Загрузка документа…
|
| |
|
| 7-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна) |
Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ТИПТҮҮ МЕТОДИКА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикада (мындан ары - Типтүү методика) колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетишүү даражасын мүнөздөгөн көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана иш жүзүндөгү аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды чогултуунун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Типтүү методиканын максаты Фонддордун Байкоочу кеңештерине жана Фонддордун аткаруу органдарына Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого (мындан ары - МБ) жардам көрсөтүү болуп саналат.
3. Фонддун аткаруу органы ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, МБнын жыйынтыгы боюнча отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Фонддун аткаруу органы Типтүү методиканын негизинде өзүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун сунушталган курамы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен дайындалган Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү, мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына берилген, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына берилген, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына берилген Фонддун аткаруу органынын өкүлү.
5. Мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун чогултуу жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг жүргүзүү тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторинг жүргүзүү планын Фонддун аткаруу органынын башчысы бекитет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Типтүү методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаттары жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты бөлүнгөн финансы каражаттарынын алкагында Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына жана ишке ашырылган долбоорлорго коюлган максаттарга жетүү предметине реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында, ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг "эмне болду?" жана "баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдабастан)?" деген суроолорго жооп берет.
Баалоо "натыйжаларга кантип жетишилди?", "эмне үчүн четтөөлөр пайда болду?" жана "каталарды кантип оңдоого болот (кырдаалды талдоо менен)?" деген суроолорго жооп берет.
12. Региондору өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун (мындан ары - Типтүү жобо) талаптарына ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталды:
1) финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сактоо;
2) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал Фонддун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык жетишилгенин, атап айтканда реалдуу натыйжаларды пландалган натыйжалар менен салыштырууга мүмкүндүк берет.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору планда убактысы боюнча жана аткарылуу фактысы боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- натыйжалардын индикаторлору иш-аракет аяктагандан кийин же анын орто аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Ушул Типтүү методиканын алкагында, ошондой эле сандык жана сапаттык индикаторлор колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы бир нерсеге болгон канааттануу, кабыл алуу, мамиле кылуу даражасы түрүндө.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор иш жүзүндөгү көрсөткүчтүн пландык көрсөткүчкө катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландык маанилери бардык Фонддор үчүн бирдей болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун каражаттарынын белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык пайдаланылышы боюнча индикаторлордун тизмеги(*)
Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/пландык маани) * 100% |
Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100%) | Долбоорлордун жалпы санынын 26%ына мониторинг жүргүзүлгөн | 26 / 20 * 100% = 130% |
Фонддун иши жөнүндө маалыматты туруктуу негизде жарыялоо жана жаңылоо | Жылына кеминде 4 жолу (100%) | 1 жаңылоо | 1 / 4 * 100 = 25% |
Индикатордун орточо баасы |
|
| (130% + 25%) / 2 = 78% |
(*) Мисал.
§ 1. Фонддун каражаттарынын белгиленген эрежелер жана жол-жоболор боюнча пайдаланылышы
19. Индикаторлор өтүнмө ээлери тарабынан Фонддун дарегине берилүүчү долбоорлорду кабыл алуу, баалоо, бекитүү, каржылоо боюнча жол-жоболордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык келишин баалайт.
20. Сандык маанилерин, баалоо методдорун, маалымат булактарын, баалоонун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен Фонд тарабынан жол-жоболордун сакталышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 2-таблицада берилген.
21. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет.
2-таблица. Фонддун каражаттарынын белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык пайдаланылышы боюнча индикаторлорунун тизмеги
Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/пландык маани) * 100% |
Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100%) | Иш жүзүндө жүргүзүлгөн мониторингдик сапарлардын пландык мааниге карата үлүшү (%) |
|
Фонддун Байкоочу кеңешинин курамында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн болушу | Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санынын 30%ынан кем эмеси (100%) | Байкоочу кеңештин курамындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнүн иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
§ 2. Финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сактоо
22. Индикаторлор Фонддун жана долбоорду аткаруучулардын долбоордун Каржылоо планына жана Иш планына ылайык долбоорду каржылоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн жана жоопкерчилигин Каржылоо планына жана Долбоор боюнча иштин планына ылайык баалайт.
23. Финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 3-таблицада берилген.
3-таблица. Финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сактоонун индикаторлорунун тизмеги
Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/пландык маани) * 100% |
Экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн каржылоонун жалпы көлөмүнө карата катышын сактоо (Фонд экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча өз чечимдерин кантип аткарып жаткандыгын көрсөтөт) | Байкоочу кеңештин чечими менен экономикалык долбоорлорго бөлүнгөн каржылоонун көлөмү (50%) | Экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн иш жүзүндөгү мааниси (%) |
|
Иш жүзүндөгү сметасы пландык сметага дал келген долбоорлордун саны (смета боюнча чыгымдардын иш жүзүндөгү беренелери смета боюнча пландык чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш) | Макулдашылган смета менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Иш жүзүндө ишке ашырылган долбоорлордун сметадан четтөөлөрү болгон долбоорлордун жалпы санынан үлүшү (%) |
|
Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
§ 3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо
24. Индикаторлор бекитилген бюджеттердин алкагында аяктаган долбоорлордун максаттарына жана милдеттерине жетүүнү баалайт.
25. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору 4-таблицада берилген.
4-таблица. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугунун индикаторлору
Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/пландык маани) * 100% |
Аяктаган долбоорлордун саны (инфраструктуралык долбоорлор үчүн аяктоо болуп объектти эксплуатацияга киргизүү актысынын болушу, техника, жабдуулар үчүн муниципалдык мүлктүн реестрине киргизүү саналат) | Учурдагы жылга Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Иш жүзүндө аяктаган долбоорлордун саны |
|
Бардык пландалган индикаторлорго жетишилген долбоорлордун саны (мисалы: "Футбол боюнча секцияны уюштуруу" долбоорунда 2 жумуш орду түзүлөрү жана 25 бала футбол менен машыга тургандыгы көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө 3 жумуш орду түзүлгөн жана 30 бала машыгууда. Долбоор өз максатына жеткен) | Бардык ишке ашырылган долбоорлордун санын көрсөтүү (100%) | Билдирилген максаттарга жетишилген долбоорлордун санын, индикаторлорун көрсөтүү |
|
Акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасы. (Сапаттык индикаторлорго МБ жүргүзүү методикасы ушул Типтүү методиканын 2-тиркемесинде берилген) | Орточо баалоо 3,5 баллдан төмөн эмес (100%) | Анкетанын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү баалоо |
|
Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
§ 4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо
26. Индикаторлор бюджеттик мыйзамдардын ченемдерин, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун сактоого карата Фонддордун жана долбоорлорду аткаруучулардын каражаттарды пайдалануу боюнча жоопкерчилигин жана максатка ылайыктуулугун баалайт, 5-таблица.
5-таблица. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо индикаторлору
Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/пландык маани) * 100% |
Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын өткөн жылдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар аныкталбаган долбоорлордун саны | Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100%) | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери бар долбоорлордун санын көрсөтүү |
|
Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын өткөн жылдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар аныкталган долбоорлордун саны | Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100%) | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүү органдарынын сын пикирлери аныкталган долбоорлордун санын көрсөтүү |
|
Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
4-глава. Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө статистикалык маалымат
27. Фонддун аткаруу органы жылына 1ден кем эмес жолу отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө статистикалык маалыматты экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Статистикалык маалыматтардын тизмеги ушул Типтүү методиканын 3-тиркемесинде берилген.
5-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча отчеттор
28. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары отчет түрүндө таризделет, мында мониторингдин натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат. Мониторинг жүргүзүү тобунун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына 2ден кем эмес жолу угулат.
Фонддун аткаруу органынын мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча отчету ар жылдык негизде отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Отчеттун сунушталган форматы ушул Типтүү методиканын 4-тиркемесинде берилген.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларын визуалдаштыруу үчүн Exel программасынын негизинде "желекче диаграммасын" колдонуу сунушталат.
