Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 11-декабрындагы № 3
Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, транспорттук каражаттарын текшерип чыгуу өндүрүшүнүн тартиби жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6-пункттун 15-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы кайтарууну уюштурган Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагына келген жана чыгып жаткан адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына, ошондой эле ага жанаша жайгашкан режимдик талаптар белгиленген аймактарды текшерип чыгуу өндүрүшүнүн тартиби жөнүндө нускама, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы кайтарууну уюштурган Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, транспорттук каражаттарын текшерип чыгуу өндүрүшүнүн тартиби жөнүдө нускама, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы:
1) жогоруда аталган нускамалардын талаптарын ишке ашырышсын;
2) өзүлөрүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин;
3) мекеменин аймагында уюлдук телефондорду колдонууга укугу бар кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын тизмеси бекитилсин;
4) буйрукту бардык өздүк курамга жеткиришсин.
3. Буйруктун аткарылышын контролдоо ушул тармакты тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Министр |
| А.Б. Баетов |