Загрузка документа…
|
| |
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 3 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы кайтарууну уюштурган Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагына
келген жана чыгып жаткан адамдарга, алардын буюмдарына,
транспорт каражаттарына, ошондой эле ага жанаша жайгашкан режимдик талаптар белгиленген аймактарды текшерип
чыгуу өндүрүшүнүн тартиби жөнүндө
НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы кайтарууну уюштурган Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагына келген жана чыгып жаткан адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына, ошондой эле ага жанаша жайгашкан режимдик талаптар белгиленген аймактарды текшерип чыгуу өндүрүшүнүн тартиби жөнүндө нускама (мындан ары – Нускама) Жаза аткаруу тутумунун мекемелерине (мындан ары – Мекеме) барган жана аларга жанаша жайгашкан аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын жана транспорт каражаттарын кароо тартибин аныктайт.
2. Режимдик талаптар белгиленген мекеменин аймагына келген жана андан чыгып жаткан адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын текшерип чыгуу, тыюу салынган буюмдарды, предметтерди, документтерди жана тамак-аш азыктарын (мындан ары – тыюу салынган предметтер) табуу жана алып коюу максатында жүргүзүлөт.
Тыюу салынган буюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тутумунун түзөтүү (мындан ары – ЖАТ) мекемелеринин ички тартибинин эрежелери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖАТтын тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде белгиленген.
3. Терминдер жана түшүнүктөр:
1) Текшерүү – тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында адамды жана анын мүлкүн, транспорт каражатын кароо.
2) Мекеме – эркиндигинен ажыратуу жана адамдарды камакта кармоо түрүндөгү жазаларды аткаруу үчүн арналган мамлекеттик мекеме.
3) Текшерип-өткөрүү жайы (мындан ары – ТӨЖ) – бул аймакты коргоо боюнча тапшырманы аткаруучу, ошондой эле ал аркылуу белгиленген тартипте тиешелүү документтер боюнча адамдарды жана транспортту өткөрүү, ошондой эле мекеменин аймагына (аймагынан) материалдык каражаттарды алып кирүү (алып чыгаруу) же алып келүүсүн (алып чыгаруусун) мыйзамдуулугун текшерүүнү ишке ашыруучу атайын жабдылган жер;
4) Багытточу органдын администрациясы – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү, мекемелердин, түрмөлөрдүн жана тергөө абактарынын администрациясы, ошону менен соттук органдар.
2-глава. Мекеменин аймагына өткөрүү
4. Мекеменин аймагында өткөрүү режимин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы (мындан ары – ККК) тарабынан кайтарууга алынган мекеменин администрациясы менен биргеликте жүргүзүлөт.
5. Өткөрүү режимин уюштурууда төмөнкүлөр каралган:
1) мекеменин персоналын, келүүчүлөрдү, соттолгондорду жана башка адамдарды, ошондой эле транспортттук каражаттарды мекеменин аймагына өткөрүүнү контролдоо;
2) өздүгүн ырастоочу документтерди жана башка коштоочу документтерди текшерүү;
3) адамдарды жана транспорт каражаттарын текшерип чыгуу, мекемеге кирген (кирип жаткан) жана чыккан (чыгып жаткан) жүктөрдү жана товарларды тинтүү;
4) соттолгондорду текшерип чыгуу жана соттолгон адамдын жеке буюмдарын тинтүү;
5) мекемеге алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар табылганда алып коюу.
6. Өткөрүү режимин уюштурууда мекеменин ТӨЖ төмөнкүлөр менен жабдылат:
1) өткөрмө бюросу;
2) мекеменин персоналынын жана башка адамдардын жеке буюмдарын сактоочу атайын жай;
3) мекемеге келген адамдарды текшерүүчү бөлмө;
4) ТӨЖдүн ички, кирүү жана чыгуу ошондой эле текшерип кароо бөлмөлөрүндө видеобайкоо системасы;
5) кароо үчүн техникалык каражаттар;
6) автотранспорт каражаттарын кароо аянтчасы.
7. Мекемеге кирүү мекеменин администрациясынын жетекчиси же анын орун басары тарабынан кол коюлган жана берилген атайын өткөрмө барактарынын негизинде жүргүзүлөт.
Өткөрмө барагы бир жолку болуп саналат жана мекемеге кирүү жана чыгуу үчүн гана жарактуу.