6-таблица. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары(*)
Индикаторлор тобунун аталышы | Индикаторлорду орточо баалоо |
Фонддун каражаттарынын белгиленген эрежелер жана жол-жоболор боюнча пайдаланылышы | 76% |
Финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сактоо | 85% |
Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | 64% |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | 100% |
(*) Мисал.
|
| Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикага 1-тиркеме |
Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо ПЛАНЫ
№ | Индикатордун аталышы | Пландык көрсөткүч | Иш жүзүндөгү көрсөткүч | МБ методу | Маалымат булагы | МБ жүргүзүү мезгили | Жооптуу адам |
1. Фонддун каражаттарын белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык пайдалануу | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Долбоорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикага 2-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин натыйжалуулугун баалоонун сапаттык индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо МЕТОДИКАСЫ
1. Методика ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу деңгээлине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Баалоо анкеталоо методу менен жүргүзүлөт. Анкеталар сурамжылоонун катышуучуларына электрондук почта, мобилдик телефон, WhatsApp боюнча электрондук билдирүү аркылуу жиберилет.
3. Баалоо учурдагы жылдан кийинки жылдын январынан тартып февралына чейинки мезгилде жүргүзүлөт. Баалоо боюнча маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-мартына чейин даяр болууга жана финалдык отчетко киргизилүүгө тийиш.
4. Фонддордун аткаруу органдарына баалоо жүргүзүү үчүн сурамжылоолорду жүргүзүү жана отчетторду даярдоо тажрыйбасы бар көз карандысыз компанияны жалдоо сунушталат. Компаниянын ишин каржылоо Фонддун бюджетинен консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун алкагында же эл аралык донор уюмдардын колдоосунун эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасын баалоо:
1) отчеттук жылы ишке ашырылган долбоорлордун тизмегинен 30% долбоор тандалып алынат, тандалган долбоорлордун ичинен экономикалык долбоорлор 20%дан кем эмес болууга тийиш (долбоорлор кокустан тандоо принциби боюнча тандалат, чүчү кулак колдонууга жол берилет);
2) ар бир долбоор боюнча байланыш маалыматтары менен бул долбоордон пайда алуучу 3-5 адам аныкталат. Жогоруда аталган адамдарды баалоо жүргүзүп жаткан компания кокустан тандоо методу менен аныктайт (анкета жүргүзүлө турган адамдардын тизмегинин кызыкдар жак катары долбоордун жетекчилиги тарабынан берилишине жол берилбейт);
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо анкетасы жөнөтүлөт (анкеталар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен адресаттарга жөнөтүлөт).
Таблица. Анкета
Суроолор | Катышуучунун жооптору | Балл (%) |
Сиз _______________ Регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган _________________ долбоорунун натыйжаларына канчалык канааттандыңыз | 5 балл Толук канааттандым. Долбоор мага олуттуу жардам берди | 100 |
4 балл Канааттандым. Долбоор жалпысынан коюлган милдеттерди аткарды | 80 | |
3 балл Азыраак деңгээлде канааттандым. Долбоордун ишинде айрым кемчиликтер бар | 40 | |
2 балл Долбоордун ишине канааттанган жокмун. Долбоор коюлган максаттарына жеткен жок | 0 |
4) анкеталарга жооптор келип түшкөндүгүнө жараша Excel таблицаларында белгиленет (жооптор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбеген мөөнөттө кабыл алынат);
5) анкетага жоопторду кабыл алуу аяктагандан кийин ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасынын индикаторун баалоонун орточо мааниси төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (% менен),
ΣOi - бардык алынган жооптордун салмагынын суммасы (% менен),
Na - анкетага алынган жооптордун саны.
Excel таблицасын колдонуунун мисалы:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Балл (%) |
1 | 3 | 40 |
2 | 3 | 40 |
3 | 5 | 100 |
4 | 4 | 80 |
5 | 3 | 40 |
Индикатордун орточо мааниси | 60 | |
|
| Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикага 3-тиркеме |
Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТ
1-таблица. Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө жыйынды маалымат
№ | Долбоорлордун түрлөрү | Ушул жылы бекитилген долбоорлордун саны | Каржылоонун бекитилген көлөмү (млн. сом) | Учурдагы жылда ишке ашырылган долбоорлордун саны | Өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Кийинки жылга өтүүчү долбоорлордун саны | Өтүүчү каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Учурдагы жылда түзүлгөн жумуш орундарынын саны |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||||
1 | Билим берүү |
|
|
|
|
|
|
|
| Мектептер |
|
|
|
|
|
|
|
| Бала бакчалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
|
|
|
|
| ФАПтар |
|
|
|
|
|
|
|
| ҮМБ |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Маданият |
|
|
|
|
|
|
|
| Маданият үйлөрү/кинотеатрлар |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Спорт |
|
|
|
|
|
|
|
| Спорт комплекстери/аянтчалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Социалдык коргоо |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Турак жай-коммуналдык чарба |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Өзгөчө кырдаалдар |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
9 | Ишкердик |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулмалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
Экономикалык долбоорлор | ||||||||
1 | Кредит алган долбоорлор |
|
|
|
|
|
|
|
| Айыл чарбасы |
|
|
|
|
|
|
|
| Өнөр жай |
|
|
|
|
|
|
|
| Кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица Фонддордун аткаруу органдары тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун сыпаттамасы
№ | Долбоордун өтүнмө ээсинин аталышы | Долбоордун кыскача сыпаттамасы | Фонддун каражаттарынын эсебинен пландалган каржылоо | Фонддун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө каржылоо | Түзүлгөн жумуш орундарынын саны | Долбоордун статусу (аяктаган, аяктаган эмес, башталган эмес) |
1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||
Билим берүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Саламаттык сактоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Маданият | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Спорт | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Социалдык коргоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мамлекеттик муниципалдык башкаруу | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Турак жай-коммуналдык чарба | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өзгөчө кырдаалдар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишкердик үчүн шарттарды түзүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкалар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Экономикалык долбоорлор | ||||||
Кредит алган долбоорлор | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методикага 4-тиркеме |
Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ОТЧЕТТУН ФОРМАСЫ
1. Жалпы маалымат (1 беттен ашык эмес):
- Фонд жөнүндө маалымат;
- бюджет боюнча пландык көрсөткүчтөр;
- Фондду каржылоо булактары: ишканалар (жер казынасын пайдалануучулар), республикалык бюджеттин каражаттары, атайын каражаттар;
- келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы саны жана алардын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.
2. Фонддун каражаттарынын пайдаланылышынын оң натыйжаларын талдоо (2 беттен ашык эмес)
Фонд тарабынан үстүбүздөгү жылы кандай ийгиликтерге жетишилгендигин көрсөтүү. Ийгиликтүү долбоорлорду мисал келтирүү. Инновацияларды, жаңы технологияларды колдонгон, ошондой эле бүткүл регионго таасирин тийгизген долбоорлорго басым жасоо.
3. Көйгөйлүү маселелерди талдоо
Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоодо кандай көйгөйлөргө туш болгонун көрсөтүү. Кайсы маселелерди чечүүгө мүмкүн болгонун көрсөтүү.
Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жана келип чыккан көйгөйлүү маселелерди чечүү бөлүгүндө сунуштамалардын жана суроо-талаптардын тизмегин берүү.
4. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары
МБнын натыйжалары индикаторлордун түрлөрү боюнча төмөнкүдөй берилет:
1) финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын сактоо;
2) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча Типтүү методикада берилген толтурулган көрсөткүчтөрү менен таблицалар көрсөтүлөт.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча алынган маалыматтарга талдоо берилет. Ийгиликтердин жана терс учурлардын себептери көрсөтүлөт.
МБнын натыйжалары "желекче" диаграммасы түрүндө берилет.
5. МБнын натыйжалары боюнча тыянактар жана сунуштамалар
МБнын натыйжалары боюнча Фонддун аткаруу органы өз ишине өз алдынча объективдүү баа берет. Фонддун аткаруу органы талдоонун натыйжалары боюнча Фонддун каражаттарынын пайдаланылышын жакшыртуу үчүн пландалган түзөтүүчү иш-аракеттердин тизмегин берет.