Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫН ЖАНА АЙДООЧУЛУК КУРАМДЫ КАТТОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2024-жылдын 30-октябры № 118
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик), анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жана секторлору тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 77-пункту) 1-тиркемеге ылайык;
2) Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 78-пункту) 2-тиркемеге ылайык;
3) Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо (кайра каттоо) (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 79-пункту) 3-тиркемеге ылайык;
4) Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен тракторлорго, трактордун чиркегичтерине, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо) (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 80-пункту) 4-тиркемеге ылайык;
5) Транспорт каражаттары жана айдоочунун күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды тастыктоо (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 81-пункту) 5-тиркемеге ылайык;
6) Транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камакка алуу, күрөөгө коюу) (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 82-пункту) 6-тиркемеге ылайык;
7) Тракторист-машинисттин квалификациялык экзамендерин алуу (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 67-пункту) 7-тиркемеге ылайык.
2. Эл аралык кызматташтык, укуктук камсыздоо жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмү:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымдоо үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрукту «Эркин-Тоо» гезитинде жана Агенттиктин расмий веб-сайтында расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Агенттиктин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү:
1) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызмат көрсөтүү боюнча ишти уюштурушсун;
2) жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Уюштуруу иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн Агенттиктин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары Бакытбек Кемелевич Шералиевге жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 85 (3639) саны менен жарыяланды
Директор | У.К. Карыпбеков |