Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН Администрациясынын Жетекчисинин ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 17-майы № 105
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратынын - өзгөчө маанилүү объектинин коопсуздугун камсыз кылуу жана контролдук-өткөрүү режимин ишке ашырууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 206 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада жана 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобо";
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өткөрүү режимин камсыз кылуу, документтерди текшерүү, ушул Жободо каралган текшерип кароо жана башка аракеттер (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 201 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлеринин тышкы көрүнүшү (дресс-код) жөнүндө жобонун талаптарын сактоону кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын (мындан ары - 9-Кызмат) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.";
- 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүү ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн кызмат адамдарына, ошондой эле Президент, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары) менен макулдашуу боюнча уруксат берилет.";
- 9-пунктта:
биринчи абзацта "9-кызматтын" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Административдик имаратка бир жолку тизме боюнча кирүү ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүү менен (паспорт, аскердик билет, пенсиялык күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик органдын жарактуу мөөнөтү бар кызматтык күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аккредитациялык карточкасы, дипломатиялык, кызматтык жана жалпы жарандык паспорт) электрондук өткөрмөсүз тиешелүү пост аркылуу жүргүзүлөт.";
- 18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Жумуш күндөрү (дем алыш күндөрдөн тышкары) эркин формадагы кийимге жол берилген техникалык кызматкерлерден тышкары, кызматкерлер жана административдик имаратка келүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын ишинин расмий мүнөзүнө ылайык келген иштиктүү стилдеги кийимди кийүүгө тийиш.";
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө учурларда, кызматтык зарылчылык болгондо жооптуу кызматкерлер автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу имаратка мобилдик түзүлүштөрдү жана компьютердик техниканы алып кирүүгө өтүнмө берүүгө укуктуу. Мындай түзүлүштөрдү алып кирүү боюнча өтүнмөлөр иш-чаранын аткаруучусу жана бөлүмдүн түздөн-түз жетекчиси - иш-чаранын аткаруучусу менен автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жеке макулдашылууга тийиш.";
- 24-пунктта:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Убактылуу электрондук өткөрмө ошондой эле Президенттин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын, орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмасы боюнча берилет.";
он жетинчи абзацта "берилбеген" деген сөз "кайтарылбаган" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 26-пункттун экинчи абзацында "тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө" деген сөздөр "кадр маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Административдик имараттын № 2 дарбазасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кайтаруу объекттеринин кызматтык автомашиналарынын, ошондой эле (Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыздоо боюнча департамент" мамлекеттик мекемесинин мөөрү менен ырасталган өтүнмөлөргө ылайык) тиешелүү тизмеге мөөр коюлган административдик имараттын тейлөөчү персоналынын автомашиналарынын кирүүсү жана чыгуусу үчүн арналган.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Жетекчиси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу катышкан иш-чараларды даярдоо жана аларды өткөрүү учурунда административдик имаратынын жертөлө кабатына автомашиналардын кирүүсү жана чыгуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын төмөнкү бөлүмдөрүнүн 9-кызматка материалдык өткөрмө берген жооптуу адамынын коштоосунда гана жүзөгө ашырылат:
- маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмү;
- маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү;
- протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмү.
Башка автомашиналардын өтүүсүнө катуу тыюу салынат.";
- жогоруда аталган тескеменин 1-7-тиркемелери ушул тескеменин 1-7-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына тоскоолдуксуз кирүүгө (чыгууга) укугу бар кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Президенти |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
3 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
4 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы |
5 | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы |
6 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы |
7 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
8 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
9 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары |
10 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы |
11 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги |
12 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери |
13 | Кыргыз Республикасынын экс-президенттери |
14 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору |
15 | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы |
16 | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу |
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча)
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
3 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
Эскертүү. Башка кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кабылдамасына Кыргыз Республикасынын Президентинин чакыруусу боюнча же Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган тизме боюнча кирет.".
|
| 3-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Президенти |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
3 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
5 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана орун басарлары |
6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги |
7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктери |
Эскертүү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабылдамасына тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча өтөт;
- башка кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабыл алуусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси же жардамчысы менен макулдашылып, алдын ала бекитилген келүүчүлөрдүн тизмеси боюнча келет. Кабылдамага өтүүдө ушул Тизмекте көрсөтүлгөн, тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген адамдардан тышкары, бардык келүүчүлөр кошумча атайын карап текшерүү иш-чараларынан өтүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кадр маселелерин тейлеген бөлүмдүн жана биринчи сектордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабылдамасына зарыл болгон учурда кызматтык күбөлүктөрү боюнча өтөт.".
|
| 4-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына электрондук өткөрмө менен ырасталган кызматтык күбөлүктөр боюнча текшерип кароосуз кирүүгө (чыгууга) уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары |
3 | Кыргыз Республикасынын министрлери |
4 | Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү |
5 | Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
6 | Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчилери (коомдук башталыштагы кеңешчилерден тышкары) |
7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жардамчылары |
8 | Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы |
9 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
10 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
11 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) |
".
|
| 5-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына электрондук өткөрмөлөр менен ырасталган кызматтык күбөлүктөр боюнча кирүүгө (чыгууга) уруксат берилген кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Кызмат орду |
1 | Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси, анын орун басарлары |
3 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлери |
4 | Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдары, туруктуу өкүлдөрү |
5 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрагаларынын орун басарлары |
6 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарлары |
7 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлары |
8 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарлары |
9 | Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун судьялары |
10 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары |
11 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын кеңешчилери (коомдук башталыштагы кеңешчилерди кошпогондо) |
12 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын жардамчылары |
13 | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары |
14 | Кыргыз Республикасынын министрлеринин орун басарлары |
15 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору |
16 | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басарлары |
17 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери |
18 | Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, алардын орун басарлары |
19 | Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин төрагалары |
20 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору жана кызматкерлери |
21 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин директору, анын орун басарлары |
22 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, анын орун басарлары |
23 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жана анын орун басарлары |
24 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарлары |
25 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун жетекчилери, алардын орун басарлары |
26 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, анын орун басарлары |
27 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, анын орун басарлары |
28 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары |
29 | "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана жумушчулары |
30 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору, анын орун басарлары |
31 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, вице-президенттери |
32 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы |
33 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, анын орун басарлары |
34 | Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын кеңешинин төрагасы |
35 | Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы |
36 | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору, анын орун басарлары |
37 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору |
38 | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору, анын орун басарлары |
39 | Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору, анын орун басарлары |
40 | "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүнүн директорлору - башкы редакторлору, "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору |
41 | "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы |
42 | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору |
43 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору |
44 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору |
45 | "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору |
".
|
| 6-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 6-тиркеме |
|
| № _________________ пост |
|
| ______________________________ |
|
| 202___-жылдын "__" ___________ |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратына чакырылгандардын ТИЗМЕСИ
____________________________________________ (маселе боюнча кеңешме/жыйналыш (кимге)
Датасы: ________________________________________________
Убактысы: ______________________________________________
Өтүүчү жери (кабинет/зал): ________________________________
№ | Аты-жөнү | Уюмдун аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бөлүмдүн башчысы: | __________________________________________ |
|
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
|
|
| Аткаруучу: ____________________________ |
|
| Тел.: ________________________________". |
|
| 7-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак-Ордо" административдик имаратындагы өткөрүү режими жөнүндө жобого 7-тиркеме |
|
| № _________________ пост |
|
| ______________________________ |
|
| 202___-жылдын "__" ___________ |
Кыргыз Республикасынын Президентинин/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кабыл алуусуна чакырылгандардын ТИЗМЕСИ
____________________________________________ (маселе боюнча кабыл алууга/кеңешмеге/ жыйналышка)
Датасы: ________________________________________________
Убактысы: ______________________________________________
Өтүүчү жери (кабинет): ___________________________________
№ | Аты-жөнү | Уюмдун аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бөлүмдүн башчысы: | __________________________________________ |
|
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
|
|
| Аткаруучу: ____________________________ |
|
| Тел.: ________________________________". |