Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 574 токтомуна) |
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
I. Киришүү
Айыл чарба продукциясынын рыногун туруктуу өнүктүрүү ички рыноктун керектөөлөрүн азык-түлүк товарларынын негизги түрлөрү менен кыйла толук камсыз кылууда жана тышкы рыноктордо айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын жогорулатууда сезилет.
Өлкөнүн калкын сапаттуу негизги социалдык маанилүү тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу жана республиканын агроөнөр жай комплексинин продуктуларын тышкы рынокторго экспорттоону уюштуруу өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоодо маанилүү ролду ойногон соода-логистикалык борборлорду түзүүсүз жана өнүктүрүүсүз мүмкүн эмес.
Соода-логистикалык борборлор - бул агроөнөр жай комплексинин продуктуларын кабыл алуу, кайра иштетүү, таңгактоо, маркалоо, сертификаттоо, кампага жыюу, сактоо, ташуу, ошондой эле даяр продукцияны андан ары коммерциялык негизде ички жана тышкы сатуу рынокторуна жеткирүү үчүн транспорттук, логистикалык кызматтарды жана транзит боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча атайын өнөр жай объекттери.
Соода-логистикалык борборлордун өнүккөн системасы агроөнөр жай комплексинин продукциясын жеткирүү чынжырын кыскартат, товардык агымдарды оптималдаштырат, жеткирүүлөрдүн бир жерден экинчи жерге тез жеткирилишин жогорулатат, айыл чарба продукциясын сатып алуу менен керектөөчүгө даяр продукцияны кыйла аз финансылык чыгымдар менен жеткирүүнүн ортосундагы убакыт аралыгын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет, материалдык запастардын кескин кыскарышына өбөлгө түзөт, маалымат алуу процессин тездетет, сервистин деңгээлин жогорулатат.
Логистикалык борборлорду логистикалык тармактарга туура бириктирүүдө гана товардык агымдарды оптималдуу уюштуруу үчүн максималдуу натыйжага жетүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 321 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программа (мындан ары - 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программа) негизинен максатына жана милдеттерине жетти.
Ошону менен бирге экономиканын агроөнөр жай секторунда продуктуларды кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рынокторуна сатууда дагы эле көйгөйлөр бар.
Республикада логистикалык системанын жетишсиз өнүгүшү; эл аралык стандарттарга жооп берген ири заманбап соода-логистикалык борборлордун, жашылча-жемиш сактоочу жайлардын жоктугу; логистика системалары үчүн чийки зат базасынын жетишсиздиги; ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн начардыгы; логистиканы өнүктүрүүгө түз жана жеке инвестициялык каражаттарды жетишсиз тартуу; ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды жетишсиз өнүктүрүү; логистика системасында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги республикада логистика системасынын андан ары өнүгүүсүн кармап жатат.
Жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү четтетүү жана чечүү максатында, ошондой эле республикада соода-логистикалык системасын түзүү аркылуу өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемеси менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын 324-пунктуна ылайык ушул программа иштелип чыккан.
Келечекте соода-логистикалык борборлордун ишинде натыйжалуу заманбап логистикалык механизмди түзүү аркылуу экономиканын агроөнөр жай секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу күтүлүүдө, ал минималдуу чыгымдар менен өлкөнүн масштабында экономиканын өсүшүн камсыз кылат.
II. Учурдагы кырдаалды баалоо
Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган. Анда айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн кирешени өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчүлөрдүн жана соода-логистикалык уюмдардын ортосунда адилет бөлүштүрүү көйгөйү чечилбеген бойдон калгандыгы белгиленген.
Айылдык товар өндүрүүчүлөр ички жана тышкы рыноктордо суроо-талапты жана сунушту билбегендиктен, логистикалык системалардын жана сактоочу жайлардын жетишсиздигинен өз продукциясын сатууда олуттуу жоготууларга дуушар болот. Продукция айылдык товар өндурүүчүлөр тарабынан ортомчулук кылган юридикалык жана жеке жактарга минималдуу баа боюнча сатылат. Бул жагдай айылдык товар өндүрүүчүлөрдү өнүктүрүү үчүн жетиштүү финансылык ресурстарды алуудан гана чектебестен, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн экономикалык мотивдеринен да ажыратат.
Агроазык-түлүк рыногунун иштешин талдоо азыркы учурда анын инфраструктурасы өз өнүгүүсүнүн уюшулбаган жана начар жөнгө салынган стадиясында турганын көрсөттү. Айыл чарба өндүрүшүнүн продуктулары менен логистикалык кызмат көрсөтүү рыногу соода-логистикалык борборлор жана кампа уюмдары тарабынан начар көрсөтүлгөн.
Азыркы учурда республикада соода-сатып алуу операциялары, ошондой эле өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуу башаламан ишке ашырылууда, негизинен өстүрүлгөн продукция ири, орто жана майда ачык типтеги базарларда сатылууда. Бул базарларда экспресс анализдерди жүргүзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар жок. Эт жана жашылча павильондорунда жана тамак-аш азыктары интенсивдүү сатылган дүкөнчөлөрдө гигиена жана санитардык талаптар сакталбайт.
Продукцияны сатуу, өндүрүүчүлөрдүн жана сатып алуучулардын кызыкчылыктарын коргоо менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн багыттарынын бири болуп республиканын аймагында соода-логистикалык борборлордун тармагын түзүү саналат. Мындан сырткары соода-логистикалык борборлордун заманбап тармагын өнүктүрүү зарылдыгы өлкөнүн калкын сапаттуу тамак-аш азыкгары менен камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба продукциясын андан ары экспортко сатуу менен байланышкан.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында соода-логистикалык борборлордун саны 27 бирдикти түзөт, анын ичинде Баткен облусунда - 4, Жалал-Абадда - 11, Ысык-Көлдө - 1, Нарында - 1, Ошто - 3, Таласта -1, Чүйдө - 6.
1. Баткен облусунда 4 логистикалык борбор иштейт, анын ичинде:
- Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Таш-Коргон айлындагы логистикалык борбор, ал "ЮСАИД" долбоорунун колдоосунда "Агропродукт Азия" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) тарабынан курулган. Сметалык наркы - 9,0 млн. сом, заводдун кубаттуулугу - сезондук, жылына 500,0 тоннага чейин жемиштерди (алма, шабдалы, алча) сактайт. 15 жумуш орду түзүлгөн. Сатуу рыногу - ички рынок, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы;
- Кадамжай районунун Халмион айылындагы логистикалык борбор, сыйымдуулугу 400 тонна, аянты 300 кв.м Сметалык наркы - 125,0 миң АКШ доллары. 12 жумуш орду түзүлгөн. Логистикалык борбордун аймагында жемиштер сакталат. Сатуу рыногу - ички;
- Кадамжай районунун Абсамат Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айлындагы логистикалык борбор, алма, шабдалы, алча сактоо үчүн сыйымдуулугу 500,0 тонна. 10 жумуш орду түзүлгөн. Сатуу рыногу - Россия Федерациясы;
- Кадамжай районунун Абсамат Масалиев айыл аймагынын Халмион айылындагы "Галаба" айыл чарба кооперативинин базасындагы логистикалык борбор, айылындагы алма, шабдалы, алча сактоо үчүн сыйымдуулугу 400,0 тонна. 5 жумуш орду түзүлгөн. Сатуу рыногу - Россия Федерациясы.
2. Жалал-Абад облусунда 11 логистикалык борбор иштейт, анын ичинде:
- Ноокен районунун Бурганды айыл аймагынын Ууру-Жар айылындагы логистикалык борбор. Өздүк каражаттардын эсебинен 2 га аянтка күнөскана, 500,0 жана сыйымдуулугу 1000,0 тонна муздатып сактоочу жай курулган. 10 жумуш орду түзүлгөн. Салынган инвестициялардын суммасы - 25,0 млн. сом;
- Ноокен районунун Масы айыл аймагынын Масы айылындагы "Рустамбек" жеке ишканасы (мындан ары - ЖИ) логистикалык борбору. Аймактын аянты 441 кв.м түзөт. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун эсебинен 13,2 млн. сом суммасына сатып алынган 1000,0 тоннага чейинки көлөмүндөгү муздатып сактоочу жай бар. 10 жумуш орду түзүлгөн;
- Жалал-Абад шаарындагы жашылча-жемиштерди сактоочу "3. Толубаев" ЖИ логистикалык борбору. Логистикалык борбор 1,0 млн. сом суммасындагы өздүк каражаттардын эсебинен түзүлгөн. Сыйымдуулугу жылына - 200,0 тонна. 10 жумуш орду түзүлгөн;
- Жалал-Абад шаарындагы жашылча-жемиштерди сактоочу "Г. Эргешова" ЖИ логистикалык борбору, сыйымдуулугу жылына 400,0 тонна. Логистикалык борбор 1,0 млн. сом суммасындагы өздүк каражаттардын эсебинен түзүлгөн;
- Ноокен районунун Бурганды айылындагы жашылча сактоочу логистикалык борбор ("Агрогрупп" кооперативи). Сыйымдуулугу - жылына 1000,0 тонна, аймактын аянты 8,0 га. 49,0 млн. сом суммасына жабдуулар сатылып алынган, салынган инвестициялардын суммасы 10 млн. евро. 60 жумуш орду түзүлгөн;
- Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселоктогу "Дыйкан Ордо" соода-логистикалык борбору. Сактоо көлөмү жылына - 100,0 тоннадан ашык. 4,35 млн. сом суммасында инвестиция тартылган. 10 жумуш орду түзүлгөн;
- Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы логистикалык борбор. Долбоордун наркы - 21,0 млн. сом. Логистикалык борбордун сактоо көлөмү - жылына 150,0 тоннага чейин (кургатылган жемиштерди жана жемиштерди сактоо, кайра иштетүү). Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 7,8 млн. сом суммасында каржыланган, 25 жумуш орду түзүлгөн;
- Ноокен районунун Бурганды айыл аймагындагы 017 программасынын жана "Соода борбору" кооперативинин колдоосунда курулган соода-логистикалык борбор (кооперативдин мүчөлөрү - 183 фермер, аянты - 143 га), сыйымдуулугу жылына 120,0 тонна соода-логистикалык борбор экспулатациялоого киргизилген (долбоордун сметалык наркы 75,0 миң АКШ доллары). Бүгүнкү күндө кампа жайлары курулган, жабдуулар сатылып алынган жана кызматтар көрсөтүлүүдө. 10 жумуш орду түзүлгөн;
- Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын Жаңы-Абад айылындагы "Халмырзаев Баймырза" ЖИ ("Ак Тулпар-А" ЖЧК) логистикалык борбору. Өздүк каражаттардын эсебинен жылына 100,0 тонна көлөмдөгү муздатып сактоочу жай курулган. 6 жумуш орду түзүлгөн. Салынган инвестициялардын суммасы 4,1 млн. сомду түзөт;
- Ала-Бука районунун Ызар айылындагы "Бай Дыйкан Ала-Бука" айыл чарба кооперативинин базасында түзүлгөн логистикалык борбор. Сактоо көлөмү - жылына 300,0 тонна, 10 жумуш орду түзүлгөн. 110,0 миң АКШ доллары суммасында Ага Хан Фондунун инвестициялык каражаттары тартылган. Сатуу рыногу - ички;
- Токтогул районундагы соода-логистикалык борбор. Сактоо көлөмү - 1000,0 тонна, салынган инвестициялык каражаттардын суммасы - 200,0 миң АКШ доллары. Аянты 2,0 га жер участогу бөлүнгөн, 60 жумуш орду түзүлгөн. Продукцияны сатуу рыногу - Өзбекстан Республикасы, араб өлкөлөрү.
3. Ысык-Көл облусунда Балыкчы шаарындагы 1 соода-логистикалык борбор иштейт, ал "Оберон" ЖЧК тарабынан 2,0 га аянтка курулган (газ чөйрөсү менен жөнгө салынуучу өндүрүштүк муздаткыч кампа- жемиш сактоочу жай), сыйымдуулугу 2400,0 тонна. Сезон учурунда иштеген жумушчулардын саны 30га чейин адамды түзөт. Компания өлкөдө биринчи болуп жемишти 270 күнгө чейин сапаттык мүнөздөмөлөрүн жоготпостон сактоого мүмкүнчүлүк берген жемиштерди сактоочу ULO (РГО) системасын ишке киргизген. Бул технология Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда бир жыл бою жаңы бышкан жемиштерди дүң сатууну жүзөгө ашыруу үчүн атаандаштардын алдында чоң артыкчылык берет.
4. Нарын облусунда Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы картошка сактоочу "Семенной картофель" логистикалык борбору иштейт. Аянты - 1000 кв.м, сактоо көлөмү - жылына 2200,0 тонна. Логистикалык борбор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун көмөгү менен курулган, ал электр менен жылытылуучу ангарды курууга 10000,0 миң сом суммасында инвестиция салган.
5. Ош облусунда 3 логистикалык борбор иштейт, анын ичинде:
- Араван районунун А.Анаров атындагы айыл аймагында -аянты 6 сотук логистикалык борбор, сыйымдуулугу жылына 500,0 тонна, жеке инвестициялар 2,7 млн. сомду түзөт. Сатуу рыногу - ички рынок жана Россия Федерациясынын рыногу;
- Араван районунун Чек-Абад айыл аймагында - аянты 8 сотук соода-логистикалык борбор, наркы - 100,0 миң АКШ доллары, сактоо көлөмү - жылына 1300,0 тонна. 8,5 млн. сом суммасында жеке инвестициялар салынган. Сатуу рыногу - ички жана КМШ өлкөлөрүнүн рыногу;
- Кара-Суу районунда - жашылча-жемиштерди сактоочу, таңгактоочу, сорттоочу жана кургатуучу "Туран групп" ЖЧК, сыйымдуулугу жылына 1000,0 тонна. 0,8 млн. АКШ доллары суммасында жеке инвестициялар салынган. 15 жумуш орду түзүлгөн. Сатуу рыногу - ички жана Россия Федерациясынын, Кытай Эл Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын рыноктору.
6. Талас облусунда Айтматов районунун Аманбаев айылындагы 1 соода-логистикалык борбор иштейт. Соода-логистикалык борборду куруу үчүн (сезондо 200,0 тонна мөмө-жемишти сактоо үчүн вакуумдук муздаткыч) Талас облусун өнүктүрүү фондунун 12,9 млн. сом суммасындагы каражаттары бөлүнгөн. Азыркы учурда курулушу аяктаган жана эксплуатациялоого берилген. 15 жумуш орду түзүлгөн.
7. Чүй облусунда 6 логистикалык борбор иштейт, анын ичинде:
- Сокулук районунда айыл чарба продукциясын сактоочу жана кайра иштетүүчү "Агропродукт Азия" ЖЧК логистикалык комплекси. Өндүрүштүк кубаттуулугу - 3500,0 тонна. Жумушчулардын саны 30 адам. Салынган инвестициялардын суммасы - 125,0 млн. сом;
- Москва районунун Ак-Суу айылында жашылчаларды (картошка, сабиз, капуста, пияз, кызылча) жуу, сорттоо жана таңгактоо үчүн линиясы менен "Кыргызцентрпродукт" ЖЧК логистикалык борбору. Өндүрүштүк кубаттуулугу - 4200 тонна, менчигинде аянты 2,9 га жер участогу бар. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан алынган кредиттин суммасы 2,3 млн. АКШ долларын түздү. 20 жумуш орду түзүлгөн;
- Россия Федерациясынын финасылык жана Тармактык тамактануу институтунун (SIFI, РФ) техникалык көмөктөшүүсү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан жүзөгө ашырылган "Кавказдын жана Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана тамактанууну жакшыртуу боюнча потенциалды өстүрүү" долбоорунун алкагында Кемин районунун Кемин шаарында логистикалык борбор ишке киргизилди. Бул долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү 110,0 миң АКШ долларын түздү, 5 жумуш орду түзүлдү. Сатуу рыногу - ички рыноктор жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү;
- Москва районунун Ак-Суу айылында "Дан Агропродукт" ЖЧК логистикалык борбору. Капиталдык салымдардын суммасы 120,0 млн. сомду түздү, 105,0 млн. сомго жабдуулар сатып алынды. Борбордун курулушу 30,0 млн. сом суммасына бүткөрүлдү. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 15,0 миң тонна, багыты - жашылчаларды сактоо. Жашылчаларды сатуу рыногу - жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр. Жер участогунун аянты 5,5 га түзөт. Иштин негизги түрү - жасмыкты, төө буурчакты калибрлөө, сорттоо жана таңгактоо. 100 жумуш орду түзүлдү. Жасмыкты, төө буурчакты сатуу рыногу - ички рыноктор жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү;
- Москва районунда 2020-жылы томат пастасын өндүрүү жана жашылчаларды консервациялоо боюнча "Дар Земли" ЖЧК логистикалык борбору эксплуатацияга берилди, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1500,0 тонна консервацияланган жашылчаларды жана 700 тонна томат пастасын өндүрөт. Сатуу рыногу - Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы. Жумуш орундарынын саны - 80. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 835,0 миң АКШ доллары суммасында инвестиция тартылган, анын ичинде жабдууларды сатып алуу 335,0 миң АКШ долларын түздү;
- Аламүдүн районунда (Лебединовка айылы) 0,4 гектар аянтта өндүрүштүк кубаттуулугу 40,0 тоннаны түзгөн жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн сактоочу логистикалык борбор иштей, 39,5 млн. сом (жеке инвестициялык каражат) салынган, 25 жумуш орду түзүлгөн. Продукцияны сатуу рыногу - Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы.
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу мезгилинде соода-логистикалык борборлор тарабынан 31,7 млн. сом суммасында айыл чарба продукциясынын экспорту жүзөгө ашырылган, 2018-жылга салыштырмалуу 76,1% көбөйгөн.
Соода-логистикалык борборлордун продукцияларын экспорттоонун үлүшү өлкөнүн экспортунда 9,2% түздү.
Агроөнөр жай комплексин стимулдаштыруу жана өнүктүрүү максатында 2022-2023-жылдар мезгилинде "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун линиясы боюнча агроөнөр жай кластерлерине жеңилдетилген кредиттер берилди. Республикалык бюджеттен агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүүгө 17,0 млрд. сом бөлүү каралган. Аталган долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча 2022-2023-жылдар мезгилинде иш жүзүндө 5286,5 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредиттик каражаттар бөлүнгөн. 5 соода-логистикалык борбор бул долбоорду ишке ашырууга агрегатор катары тартылган, алардын ичинен эки агрегаторго жалпы 190,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредиттик каражаттар бөлүнгөн. Учурда долбоорду ишке ашыруу улантылууда.
III. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу мезгилинде соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, анын натыйжасында 25 соода-логистикалык борбор түзүлдү. Бул мезгилде түзүлгөн логистикалык объекттерде негизинен айыл чарба продукциясын кабыл алуу, сактоо жана сатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке киргизүү жана ишке ашыруу менен 2022-жылдан тартып республиканын логистикалык системасын жеңилдетилген кредиттөө ишке ашырылууда, анын натыйжасында республикада логистикалык системанын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча оң тенденция белгиленген.
Соода-логистикалык борборлор агроөнөр жай комплексинде кластердик өндүрүштүн агрегаторлору деп аныкталып жана кластердик бирикмелердин толук укуктуу катышуучулары болгондон бери алар тарабынан айыл чарба продукциясын кабыл алуу, сорттоо, таңгактоо, маркалоо, сертификаттоо, сактоо, ташуу жана сатуу процесстери өнүгүүдө. Жаңы жумуш орундары түзүлүүдө.
Ошону менен бирге экономиканын агроөнөр жай секторунда продукттарды кайра иштетүү, сактоо, ташуу, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рынокторуна сатууда дагы эле көйгөйлөр бар.
Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө логистиканы өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикада логистикалык системаны узак мөөнөттүү, концептуалдык жана келечектүү өнүктүрүү пландарынын жоктугу (иштеп жаткан соода-логистикалык борборлор негизинен сактоо функциясын аткарат);
- логистикалык системаны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программаларынын жана өнүктүрүүгө республикалык бюджетте финансы каражаттарынын жоктугу, инвестицияларды жетишсиз тартуу;
- соода-логистикалык борборлор, алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талапты баалоо жана алардын ишинин көрсөткүчтөрүн болжолдоо тууралуу так маалыматтын жоктугу (көптөгөн өндүрүүчүлөр продукцияны ташып келип, сактоого калтырышып, андан кийин өз алдынча сатуу рынокторун табууга аракет кылышат);
- логистикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өнүкпөгөндүгү;
- логистикалык системада квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги;
- региондордун деңгээлинде логистиканы өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоонун жоктугу;
- административдик тоскоолдуктар (логистика объекттерин курууга уруксатты жана уруксат берүүчү документтерди берүүдөгү бюрократия, фискалдык жана укук коргоо огандары тарабынан негизсиз текшерүүлөр).
Региондордо логистикалык системаны өнүктүрүүнүн учурдагы негизги көйгөйлөрү:
- айыл чарба өндүрүшүнүн майда товардуулугу жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторунда айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн начардыгы;
- эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берген ири, заманбап соода-логистикалык борборлордун жоктугу;
- республиканын региондорунда керектүү сандагы соода-логистикалык борборлордун жоктугу;
- айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго чыгаруудагы кыйынчылыктар;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу үчүн бизнес-пландарды сапатсыз түзүү жана/же жоктугу;
- соода-логистикалык борборлордо айыл чарба продукциясынын сапатын аныктоо үчүн фитосанитардык коопсуздук боюнча аккредиттелген лабораториялардын жоктугу;
- соода-логистикалык борборлордун объекттерин куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдөгү, которуудагы (трансформациялоодогу) жана бөлүүдөгү кыйынчылыктар жана бюрократиялык тоскоолдуктар;
- укук белгилөөчү, укук күбөлөндүрүүчү документтерди жана юридикалык мүнөздөгү башка документтерди тариздөөдөгү жана алуудагы кыйынчылыктар;
- айыл чарба өндүрүшүнүн продукттарын маркалоо, таңгактоо, калибрлөө сапатындагы кемчиликтер.
IV. Агроөнөр жай комплексинде соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча максаттар, артыкчылыктар, милдеттер, чаралар
1. Ушул Программанын максаты Кыргыз Республикасында соода-логистикалык системасын түзүү жана өнүктүрүү аркылуу алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу жолу менен айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо болуп саналат.
2. Ушул Программада белгиленген максаттар төмөнкү артыкчылыктарды өнүктүрүү аркылуу ишке ашат:
1-артыкчылык. Эл аралык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү аркылуу тышкы рыноктордо ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу.
2-артыкчылык. Региондук соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө продукцияны сатууда жагымдуу шарттарды түзүү.
3. Артыкчылыктуу багыттарды андан ары өнүктүрүү үчүн бир катар милдеттерди чечүү зарыл, алардын негизгилери:
1) 1-артыкчылык боюнча:
1-милдет. Эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берген соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү.
2-милдет. Соода-логистикалык системасынын катышуучуларынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
2) 2-артыкчылык боюнча:
1-милдет. Региондун адистешүүсүн эске алуу менен соода-логистикалык борборлорду жана сактоочу жайларды өнүктүрүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
2-милдет. Бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн айыл чарба продукциясынын товар өндүрүүчүлөрү менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү.
3-милдет. Соода-логистикалык борборлорду, айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды куруу үчүн жер участокторун аныктоо, бөлүп берүү, которуу (трансформациялоо) жана бөлүү.
4-милдет. Республиканын ар бир районунда этап-этабы менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сактоо жана жеткирүү боюнча кызматтардын толук спектрин көрсөтүү, айыл чарба продукцияларын ички жана тышкы рынокторго сатуу үчүн тийиштүү кубаттуулуктагы жана сактоо көлөмдөгү соода-логистикалык борборлорду, сактоочу жайларды куруу.
5-милдет. Кошумча жумуш орундарын түзүү.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттер төмөнкү чараларды ишке ашыруу менен жүзөгө ашырылат:
1) 1-артыкчылыктын 1-милдети боюнча:
- республиканын түндүгүндө жана түштүгүндө ири, заманбап эл аралык соода-логистикалык борборлорду куруу;
- токтоп турган тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар, соода-логистикалык борборлор үчүн сактоочу жайларды калыбына келтирүү, реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- соода-логистикалык системасынын заманбап инфраструктурасын түзүү үчүн түз инвестициялык каражаттарды тартуу;
- айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго экспорттук жеткирүүнү уюштуруу;
2) 1-артыкчылыктын 2-милдети боюнча:
- логистика чөйрөсүндө менеджмент жана бизнес жүргүзүү боюнча конференцияларды, семинарларды, окууларды, тренингдерди жана консультацияларды уюштуруу;
- соода-логистикалык системасынын катышуучуларынын билимин жана маалымдуулугун жогорулатуу үчүн логистика чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоо боюнча чараларды көрүү;
3) 2-артыкчылыктын 1-милдети боюнча:
- айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ресурстарын жана объекттерин жана логистикалык системаларын рационалдуу жайгаштырууну эске алуу менен региондорду адистештирүүнү иштеп чыгуу;
- соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча региондук программаларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
4) 2-артыкчылыктын 2-милдети боюнча:
- кластердик өндүрүштү уюштуруу боюнча кластердик бирикмелерди уюштуруунун негизинде айылдык товар өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты уюштуруу;
- келишимдик милдеттенмелердин негизинде "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу жана акырындык менен "Коммерциялык банк - соода-логистикалык борбор - айыл чарба субъекти" принциби боюнча айыл чарба субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө;
3) 2-артыкчылыктын 3-милдети боюнча:
- соода-логистикалык борборлордун объекттерин куруу үчүн жер участокторун которууну (трансформациялоону) жүргүзүү;
- соода-логистикалык борборлордун объекттерин куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жана бөлүү;
4) 2-артыкчылыктын 4-милдети боюнча:
- региондордун адистешүүсүнө ылайык ар бир райондо соода-логистикалык борборлордун объекттерин жана сактоочу жайларды куруу;
- республиканын ички агроазык-түлүк рынокторуна айыл чарба продукцияларын сатууну уюштуруу;
5) 2-артыкчылыктын 5-милдети боюнча:
- соода-логистикалык борборлордо жаңы жумуш орундарын түзүү;
- соода-логистикалык борборлордун катышуучуларынын мотивациясын жогорулатуу.
V. Орто мөөнөттүү мезгилде соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү
Орто мөөнөттүү мезгилде (2024-2028-жылдар) эл аралык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча милдеттерди чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында региондордун адистешүүсүнө, тиешелүү кубаттуулугуна жана сактоо көлөмүнө жараша эл аралык талаптарга жооп берген 2 (эки) ири заманбап соода-логистикалык борборду этап-этабы менен куруу сунушталууда.
Мындан тышкары, 20 (жыйырма) региондук соода-логистикалык борборду этап-этабы менен куруу сунушталууда, бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сактоо жана жеткирүү, айыл чарба продукциясын ички жана тышкы рынокгорго сатуу боюнча кызматтардын толук спектрин камсыз кылат.
Бул чара кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана жалпысынан региондордун социалдык-экономикалык өсүүсүнө өбөлгө түзөт.
Соода-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр - бул логистика боюнча даярдалган жана жогорку квалификациялуу адистер тарабынан аткарылган айыл чарба продукциясын кабыл алуу, кайра иштетүү, таңгактоо, маркалоо, сертификаттоо, сактоо, ички жана тышкы рынокторго ташуу жана сатуу боюнча чаралардын комплекси экендигин белгилеп кетүү керек.
Ушуга байланыштуу айыл чарба продукциясынын чынжырларын, агымдарын башкаруу жана бир жерден экинчи жерге тез жеткирилишин, финансылык чыгымдарды кыскартуу жана соода-логистикалык борборлордун сервис деңгээлин жогорулатуу боюнча билими бар кадрларды даярдоо зарыл.
Соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында региондорду адистештирүүнү эске алуу менен сактоо жайларын өнүктүрүү региондук программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу практикасы артыкчылыктуу болууда. Ушуга байланыштуу айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ресурстарын жана объекттерин жана логистикалык системаларын региондордо рационалдуу жайгаштырууну эске алуу менен агроөнөр жай комплексин адистештирүүнү иштеп чыгуу зарыл болот.
Иштелип чыккан региондордо айыл чарба өндүрүшүн адистештирүүнүн негизинде соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынат.
Республикада логистикалык системаны өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп айылдык товар өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты уюштуруу саналат.
Бул багыттагы конструктивдүү чараларды уюштуруу агроөнөр жай комплексинде кластердик өндүрүштү уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча натыйжалуу жыйынтыктарды берет.
Кластердик өндүрүш ыкмасындагы соода-логистикалык борборлор кластердик бирикмелерде кыймылдаткыч күч болуп саналат жана бул системада агрегатор катары чыгышат.
Ушуга байланыштуу айылдык товар өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча келишимдик милдеттенмелердин негизинде "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун биргелешип ишке ашыруу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Мындан ары "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча айыл чарба субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү "Коммерциялык банк - соода-логистикалык борбор - айыл чарба субъекти" чынжырын сактоо менен түзүлүшү керек.
Жер участокторун аныктабай, бөлүп бербей, которбой (трансформациялабай), бөлбөй туруп, соода-логистикалык системасынын объекттерин куруу мүмкүн эмес.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бул маселени өз убагында, артыкчылыктуу шарттарда чечүүгө тийиш.
Орто мөөнөттүү мезгилде региондордун адистешүүсүнө жана соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн региондук программаларына ылайык ар бир райондо 20 соода-логистикалык борбордун курулушу жүзөгө ашырылууга тийиш. Бул объекттерде кошумча 597 жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Программага ылайык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү эки деңгээлде: эл аралык жана региондук деңгээлде уюштуруу болжолдонууда.
Эл аралык деңгээлде өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө 2 соода-логистикалык борборду түзүү белгиленүүдө, алар агроазык-түлүк продукциясын ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрүнө, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоого багытталган.
Түштүктөгү эл аралык соода-логистикалык борбор Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча жол картасынын алкагында түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосунда түзүлгөн Жол картага ылайык "Бай Талаа" соода-логистикалык борбору Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Көл участогунда курулат.
30000 кв метр аянтта мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, картошканы, этти кайра иштетүү жана сактоо боюнча 27 соода корпусун, 5000 кв. метр аянтта 6 товар сактоочу жайды, мал базарын, ветеринардык лабораторияны, карантиндик пунктту, мал союучу цехти, унаа токтотуучу жайды, кафе, мейманкана, кеңсе жана башка имараттарды куруу пландалууда.
Жашылча-жемиштерди сактоо көлөмү жылына 7000,0 тоннаны түзөт. Иштин түрү - мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоо, этти, терини, жүндү кайра иштетүү. Соода-логистикалык борборду түзүүнүн натыйжасында 1000ге чейин жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө.
Продукцияны сатуу рыногу - ички рынок (жашылча, эт жана башка продукттар, тирүү мал), тышкы - Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы (кайра иштетилген тери, жүн, картошка, жемиштер жана жашылчалар, эт, тирүү мал).
Соода-логистикалык борборду куруу үчүн аянты 20,0 га жер участогу тандалып, белгиленген тартипте которулган (трансформацияланган). Соода-логистикалык борбордун долбоордук документтери Өзбекстан Республикасы тарабынан даярдоо стадиясында.
Соода-логистикалык борбордун курулушу 90%га аяктады. 240,0 млн. сом суммасында жеке инвестициялар салынды. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) жана Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунан (ӨКӨФ) кошумча каржылоо күтүлүүдө.
Түндүктөгү эл аралык соода-логистикалык борбору Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын кызматташтыгынын алкагында 3000 тонна айыл чарба продукциясын сактоо көлөмү менен 40,0 га аянтта түзүлөт, 200 жумуш орду түзүлөт, продукция ЕАЭБ, ЕБ өлкөлөрүнө жана Түркияга жеткирилет. Салымдын алдын ала суммасы 300,0 млн. сомду түзөт.
Эл аралык борборлор экспорттоочу өлкөнүн чек арасына жакын аймакта, түндүгү - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында, Казакстан Республикасынын чек арасына жакыныраак, ал эми түштүгү -Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттерине жол тарткан Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагында жайгашат. Эки борбордун тең аэропортко жакын жана жанаша жайгашкан автожол жана темир жол магистралдары бар.
Өлкөнүн калкын облустарда жана райондордо айыл чарба продукциялары менен камсыздоо региондук соода-логистикалык борборлор тарабынан ишке ашырылат. Агроазык-түлүк рыногунун аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен республика боюнча 20 региондук соода-логистикалык борборду түзүү сунушталууда. Бул борборлор негизинен облустук жана райондук борборлордо жайгашат.
Региондук же экспорттук рынокко жөнөтүү үчүн айыл чарба продукциясын чогултуу, сорттоо, сактоо региондук же эл аралык соода-логистикалык борборлор аркылуу жүргүзүлөт. Алар айыл чарба продукциясын түздөн-түз айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алышат, топтойт, сорттойт, сактайт жана республиканын ички агроазык-түлүк рынокторун жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рынокторун системалуу түрдө камсыздайт.
Аймактык соода-логистикалык борборлорду түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечеги
2024-2028-жылдардын ичинде республикада 20 соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда.
1. Баткен облусунда - 3 бирдик, анын ичинде:
- Дүйнөлүк банктын 7,9 млн. евро (750,5 млн. сом) суммасындагы инвестициялык каражаттарына Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында - "Айдан Групп" ЖЧК тарабынан логистикалык борборду түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Курулуш үчүн 10,0 га аянттагы жер участогу бөлүнгөн. 25 жумуш орду түзүлөт;
- Дүйнөлүк банктын 2,9 млн. сом суммасындагы инвестициялык каражаттарына Кадамжай районунун Халмион айыл аймагЫнын Үч-Коргон токой чарбасында сактоо көлөмү 200,0 тонна болгон логистикалык борборду түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 5 жумуш орду түзүлөт. Учурда 1,0 га аянттагы жер участогун бөлүп берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
- Баткен районунун Кара-Бак айылында " Алыш-Дан" айыл чарба кооперативинин базасында "Тоо өнөктөштүгү" жеке фирмасынын 20,0 миң АКШ доллары суммасындагы финансылык каражатына жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (мындан ары - КӨИА) 20,0 миң АКШ доллары суммасындагы каражатына логистикалык борборду түзүү ишке ашырылууда. 10 жумуш орду түзүлөт.
2. Жалал-Абад облусунда - 4 бирдик, анын ичинде:
- Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - АӨБ) колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда агрологистикалык борборду (Agreefood Consulting International) куруу пландаштырылууда. "Айыл чарба продукциясынын заманбап дүң рыногун даярдоо долбоорунун" техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) даярдалды. Салымдын алдын ала суммасы 200,0 млн. сом. Азыркы учурда заманбап дүң рынокту жана агрологистикалык борборду даярдоо долбоорунун ТЭНи АӨБдүн кароосунда турат. Жер участогу Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак участогунда жайгашкан, участоктун өлчөмү 13,0 га, ал "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулган (трансформацияланган). 15 жумуш орду түзүлөт;
- Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Жаш-Ленин айылынын Айгыр-Жал участкасына "CASA-1000" долбоору боюнча 7,2 млн. сом суммасындагы инвестициялык каражатка кубаттуулугу 200,0 тонна болгон логистикалык борбордун курулушу башталды. 2,0 гектар жер участогу бөлүнүп, 10 жумуш орду түзүлөт;
- Кербен шаарында 400,0 тонна өсүмдүк продукциясын жана этти сактоого багытталган логистикалык борборду куруу пландаштырылууда. Бул долбоор Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылган (долбоордун наркы 1000,0 миң АКШ долларын түзөт). Логистикалык борборду куруу үчүн 2,0 га жер участогу бөлүнүп берилди жана которулду (трансформацияланды). 20 жумуш орду түзүлөт.
- Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Семет айылында 72,0 млн. сом суммасындагы жеке каражатка мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоо үчүн кубаттуулугу 200,0 тонна логистикалык борборду куруу пландаштырылууда, 1,0 га жер участогу бар. 20 жумуш орду түзүлөт.
3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында кубаттуулугу 500,0 тонна болгон соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда. Долбоордун демилгечиси "Тосор-Агро" ЖЧКсы болуп саналат. Долбоордун суммасы 536,0 миң АКШ долларын түзөт, анын ичинде 134,0 миң АКШ доллары өздүк каражаттар, 402,0 миң АКШ доллары суралган инвестициялык каражаттар. 3,0 га жер участогун бөлүп берүү талап кылынат, 5 жумуш ордун түзүү күтүлүүдө.
4. Нарын облусунда 3 бирдик соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда, анын ичинде:
- Кочкор районунун Кочкор айылында картошка сактоо боюнча "Кочкор-Логистика" логистикалык борбору. Ээлеген аянты 1,1 га, кубаттуулугу 2,0 миң тонна картошка. 10 жумуш орду түзүлөт;
- Кочкор районунун Кочкор айылында картошканы сактоо боюнча логистикалык борбор. Логистикалык борборду түзүү үчүн 12,0 га жер участогу бөлүнгөн жана которулган (трансформацияланган), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 591-т тескемесине ылайык республикалык бюджеттен 10,0 млн. сом суммасында финансы каражаты бөлүнгөн;
- Жумгал районунун Чаек айылында мөмө-жемиш продукциясын, картошканы сактоо боюнча логистикалык борбор. Логистикалык борборду түзүү үчүн 4,0 га өлчөмүндөгү жер участогу которулбастан (трансформацияланбастан) бөлүнгөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 591-т тескемесине ылайык республикалык бюджеттен 10,0 млн. сом суммасында финансы каражаты бөлүнгөн.
5. Ош облусунда 2 соода-логистикалык борборду куруу пландаштырылууда, анын ичинде:
- Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында кубаттуулугу 200,0 тонна мөмө-жемиш продукциясын сактоо үчүн логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда, 0,6 га жер участогу бөлүнүп, трансформацияланды, "САSА", "КӨИА" долбоорлорунун жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан 90,0 миң АКШ долларын бөлүп берүү каралууда. 5 жумуш орду түзүлөт;
- Ноокат районунун Исанов айыл аймагында кубаттуулугу 1200,0 тонна болгон мөмө-жемиш продукциясын сактоо үчүн логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда, 0,3 га өлчөмүндө жер участогун бөлүү каралууда, ЮСАИД, "КӨИА" долбоорлорунун жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан 141,0 млн. сом бөлүү каралган. 5 жумуш орду түзүлөт.
6. Талас облусунда этти жана жашылчаларды экспорттоого багытталган 3 соода-логистикалык борборду куруу пландаштырылууда, анын ичинде:
- Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында (долбоордун алдын ала баасы 7,5 млн. АКШ долларын түзөт) 2000,0 тонна сактоо көлөмү менен мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда, 3,0 га жер участогун бөлүү каралган. 15 жумуш орду түзүлөт;
- Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында (долбоордун алдын ала баасы 350,0 миң АКШ долларын түзөт) сактоо көлөмү 3500,0 тоннаны түзгөн жашылча жана жемиш сактоочу логистикалык борборду куруу пландаштырылууда, куруу үчүн 3,3 га жер тилкеси бар. 12 жумуш орду түзүлөт;
- Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагында 10,0 га жерге соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда. Бул долбоор "ДАУД-АС" ЖЧКсы менен Германиялык "Заатенберг Хендельс энд Консалтинг" компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Алар тарабынан айыл чарба чөйрөсүндө логистикалык ишти ишке ашыруу үчүн "Фольксман" ЖЧКсы түзүлгөн. Борбордун өндүрүштүк кубаттуулугу - сактоо көлөмү 200,0 тоннаны түзөт, 2,3 млн. АКШ доллары суммасында финансы каражаты тартылды.
7. Чүй облусунда 4 бирдик соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда, анын ичинде:
- Чүй облусунун Аламүдүн районунда 10,0 га аянтка көп функционалдуу логистикалык борборду куруу пландаштырылууда. Инвестициялык долбоор "Алканов Групп" компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Инвестициялык каражаттын жалпы суммасы 20,0 млн. АКШ долларын түзөт. 200 жумуш орду түзүлөт;
- Сокулук районунун Сокулук айыл аймагында 10,0 га аянтка индустриалдык логистикалык борборду куруу пландаштырылууда. Сауд Аравия Королдугунун 81,6 млн. сом суммасындагы инвестициялык каражаттары тартылды. 20 жумуш орду түзүлөт;
- Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында 5,0 га жерге көп функционалдуу "Караван" соода-логистикалык борборун куруу пландаштырылууда. Инвестициялык каражаттардын жалпы суммасы 350,0 млн. сомду түзөт. 200 жумуш орду түзүлөт;
- Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагында 12,0 га аянтка соода-логистикалык борборду куруу пландаштырылууда. "Азон Инвестор" компаниясынын 100,0 млн. сом суммасындагы жеке инвестициялык каражаттары тартылды. 20 жумуш орду түзүлөт.
Мындан тышкары логистика жана айыл чарба продукциясын сактоо системасын өнүктүрүү максатында Азия өнүктүрүү банкынын "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоору ишке ашырылат.
Бул долбоордун алкагында 40,0 млн. АКШ доллары (3560,0 млн. сом) суммасында тикелей инвестициялык каражаттар тартылат, анын ичинде: 20,0 млн. - кредит, 20,0 млн. - грант. Бул каражатка жашылча-жемиш продукциясын сактоо жана сатуу боюнча 70 ишкананы өнүктүрүү үчүн логистика жабдуулары сатылып алынат.
Соода-логистикалык борборлордун тармагын түзүү жана өнүктүрүү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рынокторуна жана республиканын ички агроазык-түлүк рынокторуна айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү мезгилинде республиканын агроөнөр жай комплексинин продукциясынын экспорту 30,0 пайызга, ал эми анын өлкөнүн экспортундагы үлүшү - 11,0 пайызга чейин көбөйөт.
Жыйынтыгында 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча белгиленген максаттарды толук ишке ашыруу төмөнкүлөргө алып келерин белгилей кетүү керек:
- ири көлөмдөгү сатып алуучулар үчүн бирдиктүү таңгагы бар стандартташтырылган продукциянын чоң көлөмүнө чакан жеке жеткирүүлөрдү бириктирет;
- айыл чарба товарын өндүрүүчүлөр соода-логистикалык борборлор менен келишимдик милдеттенмелерге ылайык өздөрүнүн продукцияларын кепилденген сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;
- айыл чарба продукциясын экспорттоонун өсүшүнө жетишет, агроөнөр жай комплексинин натыйжалуулугу жогорулайт жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча шарт түзүлөт.
Ошентип экономиканын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык системасын түзүү жана өнүктүрүү рыноктук инфраструктураны жакшыртат, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга түрткү берет.
VI. Финансылык ресурстарды баалоо
Бул Программаны каржылоо булактары болуп "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик бюджет жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк каражаттары, донордук финансылык жана техникалык жардамдын, жеке инвестициялардын, ошондой эле товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен тикелей мамлекеттик инвестициялар эсептелет.
Аталган чаралардын аткарылышы ошондой эле гранттык жана инвестициялык кредиттик каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттер тарабынан колдоого алынат.
Инвестициялык кредиттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин консультациясы менен тартылат.
Бул Программаны ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын берүүнүн тартиби жана көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
Ички булактардан, ошондой эле тышкы булактардан инвестициялык каражаттарды тартуу боюнча чаралар көрүлөт, мындай чараларды ишке ашыруу финансылык ажырымды кыйла кыскартууга жана кийинки финансылык жылдардын башталышына карата финансылык каражаттардын талап кылынган суммасын толук көлөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мында кредиттик каражаттарды алуу үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгууда, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор үчүн сапаттуу бизнес-пландарды сунуштоодо айыл чарба субъекттеринин жана соода-логистикалык борборлордун потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарыл болот.
Бул Программаны ишке ашыруу боюнча каржылоого болгон жалпы керектөө 12333,2 млн. сомду түзөт.
Программаны ишке ашыруу боюнча каржылоодогу мүмкүнчүлүктөр 10686,9 млн. сомду же керектөөнүн 86,6%ын түзөт. Калган бөлүгүн 1646,3 млн. сом өлчөмүндө же 13,4% жеке инвестициялардын жана эл аралык донор уюмдардын эсебинен табуу керек.
Ошентип чараларды ишке ашыруу Программаны каржылоо үчүн талап кылынган суммаларды жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
VII. Тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар
Республикада логистикалык системаны түзүү жана өнүктүрүү иш жүзүндө төмөнкү тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар менен байланышкан.
Логистикалык системаны туруктуу өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон тобокелдиктердин, коркунучтардын жана чакырыктардын арасында табигый-климаттык, экономикалык, экологиялык жана форс-мажордук коркунучтар бар.
Логистиканы өнүктүрүүдөгү негизги табигый-климаттык коркунучтар болуп жаан-чачындын көлөмүнүн азайышы, суунун аздыгы, кургакчылык саналат, алар айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу иштеши үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн, анын натыйжасында логистика системасына айыл чарба өндүрүшүнүн сырьесун жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуу коркунучу пайда болот, бул өз кезегинде соода-логистикалык борборлордун чарбалык-финансылык ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Негизги экономикалык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар болуп агроөнөр жай комплексинин экономикасынын өсүү темпинин жана айыл калкынын кирешесинин азайышы, салык, бюджет, бажы-тарифтик, курстук, техникалык жөнгө салуу жана тышкы соода саясаты, дүйнөлүк рынокто атаандаштыктын күчөшү саналат.
Экономикалык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар тышкы жана ички болушу мүмкүн.
Тышкы коркунучтар соода-экономикалык чектөөлөрдү киргизүүнү камтыйт, ал тышкы экономикалык ишти либералдаштыруу, экспорттук жана импорттук жеткирүүлөргө салыктык, тарифтик чаралар, бажылык-тарифтик квоталар боюнча чектөөлөрдү киргизүү менен шартталган.
Ички коркунучтарга төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
- экономикалык кризистин кесепетинен экономиканын агрардык секторундагы экономикалык кырдаалдын туруксуздугу;
- калктын кирешесине олуттуу өлчөмдө таасир этиши мүмкүн болгон негизги социалдык маанилүү тамак-аш азыктарына баалардын өсүшү, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү боюнча калктын ар кандай социалдык топторунун ортосундагы ажырымдын сакталышы;
- логистиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө максаттуу мамлекеттик экономикалык жана финансылык саясаттын жоктугу;
- финансылык каражаттардын (кредиттердин, гранттардын) жана башка дем берүүчү механизмдердин жоктугу;
- кредиттик жана башка каражаттарга жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү, жогорку пайыздык ставка;
- ресурстардын (суу, отун, жер), чыгымдалуучу материалдардын (жер семирткичтер, себүү материалдары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары), логистика үчүн жабдуулардын бааларынын туруктуу кымбатташы, өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркынын көбөйүшү.
Негизги экологиялык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мөңгүлөрдүн жок болушуна, суу запастарынын азайышына алып келген, натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн төмөндөткөн глобалдык жылуулук, анын акыры чөлгө айлантуучу кыртыштын деградациясы, жердин суу жана шамал эрозиясы, кургакчылык;
- курчап турган чөйрөнүн булгануусунун өсүшү, суулардын, жер ресурстарынын абалынын начарлашы, биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскаруусу;
- республикага генетикалык модификацияланган организмдерди ташып келүү көлөмүнүн өсүшү жана жердин өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары жана таштандылары менен булганышы.
Бул тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын асылдуулугунун төмөндөшүнө, айыл чарба продукциясын жана тамак-аш өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн төмөндөшүнө, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-логистикалык борборлордун кубаттуулуктарынын жетишсиз пайдаланылышына, ички агрардык азык-түлүк рыногунда азык-түлүк товарларынын жетишсиздигине, экспорттун азайышына жана сырьенун жана азык-түлүктүн импортунун көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.
Негизги форс-мажордук тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар логистикалык системанын жана жалпысынан айыл чарбасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген табигый кырсыктар (нөшөрлөгөн жаан, сел, аяз) жана техногендик кырсыктар (жер титирөө) болушу мүмкүн.
VIII. Күтүлүүчү натыйжалар
Соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү төмөнкү негизги милдеттерди комплекстүү чечүүгө мүмкүндүк берет:
- айыл калкынын кирешесинин өсүшү жана айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдүн жашоо сапатынын жогорулашы;
- айыл калкынын иш менен камсыз болуу деңгээлинин жогорулашы, жаңы жогорку технологиялык жумуш орундарын сактоо жана түзүү;
- айыл чарба продукциясын жеткирүү көлөмүнүн көбөйүшү жана кыш-жаз мезгилинде калктын азык-түлүккө болгон суроо-талабын канааттандыруу;
- экспорттун өсүшү жана транзиттик потенциалды, өлкөнүн жагымдуу геосаясий жайгашуусун жана магистралдардын, темир жолдордун жана аба коридорлорунун артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына карата ЕАЭБ талаптарын камсыз кылуу жана өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык абалды жакшыртуу.
Соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү:
- ири көлөмдөгү сатып алуучулар үчүн бирдиктүү таңгак менен стандартташтырылган продукциянын ири партияларына айыл чарба продукцияларынын чакан бажы жеткирүүлөрүн бириктирет;
- экспорттун өсүшү, агроөнөр жай комплексинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү соода-логистикалык борборлор менен контракттык милдеттенмелерге ылайык өз продукцияларын кепилденген сатуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
Соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын сактоо, бөлүштүрүү жана ташуу менен байланышкан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн чыгымдарын орточо 15-20% га төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Демек, туура сактоо, оптималдуу бөлүштүрүү жана экспортту бажылык тариздөөнүн борборлоштурулган жол-жоболорунун эсебинен айыл чарба продукцияларынын баасы төмөндөйт.
Ошондой эле өндүрүүчүдөн акыркы керектөөчүгө чейинки баа түзүү чынжырында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү тез бузулуучу продукциянын коромжусун 15-20% га чейин азайтууга, айыл чарба продукциясынын сапатынын деңгээлин жогорулатууга жана аны сатууга байланышкан бир катар маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.
Ошентип айыл чарба продукцияларынын логистикалык тутумун түзүү рыноктук инфраструктураны жакшыртат, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга түрткү берет.
IX. Мониторинг жана баалоо
Бул Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруу процессин көзөмөлдөөнүн натыйжалуу куралы болуп саналат жана Программаны ишке ашыруу пландарына түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу өз убагында чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Бул Программанын ишке ашыруу этабындагы мониторинг жыл сайын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш-чаралар планында белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт, ал эми натыйжалары милдеттерди чечүүнүн жүрүшүндө бааланат.
Ушул Программаны ишке ашырууну координациялоо айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат, ал:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча иштерди уюштуруунун кыйла натыйжалуу формаларын жана тартибин аныктайт;
- артыкчылыктуу багыттарды аныктайт жана бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын тартуу боюнча чараларды көрөт;
- Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана сапатын контролдоону камсыз кылат.
Иш-чаралар планында каралган милдеттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аларды ишке ашыруунун прогрессине көз салуунун натыйжалуу куралы болуп калат жана төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- артыкчылыктарды илгерилетүү процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- алардын өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баалоого.
Мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу мезгил-мезгили менен бааланып турат. Бул баалоонун жүрүшүндө жетишкен прогресс деталдуу талданат, иш-чаранын жана Программанын долбоорун аткаруудагы кемчиликтер аныкталат.
Алынган натыйжалардын негизинде Программанын пландарын ишке ашыруудагы кийинки кадамдар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, эл аралык уюмдар менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, коомдун үмүттөрүн толугураак канааттандыруу боюнча чечимдер кабыл алынат.