Өткөрмө барагы адамдын өздүгүн ырастоочу документи (паспорт, туулгандыгы тууралу күбөлүк, аскердик билет, айдоочулук жана кызматтык күбөлүк), мекеменин мөөрү жана бул өткөрмө барагын берүүгө уруксат берген кызмат адамынын колу болгондо жарактуу болот.
Ушул эле учурда, жарандардын өздүгүн күбөлөндүргөн документти (паспорт жана айдоочунун күбөлүгү) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кɵрсɵтүүсүнɵ жол берилет.
8. Транспорт каражаттарынын мекеменин аймагына кирүүсү (чыгуусу) айдоочунун маалыматтарын, кирүү максатын, транспорттун маркасын жана мамлекеттик номерин, кирүү жана чыгуу убактысын, жүктүн, товардын аталышын, мекеменин аймагына киргизүүгө тыюу салынбаган материалдарды жана башка предметтерди милдеттүү түрдө көрсөтүү менен өткөрмө барагы боюнча жүргүзүлөт.
3-глава. Адамдарды, алардын буюмдарын жана транспорт каражаттарын текшерип чыгуу тартиби
9. КККнын кароолунун курамы (мындан ары- кароол курамы) жана мекеменин администрациясынын кароо жүргүзүү боюнча иши мекеменин аймагына тыюу салынган предметтердин кирүү жолдорун аныктоо, ошондой эле аларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү менен байланышкан.
10. Мекеменин персоналын, адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды, посылкаларды жана башка буюмдарды мекеменин аймагына кирген (ташып кирүүчү, алып келүүчү) жана чыккан (ташып чыгуучу, алып чыгуучу) буюмдарын текшерип чыгуу кароолдун курамы тарабынан жүргүзүлөт.
11. Буюмдарды, предметтерди жана посылкаларды текшерип кароо алардын ээлеринин катышуусунда жүргүзүлөт, кыска жана узак мөөнөткө жолугушууга келген адамдарды жеке текшерип чыгуу кароолдун курамы менен мекеменин бир кызматкеринин катышуусунда жүргүзүлөт. Алыскы өндүрүш объекттеринде жеке текшерип чыгуу участок үчүн жооптуу мекеменин кызматкерлери менен жүргүзүлөт.
12. Текшерип чыгуу төмөнкүлөрдү жокко чыгаруу максатында жүргүзүлөт:
1) тыюу салынган предметтерди киргизүү (алып кирүү);
2) мекеменин аймагына байкоо каражаттарын – кино-, сүрөт, видеого тартуу, аудио, радиотехникалык ж.б. аппаратураларды мыйзамсыз алып кирүү (алып келүү);
3) мекеменин аймагынан документтерди, буюмдарды жана башка материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кетүү (алып чыгуу).
13. Бардык адамдарга, келген максатына карабастан, мекемеге кирген (алып кирген) адамдарга тыюу салынган буюмдарды алып өткөндүгү (ташыганы) үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, бул жөнүндө атайын журналга белгиленет (1-тиркеме), андан кийин текшерип чыгууга алынат.
14. Мекеменин аймагына кирген мекеменин персоналы жана кайтаруу бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары мекеменин аймагына тыюу салынган нерселерди алып келүү (ташуу) үчүн жоопкерчиликтери жөнүндө да жазуу жүзүндө эскертилет. Бул тууралуу түзүлгөн жазуу жүзүндөгү милдеттенме мекеменин өткөрүү пунктунун өзүнчө номенклатуралык делосуна тиркелет. Жеке текшерип чыгуу жана буюмдарды тинтүү атайын бөлүнгөн КӨЖ (эгер бар болсо текшерип чыгуу бөлмөсүндө) жана текшерилип жаткан адамдар менен бир жыныстагы адамдар тарабынан гана жүргүзүлөт. Бир бөлмөдө бир убакта бир нече адамды жеке текшерип чыгууну жүргүзүүгө тыюу салынат.
15. Жеке текшерип чыгуу, ошондой эле буюмдарды тинтүүнү жүргүзгөн кароолдун курамы текшерилүүчү адамдарга карата сылык болууга жана алардын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттерге жол бербөөгө милдеттүү.
16. Кирип-чыгып жаткан адамдарды жана алардын буюмдарын, ошондой эле транспорт каражаттарын текшерип чыгуунун жүрүшүндө кызматтык-издөө иттерин пайдаланууга жол берилет.
