Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 705
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 18-беренесине, «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 570 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-декабрындагы № 830 «Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдардын иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 91 (3645) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана
балдардын укуктарын коргоо маселелери
боюнча улуттук кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик тең укуктуулук боюнча кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын эксперти, Улуттук кеңештин катчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (социалдык маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (социалдык маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (социалдык маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (социалдык маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (социалдык маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (социалдык маселелер боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары (социалдык маселелер боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэринин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча).