Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине
караштуу Жазаларды Аткаруу Кызматынын
2023-жылдын 18-июлундагы № 399 буйругуна)
тиркеме
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, транспорттук каражаттарын карап чыгуунун тартиби жөнүндө
НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул «Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, транспорттук каражаттарын карап чыгуунун тартиби жөнүндө» нускама (мындан ары - Нускама) жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине (мындан ары-ЖАТ) барган жана аларга жанаша аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын жана транспорт каражаттарын кароо тартибин аныктайт.
2. Режимдик талаптар белгиленген мекемелердин аймагында жана аларга чектеш аймактарда адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын текшерип кароо тыюу салынган буюмдарды, предметтерди, документтерди жана тамак-аш азыктарын табуу жана алып коюу максатында жүргүзүлөт.
Тыюу салынган буюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-августундагы 2018-жылдын №379 токтому менен бекитилген ЖАТнун Ички тартибинин эрежелери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы №631 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖАТнун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде белгиленген.
3. Терминдер жана түшүнүктөр:
Текшерүү - тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында адамды жана анын мүлкүн, транспорт каражатын кароо.
Мекеме - эркиндигинен ажыратуу жана адамдарды камакта кармоо түрүндөгү жазаларды аткаруу үчүн арналган мамлекеттик мекеме.
Текшерип-өткөрүү жайы (мындан ары - ТӨЖ) - бул аймакты коргоо боюнча тапшырманы аткаруучу, ошондой эле ал аркылуу белгиленген тартипте тиешелүү документтер боюнча адамдарды жана транспортту өткөрүү, ошондой эле мекеменин аймагына (аймагынан) материалдык каражаттарды алып кирүү (алып чыгаруу) же алып келүүсүн (алып чыгаруусун) мыйзамдуулугун текшерүүнү ишке ашырылуучу атайын жабдылган жер.
ТӨЖдүн имаратында ЖАТнун мекемесине кирген адамдарды жана алардын буюмдарын кароо үчүн бөлмөлөр, ошондой эле ЖАТнун мекемесине кирген адамдар турган мезгилде буюмдарды жана буюмдарды сактоо үчүн жайлар жабдылат, алар техникалык каражаттар (видеобайкоо, металл издегич, металл детекторлор, интроскоптор ж.б.) менен жабдылат.
2-глава. Мекеменин аймагына өткөрүү
4. Мекемелердеги өткөрүү режимин мекеменин администрациясы белгилейт.
5. Өткөрүү режиминде каралган:
- кирүүлөрдү (чыгууларды) ТӨЖдү жана өткөрүү функциялары бар постторду уюштуруу;
- өткөрмө бюросун түзүү;
- өткөрмөлөрдү берүүгө уруксат берүүчү кызмат адамдарын аныктоо;
- мекеменин аймагындагы режимдик объектилерди кайтаруу;
- ТӨЖдү администрациянын кызматкерлеринин жана башка адамдардын жеке буюмдарын сактоочу атайын текчелер менен жабдуу;
- тыюу салынган нерселердин жана буюмдардын киришин болтурбоо;
- байланыштын радиотехникалык каражаттарын, кино -, фото -, аудио -, видеоаппаратураларды мыйзамсыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу.
6. Жарандардын мекемеге кирүүсү атайын талондун негизинде жүргүзүлөт. Ал атайын талон берилген жумуш күндүн ичинде кана кирип чыгууга жарактуу.
7. Өткөрмөлөргө мекеменин начальниги же анын милдетин аткаруучу адам кол коет.
8. Өткөрмө өздүгүн күбөлөндүргөн документи (паспорт, аскердик билет, айдоочунун күбөлүгү), мекеменин мөөрү жана бул өткөрмөнү берүүгө уруксат берген кызмат адамынын колу болгондо жарактуу болот.
9. Транспорт каражаттарынын мекеменин аймагына кирүүсү (чыгуусу) айдоочунун маалыматтарын, кирүү максатын, транспорттун маркасын жана мамлекеттик номерин, кирген жана чыккан убактысын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен өткөрмөнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Адамдарды, алардын буюмдарын жана транспорт каражаттарын текшерип өткөрүү тартиби
10. Текшерип кароо жүргүзүү боюнча мекемелердин кызматкерлеринин иши мекеменин аймагына тыюу салынган предметтердин кирүү жолдорун аныктоо, ошондой эле аларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү менен байланышкан.
