Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 23-октябры № 204
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргызпатент тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруу үчүн залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, шаймандарды берүү;
2) интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында тажрыйба үлгүлөрүн түзүү жана даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
2. Укук башкармалыгына:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Кыргызпатенттин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесине:
1) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык "Эркин-Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргызпатенттин расмий веб-сайтында расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти уюштурсун;
3) жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту Кыргызпатенттин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеткирсин.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 84 (3638) саны менен жарыяланды
Директор | Р.Т. Керимбаева |