3.1. Мекеменин аймагына кирген жана андан чыккан адамдарды текшерип чыгуу
17. Мекеменин аймагына кирген жана андан чыккан адамдарды текшерип чыгуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) мекеменин аймагына кирген адамдарга тыюу салынган нерселердин жана буюмдардын тизмеси маалымдалат, ошондой эле аларды алып өтүү жана камактагыларга өткөрүп берүү жөнүндө жоопкерчилиги кол койдуруу менен билдирилет;
2) мекемеде пайдаланууга уруксат берилбеген акчалар, башка предметтер жана баалуулуктар (ташуу, өткөрүп берүү жана сактоо үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган нерселерден жана буюмдардан тышкары) кароолдун курамы тарабынан кол койдуруу менен кабыл алынып, атайын сейфке салынат. Кароолдун курамы ошол адам чыгып жатканда тапшырылган предметтерди атайын журналга кол койдуруп ээсине кайтарып берет (2-тиркеме);
3) жеке текшерилүүчү адам текшерип чыгуу орнотмо аркылуу, текшерип чыгуунун алдында үстүнкү сырт кийими чечилет, жанында болгон бардык предметтер столго коюлат, андан кийин адамдар арка металл детекторунан өтүшөт, ал эми алардын буюмдары рентгендик орнотмодон жүктөрдү жана кол жүктөрүн тинтүү үчүн өткөрүлөт;
4) тиешелүү жабдуулар жок болгон учурда же алар бузук абалда болгондо, кароолдун курамы текшерилүүчү адамдардын чөнтөктөгүлөрүн, сумкаларынын ичиндегилерин кароо столуна коюуну сунуштайт жана текшерүүнү кол металл-детекторунун жардамы менен жүргүзөт. Кароолдун курамы чөнтөктөрдүн жана сумкалардын ичиндегилерди текшерип бүткөндөн кийин кийимдерди жана бут кийимдерди меттал-детектору менен текшерет (эгер болсо);
5) мекемеге кирген адамдар ушул Нускаманын талаптарын аткаруудан баш тарткан учурда, ал адамдар мекеменин аймагына киргизилбейт.
18. Курал-жарагы бар кызмат адамдары курал-жаракты кароолдун башчысына сактоого тапшыргандан кийин гана мекемеге киргизилет, бул жөнүндө курал-жаракты эсепке алуу журналына жазылат. Кароол башчы курал-жаракты сактоого жана аны мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөөгө чара көрөт.
3.2. Мекемеге кирген автотранспорт каражаттарын
текшерип чыгуу
19. Мекемеге кирген (чыккан) автотранспорт каражаттарын, кирүүчү жүктөрдү, товарларды жана башка буюмдарды текшерип чыгуу жабык дарбазаларда контролдук аянтчада кароолдун өздүк курамы тарабынан кызматтык иттерди колдонуу менен ишке ашырылат. Автотранспорттук каражаттарды текшерип чыгууда кароолдун курамы кароочу мунараларды (эстакадаларды), кароочу чуңкурларды, тикенектүү мамды жана башка каражаттарды пайдаланат.
Транспорт каражаттарынын айдоочулары текшерип чыгуу учурунда кароолдун курамынын талаптарын так аткарууга милдеттүү.
20. Автотранспорт каражаттарын текшерип чыгуу үчүн кароолдун курамы айдоочулардан кыймылдаткычты өчүрүүнү, кол тормозуна коюуну, кабинадан чыгууну жана автомобилди кароого даярдоону талап кылат (салондун эшиктерин, капотун ачуу, отургучту көтөрүү, отургучтун далысын жылдыруу, люктарды жана башка бирикмелерди ачуу).
Мекемеге киргенге айдоочулардын мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кароолдун башчысынын уруксаты менен мекеменин атайын дайындалган айдоочусуна мекеменин начальнигинин нөөмөт жардамчысынын милдеттүү коштоосу менен транспорт каражатын жүктөө аймагына алып барууга уруксат берилет. Айдоочу өзү мекеменин аймагына киргизилбейт.
21. Соттолгондордун качып кетүүсүн жана мекемеге тыюу салынган буюмдарды киргизүүнү алдын алуу максатында кароолдун курамы төмөнкүлөрдү кылдат текшерүүгө милдеттүү:
– автоунаада: отургучтарда жана алардын астында, кузовдо, кабинада, шаймандарды сактоо үчүн ящиктерде, эшик жана шыптын каптамаларынын астында, полдун килемчелеринин астында, аккумулятордук отсекте, запастык дөңгөлөктө, багажда, кузовдун төмөнкү бөлүгүндө, кыймылдаткычта, май жана аба чыпкаларында, коргоочу тор менен радиатордун ортосундагы мейкиндикте, бензобактарында, рамада кэштерди табууга өзгөчө көңүл бурулат, экиден дубалдын, полдун жана шыптын ж.б. жоктугун текшерет;
– атайын автотранспортто (жүк ташуучу унаа, фургон, автоцистерна ж.б.), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жерлер текшерилет, ошону менен бирге: кузовдун ички жана тышкы бөлүгү, жүктөөчү люктар, крановщиктин кабиналары, көтөрүүчү жебе (кран), цистерналардын ички жана тышкы бөлүгү, жүктөр жана товарлар, шлангдар жана соттолгондорду жашырышы мүмкүн болгон башка жерлер, ошондой эле тыюу салынган буюмдар текшерилет.
Автотранспорт каражаттарынын кыймылдуу бөлүгүн кароо үчүн кароочу чуңкурлар колдонулат.
22. Автотранспорт каражаттарын текшерип чыгууда документтердин таризделишинин тууралыгын жана транспорт ээсинин ким экендигин текшерүү, тыюу салынган предметтердин тизмесин айдоочуга жеткирүү, ошондой эле аларды алып өтүү жана камактагыларга өткөрүп берүүдө жоопкерчилик үчүн кол койдуруу зарыл.
3.3. Берүүлөрдү текшерип чыгуу
23. Берүүлөрдү текшерип чыгуу алардын салмагын жана ассортиментин текшергенден кийин төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) Берүүлөрдү жеткирген адам тыюу салынган предметтердин тизмеси менен таанышып чыгат, андан кийин берүүнү жана жөнөтмөнү текшерип чыгуу жүргүзүлөт;
2) Ар бир предмет кылдат текшерилет. Нан азыктары эки-үч бөлүккө бөлүнөт. Суюк тамактар башка идиштерге куюлат. Консервалар, банкалар жана таңгактар ачылып, башка идишке салынат. Колбасалар бир нече бөлүккө бөлүнөт. Төгүлүүчү буюмдар (махорка, чай ж.б.) төктүрүлүп кайрадан салынат. Конфеттер сырткы кабы жок кабыл алынат. Кат алышууларды жана тыюу салынган нерселерди жашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон бардык башка азыктар ушундай эле тартипте текшерилет. Текшерип чыгууда азык-түлуктүн сапаты бузулбагандай жүргүзүлөт. Буюмдар жана предметтер да кылдат текшерилет.
3.4. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүүдө текшерип чыгуу
24. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды текшерип чыгуу үчүн жабдылган өзүнчө бөлмө болушу керек, анда: столдор, отургучтар, кароолчу үчүн халат, үстөлгө жана отургучтарга жайылган дасторкон, чакалар, кружкалар жана контейнерлер, дезинфекциялоочу каражаттар салынган идиштер, самын, сүлгү, ошондой эле буюмдарды жана тамак-аш азыктарын текшерүү үчүн аспаптар болушу керек. Текшерип чыгуудан кийин соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын саны категорияларынын түрүнө жараша алардын өзүнчө мазмунуна ылайык келүүгө тийиш.
25. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды текшерип чыгуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
– чөнтөктөрдү, тигилмелерди, жеңди, жаканы, курду жана кийимдердин тигиштерин (соттолгон адам кароолдун курамынан 2 кадам алыс аралыкта туруу керек) кылдаттык менен кароо. Кийимдеги бекитилген предметтердин белгилери байкалган учурда кездеменин ал жерлери ийне менен тешилет, бут кийимди ичинен сыртка оодарат ал эми бут кийимдин таманы сөзсүз бүктөлөт;
– чоң нерселерди, чемодандарды, баштыктарды, китептерди ж.б. нерселерди текшерүүдө, тыюу салынган буюмдарды катуу максатында алдын-ала даярдалган жашыруун кош катар тигилген түптөрүнө же капталдарына, бир нерселердин кабына жана тереңдигине көңүл буруу керек;
– соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды текшерип чыгуудан кийин, бардык буюмдар жана азык-түлүктөр өз орундарында жайгашкандыгын текшерүү зарыл. Соттолгондорду камераларга коштоп барууда жана текшерип чыгууга дуушар боло элек соттолгондор менен сүйлөшүүгө тыюу салынат;
– текшерип чыгууда кароолдун башчысы кароолдун курамынын жүргүзгөн иш-аракетин, соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын кийимдерин жана бут кийимдерин зарылдыгы жок бузууга жол бербөөнү контролдойт.
26. Соттолгондорду текшерип чыгуу учурунда табылган акча жана тыюу салынган нерселер кароолдун курамы тарабынан алынат жана багытточу органдын администрациясына ээлеринин катышуусунда өткөрүлүп, соттолгондорго тиешелүү документтер берилет.
27. Соттолгон аялдарга аксессуарларды тагынууга уруксат берилет (тыюу салынган, кесүүчү жана саюучу предметтерден тышкары).
28. Товарлардын жана багаждын жалпы салмагы 50 килограммдан ашпашы керек. Эгерде соттолгон адамдын жогоруда аталган предметтердин саны жана салмагы белгиленген чектен ашып кетсе, анда кароолдун башчысы ашыкча буюмдарды багытточу органдын администрациясына тапшырууга милдеттүү.
29. Соттук отурумдун залында камакка алынган адамдарды текшерүү учурунда алынган документтерге, ошондой эле табылган жана алынган тыюу салынган буюмдарга эки нускада акт түзүлөт. Бул актыга кароолдун башчысы, камакка алынган адам жана анын адвокаты кол коет. Документтер төрагалык кылуучу судьяга ишке тиркөө үчүн тизменин бир нускасы менен бирге берилет, ал эми тыюу салынган предметтер экинчи нускасына кол койдуруу менен ички иштер органынын тиешелүү кызматкерлерине берилет.
4-глава. Режимдик талаптар белгиленген мекемелерге жанаша жайгашкан аймактардагы адамдарды, транспорт каражаттарын текшерип чыгуу
30. Мекеме жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашуунун негизинде мекемеге жанаша жайгашкан (мындан ары – жанаша жайгашкан аймак), режимдик талаптар белгиленген аймактын чек арасын аныктайт.
31. Аймактын чек арасы тосулат жана эскертүүчү белгилер менен белгиленет.
32. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жанаша жайгашкан аймакка кирүүдө тиешелүү жол белгилери орнотулушу мүмкүн.
33. Мекемелердин жанаша жайгашкан аймагында мекеменин кызматкерлери жана кайтаруу бөлүкчөнүн аскер кызматчылары тарабынан патрулдук кайтаруу жүргүзүлөт. Кайгуул учурунда кызматтык иттерди пайдаланууга жол берилет.
34. Жанаша жайгашкан аймакта тыюу салынат:
1) мекеменин жетекчилигинин атайын уруксаты жок жер казуу, курулуш, жардыруу, техникалык жана иликтөө иштерин жүргүзүүгө;
2) мекеменин жетекчилигинин тийиштүү уруксаты жок инженердик-коммуникациялык, энергетикалык тармактарды, байланыш каражаттарын оңдоону, жабдууларды орнотууну ишке ашырууга;
3) мекеменин администрациясы менен макулдашуусуз электр берүү линияларын өткөрүүгө;
4) автотранспорттор үчүн гараждарды, тент-жашынуучу жайларды жана башка курулмаларды орнотууга;
5) соода түйүндөрүн жайгаштырууга жана соода жүргүзүүгө (анын ичинде колдон, лотоктордон жана автомашиналардан);
6) киного, сүрөткө жана видеого тартууну, үн жазууну ишке ашырууга;
7) мекемедеги адамдар менен тосмо аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
8) буюмдарды жана предметтерди, тамак-аш азыктарын мекеменин аймагына тосмо аркылуу берүүгө же ыргытууга, аракет кылууга;
9) оролмолорду, баштыктарды, башка буюмдарды жана предметтерди жайгаштырууга жана калтырууга;
10) аймакты булгоого, ошондой эле мал жаюуга, малдарды жана башка жаныбарларды айдоого;
11) огород айдоого, дыйканчылык жана балык уулоо менен алектенүүгө;
12) от жагууга, ошондой эле салют жана фейерверк кылууга.
35. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бузулган учурда адамдардын (тартип бузуучулардын) өздүгүн аныктоо максатында мекеменин кызматтык бөлмөсүнө жеткирилет, ушул Нускамада белгиленген тартипте текшерип чыгуу жүргүзүлөт (текшерүү үчүн бөлмөдө) жана тиешелүү чаралар көрүлөт.
36. Буюмдарды жана транспорт каражатын текшерип чыгуу, ал ээлик кылган адамдын катышуусунда жүзөгө ашырылат. Кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда, текшерип чыгуу көрсөтүлгөн адам жок болгон учурда 2ден кем эмес калыс күбөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
5-глава. Тыюу салынган предметтерди алуу боюнча чаралар
37. Адам тыюу салынган буюмдардын тизмеси менен таанышкандан кийин андан табылган тыюу салынган предметтер алынып коюлат, өткөрүү жана ички объект режими бузулулганда тыюу салынган предметтерди алып коюу жөнүндө акт түзүлөт (3-тиркеме), ал эми адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Фото- жана кино тартууну, видео жазууну, буюм далилдерин фиксациялоонун башка белгиленген ыкмаларын колдонуу жөнүндө жазуу болгондо алып коюу актысында тиешелүү жазуу жазылат.
Текшерүүгө дуушар болгон адамдардан тыюу салынган предметтер табылган учурда, алгачкы текшерүү органдарынын функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан акт түзүлөт жана кол коюлат. Адам актыга кол коюудан баш тарткан учурда, ага тиешелүү белги жазылат. Жеке текшерип чыгуунун, буюмдарды, жеке жактын алдында турган транспорт каражатын карап чыгуу жөнүндө актынын көчүрмөсү текшерүүгө алынган буюмдардын ээсине, анын өтүнүчү боюнча тапшырылат.
39. Фото- жана кино тартууларды, видео жазууларды, буюмдук далилдерди белгилөөнүн башка белгиленген ыкмаларын колдонуу менен жеке текшерип чыгууну, буюмдарды, транспорт каражаттарын текшерип чыгууну жүзөгө ашырууда алынган материалдар тиешелүү актыга тиркелет.
40. Табылган тыюу салынган буюмдар алынып жана укук бузуулар жөнүндө кодексинде же кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган тартипте тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мекеменин администрациясы аныктаган жерлерде сактоо үчүн мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысына өткөрүп берилет, кабыл алынган чечимге жараша алар белгиленген тартипте жок кылынат же ээлерине кайтарылып берилет.
Нускамага
1-тиркеме
______________________________________
______________________________________
(органдын аталышы)
ЖАТтын мекемелерине келген адамдардын кирүү эрежелери менен таанышуусун эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
|
| Башталышы “__”____________ 20__ жыл Аякташы “__”____________ 20__ жыл |
№ | Күнү жана убак-тысы | ЖАТтын мекемеле-рине келген адамдардын аты-жөнү | Укуктук нормалар менен таанышуу | Таанышкан кызмат- кердин колу | Тааныш-кан адамдын колу | Эскер-түү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Нускамага
2-тиркеме
______________________________________
______________________________________
(органдын аталышы)
Сактоого берилген буюмдарды, акчаларды жана баалуулуктарды эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
|
|
|
№ | Күнү | Кимден алынды (аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери) | Буюмдар- дын, баалуулук- тардын жана акчалардын тизмеси (толук жазылат) | Келген адам- дардын тапшыр- гандыгы тууралу колу | Кабыл алган кызмат- кердин колу
| Келген адамдын алганды-гы тууралуу колу | Берген кызмат-кердин колу
| Эскер-түү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Нускамага
3-тиркеме
Мекеменин өткөрүү жана ички объект режимин
бузганда тыюу салынган буюмдарды
АЛУУ АКТЫ
Бишкек ш. “____”________________ 20__-ж.
Мен,______________________________________________________
__________________________________________________________
бүгүн “___” _________________ 20___-ж. саат _____ ____ мүн. __________________жерде
__________________________________________________________
Төмөнкүлөрдүн катышуусунда:
1. ________________________________________________________
_________________________________________________________,
2._________________________________________________________
_________________________________________________________,
төмөндөгү аталган адамдан мекемеге алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар табылган _________________________________________________________
мекеменин кызматкеринин (келүүчүнүн) кызмат орду, фамилиясы, аты-жөнү;
__________________________________________________________
алынган тыюу салынган буюмдар, тыюу салынган буюмдардын аталышы, алардын сүрөттөлүшү __________________________________________________________
__________________________________________________________
__________________________________________________________
___________________________________
акты түзгөн кызматкердин колу
1.____________________ 2. _____________________
акты түзүүдө катышкан адамдардын колдору
Алынган буюмдар тапшырылды:_______________________________________________
“___”__________20__ -жылы (наамы, толук аты-жөнү, колу)
Алынган буюмдарды кабыл алды: ________________________________________________
“___”__________20__ -жылы (наамы, толук аты-жөнү, колу)