Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-октябры № 638
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда тышкы экономикалык иштин катышуучуларына жагымдуу шарттарды түзүү жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө белгиленген транспорт каражаттарынын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлеринде:
- 2-пункттун эскертүүсүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автотранспорт каражаттары үчүн тартуучу же жетеленүүчү октору эки скаттуу дөңгөлөктөр менен жабдылган учурда жүктүн 1 тоннадан ашышына жол берилет. Өз курамында бир жана эки скаттуу дөңгөлөктөрү бар жакындатылган октордун топторун өз курамында бир скаттуу дөңгөлөктөрү бар жакындатылган октордун топтору катары кароо керек.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:
- расмий тилдеги аталышында "сборы за пропуск" деген сөздөр "сборы за проезд" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жана салмактык параметрлери алардын жол берилген белгиленген көрсөткүчтөрүнөн ашкан атайын транспорт каражаттарын өткөрүүгө атайын жана (же) көп жолу колдонулуучу атайын уруксат болгондо гана жол берилет.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Автомобилдерди ташууга арналган ири габариттүү (габариттүү эмес) жана оор салмактагы транспорт каражаттары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын уруксат болгондо өткөрүлөт.
Атайын уруксаттын жана көп жолу колдонулуучу атайын уруксаттын формасы, көп жолу колдонулуучу атайын уруксатты колдонуунун өзгөчөлүктөрү атайын транспорт каражаттарынын түрүнө жараша транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
- 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Атайын транспорт каражаттары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = CN х М х N
мында S - зыяндын жана залалдын өлчөмү, сом;
CN - 1 тонна үчүн ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү, төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
CN = BN х KN х Р
мында: BN - автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн базалык жыйымдын өлчөмү, транспорт каражаттарынын категориясына жараша төмөнкүлөргө барабар:
- N1 категориядагы жүк ташуучу транспорт үчүн: ВN1 = 1,0 сом;
- N2 категориядагы жүк ташуучу транспорт үчүн: ВN2 = 2,0 сом;
- N3 категориядагы жүк ташуучу транспорт үчүн: ВN3 = 2,0 сом;
KoN - октук басымды туура келтирүү коэффициенти, транспорт каражаттарынын категориясына жараша төмөнкүлөргө барабар:
- KoN1 = 0,5;
- KoN2 = 3,0;
- KoN3 = 7,56;
P - транспорт каражатынын жол берилген массасынан ашкан учурда автомобиль жолуна келтирилген зыяндын өлчөмүн эске алуучу, 6,9 га барабар болгон коэффициент;
M - транспорт каражатынын иш жүзүндөгү жалпы массасынын октордун санына жараша жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жалпы массанын жол берилген ченемден белгиленген чегинен ашып кетүү чоңдугу, тонна;
N - көп жолу колдонулуучу уруксаттын колдонуу мөөнөтүнө теңештирилген күндөрдүн саны (колдонуу мөөнөтү арыз ээсинин арызында көрсөтүлгөн күндөрдүн саны боюнча белгиленет).";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. 1 км жол жүрүүгө ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 70 сом өлчөмүндө белгиленет, анын ичинде атайын уруксат алууда эл аралык автомобилдик ташуулардын транспорт каражаттары үчүн да колдонулат.
Республика боюнча бөлүнбөс жүктөрдү жүк ташуучу автомобилдер, автопоезддер, ошондой эле үч жана андан ашык огу бар жүк ташуучу ээр сүйрөгүчтөр жана төрт жана андан көп огу бар жана ар бир огунда төрт жана андан көп дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым чиркегич (трал) менен ташууга атайын уруксат алынганда, ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 1 км жол жүрүүгө 50 сомдон белгиленет.
Ашыкча жүктүн ставкасы өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын корректировкаланууга тийиш.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 83 (3637) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |