Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-февралы № 124-т
Жаңы автобекет ачылганга чейин Бишкек шаарынын жана жанаша жайгашкан райондордун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу системасынын туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жаңы автобекет иштеп баштаганга чейин Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү уюштурат деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айыл аймагында жайгашкан "Ак-Кула" муниципалдык ишканасынын жаңы ипподромунун аймагында (ЖКККББ постуна жакын жердеги айыл чарба багытындагы жерлер) төмөнкүлөрдү тейлөө жана жөнгө салуу үчүн убактылуу автостанцияны:
- батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды;
- эл аралык автобустук маршруттарды, Талас облусуна жана түштүк региондорго багытталган автобустук маршруттарды;
2) Бишкек шаары, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын аймагында чыгыш багытындагы, анын ичинде Ысык-Көл жана Нарын облустарына багытталган автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу үчүн автостанцияны;
3) Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 263 дарегинде жайгашкан Чыгыш автобекетинин аймагында Чүй облусунун чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу үчүн убактылуу автостанцияны.";
2) 4-пунктта:
үчүнчү абзацта "убактылуу автостанцияларды" деген сөздөр "автостанциялардын иштөөсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацта "убактылуу автостанциялардын аймагында жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана убактылуу автостанциялардын кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөө объекттеринин иштөөсүн камсыз кылуу боюнча" деген сөздөр "ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн автостанциялардын аймагында жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана убактылуу автостанциялардын кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөө объекттеринин иштөөсүн оперативдүү камсыз кылуу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- көрсөтүлгөн автостанциялардын аймагында коммерциялык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттери менен ижара келишимдерин түзүүнү камсыз кылуу;";
3) 5-пунктта:
үчүнчү абзацта "Военно-Антоновка айыл аймагында" деген сөздөр "Кожомкул айыл аймагында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 263 дарегинде жайгашкан Чыгыш автобекетин Чүй облусунун чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу боюнча убактылуу станциялык курулма катары аныктасын;".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |