Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо
жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча
улуттук кеңеш жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин (мындан ары - Улуттук кеңеш) ыйгарым укуктарын жана иш тартибин аныктайт.
2. Улуттук кеңеш социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, нике жана үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык институтун чыңдоого негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана илгерилетүү, гендердик басмырлоого жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, турмуштук оор кырдаалдагы балдарды коргоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүүгө өбөлгө түзүүчү гендердик өнүктүрүүнү жана аялдардын лидерлигин, социалдык жана аялдардын ишкердигин илгерилетүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты жана чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын ишин координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү жүзөгө ашырган координациялык, консультациялык, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт. Улуттук кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча (мындан ары - Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жогоруда аталган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн жарандык коомдун уюмдарынын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп Улуттук кеңештин ишин уюштуруучулук, координациялык, маалыматтык жана башка камсыздоону, ошондой эле Улуттук кеңештин бардык чечимдеринин аткарылышына жыйынды мониторингди жана баалоону жүзөгө ашырган Улуттук кеңештин катчылыгы (мындан ары - Катчылык) саналат.
Катчылыктын функциялары Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн Катчылыгына жүктөлөт.
Улуттук кеңештин чечимдерин аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Улуттук кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Улуттук кеңештин негизги милдеттери
жана функциялары
6. Улуттук кеңештин негизги милдеттери:
1) үй-бүлө, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо, гендердик өнүктүрүү, аялдардын лидерлиги, социалдык жана аялдардын ишкердиги маселелери боюнча макулдашылган, натыйжалуу, бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
2) социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, нике жана үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык институтун чыңдоого негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана илгерилетүү, гендердик басмырлоого жана зомбулукка каршы күрөшүү, турмуштук оор кырдаалдагы балдарды коргоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүүгө өбөлгө түзүүчү гендердик өнүктүрүүнү жана аялдардын лидерлигин, социалдык жана аялдардын ишкердигин илгерилетүү маселелери боюнча иштеген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын, иш берүүчүлөр бирикмелеринин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн, күч-аракеттерин жана ресурстарын бириктирүүнү координациялоо жана камсыздоо;
3) үй-бүлө, социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, гендердик өнүктүрүү, аялдардын лидерлиги, социалдык жана аялдардын ишкердиги маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, нике жана үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык институтун чыңдоого негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана илгерилетүү, гендердик басмырлоого жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, турмуштук оор кырдаалдагы балдарды коргоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүүгө өбөлгө түзүүчү гендердик өнүктүрүүнү жана аялдар лидерлигин, социалдык жана аялдардын ишкердигин илгерилетүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
5) балдардын жана аялдардын укуктарынын эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
7. Улуттук кеңеш социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, нике жана үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык институтун чындоого негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана илгерилетүү, гендердик басмырлоого жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, турмуштук оор кырдаалдагы балдарды коргоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүүгө өбөлгө түзүүчү гендердик өнүктүрүүнү жана аялдар лидерлигин, социалдык жана аялдардын ишкердигин илгерилетүү чөйрөсүндө төмөнкүдөй функцияларга ээ:
1) мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана чараларды киргизүүгө;
2) максаттуу программалардын жана иш-чаралар пландарынын долбоорлорун кароого жана талкуулоого;
3) ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;
4) мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын, иш берүүчүлөр бирикмелеринин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын отчетторун жана баяндамаларын кароого жана талкуулоого;
5) сунуштамаларды иштеп чыгууга;
6) Улуттук кеңештин мүчөсүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароого жана талкуулоого;
7) Улуттук кеңешке жүктөлгөн башка функцияларды аткарууга.
3-глава. Улуттук кеңештин ыйгарым укуктары
8. Улуттук кеңеш социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, нике жана үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык институтун чыңдоого негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана илгерилетүү, гендердик басмырлоого жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, турмуштук оор кырдаалдагы балдарды коргоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүүгө өбөлгө түзүүчү гендердик өнүктүрүүнү жана аялдар лидерлигин, социалдык жана аялдардын ишкердигин илгерилетүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жөнүндө отчетторду, баяндамаларды жана сунуштарды угууга жана кароого;
2) стратегияларды жана программаларды иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштамаларды киргизүүгө;
3) Улуттук кеңештин мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун белгиленген тартипте демилгелөө жана киргизүү жөнүндө маселелерди көтөрүүгө;
4) мамлекеттик саясатты ишке ашырууну андан ары өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана киргизүүгө;
5) министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин ээлеген кызмат орундарына ылайык келиши жөнүндө маселени кароо жана тиешелүү чечим кабыл алуу тууралуу сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүүгө;
6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана коомдук уюмдардан маалыматты, ошондой эле техникалык жана башка консультациялык жардамды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
7) Улуттук кеңештин жыйналышында каралган маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароо үчүн киргизүүгө;
8) аныкталган маселелер боюнча жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
9) мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди Улуттук кеңештин жыйналышына чакырууга жана угууга.
4-глава. Улуттук кеңештин курамы
9. Улуттук кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы саналат.
Төмөнкүлөр Улуттук кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
- Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
10. Улуттук кеңештин курамына балдарды коргоо жана гендердик өнүктүрүү чөйрөсүндө иштеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана орун басарлары, Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын, иш берүүчүлөр бирикмелеринин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирет.
11. Жыйналыштарды протоколдук коштоо Улуттук кеңештин катчысы - Катчылыктын эксперти тарабынан ишке ашырылат.
12. Улуттук кеңештин жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү төмөнкүдөй критерийлерге жооп берүүгө тийиш:
а) үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча практикалык иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес;
б) региондордо иш тажрыйбасы;
в) үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо маселелери боюнча иштеген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын жазуу жүзүндөгү сунуштамаларынын болушу (артыкчылыктуу түрдө эки же андан көп);
г) региондук филиалдардын болушу артыкчылык болуп саналат.
13. Улуттук кеңештин иши коомдук башталышта жүзөгө ашырылат. Улуттук кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өзү катышат.
5-глава. Улуттук кеңештин ишин
уюштуруу жана камсыздоо
14. Улуттук кеңеш өз ишин жыйналыш формасында жүзөгө ашырат.
15. Улуттук кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша бирок кварталына бирден кем эмес жолу өткөрүлөт.
16. Улуттук кеңеш жыйналышка Улуттук кеңештин үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу.
17. Чечимдер Улуттук кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Улуттук кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто төраганын төрагалык кылган орун басары добуш берген чечим кабыл алынат.
18. Улуттук кеңештин чечимдери протоколдор менен таризделет, аларга Улуттук Кеңештин төрагасы кол коёт жана Катчылык тарабынан тиешелүү министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук жана башка уюмдарга жөнөтүлөт.
19. Улуттук кеңештин төрагасы:
- жыйналыштын күн тартибин аныктайт;
- Улуттук кеңештин жыйналыштарын өткөрөт;
- ишке жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- чечимдерди аткаруу үчүн жалпы контролду жүргүзөт;
- иш пландарды бекитет;
- Улуттук кеңештин жыйналышынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коёт;
- Улуттук кеңештин иши менен байланышкан башка функцияларды аткарат.
20. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Улуттук кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кароо үчүн Улуттук кеңештин жыйналышында каралган маселелерди белгиленген тартипте киргизүүгө укуктуу.
6-глава. Катчылыктын ишин уюштуруу
21. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ишти уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу;
- бардык чечимдердин жана протоколдордун аткарылышына жалпы мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыз кылуу.
22. Катчылыктын функциялары:
- жыйналыштарды даярдоо;
- жылдык иш планды, жыйналыштын күн тартибинин долбоорун, жыйналыштарга материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоо;
- Улуттук кеңештин курамына эл аралык уюмдардан, жарандык коомдун уюмдарынан, көз карандысыз эксперттерден талапкерлерди тандоо боюнча материалдарды даярдоо;
- Улуттук кеңештин курамы боюнча сунуштарды киргизүү;
- Улуттук кеңештин мүчөлөрүнө Улуттук кеңештин боло турган жыйналыштарынын болжолдуу күн тартибин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө сунуштарын, жыйналышка материалдарды жана Улуттук кеңештин чечимдеринин долбоорлорун жөнөтүү;
- Улуттук кеңештин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү датасы, орду жана убактысы жана карала турган маселелердин болжолдуу тизмеси жөнүндө жыйналыш өткөрүлгөн күнгө чейин беш жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө маалымдоо;
- кабыл алынган чечимдерди, протоколдорду аткаруу үчүн Улуттук кеңештин мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жөнөтүү;
- Улуттук кеңештин чечимдеринин жана протоколдорунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо;
- Улуттук кеңештин пландарынын жана чечимдеринин аткарылышына жалпы мониторинг жүргүзүү;
- Улуттук кеңешке анын функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды изилдөө, жалпылоо жана даярдоо;
- үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча аналитикалык маалыматтарды, материалдарды даярдоо жана берүү;
- үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө Улуттук кеңештин төрагасына жыл сайын маалымат даярдоо жана берүү.
- Улуттук кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында каралган маселелерди даярдоо жана жөнөтүү.
23. Катчылыктын ыйгарым укуктары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн Улуттук кеңештин жыйналышынын чечимдерин, протоколдорун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон маалыматтарды суроо жана алуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо маселелери боюнча маалыматтарды суроо жана алуу.
24. Улуттук кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча Катчылыктын ишине көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.