Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 321
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө
Айыл чарба продукциясынын рыногун өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программа, 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Иш-чаралар планын аткарууга алышсын;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-июлундагы N 57 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программаны жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Индикатор | Күтүлгөн жыйынтыктар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
№ 1 милдет. Тиешелүү инфраструктураларды түзүү менен соода-логистикалык борборлорду (СЛБ) түзүү, айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды реконструкциялоо жана модернизациялоо | ||||||
1.1 | СЛБларды куруу үчүн аймактардын ага болгон суроо талабын аныктоо | СЛБ жайгаштырууга талдоо жүргүзүлдү. Региондорду адистештирүүнүн алкагында СЛБны оптималдуу жайгаштыруу картасынын долбоору бекитилди | СЛБнын саны жана жайгашуу жерлери аныкталган | 2019-жылдын октябры | КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, АЧТММ, ЭМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Финансы чыгымдары талап кылынбайт |
1.2 | СЛБ куруу планынын долбоорун иштеп чыгуу | СЛБнын планынын долбоору иштелип чыккан, инвестицияларды тартуу планы даярдалган | СЛБнын моделдик долбоору түзүлгөн, СЛБны курууга инвестициялар тартылды | 2019-жылдын декабры | КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, АЧТММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча); ЭМ, Инвестиция агенттиги | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.3 | СЛБны түзүү: - Нарын облусунун Кочкор районунда - 1; - Чүй облусунун Жайыл районунда - 1; - Чүй облусунун Ысык-Ата районунда - 1 - Талас облусунун Манас районунда - 1; - Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Сузак районунда - 2; - Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат районунда - 2; - Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Баткен шаарында - 2 | Региондордо 11 соода логистикалык борборлору түзүлдү | Өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүк, мал-чарба азыктарынын көлөмү жогорулады. Жумуш орундары түзүлдү | 2019-жыл 2020-жыл 2019-2020-жылдар 2020-2021-жылдар 2021-2022-жылдар 2021-2022-жылдар | КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, АЧТММ, ЭМ, Токой агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.4 | Республиканын аймактарында сактоочу жайларды түзүү | Республиканын ар бир районунда көлөмү 1000 тоннага чейинки 20 сактагыч; айыл аймактарына көлөмү 500 тоннага чейинки 100 сактагыч ишке берилди | Өндүрүш көлөмү жогорулады, айыл чарба продукцияларын сактоо шарттары жана сапаты жакшырды | 2020-жылдын декабры | АЧТММ; КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
2023-жылдын августу | ЭМ, Инвестиция агенттиги | |||||
Республиканын райондорунда жана айыл аймактарында сактагычтарды модернизациялоо жана реконструкциялоо | Ар бир райондо 20 сактагыч жана ар бир айыл аймакта 100 сактагыч модернизацияланып жана реконструкцияланды | Ата мекендик товарлардын атаандашуу жөндөмү жогорулады, ошондой эле кошумча жумушчу орундар түзүлдү | 2019-жылдын октябры | АЧТММ; КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
1.5 | СЛБны жана сактоочу жайларды куруу үчүн жер участокторун аныктоо | СЛБнын жана сактоочу жайлардын жайгашуу жерлери (жер участоктору) | Региондордо СЛБны жана сактоочу жайларды куруу үчүн жер участоктору бөлүндү | Дайыма | КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, Токой агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Финансы чыгымдары талап кылынбайт |
1.6 | СЛБнын инфраструктуралык шарттарын жакшыртуу | СЛБнын инфраструктуралык шарттарын жакшыртуучу инвестициялык долбоорлор аныкталды | СЛБнын инфраструктура-сын жакшыртуучу инвестициялар табылды | Дайыма | АЧТММ; Инвестиция агенттиги, ЭМ, КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.7 | Керектүү маалыматтары менен инвестициялык бизнес-долбоорлорду даярдоо | Инвесторлор үчүн инвестициялык бизнес- долбоорлору иштелип чыкты | Потенциалдуу инвесторлорго инвестициялык долбоорлор берилди | Дайыма | АЧТММ, Инвестиция агенттиги, ЭМ, ТИМ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.8 | Бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу | СЛБны курууга инвесторлор табылды | Айыл чарба продукцияларынын экспорттук жана өндүрүш көлөмү жогорулады | Дайыма | АЧТММ, Инвестиция агенттиги, ЭМ, ТИМ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.9 | Бизнес-өнөктөштүк үчүн айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр менен экспорттук продукцияларды сатып алуучулардын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү | Контракттарга, макулдашууларга, келишимдерге кол коюлду | Жаңы сатуу рыноктору ачылды жана соода өнөктөштөр аныкталды | Дайыма | Инвестиция агенттиги, ЭМ, ТИМ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
1.10 | Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрү менен СЛБнын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү | СЛБнын катышуучуларынын компетенттүүлүгү жогорулатылды. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр менен СЛБнын ортосунда келишимдер түзүлдү | Продукциянын жетиштүү көлөмү чогулду, продукцияны сатуу камсыздалды | Дайыма | АЧТММ, Инвестиция агенттиги, КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
№ 2 милдет. Соода-логистикалык борборлорду башкаруу үчүн адам ресурстарын өнүктүрүү | ||||||
2.1 | Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, СЛБны квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо | СЛБны өнүктүрүү боюнча пландар жана окуу программалары иштелип чыкты | СЛБ квалификациялуу кадрлар менен камсыздалды | 2020-жыл май | АЧТММ, БИМ, ЭСӨМ, КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
Айыл чарба продукцияларын таңгактоо, фасовкалоо, калибрдөөнүн артыкчылыктары тууралуу программа иштелип чыкты | Айыл чарба продукцияларын таңгактоо, фасовкалоо, калибрдөө боюнча адистер окутулду | Жыл сайын, июнь | АЧТММ, КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу менен) | |||
2.2 | Чакан жана орто бизнес-жамааттарын жана өндүрүүчүлөрүн СЛБ кызмат көрсөтүүлөрүн маалымдооо | СЛБнын иши тууралуу Интернет-портал (сайт) түзүү. Интернет-порталга рекомендациялар жана кызмат көрсөтүүлөр берилди, инвесторлор үчүн маалыматтар жайгаштырылды | СЛБ жеткирүү жана сатуу көлөмдөрү көбөйдү | 2020-жыл, май | АЧТММ, МТБМК, ЭМ, Инвестиция агенттиги; КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
2.3 | СЛБны куруу бизнес-пландарын түзүү боюнча фермерлер үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүүгө шарт түзүү | СЛБны куруу бизнес-пландарын иштеп чыгуу боюнча квалификациялуу фермерлер даярдалды | Кредит алуу жана аларды потенциалдуу инвесторлорго берүү үчүн бизнес-пландар түзүлдү | Дайыма | АЧТММ, Инвестиция агенттиги, БИМ, ЭСӨМ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр үчүн СЛБны өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө окуу курстар, тренингдер, семинарлар өткөрүлдү | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрү СЛБнын иш принциптери жөнүндө окутулду жана маалымат берилди | Жыл сайын, январь жана август | АЧТММ, БИМ, Инвестиция агенттиги, ЭСӨМ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары | ||
№ 3 милдет. Ченемдик укуктук актыларды түзүү жана өркүндөтүү | ||||||
3.1 | Ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) өркүндөтүү | "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына СЛБны өнүктүрүү жана рынокту жөнгө салуу боюнча СЛБны түзүү үчүн критерийлердин тизмесин иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулук маселесин даярдоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр каралды жана ЧУА кабыл алынды | СЛБнын ишин жакшыртуу боюнча шарттар түзүлдү. Мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар кабыл алынды, ЧУАга өзгөртүүлөр киргизилди. СЛБны түзүү үчүн критерийлердин тизмесин аныктоо боюнча маселе каралды, жакшыртуу үчүн өзгөртүүлөр киргизилди жана мыйзамдар, мыйзам алдындагы актылар өркүндөтүлдү | 2020-жыл, ноябрь | АЧТММ, ЭМ, ЮМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Финансы каражаттары талап кылынбайт |
№ 4 милдет. Соода-логистикалык борборлорду техникалык ресурстар менен камсыздоо | ||||||
4.1 | СЛБ заманбап фитосанитардык лабораториялар менен камсыздоо | СЛБ лабораториялардын болушу жана иштеши | СЛБ базасында фитосанитардык лабораториялар түзүлдү. СЛБ экспорттук потенциалы жогорулады | 2020-жыл, октябрь | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция, ЭМ, КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.2 | Реконструкциялоо жана модернизациялоо аркылуу фитосанитардык лабораторияларды түзүү | Реконструкцияланган жана модернизацияланган фитосанитардык лабораториялар түзүлдү | Эл аралык рынокто ата мекендик товарлардын атаандаштыгы жогорулады | 2020-жыл, декабрь | АЧТММ, Ветфитосан-инспекция, ЭМ, КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.3 | СЛБ фитосанитардык лабораторияларда иштөө үчүн адистерди даярдоо | СЛБ кадрдык потенциалы түзүлдү | Фитосанитардык лабораторияларда продукциянын сапаты жана контролдоонун деңгээли жогорулады | 2019-2021-жылдар | АЧТММ, БИМ | Финансы каражаттары талап кылынбайт |
4.4 | СЛБ фитосанитардык лабораторияларда сырьену кайра иштетүүнүн алдынкы технологияларын киргизүү | Сатуу көлөмү 20%га жогорулады | Продукциянын жоготуулары төмөндөдү жана айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жогорулады | 2020-2023-жылдар | АЧТММ, МТБМК, ЭМ, Инвестиция агенттиги | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары |
4.5 | Программаны жана Иш-чаралар планынын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо боюнча натыйжалуу формаларын аныктоо | Иш-чаралар планы, мониторинг жана жыйынтыгын баалоо кабыл алынды | СЛБ сапаттуу көрсөткүчтөрү жогорулады | Жыл сайын, январь | АЧТММ, КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ | Финансы каражаттары талап кылынбайт |
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
Инвестиция агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги; |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
Ветфитосанитардык инспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; |
КР Өкмөтүнүн облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги. |