Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 206 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобо
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратына (мындан ары - административдик имарат) кызмат адамдарынын жана башка адамдардын кирүү (чыгуу) тартибин жана негизги талаптарын, ошондой эле административдик имараттын аймагына автотранспорт каражаттарынын кирүү (чыгуу) тартибин, товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү (алып чыгуу), ташып киргизүү (ташып чыгаруу) тартибин аныктайт.
2. Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов проспекти, 301/1 дареги боюнча жайгашкан административдик имарат режимдик мүнөздөгү өзгөчө маанилүү объект болуп саналат, анын контролдоо-өткөрүү посттору (мындан ары - посттор) кирүүнү контролдоо жана башкаруу системасы менен жабдылган (мындан ары - ККБС).
Өткөрүү режимин камсыз кылуу, документтерди текшерүү, ушул Жободо каралган текшерип кароо жана башка аракеттер (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 201 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлеринин тышкы көрүнүшү (дресс-код) жөнүндө жобонун талаптарын сактоону кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын (мындан ары - 9-Кызмат) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
Административдик имараттын коопсуздугун камсыздоо 9-кызматтын кызматкерлери тарабынан күнү-түнү ишке ашырылат.
Ушул Жободо каралган 9-кызматтын кызматкерлеринин талаптары административдик имараттын аймагында турган бардык адамдар үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Өткөрүү режимин бузуу тартиптик жосун болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга алып келет.
2-глава. Административдик имаратка электрондук өткөрмөлөр боюнча кирүү (чыгуу) тартиби
4. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында кызмат адамдарынын жана башка адамдардын административдик имаратка кирүүсү адамдын жүзүнүн уникалдуу белгилерин талдоого негизделген инсандын ким экендигин таануу технологиясына (мындан ары - Face ID) ылайык, белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр, анын ичинде санариптик кызматтык күбөлүк, ошондой эле убактылуу жана бир жолку өткөрмөлөр (туруктуу, убактылуу, бир жолку) боюнча ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, стационардык металлдетектору аркылуу жана кол жүгүн (жүктү) рентгентелевизиондук түзүлүш менен текшерүү жүргүзүлөт. Товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүүдө (алып чыгууда), ташып киргизүүдө (ташып чыгарууда) аларды алып келүү (алып чыгуу), ташып киргизүү (ташып чыгаруу) укугуна өткөрмө таризделет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүү ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн кызмат адамдарына, ошондой эле Президент, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары) менен макулдашуу боюнча уруксат берилет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Кызмат жана башка адамдардын административдик имаратка кирүү (чыгуу) укугу төмөнкүлөр боюнча ишке ашырылат:
- Face ID;
- электрондук өткөрмө менен ырасталган кызматтык күбөлүк (кагаз түрүндө);
- санариптик кызматтык күбөлүк ("Tunduk Gov" мобилдик тиркемесинде);
- убактылуу электрондук өткөрмө;
- бир жолку өткөрмө (электрондук же кагаз түрүндө);
- ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бекитилген тизме боюнча бир жолку өткөрмө.
6. Ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдары административдик имаратка карап текшерүүсүз жана электрондук өткөрмөлөр менен ырасталган кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтпөстөн кирүүгө (чыгууга) укуктуу.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол тийбестик статусуна ээ адамдар, ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдары административдик имаратка электрондук өткөрмө менен ырасталган кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен карап текшерүүсүз кирүүгө укуктуу.
Ведомстволук жана жеке кайтаруусу бар кызмат жана башка адамдар административдик имаратка аны коштоосуз өтөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын (мындан ары - Иш башкармасы) жанында активдүү электрондук өткөрмөсү жок кызматкерлери же ККБС жана Face ID техникалык бузук учурда кызматкердин түзүмдүк бөлүмүнүн түздөн-түз жетекчиси менен 9-кызматынын бөлүмүнүн башчысынын же аны алмаштырган адамдын ортосундагы макулдашуу боюнча кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине кат жүзүндө кабарлоо менен (өткөрмөнүн жоктугунун себебин көрсөтүү менен) кызматкердин колдонуудагы кызматтык күбөлүгү же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорт, айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жарактуу мөөнөтү бар кызматтык күбөлүгү) боюнча административдик имаратка кире алат, ап эми күбөлүк жана электрондук өткөрмө жок болгон учурда мобилдик түзүлүшүн алып өтүү укугу менен бир жолку өткөрмө боюнча өткөрмө бюросу аркылуу административдик имаратка кирүүгө укуктуу.
Өзгөчө учурларда ден соолугунун абалы боюнча жанында медициналык маалымкаты (документи) бар адамдар же кош бойлуулуктун көрүнө белгилери бар аялдар Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кызматкеринин уруксаты менен стационардык металлдетекторлор аркылуу өтпөсө болот, бирок кол металл издегичти пайдалануу менен карап текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
3-глава. Чакырылгандардын бир жолку тизме боюнча административдик имаратка кирүү тартиби
9. Үчтөн ашык чакырылган адамдардын административдик имаратка кирүүсү ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык бекитилген бир жолку тизме боюнча ишке ашырылат, алар ККБС аркылуу өткөрмө бюросуна жиберилет.
ККБС (убактылуу) техникалык бузук учурда чакырылгандардын бир жолку тизмеси Президенттин Администрациясынын же Иш башкармасынын тиешелүү иш-чараларды өткөрүүгө жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан даярдалат, Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын жана Иш башкармасынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн тиешелүү мөөрүн милдеттүү түрдө коюу менен ошол түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан кол коюлат.
Административдик имаратка бир жолку тизме боюнча кирүү ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүү менен (паспорт, аскердик билет, пенсиялык күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик органдын жарактуу мөөнөтү бар кызматтык күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аккредитациялык карточкасы, дипломатиялык, кызматтык жана жалпы жарандык паспорт) электрондук өткөрмөсүз тиешелүү пост аркылуу жүргүзүлөт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Коомдук кабылдамада Президент, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жарандарды жеке кабыл алууну уюштурууда кабыл алууну уюштурууга жооптуу кызматкерлер ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык кабыл алууга жазылган жарандардын тизмесин бекитүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
11. Президенттин Администрациясында аккредитацияланган, ошондой эле аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары - ЖМК) кызматкерлери спорттук, кыска (юбка, шорты, майка, топ), көңүл бурдуруучу жана экстраваганттык кийимдерден тышкары эркин формада, уюлдук телефондорун алып өтүү укугу менен ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык тиешелүү пост аркылуу административдик имаратка киришет.
12. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүлдөр, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялар же айрым чет өлкөлүк жарандар котормочулары жана адистери менен административдик имаратка Президенттин Администрациясынын же Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин же аны алмаштырган адамдын колу жана мөөрү коюлган бекитилген тизме боюнча, жолугушууну уюштурууга жооптуу кызматкерлердин милдеттүү коштоосу менен киргизилет.
13. Административдик имаратка кирүүдө бир жолку тизме боюнча чакырылгандар стационардык металл детекторунан жана рентгендик телекөрсөтүүчү түзүлүш аркылуу кол жүгүн текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
14. Чакырылган адамдардын тизмелеринин бир нускасы 9-кызматта, экинчиси - Президенттин Администрациясынын өтүнмөнү берген түзүмдүк бөлүмүндө 2 жыл бою сакталат. Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин тизмелер жок кылынат.
4-глава. Административдик имаратка бир жолку электрондук өткөрмө боюнча чакырылгандардын кирүү тартиби
15. Административдик имаратка бир учурда үч адамдан ашпаган санда чакырылган адамдардын кириши үчүн өткөрмө бюросунда Президенттин Администрациясынын жана Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана жетекчилеринин орун басарларынан, сектор башчыларынан, ошондой эле кабыл алуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн адистеринен телефон байланышы боюнча (уюлдук байланыштан тышкары) келип түшкөн алдын ала өтүнмөлөр боюнча бир жолку электрондук өткөрмө таризделет жана активдештирилет, аларда келген убактысы административдик имараттан чыгууну эске алуу менен белгиленет.
Бир жолку электрондук өткөрмө келүүчүгө (келүүчүлөргө) административдик имаратка бир жолу келүү үчүн берилет. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналында чакырылгандын жана өтүнмө берген кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), ошондой эле келген датасы, убактысы жана кабинеттин номери көрсөтүлөт.
Өткөрмө бюросуна техникалык себептер боюнча электрондук өткөрмөнү берүү мүмкүн болбогон учурда, өткөрмө электрондук өткөрмө менен ырасталбастан бир жолку кагаз түрүндөгү өткөрмөнү берүү боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
16. Бир жолку өткөрмөлөр өткөрмө бюросунда саат 08:30дан 19:30га чейин, 12:30дан 13:30га чейин түшкү тыныгуу менен (кыш мезгилинде саат 08:30дан 18:30га чейин), ишемби күндөрү - саат 08:30дан 15:00гө чейин, ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер болгондо таризделет.
Келүүчүлөр кайрылган учурда өткөрмө бюросунун кызматкери өткөрмө бюросунун кызматтык жайында орнотулган жүзүн таануу маалымат базасы аркылуу өткөн тиешелүү өтүнмөнүн бар экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Өткөрмө бюросунун кызматкери келүүчүнү административдик имаратка келүүчүлөрдү эсепке алуу журналында чакырылгандын жана өтүнмө берген кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), ошондой эле келген датасын жана убактысын, кабинеттин номерин көрсөтүү менен каттайт.
Келүүчүлөрдүн административдик имаратка бир жолку өткөрмө боюнча кирүүсү (чыгуусу) 9-кызмат тарабынан аныкталган пост аркылуу жүзөгө ашырылат.
Административдик имараттан чыгып баратканда келүүчүлөр постто турган 9-кызматтын кызматкерине келүүчүнүн электрондук же бир жолку/кагаз өткөрмөсүн кайтарып беришет.
17. Чакырылган адамдардын административдик имаратта уруксатсыз жүрүүсүнө жол бербөө үчүн Президенттин Администрациясынын жана Иш башкармасынын бир жолку өткөрмө берүүгө өтүнмө берген кызматкери чакырылуучуну административдик имаратка кирерде милдеттүү түрдө тосуп алууга, чакырган кызмат адамына гана кирүү жөнүндө эскертүүгө, жолугушуу аяктагандан кийин өткөрмөдө кеткен убактысын белгилөө менен, келүүчү кирген пост аркылуу аны административдик имараттан чыгууга коштоп барууга тийиш.
Келүүчү коштогон жооптуу кызматкерсиз бир жолку өткөрмөдө көрсөтүлбөгөн кабаттарда жана кабинеттерде болгон учурда, ошондой эле ушул Жободо каралган башка талаптарды бузган учурда, 9-кызматтын кызматкери келүүчүдөн жазуу жүзүндө түшүндүрмөнү талап кылууга жана бул жөнүндө билдирме түзүүгө (жана келүүчүнү имараттан узатууга) укуктуу.
Келүүчүлөр тартипти жана ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бир жолку өткөрмө берүүгө өтүнмө берген кызматкер тартат.
5-глава. Административдик имаратка кирүүдөгү жалпы талаптар
18. Жумуш күндөрү (дем алыш күндөрдөн тышкары) эркин формадагы кийимге жол берилген техникалык кызматкерлерден тышкары, кызматкерлер жана административдик имаратка келүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын ишинин расмий мүнөзүнө ылайык келген иштиктүү стилдеги кийимди кийүүгө тийиш.
Административдик имараттын аймагында спорттук, көңүл бурдуруучу жана экстраваганттык кийимдерди кийүүгө жол берилбейт.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
19. Келүүчүлөр күз-кыш мезгилинде административдик имаратка кирүүдө сырткы кийимдерин, кол чатырларын административдик имараттын биринчи кабатында жайгашкан гардеробго тапшырат.
20. Административдик имаратка кирүүдө 9-кызматтын кызматкерлери жарандарды жана алардын кол жүктөрүн жеке карап текшерип өткөрөт.
Келүүчүлөргө таандык болгон смартфондорду, спутник байланышынын каражаттарын, ноутбуктарды, мобилдик телефондорду жана үн жазуу функциялары бар башка түзүлүштөрдү административдик имаратка киргизүүгө болбойт. Мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген (аудио жазуу, фото, видео тартуу) же координаттарды аныктоого жөндөмдүү бардык түзүлүштөргө, анын ичинде радиоаппаратурага, фитнес-билериктерге, ошондой эле WI-FI, Bluetooth модулдары, инфракызыл порттор жана мобилдик модемдер, флэш-карталар менен жабдылган техникаларга тыюу салынат, ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн аккредиттелген жана аккредиттелбеген ЖМК кызматкерлерин кошпогондо, административдик имаратта болгон мезгилде атайын номерлүү жетондорду берүү менен 9-кызматтын кызматкерлерине өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Өзгөчө учурларда, кызматтык зарылчылык болгондо жооптуу кызматкерлер автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу имаратка мобилдик түзүлүштөрдү жана компьютердик техниканы алып кирүүгө өтүнмө берүүгө укуктуу. Мындай түзүлүштөрдү алып кирүү боюнча өтүнмөлөр иш-чаранын аткаруучусу жана бөлүмдүн түздөн-түз жетекчиси - иш-чаранын аткаруучусу менен автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жеке макулдашылууга тийиш.
Мамлекеттик күзөт объектинин жана административдик имараттын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түздөн-түз кызмат өтөгөн 9-кызматтын кызматкерлерин, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурдагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын жана Атайын байланыш кызматынын кызматкерлерин кошпогондо, ок атуучу куралды алып жүрүүгө уруксаты бар адамдарга курал менен административдик имаратта болууга тыюу салынат.
Ок атуучу куралды алып жүрүүгө укугу бар адамдар административдик имаратка кирүүдө ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти жана курал алып жүрүү укугуна жарактуу уруксатты көрсөтүүгө милдеттүү, андан кийин куралды 9-кызматтын кызматкерине убактылуу сактоого берүүгө тийиш. 9-кызматтын кызматкери куралды журналда каттоого, номерлүү жетон берүүгө, ошондой эле анын сакталышын жана кайтарылышын камсыз кылууга (убактылуу сактоого берилген курал атайын металл сейфте сакталат) милдеттүү.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
21. Административдик имаратка техникалык каражаттарды алып кирүү үчүн келүүчү жабдуулардын тизмегин алдын ала түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитүү жана Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын жана Иш башкармасынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн мөөрүн басуу үчүн берет.
Административдик имаратка спирт ичимдиктерин, баңги жана психотроптук заттарды алып кирүүгө катуу тыюу салынат, ошондой эле алкоголдук, баңги заттык же токсикалык мас болуунун айкын белгилери бар адамдарды киргизүүгө тыюу салынат.
Ушул пункттун талаптарын аткарбаган адамдар административдик имаратка киргизилбейт.
6-глава. Электрондук өткөрмөлөрдү берүүнүн, эсебин алуунун жана кайтарып алуунун тартиби
22. Административдик имаратка кирүү үчүн кызмат адамдарына же башка адамдарга төмөнкүдөй түрдөгү электрондук өткөрмөлөр берилет:
1) туруктуу;
2) убактылуу;
3) бир жолку.
23. Административдик имаратка кирүү (чыгуу) үчүн туруктуу электрондук өткөрмөлөр ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдарына Президенттин Администрациясынын жана Иш башкармасынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан чыгарылган тиешелүү чечимдин негизинде, электрондук өткөрмөлөр менен ырасталган кызматтык күбөлүктөрү боюнча административдик имаратка кирүүгө уруксат берилген кызмат адамдарынын тизмегине ылайык берилет.
24. Административдик имаратка кирүү (чыгуу) үчүн убактылуу электрондук өткөрмөлөр мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын жүйөлүү жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде кызмат адамдарына жана башка адамдарга берилет. Аталган кайрылуунун негизинде Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин атына мөөнөтүн (бир, үч же алты айга, бирок бир жылдан ашпаган мөөнөткө) көрсөтүү менен төмөнкүдөй учурларда убактылуу кызматтык өткөрмөнү берүү жөнүндө кызматтык катты киргизет:
- өндүрүштүк маселелерди ыкчам чечүүнүн зарылдыгы;
- Иш башкармасынын иш өндүрүшү жана кызмат көрсөтүүсү;
- мамлекеттик органдардын жана чектөө грифи бар башка уюмдардын корреспонденцияларын жеткирүү;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иштеген же мамлекеттик органдардын иш сапарга жиберилген кызматкерлери үчүн.
Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги оң чечим чыгарган учурда кадр маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүм убактылуу электрондук өткөрмө берет.
Убактылуу электрондук өткөрмө ошондой эле Президенттин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын, орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмасы боюнча берилет.
Өзгөчө учурларда 9-кызматтын начальниги мамлекеттик органдардын кызматкерлерине убактылуу өткөрмө (кагаз түрүндөгү) берүүгө укуктуу. Өткөрмөлөрдү эсепке алуу жана берүү 9-кызматтын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан жөнгө салынат.
Убактылуу өткөрмөлөр тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн өткөрмөлөрдү эсепке алуу жана берүү боюнча тиешелүү журналдарында катталат.
Электрондук өткөрмөлөр мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын өкүлдөрүнө же түздөн-түз алар берилүүгө тийиш болгон адамдарга өткөрмөлөрдү берүү журналына кол коюу менен берилет.
Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин, электрондук өткөрмө автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
Кадрдык өзгөрүүлөр болгон учурда тиешелүү чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүү менен электрондук өткөрмө берүү үчүн жеке кайрылууга жол берилет.
Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү кызматтык катсыз жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө кабарлоосуз электрондук өткөрмөлөрдү берүүгө катуу тыюу салынат.
Убактылуу электрондук өткөрмөлөрдү активдештирүү Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
Туруктуу электрондук өткөрмөнүн колдонулушу Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ошондой эле Президенттин Администрациясынын жана Иш башкармасынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилген тиешелүү чечимдин көчүрмөсүнүн негизинде жокко чыгарылат.
Убактылуу жана электрондук өткөрмөлөр жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин өткөрмөнү берген тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө кайтарылууга тийиш.
Кызмат адамдары же башка адамдар тарабынан Президенттин Администрациясынын, Иш башкармасынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө туруктуу/убактылуу өткөрмөлөр кайтарылбаган учурда Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн кызматкерлери блоктоону жүзөгө ашырат жана электрондук өткөрмөлөрдү алуу үчүн тизмелерди 9-кызматка өткөрүп берет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
25. Убактылуу (кагаз) өткөрмөнүн алдынкы бетине катар номери, фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), кызмат орду көрсөтүлөт, 3x4 өлчөмүндөгү фотосүрөт чапталат жана өткөрмөнүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт (фотосүрөт жок болгон учурда ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн инсандыгын ырастоочу документтин сериялык номери жазылат). Фотосүрөт жана убактылуу өткөрмөнүн жарактуулук мөөнөтү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу жана тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Административдик имаратка электрондук өткөрмөнү активдештирүү үчүн электрондук алып жүрүүдөгү фотосүрөт 1000х750 пикселден кем эмес өлчөмдө болууга тийиш.
26. Туруктуу жана убактылуу электрондук өткөрмөлөр алардын атына таризделген адамдар үчүн гана жарактуу. Туруктуу жана убактылуу электрондук өткөрмөлөрдү башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.
Кызмат адамдары, келүүчүлөр инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка бирөөнүн документтерин, электрондук өткөрмөлөрдү, белгиленбеген үлгүдөгү же жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен өткөрмөлөрдү колдонгону аныкталган учурда алар 9-кызматтын кызматкерлери тарабынан кийин кадр маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө өткөрүп берүү үчүн алынып коюлууга тийиш, ал эми аларды көрсөткөн адамдар административдик имаратка киргизилбейт жана жагдайлар аныкталганга чейин 9-кызматтын кызматкерлери тарабынан кармалат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
27. Ээлеген кызмат ордунан бошотулганда Президенттин Администрациясынын, Иш башкармасынын кызматкери кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмгө кызматтык күбөлүгүн тапшырат.
Ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу жол-жоболорду аяктоо максатында (иштерди өткөрүп берүү жана бошонуу барагын барагын тариздөө) кызматкерге паспорту же электрондук өткөрмө менен ырасталган инсандыгын ырастоочу башка документи боюнча 10 календардык күндүн ичинде административдик имаратка кирүүгө уруксат берилет. Электрондук өткөрмөнүн колдонулушу Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бекиткен, Президенттин Администрациясынын, Иш башкармасынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилген тизменин негизинде узартылат.
Бошотулган кызматкерлер кызматтык күбөлүктөрдү, туруктуу жана убактылуу электрондук өткөрмөлөр менен ырасталган убактылуу өткөрмөлөрдү кайтарбаган учурда постторго Президенттин Администрациясынын жана Иш башкармасынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан бекитилген аларды алып коюу жөнүндө тизмелер берилет.
Убактылуу жана электрондук өткөрмөлөрдү пайдаланган адамдар ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда электрондук өткөрмөлөрдү өз убагында тапшыруу үчүн жоопкерчилик ошол кызмат адамы иштеген жердеги тиешелүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мекемеге, уюмга же ишканага жүктөлөт. Көрсөтүлгөн өткөрмөлөрдүн колдонулушу да жокко чыгарылат.
28. Мөөнөтү өтүп кеткен убактылуу электрондук өткөрмөлөрдү тапшыруу үчүн жоопкерчиликти убактылуу электрондук өткөрмөлөрдү берүү жөнүндө өтүнүч катты берген Президенттин Администрациясынын, Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тартат.
29. Электрондук өткөрмөнү жоготуп жиберген учурда Президенттин Администрациясынын, Иш башкармасынын кызматкери Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына түшүнүк катты берет. Жоголгон электрондук өткөрмө токтоосуз блоктолот.
Жоголгондун ордуна жаңы убактылуу электрондук өткөрмөнү берүү өзүнүн эсебинен сатып алынган жаңы электрондук өткөрмөсү болгон учурда жүргүзүлөт, ал дайындоо жөнүндө колдонуудагы чечимге ылайык активделиши мүмкүн.
30. Электрондук өткөрмөлөрдү, жабдуулардын техникалык оң абалын камсыз кылуу, КБКС программалык камсыз кылуу, ошондой эле КБКС менен иштөөгө тартылган 9-кызматтын кызматкерлерин окутуу жоопкерчилигин Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тартат.
31. Зарыл болгон учурда административдик имаратка келгендер жөнүндө маалыматтарды берүү Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин атына жазылган жазуу жүзүндөгү кайрылууга ылайык жана анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылат.
7-глава. Административдик имараттын аймагына кирүүнүн тартиби
32. Административдик имараттын ички короосунун аймагына № 1 дарбаза аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык автомашиналары тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ.
33. Административдик имараттын № 2 дарбазасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кайтаруу объекттеринин кызматтык автомашиналарынын, ошондой эле (Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыздоо боюнча департамент" мамлекеттик мекемесинин мөөрү менен ырасталган өтүнмөлөргө ылайык) тиешелүү тизмеге мөөр коюлган административдик имараттын тейлөөчү персоналынын автомашиналарынын кирүүсү жана чыгуусу үчүн арналган.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Жетекчиси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу катышкан иш-чараларды даярдоо жана аларды өткөрүү учурунда административдик имаратынын жертөлө кабатына автомашиналардын кирүүсү жана чыгуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын төмөнкү бөлүмдөрүнүн 9-кызматка материалдык өткөрмө берген жооптуу адамынын коштоосунда гана жүзөгө ашырылат:
- маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмү;
- маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү;
- протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмү.
Башка автомашиналардын өтүүсүнө катуу тыюу салынат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
8-глава. Административдик имаратка товардык-материалдык баалуулуктарды алып кирүүнүн (алып чыгуунун), ташып кирүүнүн (ташып чыгуунун) тартиби
34. Административдик имаратка товардык-материалдык баалуулуктарды алып кирүү (алып чыгуу), ташып кирүү (ташып чыгуу) Иш башкармасынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү тарабынан берилген алып кирүү (алып чыгуу), ташып кирүү (ташып чыгуу) укугуна өткөрмөлөр боюнча жүзөгө ашырылат.
35. Товардык-материалдык баалуулуктарды алып кирүүдө (алып чыгууда), ташып кирүүдө (ташып чыгууда) өткөрмөлөр кийин Иш башкармасынын тиешелүү бөлүмүнө өткөрүп берүү менен 9-кызматтын кызматкерлерине берилет.
36. Кимдир бирөөнүн оозеки көрсөтмөсү боюнча товардык-материалдык баалуулуктардын ордун административдик имараттын чегинен тышкары которууга тыюу салынат.
37. Товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз жол менен алып чыгууга (алып кетүүгө) аракет кылган адамдарга 9-кызматтын кызматкерлери тарабынан акт түзүлөт, анын бир нускасы күнөөлүүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн Президенттин Администрациясынын Жетекчисине берилет.
9-глава. Видеорегистратордун жазууларын берүүнүн тартиби
38. Посттордо видеорегистратор менен бириктирилген видеобайкоо камералары (IP-камералары) орнотулган. Видеобайкоо камералары менен видеорегистраторго автоматтык түрдөгү жазуу жүргүзүлөт.
39. Видеорегистратордун жазуулары түзүлүштөрдүн техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык белгилүү бир мөөнөттүн ичинде сакталат. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин техникалык түзүлүштө сакталган маалымат автоматтык түрдө өчүрүлөт.
40. Жазууну берүү Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери тарабынан 9-кызматтын бөлүм башчысынын катышуусунда Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин атына жазылган жазуу жүзүндөгү кайрылуунун негизинде жана анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылат.
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына тоскоолдуксуз кирүүгө (чыгууга) укугу бар кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Президенти |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
3 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
4 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы |
5 | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы |
6 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы |
7 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
8 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
9 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары |
10 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы |
11 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги |
12 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери |
13 | Кыргыз Республикасынын экс-президенттери |
14 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору |
15 | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы |
16 | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча)
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
3 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
Эскертүү. Башка кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кабылдамасына Кыргыз Республикасынын Президентинин чакыруусу боюнча же Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган тизме боюнча кирет.
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Президенти |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
3 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
5 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана орун басарлары |
6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги |
7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктери |
Эскертүү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча өтөт;
- башка кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабыл алуусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси же жардамчысы менен макулдашылып, алдын ала бекитилген келүүчүлөрдүн тизмеси боюнча келет. Кабылдамага өтүүдө ушул Тизмекте көрсөтүлгөн, тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген адамдардан тышкары, бардык келүүчүлөр кошумча атайын карап текшерүү иш-чараларынан өтүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кадр маселелерин тейлеген бөлүмдүн жана биринчи сектордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабылдамасына зарыл болгон учурда кызматтык күбөлүктөрү боюнча өтөт.
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына электрондук өткөрмө менен ырасталган кызматтык күбөлүктөр боюнча текшерип кароосуз кирүүгө (чыгууга) уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары |
3 | Кыргыз Республикасынын министрлери |
4 | Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү |
5 | Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчилери (коомдук башталыштагы кеңешчилерден тышкары) |
7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жардамчылары |
8 | Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы |
9 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
10 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
11 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына электрондук өткөрмөлөр менен ырасталган кызматтык күбөлүктөр боюнча кирүүгө (чыгууга) уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси, анын орун басарлары |
3 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлери |
4 | Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдары, туруктуу өкүлдөрү |
5 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрагаларынын орун басарлары |
6 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарлары |
7 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлары |
8 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарлары |
9 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун судьялары |
10 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары |
11 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын кеңешчилери (коомдук башталыштагы кеңешчилерди кошпогондо) |
12 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын жардамчылары |
13 | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары |
14 | Кыргыз Республикасынын министрлеринин орун басарлары |
15 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору |
16 | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басарлары |
17 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери |
18 | Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, алардын орун басарлары |
19 | Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин төрагалары |
20 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору жана кызматкерлери |
21 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин директору, анын орун басарлары |
22 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, анын орун басарлары |
23 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жана анын орун басарлары |
24 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарлары |
25 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун жетекчилери, алардын орун басарлары |
26 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, анын орун басарлары |
27 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, анын орун басарлары |
28 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары |
29 | "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана жумушчулары |
30 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору, анын орун басарлары |
31 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, вице-президенттери |
32 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы |
33 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, анын орун басарлары |
34 | Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын кеңешинин төрагасы |
35 | Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы |
36 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору, анын орун басарлары |
37 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору |
38 | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору, анын орун басарлары |
39 | Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору, анын орун басарлары |
40 | "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүнүн директорлору - башкы редакторлору, "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору |
41 | "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы |
42 | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору |
43 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору |
44 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору |
45 | "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 6-тиркеме |
|
| № _________________ пост |
|
| ______________________________ |
|
| 202___-жылдын "__" ___________ |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына чакырылгандардын ТИЗМЕСИ ____________________________________________ (маселе боюнча кеңешме/жыйналыш (кимге)
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
Датасы: ________________________________________________
Убактысы: ______________________________________________
Өтүүчү жери (кабинет/зал): ________________________________
№ | Аты-жөнү | Уюмдун аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бөлүмдүн башчысы: | __________________________________________ |
|
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
|
|
| Аткаруучу: ____________________________ |
|
| Тел.: ________________________________ |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 7-тиркеме |
|
| № _________________ пост |
|
| ______________________________ |
|
| 202___-жылдын "__" ___________ |
Кыргыз Республикасынын Президентинин/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабыл алуусуна чакырылгандардын ТИЗМЕСИ ____________________________________________ (маселе боюнча кабыл алууга/кеңешмеге/ жыйналышка)
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 17-майындагы № 105 тескемесинин редакциясына ылайык)
Датасы: ________________________________________________
Убактысы: ______________________________________________
Өтүүчү жери (кабинет): ___________________________________
№ | Аты-жөнү | Уюмдун аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бөлүмдүн башчысы: | __________________________________________ |
|
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
|
|
| Аткаруучу: ____________________________ |
|
| Тел.: ________________________________ |