Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-ноябры № 726-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 124-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Эл аралык жана шаар аралык каттамдын маршруттарынын жүргүнчүлөрүн үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик менчикте турган Бишкек шаары, Чымкент көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан Батыш автобекетинин мүлктүк комплексин идентификациялык коддору - 1-02-06-0014-0535; 1-02-06-0014-0536; 1-02-06-0014-0480 болгон тийиштүү жер участоктору менен Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берсин:
- ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маселе Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы тарабынан каралганга чейин акысыз пайдаланууга;
- жогоруда аталган объектти муниципалдык менчикке кабыл алууга Бишкек шаардык кеңешинин макулдугун алган учурда муниципалдык менчикке.
2. Бишкек шаарынын мэриясына сунушталсын:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүк комплексти кабыл алууну;
- Бишкек шаардык кеңешинин макулдугун алган учурда мүлктүк комплексти мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүнү;
- мүлктүк комплексти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүргүзүүнү;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Жаңы автобекет иштеп баштаганга чейин Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү уюштурат деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айыл аймагында жайгашкан "Ак-Кула" муниципалдык ишканасынын жаңы ипподромунун аймагында (ЖКККББ постуна жакын жердеги айыл чарба багытындагы жерлер) төмөнкүлөрдү тейлөө жана жөнгө салуу үчүн убактылуу автостанцияны:
- батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды;
- эл аралык автобустук маршруттарды, Талас облусуна жана түштүк региондорго багытталган автобустук маршруттарды;
2) Бишкек шаары, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын аймагында чыгыш багытындагы, анын ичинде Ысык-Көл жана Нарын облустарына багытталган автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу үчүн автостанцияны;
3) Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 263 дарегинде жайгашкан Чыгыш автобекетинин аймагында Чүй облусунун чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу үчүн убактылуу автостанцияны.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 124-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бишкек шаарынын мэриясына сунушталсын:
- төмөнкүдөй зарыл чараларды көрүү:
ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн автостанциялардын иштөөсүн уюштуруу боюнча;
жергиликтүү бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан финансы каражаттарын бөлүү менен ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн автостанциялардын аймагында жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана убактылуу автостанциялардын кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөө объекттеринин иштөөсүн оперативдүү камсыз кылуу боюнча;
- көрсөтүлгөн автостанциялардын аймагында коммерциялык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттери менен ижара келишимдерин түзүүнү камсыз кылуу;
- ушул тескемеден келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 124-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Бишкек шаары, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасын Ысык-Кел жана Нарын облустарына багытталган автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу боюнча станциялык курулма катары аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айыл аймагында жайгашкан "Ак-Кула" муниципалдык ишканасынын жаңы ипподромунун аймагын батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттардын, ошондой эле эл аралык автобустук маршруттардын, Талас облусуна жана түштүк региондорго багытталган автобустук маршруттардын багыты боюнча автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу боюнча убактылуу станциялык курулма катары аныктасын;
- Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 263 дарегинде жайгашкан Чыгыш автобекетин Чүй облусунун чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу боюнча убактылуу станциялык курулма катары аныктасын;
- бир жумалык мөөнөттө "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы менен жүргүнчүлөр транспортун тейлөө жана жөнгө салуу боюнча контракт түзсүн;
- үч күндүк мөөнөттө Батыш автобекетинин жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана автобекеттин кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырган ижарачыларынын алдындагы келишимдик милдеттенмелерди Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 124-т тескемесинин редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:
- жеңил таксилерди "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын аймагынан Ысык-Көл жана Нарын облустарынын багыттары боюнча жөнөтүүнү камсыз кылсын;
- жеңил таксилерди "Ак-Кула" жаңы ипподромунун аймагында жайгашкан убактылуу автостанциядан батыш, түштүк-батыш жана түндүк-батыш багыттарына жөнөтүүнү камсыз кылсын;
- Батыш автобекетинин аймагынан жеңил таксилерди жөнөтүү боюнча иш-аракеттерге бөгөт койсун.
7. "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомуна Бишкек шаары, Алма-Ата көчөсү, 51 дарегинде жайгашкан № 54 АЗС газ куюучу станциясынын резервуарын которуу жөнүндө маселени кароо сунушталсын.
8. Бишкек шаарынын мэриясы жана жогоруда аталган мамлекеттик органдар ушул тескеменин сапаттуу аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |