Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 8/5
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Элдик Курултайына делегаттарынын шайлангандыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгы менен бекитилген «Элдик Курултай жөнүндө» убактылуу Жобонун 13-пуктуна жана 2001-жылдын 2-майындагы № 152 Указы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жобосунун 14-пунктуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо болуп өткөндүгү, шайлоодо 50 (элүү) делегат шайлангандыгы белгиленсин.
2. Жергиликтүү Элдик Курултайына шайланган 50 (элүү) делегаттын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Шайланган 50 (элүү) делегаттарга «Жергиликтүү Элдик Курултайынын делегаты» деген күбөлүк тапшырылсын.
4. Жергиликтүү Элдик Курултайдын делегаттарын күбөлүк менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ж Иманкулов |