызматынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча Сот департаментиинин директору аныктайт. Кыргыз Республикасынын Коституциялык сотундагы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотундагы сот приставдарынын ишин уюштуруу ушул соттордун ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталат.
Сот приставы бийлик өкүлү болуп саналат жана кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда турат. Сот приставы өзүнүн кызматтык милдеттерине ылайык кесиптик жана атайын даярдыктан өтөт, андан кийин ок атуучу табелдик жана электр курал-жарагын сактоого жана алып жүрүүгө, атайын каражаттарды пайдаланууга укуктуу болот.
Сот приставдарынын ишин уюштуруунун салыштырмалуу жаңылыгын эске алуу менен, бул институт алиге чейин институтташтыруу процессинде турганын жана мыйзам менен коюлган милдеттерин толук өлчөмдө аткара албай жатканын белгилеп коюу керек. Ушуга байланыштуу бул институтту өнүктүрүү, ошондой эле байланыштарды түзүү жана чыр-чатактарды башкаруу илим-билимдерин жана көндүмдөрүн өз ичине камтыган сот приставдарын башкаруунун жана квалификацияларын системалуу жогорулатуунун жаңы методдорун колдонууну талап кылат.
3.17. Сот системасынын башка сот адилеттиги институттары менен секторлор аралык өз ара аракеттенүүсү
3.17.1. Тергөө органдары
Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана башка укук коргоо органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу тергөө жүргүзүү функцияларын өзүнө бириктирген бирдиктүү тергөө органын түзүү маселесин изилдөө керек.
3.17.2. Соттук экспертиза
Сот өндүрүшүнүн мөөнөттөрүнүн негизсиз узактыгы чечилбеген проблемалардын бири бойдон калууда. Анын чечилиши соттук экспертизалардын өндүрүшү мөөнөттөрүн минималдаштыруу менен түздөн-түз байланышкан, анын натыйжалары жалпы юрисдикциядагы соттор жана административдик соттор тарабынан каралуучу иштер боюнча жагдайларды белгилөө максаттарында жигердүү колдонулат.
Ушул Максаттуу программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын (мындан ары – Соттук-эксперттик кызмат), ошондой эле көз карандысыз соттук-эксперттик мекемелердин экспертизаларды сапаттуу жүзөгө ашыруусу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу болжолдонууда.
Атап айтканда, мүмкүнчүлүктөрү бюджеттик каржылоо менен чектелген Соттук-эксперттик кызматтын сапаттуу экспертизаларды жүзөгө ашыруусу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл. Ошондой эле соттук-эксперттик ишке заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү да зарыл, ошондой эле мекемелерди заманбап прибордук база менен жабдууну улантуу керек, бул жүзөгө ашырылып жаткан экспертизалардын сапатын жакшыртууга жана аларды чыгаруунун мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, экспертизалардын түрлөрү боюнча методдорду өркүндөтүүнүн, изилдөөлөрдүн методдорун жаңылоонун жана изилдөөлөрдүн жана экспертизалардын алдынкы жаңы методдорун кабыл алуунун, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл (заманбап) жабдууларды сатып алуунун; эксперттердин дараметтерин жогорулатуунун (окутуунун) зарылдыгы жетилди.
Ошондой эле Соттук-эксперттик кызматтын филиалдарын өлкөнүн айрым региондорунда ачуу аркылуу Соттук-эксперттик кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мүмкүнчүлүгүн кароо керек.
Азыркы убакта республикада соттук-эксперттик системаны соттук-эксперттик кызматтар, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин криминалистикалык бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин системасында турган эксперттик мекемелер (соттук-медициналык, соттук-психологиялык–психиатриялык жана соттук-наркологиялык кызматтар) жана көз карандысыз эксперттик уюмдар түзөт.
Ушул тармакты толук өнүктүрүү максатында бирдиктүү соттук-эксперттик кызматты түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл, анда кесипкөй жана кадрдык потенциалды өркүндөтүү, материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу, укук коргоо, сот органдары, көз карандысыз эксперттик уюмдар жана коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдери, эл аралык стандартташтыруу, инновациялык өнүктүрүү маселелери кайрадан каралууга тийиш.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар жана мамлекеттик эмес соттук эксперттер, анын ичинде соттук-эксперттик уюмдардан тышкары иштеген эксперттер тарабынан альтернативалуу соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууга тыюу салбагандыктан, ушул институтту, анын ичинде аутсорсингге өткөрүп берүүгө болгон соттук экспертизалардын түрлөрүнүн тизмесин кеңейтүү жолу менен өнүктүрүүгө багыт алуу керек.
Жогоруда саналган бардык багыттар 2023–2027-жылдары Соттук-эксперттик кызматты өнүктүрүүнүн стратегиясына киргизилүүгө жана ачып берилүүгө тийиш.
3.17.3. Кыргыз Республикасынын адвокатурасы
Адвокаттардын өз алдынча башкаруудагы кесипкөй коомдоштук катары адвокатуранын конституциялык-укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилип берилген, анын негизинде «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал уюштуруу жана иштөө тартибин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
Адвокаттар жеке жана юридикалык жактарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды адвокаттар «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда жана тартипте калктын аялуу топторуна көрсөтүшөт.
Сот өндүрүшүнүн катышуучуларына квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү ишинин негизги проблемалары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) өз корголуучуларынын кызыкчылыктарын билдирүүчү адвокаттардын көз каранды же кемсинтилген абалы;
2) адвокаттардын юридикалык жардамдарынын мамлекет тарабынан жетишсиз каржылануусу, анын кесепетинен адвокаттар мамлекеттин эсебинен калктын аялуу топторуна жардам көрсөтүүгө кызыкдар болушпаганы;
3) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын башкаруу органдарын, анын филиалдарынын – аймактык адвокатураларды жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттардын окуу борборун жайгаштыруу проблемалары;
4) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Этика боюнча комиссиясынын натыйжасыз иши;
5) адвокаттардын кесипкөй компетенциясынын төмөнкү деңгээли.
Адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин укук коргоо органдарынын же башка таасир этүү булактарынын кийлигишүүсүз өз алдынча аткаруусу үчүн укук коргоо системасынын ишинин жана сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн.
Акыркы жылдары адвокаттардын эмгек акыларын төлөөнү каржылоону көбөйтүү боюнча жакшы жылыштар болуп жатканына карабастан (2018-жылы – 18 552 400 сом, ал эми 2021-жылы – 74 212 000 сом), Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттарынын мамлекеттик реестрине кирген адвокаттардын саны 2021-жылдын 1-сентябрына карата бар болгону 422 адвокатты (10 пайызга жакын) түзөт.
Ушундан улам, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнү кеңейтүү боюнча жумуштарды, анын ичинде системага кирген адвокаттардын сый акыларынын өлчөмүн минимум 2 эсеге көбөйтүү жолу менен күчөтүү зарыл.
Мыйзамдарды жана Адвокаттын кесиптик этика кодексинин жоболорун одоно бузган адвокаттар адвокаттык иш менен иштөө укугуна лицензиясын ажыратууга чейин жоопкерчиликке тартылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын этика боюнча комиссиясынын ишин күчөтүү керек. Ошондой эле лицензия алууга талапкерлерге карата талаптарды жогорулатуу жана аны алуу тартибин татаалдаштыруу зарыл.
Талапкерлердин кесиптик деңгээлин текшерүүгө карата жана иштеп жаткан адвокаттардын жетиштүү кесиптик деңгээлин кармап турууга башкача сапаттуу мамиле талап кылынат.
Кесиптик милдеттерин аткарууда адвокаттар тарабынан жүзөгө ашырылуучу укук ченемдүү иш-аракеттери үчүн кылмыш-жаза, жарандык-укуктук жана административдик куугунтуктан иммунитетти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек.
3.17.4. Аксакалдар соттору
Аксакалдар сотторунун ченемдик-укуктук статусу, аларды уюштуруунун жана ишинин принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Аксакалдар соттору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган.
Аксакалдарга кеңеш алуу жана талаш-тартыштарды чечүү үчүн даанышман кайрылуу салты биздин тарыхыбызда кылымдардан бери жашап келе жатат. Улуунун ой-пикирин урматтоо салты Кыргыз Республикасында ал көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин аксакалдар сотторун түзүү үчүн жагымдуу негиз катары кызмат кылды. Анын үстүнө Кыргызстандын калкынын көпчүлүк бөлүгү, өзгөчө анын элеттик бөлүгү «салттуу уруулук ыңгайдын алкагында калган» жана аксакалдар институтунун актуалдуулугу азыркы күнгө чейин сакталып келүүдө.
Аксакалдар соту бүгүнкү күндө бул – заманбап институт, анда «элдик» соттун атрибуттары пайдаланылат – жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүү, аксакалдар сотторунун мүчөлүгүнө кыйла кадыр-барктуу жана сый-урматтуу жарандар шайланышат, талаш-тартыштарды чечүүдө бюрократия болбойт, талаш-тартыштар Кыргызстан элдеринин үрп-адаттарынын жана каада-салттарынын негизинде чечүү укугу бар.
Ошол эле убакта кийинки жылдары аксакалдар соттору институту олуттуу трансформациялоого дуушар болгонун белгилей кетүү керек. Бүгүн аксакалдар сотуна карата мамиле коомдо ар түрдүү болуп саналат: алардын чектелүү ыйгарым укуктарынын, алардын чечимдерин аткаруунун татаалдыгынын, аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн юридикалык билимдеринин жоктугунун себебинен улам аксакалдар сотторунун кадыр-баркы түшүп кеткенине ынануудан тартып, элдештирүү жол-жоболорунун, анын ичинде кылмыш-жаза иштери боюнча да керектигинин жүйөлөрүн келтирүүгө чейин.
Азыркы учурда өлкөдө 795 аксакалдар соту катталган, бул мамлекеттик соттордон 11 эсе көп. Аксакалдар соттору тарабынан каралган иштердин саны орто эсеп менен жылына 3300 ишти түзөт. Аксакалдар соттору бир дагы мамлекеттик органдын компетенциясында турбайт. Алар мындай органдардын бирдиктүү системасын түзбөстөн, өз алдынча иштешет.
Жарандардын аксакалдар сотторуна улам көп кайрылууларын эске алуу менен тажырыйбанын жана азыркы реалиялардын негизинде аксакалдар сотторунун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү зарыл. Өзгөртүүлөр аксакалдар сотторунун укуктук статусун, мамлекеттик түзүлүштө ордун жана ролун аныктоо үчүн, аксакалдар сотторун түзүүнүн тартибин, милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын тактоо, гендердик өкүлчүлүктү эске алуу менен аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн шайлоонун тартибин өркүндөтүү, ошондой эле аксакалдар сотторунун ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуунун тартибин өркүндөтүү үчүн зарыл.
3.17.5. Медиация
Кыргыз Республикасында медиация институтун түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн укуктук негизи Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы болуп саналат, аларда жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик укук мамилелеринен, ошондой эле мыйзамдарда түз каралган айрым учурларда, кылмыш-жаза-укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштарга карата медиация колдонулган мамилелерди жөнгө салуучу ченемдер аныкталган. Медиация институтун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында да көрсөтүлгөн. Сот жана укук коргоо органдарын реформалоонун 4.5-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, «Мамлекет ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугуна кепилдик берүү менен адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкаркы жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылат.
Медиация институтун өнүктүрүү сот системасынын ишин олуттуу жеңилдетүүгө алып келет».
Медиация – бул талашкан тараптардын өз ара алгылыктуу макулдашуусуна жетишүү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун (медиаторлордун) көмөк көрсөтүүсүндө талашты жөнгө салуу жол-жобосу. Медиатордун күбөлүгүн алган медиаторлор Медиаторлордун республикалык коомдоштугуна (МРК) биригишкен.
Сот, укук коргоо органдарынын чыр-чатактуу кырдаалдарды чечүү максатында медиаторлор менен кызматташуу укугу жана ыйгарым укуктары медиациянын өнүгүүсүнө түрткү болуп калды. Мында жетишилген медиативдик макулдашуулар чыр-чатакты чечүү үчүн укук ченемдүү документтер катары каралат.
Бирок азыркы убакта коомдо объективдүү маалымат, медиациянын маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун түшүнүү жетишсиз. Бул медиация маселелери боюнча мыйзамдык ченемдерди жана жоболорду киргизүү медиацияны, анын ичинде аларды соттон тышкары жөнгө салууну колдонуу менен талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүүдөгү артыкчылыктары жөнүндө жетиштүү маалыматтык кампания менен коштолбогонуна байлыштуу.
Мындан тышкары, соттор, прокуратура органдары, укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдардын атынан чыккан медиаторлордун өнөктөштөрү медиацияны иш жүзүндө талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүүнүн натыйжалуу институту катары колдонушпайт.
Мындай этият мамиле медиаторлордун ишиндеги коммерциялык түзүүчү менен байланышкан. Жарандар алардын проблемаларын чечүүгө көмөктөшүү үчүн жетиштүү кесиптик квалификацияга ээ медиаторлорго төлөөгө психологиялык жактан даяр эмес.
Медиациянын өнүгүүсүн кармаган маанилүү факторлордун бири медиаторлордун санынын жетишсиздиги болуп саналат (баарынан мурда региондордо), ал үчүн тиешелүү инфраструктураны калыптандыруу жана медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу боюнча системалуу иштерди жолго коюу керек.
Медиацияны андан ары өнүктүрүү программалык документти түзүүнү талап кылат, ал Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүүнүн келечегин аныктайт, ошондой эле анын келечектеги өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын түзөт.
3.17.6. Пробация
Эл аралык пенитенциардык изилдөөлөр борборунун (ICPS) 2020-жылга маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү түрмө калкынын рейтингинде 97-орунду ээлейт, 100 000 кишинин санына камактагы 161 киши туура келет.
Жалпыга белгилүү болгондой, көбүнчө түрмөгө камоо өз максатына жетпейт жана рецидивизмдин азаюусуна өбөлгө болбойт, тескерисинче, камалгандын өзү жана анын үй-бүлөсү үчүн, ошондой эле жалпы коом үчүн бир топ олуттуу криминогендик, социалдык, экономикалык мүнөздөгү проблемаларды алып келет. Түрмөлөр «кылмыштуулуктун мектебинде» окуудан өтүү үчүн идеалдуу жай болуп саналат, бул жыйынтыгында мамлекетке бошотулган камалгандарды социалдык реабилитациялоо боюнча чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Статистика көрсөткөндөй, кайталап кылмыш жасаган жана кайталап өзгөчө оор кылмыш жасаган соттолгондордун саны биринчи соттолгондордун санынан олуттуу ашып түшөт. Мында адамдардын 40 пайызга жакыны алар камактан бошотулгандан кийин кылмыш жасоону улантат.
Эл аралык сунуштамаларга ылайык мамлекеттер камакта кармоочу жерлердин толуп кетүү проблемасын, анын ичинде мүмкүн болушунча сотко чейинки териштирүү мезгилинде камакта кармоого альтернативалуу жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага альтернативалуу натыйжалуу чараларды көрүү менен укуктук жардамга жетүүнү жана укуктук ченемдерди натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле кылмыш-жаза сот адилеттигинин жана анын түзүмдөрүнүн потенциалын чыңдоо менен алгылыктуу иш-тажырыйбаларды кеңейтүү аркылуу чечүүгө тийиш.
Баяндалганды эске алуу менен пробация кардарларынын оңолуусу жана коомдо жашоого ыңгайлашуусу, ошондой эле алардын кайталап укук бузууларды жасоосунун алдын алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин караган пробация институтун андан ары өнүктүрүү маанилүү болот.
«Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2017-жылдын февралында кабыл алынган жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Пробация органдарынын функцияларын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын кылмыш-жаза аткаруу инспекцияларына жүктөлгөн. Кийинчерээк Өкмөт тарабынан кылмыш-жаза аткаруу инспекцияларынын функцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган, анын негизинде 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Пробация департаменти түзүлгөн.
Пробация органынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилгени анын өнүгүүсүнө жагымдуу таасирин тийгизди, кызматчылардын штаттык санын этап-этабы менен көбөйтүү, аймактык бөлүмдөрдү жайгаштыруу маселелери жарым-жартылай чечилди, каржылоо көбөйтүлдү, алардын иш шарттары жакшыртылды, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, бийликтин жергиликтүү органдары, укук коргоо органдары менен байланыштар активдештирилди, сот бийлиги органдарынын жана укук коргоо органдарынын окшош системалары менен өз ара аракеттенүүчү автоматташтырылган маалыматтык системалар киргизилди.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын мындан аркы кылмыш-жаза-укуктук саясаты эки багытта түзүлүүгө тийиш: 1) коомдук коркунуч келтирбеген кылмыштар боюнча жазаларды гумандаштыруу; 2) оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жазаларды катаалдаштыруу. Биринчи векторду ишке ашырууда соттордун камакта кармоосуна альтернативалуу бөгөт коюу чараларын, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга жазанын альтернативалуу түрлөрүн колдонууну активдүү өнүктүрүү керек, ошондой эле соттордун пробация органдары менен натыйжалуу, анын ичинде санариптик өз ара аракеттенүүлөрүн, пробация кардарларын контролдоонун электрондук-техникалык каражаттарын киргизүү жана өнүктүрүү зарыл.
Пробация институтун андан ары чыңдоо үчүн бул институтту өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл, анда аны өнүктүрүүнүн негизги багыттары чагылдырылат.