Редакцияот 30.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 30-сентябры № 166

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене

 

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

31-беренеде:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештери - 51 депутат;";

б) 2-пунктта:

- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20001ден 70000ге чейин - 31 депутат;";

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"70001ден тартып жана андан көп - 41 депутат;".

 

2-берене

 

"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Бишкек шаардык кеңешинин сандык курамы - 51 депутат.".

 

3-берене

 

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ош шаардык кеңешинин сандык курамы - 51 депутат.".

 

4-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 75 (3629) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

2024-жылдын 19-сентябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган