Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-ноябры № 678
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамды колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамды сарамжалдуу жана натыйжалуу колдонуу максатында, "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамды колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |