ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 146 «Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция29.08.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 29-августу № 146

Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, түз сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 117 "2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2025-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин тизмегине ылайык, белгиленген тартипте түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Конгантиев