Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 1-февралы № 2-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупция тобокелдигин жоюу максатында “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы №293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү максатында натыйжалуу башкаруу боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү бир айлык мөөнөттө коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон иштердин жана кырдаалдардын ведомстволук тизмегин бекитсин.
4. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу;
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;
5. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
6. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү бул буйрукту Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнө билдирсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Р.М.Суйналиевге жүктөлсүн.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган кунден тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
А.К. Бакетаев |