Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 678 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамды колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамды колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды колдонуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамды алуучу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) эл аралык акчалай кайрымдуулуктар - эл аралык чукул жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын, ата мекендик өкмөттүк эмес уюмдун, жабыр тарткан калктын же жарандык укуктун башка субъекттеринин пайдасына эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан кайрымдуулук катары түздөн-түз берилген кайсы болбосун акча каражаттары;
2) башка чукул жардам - акысыз берилүүчү активдер, товарлар, жабдуу предметтери, жабдуулар, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иш-чараларды кошуп алгандагы кызмат көрсөтүүлөр, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-куткаруучулук жана башка кечиктирилгис жумуштар, өзгөчө кырдаалда жабыр тарткан калктын жашоо шарттарын калыбына келтирүү же бул шарттарды өзгөчө кырдаалга чейинки мезгилге салыштырмалуу жакшыртуу боюнча иш, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча демилгелер;
3) эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды алуучу - керектөөчүлөргө андан ары бөлүштүрүп берүү үчүн дарегине эл аралык чукул жардам келип түшө турган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же башка юридикалык жак;
4) эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды керектөөчү - эл аралык чукул жардам менен түздөн-түз камсыздалуучу жеке жана юридикалык жактар (акыркы алуучу).
3. Кыргыз Республикасынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сунуштардын негизинде, түздөн-түз алуучулардын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктар тиешелүү алуучулар тарабынан бөлүштүрүлөт; ал эми башка чукул жардам Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча эл аралык чукул жардамдын максатын жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын эске алуу менен бөлүштүрүлөт.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кайрылууларынын негизинде финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдан жабыркаган калкка чукул жардам көрсөтүүгө жана анын кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо максатында эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды топтоо жана колдонуу үчүн атайын эсепти ачат.
4. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды бөлүштүрүүдө эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын жана башка чукул жардамдын натыйжалуу жана максаттуу багыты боюнча бөлүштүрүлүшүн камсыздоого жардам берүүчү төмөнкүдөй критерийлер эске алынат:
1) шашылыш - адамдардын өмүрүн сактоо жана жашап кетүүсүн камсыздоо үчүн дароо жардамга муктаж болгон жерге биринчи кезекте жардамды жөнөтүү;
2) топтун аялуулугу - жардамды бөлүштүрүүдө балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу калктын ар кандай топторунун аялуулук деңгээлин эске алуу;
3) жеткиликтүүлүк жана коопсуздук - гуманитардык уюмдар үчүн кризистик региондун жеткиликтүүлүгү жана жардам көрсөтүүдө персоналдын коопсуздугу;
4) кызматташуу - жардамды натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу;
5) гуманитардуулук - бейтараптуулук, калыстык, көз карандысыздык жана гумандуулук принциптеринде жардамды бөлүштүрүү.
5. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарга ылайык келип түшүүчү бардык эл аралык акчалай кайрымдуулуктар жана башка чукул жардам боюнча маалымат базасын жана эсебин жүргүзөт.
2-глава. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды колдонуу
6. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын каражаттарынын жана башка чукул жардамдын максаттуу мүнөзү бар, өзгөчө кырдаалдан жабыркаган калкка гуманитардык жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга гана багытталган, анын ичинде эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын каражаттары төмөнкүлөргө багытталууга тийиш:
1) жабыркаган калктын жашоо тиричилигин камсыздоо үчүн биринчи кезекте керектелүүчү материалдык-техникалык каражаттар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоого;
2) бардык материалдык-техникалык каражаттарга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана авариялык-калыбына келтирүү иштери менен байланышкан иш-чараларга;
3) ата-энеси жок калган балдарга жана турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө турак үй куруп берүүгө.
7. Ушул Тартипте каралбаган башка максаттарга эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын каражаттарын колдонууга жол берилбейт.
8. Финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине түздөн-түз келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын максаттуу колдонулушун контролдойт.
9. Кыргыз Республикасына жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктар, ошондой эле башка чукул жардам, өзгөчө кырдаал болгон аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары тарабынан берилген муктаждыктардын негизинде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бөлүштүрүлөт.
3-глава. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын жана башка чукул жардамдын максаттуу колдонулушу үчүн жоопкерчилик
10. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын жана башка чукул жардамдын максаттуу колдонулушу, сакталышы, ошондой эле анын керектөөчүлөргө чейин жеткирилиши үчүн жоопкерчилик эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды алуучуга жүктөлөт.
11. Дары каражаттары, медициналык багыттагы буюмдар жана медициналык жабдуу түрүндөгү эл аралык чукул жардамды алуучу, ошондой эле дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын жарактуулук мөөнөтүн контролдоочу болуп саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
12. Эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды алуучулар алынуучу эл аралык акчалай кайрымдуулуктар жана башка чукул жардам келгенге чейин ал жөнүндө толук маалыматты, ошондой эле эл аралык акчалай кайрымдуулуктардын жана башка чукул жардамдын бөлүштүрүлүшү жөнүндө отчетту ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды колдонуу жөнүндө маалыматты жиберет.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын дарегине түздөн-түз келип түшкөн эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды колдонуу жөнүндө маалыматты финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
13. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, башка чукул жардамды колдонууга тартылган адамдар ушул Тартиптин ченемдерин аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келип түшүүчү эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамды колдонуу тартибине тиркеме |
Форма
_________________________________ мезгилде эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды бөлүштүрүү жөнүндө ОТЧЕТ
Эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды жана башка чукул жардамды алуучу | Бөлүштүрүү | Башка чукул жардамдын (товардын) аталышы | Өлчөө бирдиги | План боюнча | Иш жүзүндө бөлүштүрүлдү | Калдык/резерв (ӨК үчүн) | |||||||
жеке/юр. жак | регион | дарек | салмагы | суммасы (сом) | салмагы | суммасы (сом) | салмагы | суммасы (сом) | салмагы | суммасы (сом) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аты-жөнү колу (уюмдун жетекчисинин) |
| колу |
|
|
|
Датасы: 20___-жылдын "___" ______________ |
|
|
М.О. |
|
|