Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 29-августу № 153

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.С.Султановдун келип түшкөн арызынын негизинде, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 23-августунан тартып Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанович Султановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду деп эсептелинсин.

 

2. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы № 2 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

К.Конгантиев