Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 30-октябры № 206
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
Өзгөчө маанилүү объекттин коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режимин тартипке келтирүү максатында:
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобонун талаптарын милдеттүү түрдө аткарууга алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 155 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.У. Жапаров |