Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы N 655 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдар зоналарында издөө, кыйроодон куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине түздөн-түз катышкан кызматкерлерине компенсация төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдар зоналарында издөө, кыйроодон куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине түздөн-түз катышкан кызматкерлерине компенсация төлөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдар зоналарында издөө, кыйроодон куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине же болбосо кооптуу участокторду, өмүргө коркунуч туудурган кооптуу табигый жана техногендик процесстерди изилдөөгө түздөн-түз катышкан кызматкерлерине компенсациянын өлчөмүн жана укугун аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер:
1) өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо-тиричилигинин шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, кыйратуунун заманбап каражаттарынын таасиринин натыйжасында белгилүү бир аймакта түзүлгөн жагдай;
2) өзгөчө кырдаал зонасы - өзгөчө кырдаал келип чыккан аймак;
3) өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалды пайда кылуучу факторлордун аракетин чектөө жана токтотуу, өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда жүргүзүлүүчү жана адамдардын өмүрүн сактап калууга, ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган кыйроодон куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер;
4) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу - инженердик инфраструктураны, турак жайды, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү, калкка социалдык-реабилитациялык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен улам жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыяндын (залалдын) ордун толтуруу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралар. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу калыбына келтирүүнүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерин карайт;
5) кыйроодон куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер - өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды куткарууга жана аларга жардам көрсөтүүгө, зыян келтирүүчү таасирлердин очогун чектөөгө жана басууга, экинчи зыян келтирүүчү факторлордун келип чыгышын болтурбоого, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоого жана куткарууга багытталган биринчи кезектеги иштер;
6) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери - мамлекеттик жарандык кызматчылар, аскер кызматчылары, эркин жалданган жана жарандык персонал, мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлер, техникалык жана кенже тейлөөчү персонал.
3. Компенсацияларды төлөөгө чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.
Компенсацияларды төлөөгө белгиленген сумма ички аудит жана ички контролдоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджетинде жыл сайын каралат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясына жана аларды баалоо критерийлерине ылайык оордугу III жана андан жогорку даражадагы төмөнкүдөй өзгөчө кырдаалдарды жоюуга түздөн-түз катышкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери компенсация алууга укуктуу:
1) өзгөчө кырдаалдар зоналарында издөө иштерине;
2) өзгөчө кырдаалдар зоналарында кыйроодон куткаруу иштерине;
3) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга;
4) өзгөчө кырдаалдар зоналарында калыбына келтирүү иштерине;
5) өзгөчө кырдаалдар зоналарындагы кооптуу участокторду, табигый жана техногендик процесстерди изилдөөгө.
2-глава. Компенсациянын өлчөмүн аныктоо тартиби жана төлөө механизми
5. Бир кызматкерге компенсациянын өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
КӨ = ТС * 3 / К(жк) * К(өк)
мында:
КӨ - компенсациянын өлчөмү;
TC - 7040 сомго барабар тарифтик ставка;
К(жк) - бир айдагы жумуш күндөрүнүн саны;
К(өк) - кызматкердин өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында келип чыккан иш-чараларга түздөн-түз катышкан күндөрүнүн саны.
6. Ар бир жоюу иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча компенсация алуу үчүн ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлгөн иштердин акты таризделет.
7. Компенсацияны төлөө механизми Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ички жобосу менен аныкталат.
8. Компенсациялар эмгек акы төлөө фондунун курамына киргизилбейт жана орточо эмгек акыны эсептөөдө эске алынбайт.
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдар зоналарында издөө, кыйроодон куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине түздөн-түз катышкан кызматкерлерине компенсация төлөө тартиби жөнүндө жобого тиркеме
|
| "Бекитем" Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облус/шаар боюнча башкармалыгынын (аскердик бөлүгүнүн) башчысы _______________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү) 20___-жылдын "___" ______________ |
Жүргүзүлгөн иштердин АКТЫ 20___-жылдын "___" _______________ Убакыт:
дареги (район) _________________________________________________________________________ иштин түрү ____________________________________________________________________________ өзгөчө кырдаалдын даражасы ____________________________________________________________ (кырдаалдын сыпаттамасы) ______________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ Өтүнмө ээсинин (иш кимдин кызыкчылыгында жүргүзүлүп жаткан адамдын) колу _____________________________________________________________________________________ (кызмат орду) (аты-жөнү) (колу) Чыгууга уруксат ______________________________________________________________________________ алынды. Өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн чыккан куткаруучулар: ______________________________________________________________________________________ (мамлекеттик номерин көрсөтүү менен транспорт каражаты) айдоочу ______________________________________________________________________________________ Иштин жүрүшүндө: куткарылды _________________________ адам, анын ичинен ________________________ жаш бала, жансыз дене табылды (алып чыгарылды) _____________ адам, анын ичинен ____________ жаш бала, медициналык жардам көрсөтүлдү ________________ адам, анын ичинен _______________ жаш бала, өзгөчө кырдаал зонасынан эвакуацияланды ____________ адам, анын ичинен ___________ жаш бала, автомобиль чыгарылды ___________________________________________________________ бирдик. Өзгөчө кырдаал учурундагы иштин натыйжалары ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ Катышкан куткаруучулардын аты-жөнү ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ Топтун башчысы _______________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү) Башкармалыктын (аскердик бөлүктүн) башчысынын орун басары ______________________________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаал зонасына чыгып жаткан кызматкерлерин акт менен тааныштыруу Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ Аты-жөнү ________________________________ колу ___________________ дата ________________ |
| ||||||||||||