КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-ноябры № 681
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына баалоочулардын квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу сунушталсын.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибинде:
- 2-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы - республиканын ишкерлеринин кызыкчылыктарын билдирүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын, башка өлкөлөр менен өндүрүштүк, илимий-техникалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү жүргүзүүчү мамлекеттик эмес уюм.";
алтынчы, жетинчи абзацтардагы "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4, 6, 9, 14, 20, 21, 22, 23, 26, 29, 30, 41, 45, 54, 55-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Экзамендин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы экзаменди жакшы тапшырган талапкерлердин тизмесин ыйгарым укуктуу органга жиберет. Ыйгарым укуктуу орган баалоочунун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө буйрук чыгарат.";
- 32-пункттун экинчи абзацы "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 39-пункт "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 88 (3642) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |