Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген) |
Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын,
атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын
жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324, 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 720, 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 751, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Тартип оор салмактуу жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүнүн ордун толтуруунун эсебине акы төлөөнүн жана эсептөөнүн тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Тартипте төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- транспорттук каражаттын ээси - транспорттук каражаттын менчик ээси, ошондой эле, транспорттук каражатты чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда же мыйзамдык негизде ээлик кылган жак;
- транспорттук каражат - адамдарды жана/же жүктөрдү ташуучу техникалык түзүлүш;
- чиркегич - механикалык транспорт каражатынын бөлүгү менен кошо кыймылга кирген, кыймылдаткычы жок транспорт каражаты;
- автопоезд - чиркегич (чиркегичтер) кошулган механикалык транспорттук каражат.
3. Оор салмактагы жана чоц көлөмдөгү транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын ээлери жана/же айдоочулары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтурат. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн жыйымдарды төлөгөнгө чейин мындай транспорт каражаттарынын андан ары жүрүүсүнө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн акча каражаттары транспорттук контролдоонун стационардык пункттарынын жана транспорттук контролдоонун мобилдик топторунун кызматкерлери тарабынан алынат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = С х М х L,
мында S - зыяндын жана залалдын өлчөмү;
С - 1 км жол жүрүүгө 1 тонна ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү, сом;
М - транспорт каражатынын ар бир огу боюнча таразага тартуу учуруна карата октук жүктүн белгиленген ченемдери менен иш жүзүндөгү маанилердин ортосундагы айырма (ондук үлүшкө чейин тегеректелет), тонна;
L - ташуунун аралыгы (ондук үлүшкө чейин тегеректелет), км.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен реабилитация жана оңдоо жүргүзүлүп жаткан автомобиль жолдорунун участокторунда транспорт каражатынын жалпы салмагынын жана октук жүгүнүн белгиленген ченемдеринен ашкандыгы үчүн залалдын ордун толтуруунун өзгөчө тартиби белгиленет.
Эскертүү. Зыяндын жана залалдын өлчөмүн эсептөө үчүн транспорт каражатынын жалпы салмагынын же октук салмак басымынын белгиленген ченемдери менен аларды таразага тартуу учурундагы иш жүзүндөгү маанисинин ортосундагы айырмасынын көбүрөөк саны кабыл алынат. Зыян жана залал үчүн эсептөө жана белгиленген салмак ченеминен ашкандыгы үчүн зыяндын ордун толтуруу үчүн жыйым алуу асфальт-бетон төшөлгөн автомобиль жолдору үчүн жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы N 11, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
51. Атайын транспорт каражатынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = CN x М x N,
Мында:
S - зыяндын жана залалдын өлчөмү, сом;
CN - 1 тонна ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
CN = BN x Кon x P,
мында:
BN - автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн базалык жыйымдын өлчөмү транспорт каражаттарынын N1, N2, N3, категорияларына жараша төмөнкүлөргө барабар:
ВN1 = 1,0 сом; BN2 = 2,0 сом; ВN3 = 2,0 сом;
КоN - октук салмак басымды туура келтирүү коэффициенти транспорт каражаттарынын N1, N2, N3, категорияларына жараша төмөнкүлөргө барабар:
КоN1 = 0,5; КоN2 = 1,34; КоN3 = 4,10;
Р - транспорт каражатынын жол берилген массасынан ашкан учурда автомобиль жолуна келтирилген зыяндын өлчөмүн эске алуучу, 6,9 га барабар коэффициент;
М - транспорт каражатынын иш жүзүндөгү жалпы массасынын октордун санына жараша жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жалпы массанын белгиленген жол берилген ченеминен ашкан чоңдугу, тонна;
N - көп жолу колдонулуучу уруксаттын колдонуу мөөнөтүнө теңештирилген күндөрдүн саны (колдонуу мөөнөтү арыз ээсинин арызында көрсөтүлгөн күндөрдүн саны боюнча белгиленет).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
6. 1 км жол жүрүүгө ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 70 сом өлчөмүндө белгиленет, анын ичинде атайын уруксат алууда эл аралык автомобилдик ташуулардын транспорт каражаттары үчүн да колдонулат.
Республика боюнча бөлүнбөс жүктөрдү жүк ташуучу автомобилдер, автопоезддер, ошондой эле үч жана андан ашык огу бар жүк ташуучу ээр сүйрөгүчтөр жана төрт жана андан көп огу бар жана ар бир огунда төрт жана андан көп дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым чиркегич (трал) менен ташууга атайын уруксат алынганда, ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 1 км жол жүрүүгө 50 сомдон белгиленет.
Ашыкча жүктүн ставкасы транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлинде жыл сайын түзөтүлүүгө тийиш. Жол берилген жалпы салмактан жана октук салмак басымынын ашкан өлчөм 100 кг чегинде тегеректелет жана тонна менен көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-октябрындагы N 638, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Жүктөрдү ташып жеткирүүнүн аралыгы транспорт каражаты жүктөлгөн жеринен баштап транспорт каражаттарынын жалпы салмагы жана октук салмак басымынын бекитилген уруксат берилген көрсөткүчтөрүнөн ашып кетүү фактысы катталган жерине чейин жүктү коштоочу документтер (товардык-транспорттук накладнойлор, жол кагаздары, ченөө актылары же таразага тартуу актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалымкаттар, товарга алуу жөнүндө актылар, чектер, квитанциялар, ташуу кызматы жөнүндө келишимдер) менен аныкталат. Жүктү коштоочу документтери жок болсо ташып жеткирүүнүн аралыгы жүктү ташуучунун жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
8. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
9. Салмак-өлчөм көрсөткүчтөрүн бузуу аныкталган учурда транспорт каражатынын ээси келтирилген зыяндардын ордун толуктап, төлөп берүү үчүн төмөндөгү документтерди жана маалыматтарды берүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же транспорт каражатынын ээсинин - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- чет өлкөлүк жарандар үчүн чет өлкөнүн жарактуу паспорту же транспорт каражатынын ээсинин ким экенин билдирүүчү башка документ керек;
- жүк ташуучу транспорт каражатынын (тягачтын), ошондой эле чиркегичтин (жарым чиркегичтин) каттоо жөнүндө күбөлүгү же техникалык паспорту;
- жүктү коштоочу документтер (товардык-транспорттук накладнойлор, жол кагаздары, ченөө актылары же таразага тартуу актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалымкаттар, товарга алуу жөнүндө актылар, чектер, квитанциялар, ташуу кызматы жөнүндө келишимдер).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Транспорттук каражаттын ээси зыяндын жана залалдардын ордун толтурууну төлөөдөн баш тартса, бул сумма сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
11. Зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн алынган акча каражаттары республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшөт.
12. Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруудан төмөнкү автотранспорт каражаттары бошотулат:
- гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча ташууларды аткарган;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун республикалык бюджеттин жана (же) инвестициялык каражаттардын эсебинен курууну, реконструкциялоону, капиталдык жана орточо оңдоону жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан тартылуучу подряддык уюмдардын.
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын, ошондой эле анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 720, 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 751 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Көп жолу колдонулуучу уруксат алуудан жана автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн жыйым төлөөдөн төмөнкүлөрдүн атайын транспорт каражаттары бошотулат:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (өрт өчүрүүчү автомобилдер ж.б.);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (медициналык лабораториялар ж.б.)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)