Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 321 токтомуна) |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча ПРОГРАММА
1. Киришүү, максаттары жана милдеттери
Айыл чарба - бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу жана регионду өнүктүрүү менен тыгыз байланышта болгон экономиканын тармагы. Ушуга байланыштуу, айыл чарба өндүрүшүн өстүрүү, айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу, продукцияны кайра иштетүү, сактоо жана сатуу системасын түзүү бул тармактын артыкчылыктары болуп саналат.
Азыркы мезгилде айыл чарбасында жашылчаларды жана жер жемиштерди заманбап сактоочу жайлардын (мындан ары - сактоочу жай) жоктугу, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмүнүн төмөндөшү сыяктуу агромаркетингдин өнүгүшүн жана ата мекендик айыл чарба продукциясынын ички жана тышкы рынокторго илгерилешин басаңдаткан (атаандашууга жөндөмсүздүгү) бир катар көйгөйлөр бар.
Көптөгөн фермердик чарбалар өстүрүлгөн түшүмдүн негизги көлөмүн келерки жылдын жазында пайдалуу баада сатуу үчүн сактагычтарга жыйнап коюшат. Айыл чарба продукцияларын ылайыкталбаган жайларда сактоо айыл чарба продукцияларынын бузулушуна байланышкан чыгымдарга жана кошумча коромжуларга, кайталап иштетүүгө жана кайрадан тиешелүү идиштерге салып таңгактоо зарылдыгына алып келет.
Белгилей кетүүчү нерсе, айыл чарба продукцияларынын рыногун өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, атап айтканда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба продукцияларын экспорттоодон айылдыктардын кирешесин жогорулатуу, эл аралык стандарттарга жооп берген алдыңкы технологиялары менен атаандашууга жөндөмдүү агроөнөр жай секторунун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-августундагы № 600 токтому менен 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорунун (мындан ары - СЛБ) системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтому менен күчүн жоготкон).
Мурда, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августундагы № 353-б буйругу менен 2016-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларынын СБЛ системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечимдерин аткаруу үчүн белгилүү иштер жүргүзүлгөн жана 2016-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде республика боюнча 5 СЛБ жана 96 сактоочу жай ишке киргизилген. Ошону менен бирге, жогоруда аталган Иш-чаралар планы жарым жартылай ишке ашырылган
Жогоруда аталган Иш-чаралар планын жарым жартылай аткаруунун себеби болуп, СБЛ куруу мөөнөтү (орто эсеп менен бир жылдан үч жылга чейин) капиталдын (финансылык каражаттардын) өлчөмүнө, инвестицияларга, юридикалык документтерге, жер участогунун болушуна ж.б. жараша болот. Мындан сырткары, аталган Иш-чаранын алкагында адам ресурстарын өнүктүрүү, СЛБда иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо, инвесторлорду тартуу, карантинге коюлган продукциялардын лабораторияларын куруу ж.б. пландалган.
Ушуга байланыштуу, аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен беш жылдык мезгилге жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.
Ушул Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын аткаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга иш-аракеттер планынын 30.2-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Ушул Программанын максаты атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көбөйтүү жолу менен айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо саналат.
Коюлган милдеттерге жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- жаңы СЛБну түзүү, жаңы технологияларды киргизүү, региондордогу сактоочу жайларды реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- ченемдик укуктук актыларды жана финансы-кредиттик колдоо механизмдерин өркүндөтүү;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларды түзүү жана ишин жакшыртуу, аларды зарыл болгон техникалык ресурстар менен камсыздоо;
- эл аралык сапат стандарттарына жооп берген сактоочу жайларды, ошондой эле анын өндүрүш жана кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү;
- СЛБ башкаруу үчүн инвестицияларды тартуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо.
Ушул Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- ата мекендик товарлардын атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу;
- дыйканчылык айыл чарба продукцияларын жыл бою өндүрүүнү өнүктүрүү жана өстүрүү (күнөсканалар жана оранжереялар);
- айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын ички жана тышкы рынокко жеткирип берүү көлөмүн кеңейтүү;
- айылдыктардын жумуш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жогорку технологиялуу жумуш орундарын түзүү.
Ушул Программа ички рыноктун айыл чарба продукциясына болгон керектөөсүн канааттандырууга жана экспортту тышкы рынокко өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо жана көйгөйлөр
2018-жылы, жалпысынан республика боюнча учурдагы баалар менен 203,8 млрд. сомго айыл чарба дүң продукциясы өндүрүлгөн, ИДПда салыштырма салмагы 12% түздү.
2017-жылдын деңгээлине карата 2018-жылы өндүрүштүн өсүш темпи - 102,7% түзгөн, анын ичинде мал чарбачылыгы боюнча - 102,2% (98340,5 млн. сом), дыйканчылык боюнча - 103,4% (100366,0 млн. сом). 2016-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасында 7 СЛБ ишке киргизилди жана иштеп жатат, анын ичинде Чүй облусунда - 2, Ош облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 1, Бишкек шаарында - 1.
Ошондой эле азыркы мезгилде 217 сактоочу жай бар, анын ичинде Чүй облусунда - 108, Ош облусунда - 14, Ысык-Көл облусунда - 38, Талас облусунда - 12, Баткен облусунда - 26, Нарын облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда - 15.
Жашылча-жемиш продукциясы бышкан сезондо көпчүлүк фермердик чарбалар өстүрүлгөн продукцияны экспорттук компанияларга сатууга багыт алышат, аталган компаниялар өстүрүлгөн продукциянын сапатына жогорку талаптарды коюшат жана аларды автомобиль, темир жол жана аба транспорту менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторуна түз жеткирип беришет.
Айыл чарба продукцияларын сатуудан түшкөн кирешелерди айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-ортомчу уюмдардын ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү көйгөйү чечилбеген бойдон калууда. Мында фермерлер рыноктогу суроо-талап менен сунуштарды билбегендигинен жана сактоочу жайлардын жетишсиздигинен улам өз продукциясын сатууда олуттуу зыян тартышат жана көп учурларда өз продукциясын минималдуу баада ортомчу компанияларга сатып жиберишет.
Ушуга байланыштуу, заманбап технологияларды колдонуу менен эл аралык стандарттарга жооп берген СЛБ түзүү бир топ көйгөйлөрдү чечмек.
БУУнун экономикалык кызматташтык уюмунун жана Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун региондук борборунун маалыматтары боюнча айыл чарба продукцияларын сактоодо жана ташууда өнүккөн өлкөлөрдүн жоготуулары 5-6%ды, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүкү - 30%га чейинкини түзөт.
СЛБ куруу өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын сактоого, бөлүштүрүүгө жана ташууга байланышкан айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарын орто эсеп менен 15-20%га азайтууга шарт түзөт. Демек туура сактоонун, оптималдуу бөлүштүрүүнүн жана экспортту бажы тариздөөнүн борборлоштурулган жол-жоболорунун эсебинен айыл чарба продукциясынын баасы төмөндөйт.
Ошондой эле СЛБ өнүктүрүү жана куруу өндүрүүчүдөн тартып акыркы керектөөчүгө чейинки бааны түзүү чынжырчасында тез бузулуучу продукциялардын жоготууларын 15-20%га чейин төмөндөтөт жана айыл чарба продукциясынын сапатынын деңгээлин жогорулатууга аларды сатуу менен байланышкан бир катар маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.
Айыл чарбанын азыркы учурдагы негизги көйгөйлөрүн төмөнкүдөй топтоштурууга болот:
- айыл чарба продукциясынын майда товардуулугу жана начар атаандашуу жөндөмү;
- ири СЛБнын жоктугу;
- региондордо СЛБнын зарыл болгон санынын жоктугу;
- өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудагы кыйынчылыктар;
- СЛБда айыл чарба продукцияларынын сапатын аныктоо үчүн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча аккредитацияланган лабораториялардын жоктугу;
- таңгактоо, калибрлөө, маркалоо сапатындагы жетишсиздиктер ж.б.
Мындан сырткары фермердик чарбалар жана айыл чарба кооперативдери ички жана тышкы сатуу рыногунун керектөөлөрүнө жооп берген жогорку сапаттагы адистештирилген жеткирүү жана өз ара аракеттенүү чынжырчасына ээ эмес.
Айыл чарба продукциясын сатуу көйгөйүн чечүү жолунун бири өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргогон, тапшырыктардын жана сунуштардын топтомун камсыздаган СЛБ түзүү болуп эсептелет.
Ушул Программа чарба субъекттеринин потенциалын күчөтүүгө, соода-сатыкты, экспортту илгерилетүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мүчөсү болуп саналат, 6200 аталыштагы товарларды алымсыз алып кирүүгө ДСУ+ЕБ жеңилдетилген саясатына жана 3500 аталыштагы товарларды АКШга алып кирүүгө жеңилдетилген тарифге ээ. Кыргызстандын өзгөчө жайгашуусу ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоого багытталган СЛБ түзүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
3. Тиешелүү инфратүзүмү менен СЛБ түзүү, айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды реконструкциялоо жана модернизациялоо
Бүгүнкү күндүн бардык шарттарын эске алып, айыл чарба тармагы айыл чарба продукциясынын өндүрүшүн өстүрүү, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, аларды кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча тиешелүү системаларды түзүү үчүн олуттуу финансылык колдоого муктаж.
СЛБ түзүү жана өнүктүрүү боюнча милдеттерди чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында СЛБны жана сактоочу жайларды региондун адистештирилгендигине жараша өнүктүрүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу практикасы алгылыктуу болууда.
Ушуга байланыштуу этабы менен республиканын ар бир районунда региондун адистештирилгендигине жараша кубаттуулугуна жана сактоо көлөмүнө ылайык заманбап сактоочу жайларды куруу сунушталат, мында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сактоо жана жеткирүү, айыл чарба продукциясын ички жана тышкы рынокторго сатуу боюнча кызматтардын толук спектри көрсөтүлөт. Аталган чара кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана жалпысынан региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Айыл чарба тармагынын негизги көйгөйү - логистикалык кызмат көрсөтүү рыногунун жетиштүү эмес өнүккөндүгү, ушуга байланыштуу өндүрүүчүдөн жана керектөөчүгө чейинки товарды илгерилетүү механизмин түзүү зарыл.
Жаңы СЛБ товарларды сактоо жана ички жана тышкы рынокторго илгерилетүү боюнча заманбап СЛБнын ченемдерине жана талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Ошону менен бирге төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
- СЛБ, айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды куруу үчүн жер участокторун аныктоо;
- соода-логистикалык борборлорду түзүү;
- сактоочу жайларды реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- заманбап инфраструктураны түзүү жана соода-логистикалык борборлордун катышуучуларынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн инвестицияларды тартуу;
- бизнес өнөктөштүк үчүн экспорттук продукциянын сатып алуучулары менен айыл чарба продукциясынын товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү.
4. Соода-логистикалык борборлорду башкаруу үчүн адам ресурстарын өнүктүрүү
Соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн дагы бир көйгөйү адистердин логистикалык борборлордо иштөө тажрыйбасынын жоктугу, тажрыйбалуу менеджерлердин тартыштыгы. Логистика - бул логистика боюнча даярдалган, жогорку квалификациялуу адистер аткара турган товарды өндүрүү, сапат, консолидациялоо, сактоо, сатуу алдындагы даярдоо, системалуу жеткирип берүү, запастарды башкаруу боюнча чаралардын комплекси экенин белгилеп кетүү керек.
Ушуга байланыштуу айыл чарба продукциясын жеткирүү түзүмүн башкаруу боюнча билими бар кадрларды даярдоо керек.
Адам ресурстарын өнүктүрүү жана соода-логистикалык борборлорду башкаруу үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү керек:
- эл аралык донордук уюмдардын көмөктөшүүсүндө университеттер жана жергиликтүү кесиптик-техникалык лицейлер менен кызматташтыкта соода логистикасы багытында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу;
- соода-логистикалык борборлордун ишин чагылдыруу үчүн расмий Интернет-портал (сайт) түзүү, ошондой эле инвесторлор үчүн маалымат жайгаштыруу аркылуу соода-логистикалык борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу чакан жана орто бизнес коомчулугун маалымдоо;
- соода-логистикалык борборлорду куруунун бизнес пландарын түзүүдө фермерлер үчүн окуу иш-чараларын өткөрүүгө шарт түзүү;
- алдыңкы соода-логистикалык борборлордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен семинарларды, конференцияларды өткөрүү.
5. ЧУА түзүү жана жакшыртуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине ылайык (212 жана 239-беренелер) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор пайдага салык салуудан бошотулган, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн жана айыл чарба кооперативдеринен алган айыл чарба багытындагы продукцияны жана аларды кайра иштетүү продуктуларын соода-логистикалык борборлорго жеткирүү КНСтен бошотулган жеткирүү болуп саналат. Ошондой эле КНС төлөөчүлөр катары катталган түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максатында соода-логистикалык борборлорго импорттолгон негизги каражаттар КНСтен бошотулат.
Ошону менен бирге соода-логистикалык борборлорду түзүү үчүн критерийлердин тизмесин аныктоонун максатка ылайыктуулугу, агро азык-түлүк рыногун жана анын чарбакер субъекттеринин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, азык-түлүк коопсуздугу боюнча улуттук жана эл аралык талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө маселелерди карап чыгуу керек.
Мындан тышкары, соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салган "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.
6. Соода-логистикалык борборлорду техникалык ресурстар менен камсыздоо
2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык ЕАЭБдин техникалык регламенттери Кыргыз Республикасынын аймагында түз колдонуу күчүнө ээ болот.
ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык фитосанитардык контролдоого тийиш товарларды жеткирип берүүнүн шарты болуп фитосанитардык сертификат саналат, ал продукциянын коопсуздугун, ошол товарлар өндүрүлгөн жерлердеги административдик аймактардын бейпилдигин жана зыянкечтердин жоктугун ырастайт.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча төрт фитосанитардык лабораториялар (мындан ары - лабораториялар): Борбордук - Бишкек шаарында, Оштогу - Ош шаарында, Таластагы - Кызыл-Адыр айылында жана Ысык-Көлдөгү - Түп айылында иштеп жатат.
Бирок өсүмдүктөрдүн карантини боюнча колдонуудагы лабораториялардын мүмкүндүгү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн муктаждыгын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл:
- лабораторияларды реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- жаңы лабораторияларды куруу;
- соода-логистикалык борборлордогу лабораторияларда иштөө үчүн адистерди даярдоо.
Милдеттерди чечүү үчүн соода-логистикалык борборлордун базасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде лабораторияларды түзүү керек, бул айыл чарба продукциясынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жана сапатын жогорулатууга алып келет.
7. Программанын иш-чараларын каржылоо
Бүгүнкү күндө ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерге мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү чараларына көп көңүл бөлүнүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 28 токтому менен бекитилген "Айыл чарбаны каржылоо - 7 " долбоорунун алкагында соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн жылдык 6% өлчөмүндө берилген жеңилдетилген кредит, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каралган.
Мында кредит алуу үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгуу боюнча фермерлердин потенциалын жогорулатуу чараларын көрүү керек, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор үчүн сапаттуу бизнес-пландарды берүү зарыл.
Ушул программанын иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн ресурстарды каржылоо инвесторлордун каражаттарынан жана жеңилдик берилген кредиттерден, ошондой эле донордук долбоорлордун каражаттарынан түзүлөт. Кезектеги жылдарга ушул Программанын иш-чараларын донорлор тарабынан каржылоонун өлчөмү кызыкдар тараптардын келишимдиктеринин негизинде түзүлөт.
Соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү максатында потенциалдуу инвесторлорго сунуштала турган сапаттуу инвестициялык бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл.
Ошондой эле "Айыл чарбаны каржылоо" долбоору боюнча кийинки жылдарга соода-логистикалык борборлорду жана сактоочу жайларды куруу үчүн максаттуу каражаттарды бөлүп берүү көлөмүн көбөйтүү зарылдыгы пайда болот.
8. Күтүлүүчү жыйынтыктар
Ушул программаны ишке ашыруу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүнү минимумдук чыгымдар менен камсыздай ала турган натыйжалуу заманбап логистикалык механизмди түзүү аркылуу айыл чарба продукциясынын атаандашууга жөндөмүн жогорулатууга жардам берет жана төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
- ички жана тышкы рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого, региондорду өнүктүрүүгө, айылдагы калктын кирешелеринин өсүшүнө жана соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, алардын натыйжалуулугун жогорулатууга;
- айыл чарба продукциясын жеткирүү жана сактоо шарттарын жакшыртууга;
- айыл жергесиндеги эмгек рыногун кеңейтүүгө;
- айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүгө.
Мындан тышкары ушул программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй индикаторлорго жетишүү пландалууда:
- 2023-жылга чейин 11ден кем эмес соода-логистикалык борборду түзүү;
- 100гө жакын сактоочу жайларды региондордо түзүү;
- айыл чарба продукциясынын жоготууларын 20%га чейин азайтуу;
- соода-логистикалык борбордун иши жөнүндө Интернет-порталды түзүү;
- соода-логистикалык борборлордун өндүрүүчүлөрү тарабынан алдыңкы технологияларды ишке киргизүү.
9. Мониторинг жана баалоо
Жүзөгө ашыруу этабында ушул программанын мониторингин жыл сайын иш-чаралар планында белгиленген мөөнөттө айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөрөт, анын жыйынтыктары ар бир иш-чара боюнча коюлган милдеттердин чечилиши боюнча бааланат.
Ушул программанын координациялоосун айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат, ал:
- ушул пунктта аталган иш-чаралар планын аткаруу боюнча иштерди уюштуруунун натыйжалуу формаларын жана тартибин аныктайт;
- артыкчылыктуу багыттарды аныктайт жана каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу боюнча чараларды көрөт;
- иш-чаралардын планында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө, алардын сапатына контролду камсыздайт.
Иш-чаралардын планында каралган милдеттерди аткарууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо аларды жүзөгө ашыруудагы жылыштарын байкоонун натыйжалуу куралы болот жана төмөнкүлөргө жардам берет:
- артыкчылыктарды илгерилетүү процессинде түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баалоого.
10. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер
Кыргыз Республикасында айыл чарбасы экономиканын алдыңкы чөйрөлөрүнүн бири болуп саналат жана экономикалык, социалдык жана саясий мааниге ээ болуу менен бирге, тышкы жана жаратылыштын жагымсыз факторлорунун таасирине көбүрөөк кабылган тармак болуп эсептелет. Анын ичинде төмөнкүлөрдү айта кетсек болот:
1. Агроөнөр жай секторундагы экологиялык тобокелдиктер жагымсыз аба ырайы-климаттык шарттан, ошондой эле табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан улам кайра иштетүүгө түшкөн айыл чарба сырьесунун көлөмү кыскарышы жана сапаты төмөндөшү аркылуу тармактын кайра иштетүүчү ишканаларына таасирин тийгизиши мүмкүн. Ушул эле топко мал чарбасындагы тобокелдиктерди дагы киргизүү керек (канаттуулар жана чочко тумоосу, уйдун кутурмасы, шарп жана башка). Бул тамак-аш азыктарын чыгаруу көлөмүн жана кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун пайдаланууну төмөндөтүүгө алып келиши мүмкүн, ички рынокто азык-түлүктүн тартыштыгын жаратып, сырьенун жана азык-түлүктүн экспортунун кыскарышына жана импортунун көбөйүшүнө алып келет.
2. Экономикалык тобокелдиктер экономиканын жана калктын кирешелеринин өсүү темпи, тарифтик-бажылык, курстук жана тышкы соода саясаты, дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыктын күч алышы жана башка менен байланыштуу. Бул тобокелдиктерди тышкы жана ички деп бөлүүгө болот.
Тышкы тобокелдиктерге тышкы экономикалык ишти либералдаштыруу, агрардык саясаттын чаралары боюнча чектөөлөрдү киргизүү мүмкүндүктөрү, тарифтик квоталоо жана бажы алымдарынын деңгээли менен шартталган соода-экономикалык тобокелдиктерди киргизүү керек.
Ички тобокелдиктердин арасында төмөнкүлөр олуттуу болушу мүмкүн:
- азык-түлүккө баалардын өсүшү, калктын кирешесинин алардан артта калуусу, алардын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү, тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү боюнча калктын ар кандай социалдык топторунун ортосундагы ажырымдын сакталышы менен байланыштуу социалдык тобокелдик;
- социалдык тобокелдикти төмөндөтүү, ага айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана туруктуу кылууга, айыл чарба продукцияларын "талаадан күркөгө чейин" илгерилетүүнүн уюшулган тармактарын түзүүгө, соода ишин жөнгө салууга ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн жардам көрсөтүү кирет, бул сырьенун наркын жана тамак-аш азыктарына баалардын төмөндөшүнө шарт түзөт.
11. Кыскартуулардын тизмеси:
СЛБ | - | Соода-логистикалык борбор |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
АЧК | - | Айыл чарбасын каржылоо |
РКӨФ | - | Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
ИДП | - | Ички дүң продукт |
БДСУ | - | Бүткүл дүйнөлүк соода уюму |
ЧУА | - | Ченемдик укуктук акт |
ЕБ | - | Европа Бирлиги |