11. Мекеменин аймагына кирген жана андан чыккан адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын жеке кароо мекемелердин объекттерин кайтаруу боюнча кароолдун курамына кирген аскер кызматчылары жана мекемелердин кызматкерлери (мындан ары - текшерип кароонун кызматкерлери) тарабынан жүргүзүлөт. Тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө мекеменин аймагына кирген жана андан чыккан адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын жеке кароо ошол мекемелердин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
12. Буюмдарды текшерип кароо алардын ээлеринин катышуусунда жүргүзүлөт, жеке текшерип кароо мекеменин 2 (эки) кызматкеринин катышуусу менен жүргүзүлөт. Алыскы өндүрүш объекттеринде жеке текшерип кароо мекеменин эки кызматкеринин же ошол участок үчүн жооптуу аскер кызматчыларынын катышуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мекеменин аймагына кирген жана андан чыккан адамдарды, ошондой эле анын аймагында жүргөндө текшерип кароо, эмгек процессинде камактагылардын башка адамдар менен болгон мамилесин, жолугушууларын жөнгө салуу мекеменин администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Текшерип кароо төмөнкүлөрдү жокко чыгаруу максатында жүргүзүлөт:
- тыюу салынган буюмдарды киргизүү (алып келүү);
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинде каралган адамдарды кошпогондо, мекеменин аймагына аудио, радиотехникалык жана башка аппаратураларды байкоо каражаттарын-киного, сүрөткө, видеого тартуу каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү (алып келүү);
- мекеменин аймагынан документтерди, буюмдарды жана башка материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кетүү (алып чыгуу).
14. Мекемеге кирген (чыккан) бардык адамдарга, анын ичинде ЖАТнун кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына тыюу салынган буюмдарды алып кирүү (алып өтүү) үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, бул тууралуу атайын журналга белги коюлат (1-тиркеме), андан кийин текшерүүгө алынат.
15. Мекеменин аймагына кирген ЖАТнун кызматкерлерине жана ошол мекемеде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине тыюу салынган буюмдарды алып кирүү (алып өтүү) үчүн жоопкерчилик тууралуу жазуу түрүндө эскертилет. Бул жөнүндө түзүлгөн жазуу жүзүндөгү милдеттенме мекеменин ТӨЖдө өзүнчө номенклатуралык ишине тиркелет. Жеке текшерип жана буюмдарды текшерип кароо бир жыныстагы адамдар тарабынан гана ТӨЖдүн текшерүүчү бөлмөсүндө (текшерип кароо үчүн бөлмө бар болсо) жүргүзүлөт. Бир жайда бир эле учурда бир нече адамды текшерип кароого тыюу салынат.
16. Жеке текшерип кароо, ошондой эле буюмдарды текшерип кароо жүргүзгөн кызматкерлер текшерип каралуучу адамдарга карата сылык болууга жана алардын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттерге жол бербөөгө милдеттүү.
17. Мекеменин аймагына кирген жана андан чыккан адамдарды текшерип кароо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- текшерип кароочу кызматкерлер тарабынан мекеменин аймагына кирген адамдарга тыюу салынган нерселердин жана буюмдардын тизмеси маалымдалат, ошондой эле аларды алып өтүү жана камактагыларга өткөрүп берүү жоопкерчилиги кол койдуруу менен билдирилет;
- мекемеде пайдаланууга уруксат берилбеген акчалар, башка предметтер жана баалуулуктар (ташуу, өткөрүп берүү жана сактоо үчүн жазык жоопкерчилиги каралган нерселерден жана буюмдардан тышкары) текшерип кароо кызматкери тарабынан кол койдуруу менен кабыл алынып, атайын сейфке салынат. Ал чыгып жатканда тапшырылган предметтерди атайын журналга кол койдуруп ээсине кайтарып берет (2-тиркеме);
- текшерип каралуучу адамды жеке текшерип кароо орнотуусу аркылуу өтүшөт, текшерип кароонун алдында үстүнкү сырт кийими чечилет, жанында болгон бардык предметтер столго коюлат, андан кийин адамдар арка металл детекторунан өтүшөт, ал эми алардын буюмдары рентгендик орнотмодон жүктөрдү жана кол жүктөрүн карап чыгуу үчүн өткөрүлөт;
- тиешелүү жабдуулар жок болгон учурда же ал бузук абалда болгондо, текшерип кароо кызматкери текшерилүүчү адамдардын чөнтөктөгүлөрүн, сумкаларынын ичиндегилерин кароо столуна коюуну сунуштайт. Чөнтөктөрдүн жана сумкалардын ичиндегилерди текшерип бүткөн соң кароо кызматкери кийимдерди жана бут кийимдерди меттал-детектору менен текшерет (эгер болсо).
- мекемеге кирген адамдар ушул Нускаманын 13 жана 15-пункттарынын талаптарын аткаруудан баш тарткан учурда, ал адамдар мекеменин аймагына киргизилбейт.
18. Курал-жарагы бар кызмат адамдарынын мекемеге кирүүсү курал-жаракты объектти кайтаруу боюнча кароолдун зардалына же мекеменин зардалынын нөөмөт жардамчысына сактоого тапшыргандан кийин гана жүзөгө ашырылат, бул жөнүндө мекемеде сактоого тапшырылган курал-жаракты эсепке алуу журналына жазылат. Объектти кайтаруу боюнча кароолдун зардалы же мекеменин зардалынын кезметчи жардамчысы куралды сактоого жана анын санкциясыз пайдаланылышына жол бербөө чараларын көрөт.
19. Транспорт каражаттарын текшерип кароодо документтердин туура таризделишин жана транспорт ээсинин ким экендигин текшерүү зарыл. Тыюу салынган нерселердин тизмесин айдоочуга жеткирүү, ошондой эле аларды алып өтүү жана камактагыларга берүү үчүн жоопкерчиликти кол койдуруу. Ага транспортту текшерүүгө даярдоону сунуштоо (моторду өчүрүү, кол тормозуна коюу, капотту, кабинаны, багажды ачуу, Эгер жабык кузов болсо, кузов). Өзгөчө көңүл отургучтарда жана алардын астында, эшиктин жана шыптын каптоолорунун астында, полдун килемдеринин астында жашынуучу жерлерди табууга бурулат. Радиатордун жана газ багынын мазмунун текшерүү, рамканы текшерүү, эки дубалдын, полдун жана шыптын жоктугун текшерүү.
20. Аманаттар салмагы жана ассортименти боюнча текшерилгенден кийин төмөнкүдөй тартипте текшерилет:
- аманатты жеткирген адамга тыюу салынган буюмдар жөнүндө эскертилет, андан кийин аманатты текшерип кароо жүргүзүлөт;
- ар бир предметтер кылдат каралат. Нан азыктары эки-үч бөлүккө бөлүнөт. Суюк тамактар башка идиштерге куюлат. Консервалар, банкалар жана таңгактар ачылып, башка идишке салынат. Колбасалар бир нече бөлүккө бөлүнөт. Кургак буюмдар (махорка, чай ж.б.) башка идишке төгүлүп каралат. Конфеттер оромосу жок кабыл алынат. Алардагы кат алышууларды жана тыюу салынган нерселерди жашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон бардык башка продуктылар ошол эле тартипте текшерилиши керек. Текшерүү учурунда продукциянын сапаты жоголбошу керек. Буюмдар жана нерселер кылдаттык менен текшерилет.
21. Кирип-чыгып жаткан адамдарды жана алардын буюмдарын, ошондой эле транспорт каражаттарын карап чыгуунун жүрүшүндө кызматтык-издөө иттерин пайдаланууга жол берилет.
4-глава. Режимдик талаптар коюлган ЖАТтын мекемелеринин жанындагы аймактарындагы адамдарды, транспорт каражаттарын кароо
22. Мекеме жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашуунун негизинде мекеменин жанындагы участоктун (мындан ары - жанаша жайгашкан аймак) режимдик талаптары белгиленген аймактын чек арасын аныктайт.
23. Аймактын чек арасы тосулат жана эскертүүчү белгилер менен белгиленет.
24. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жанаша жайгашкан аймакка кирүүдө тиешелүү жол белгилери орнотулушу мүмкүн.
25. Мекемелерди тышкы кайтаруу ЖАТтын атайын бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат. Чектеш аймакта мекеменин кызматкерлери тарабынан патрулдук кылуу жүргүзүлөт. Кайгуул учурунда кызматтык иттерди пайдаланууга жол берилет.
26. Жанаша жайгашкан аймакта тыюу салынат:
- мекеменин жетекчилигинин уруксаты жок бөтөн адамдардын ары-бери жүрүүсүнө;
- мекеменин жетекчилигинин атайын уруксаты жок жер казуу, курулуш, жардыруу, техникалык жана иликтөө иштерин жүргүзүүгө;
- мекеменин жетекчилигинин тийиштүү уруксатысыз инженердик-коммуникациялык, энергетикалык тармактарды, байланыш каражаттарын оңдоону, жабдууларды орнотууну ишке ашырууга;
- мекеменин администрациясы менен макулдашпастан электр берүү линияларын өткөрүүгө;
- автотранспорттор үчүн гараждарды, тент-жашынуучу жайларды жана башка курулмаларды орнотууга;
- соода түйүндөрүн жайгаштырууга жана соода жүргүзүүгө (анын ичинде колдон, лотоктордон жана автомашиналардан);
- киного, сүрөткө жана видеого тартууну, үн жазууну ишке ашырууга;
- мекемедеги адамдар менен тосмо аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- буюмдарды жана нерселерди, тамак-аш азыктарын мекеменин аймагына тосмо аркылуу берүүгө же аракет кылууга;
- оромолдорду, сумкаларды, башка буюмдарды жана нерселерди жайгаштырууга жана калтырууга;
- аймакты булгоого, ошондой эле мал жаюуга, малдарды жана башка жаныбарларды айдоого;
- огород айдоого, дыйканчылык жана балык уулоо менен алектенүүгө;
- от жагуу, ошондой эле салют жана фейерверк жасоо.
27. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бузулган учурда адамдардын (тартип бузуучулардын) өздүгүн аныктоо максатында мекеменин кызматтык бөлмөсүнө жеткирилет, ушул Нускамада белгиленген тартипте кароо жүргүзүлөт (кароо үчүн бөлмөдө) жана тиешелүү чаралар көрүлөт.
28. Буюмдарды жана транспорт каражатын текшерип кароо ал ээлик кылган адамдын катышуусунда жүзөгө ашырылат. Кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда, текшерип кароо көрсөтүлгөн адам жок болгон учурда 2ден кем эмес калыс күбөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
5-глава. Тыюу салынган буюмдарды алып коюу фактылары боюнча чаралар
29. Адам тыюу салынган буюмдардын тизмеси менен таанышкандан кийин табылган тыюу салынган предметтер алынып коюлат, ал эми адам Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
30. Тыюу салынган буюмдарды алып коюуда протокол түзүү тартиби.
1) протоколдун кириш бөлүгүндө төмөнкүлөр жазылат:
- орду жана датасы;
- башталган жана аякталган убактысы;
- протокол түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, инициалдары, жеке текшерилүүгө дуушар болгон адам жөнүндө маалыматтар;
- текшерүүгө алынган транспорт каражаты анын ээлигинде турган адам жөнүндө;
- транспорт каражатынын тиби, маркасы, модели, мамлекеттик каттоо номери, башка идентификациялык белгилери жөнүндө маалыматтар;
2) протоколдун баяндоо бөлүгүндө төмөнкүлөр белгиленет:
-буюмдарды ыктыярдуу берүү жөнүндө талаптар;
- табылган же берилген буюмдардын тизмеси (саны, өлчөмү, салмагы, түсү, өзгөчө белгилери);
- алынган акчанын суммасын көрсөтүү (эгерде алынган акчанын саны өтө көп болсо, алып коюуну өзүнчө тизме менен тариздөөгө болот, ал жөнүндө протоколго тиркелет);
- табылган буюмдар кайда жана кандай шарттарда сакталган; эгерде катылуу болсо, анда анын түзүлүшү, ал кантип табылган, бул үчүн кандай техникалык каражаттар колдонулган;
- кандайдыр бир сактоочу жайды ачуу талап кылындыбы, эмне жана кантип ачылды, каршылык көрсөткөн жокпу.
Фото жана кино тартууну, видео жазууну, буюм далилдерин фиксациялоонун башка белгиленген ыкмаларын колдонуу жөнүндө жазуу жүргүзүлөт.
3) протоколдун корутунду бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- алынган материалды таңгактоо ыкмасын жана мөөр басып чаптоону көрсөтүү;
- сактоого берилген мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жөнүндө көрсөтүлгөн адамдарга кабарлоо, бул жөнүндө тиешелүү тил кат алынат;
- кабарлоо, техникалык каражаттарды колдонуу ниети жана алынган натыйжалар жөнүндө белги (бул тууралуу маалыматтар протоколдун корутунду бөлүгүндө эмес, баяндоо бөлүгүндө баяндалышы мүмкүн);
- адамдардын арыздары (эгерде алар келип түшсө);
- протоколдун тууралыгын күбөлөндүргөн адамдардын колтамгалары, ошондой эле протоколдун көчүрмөсү тапшырылган адамдын колтамгасы.
31. Текшерүүгө дуушар болгон адамдардан тыюу салынган предметтер табылган учурда, алгачкы текшерүү органдарынын функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан протокол түзүлөт жана кол коюлат. Адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Жеке текшерип кароо, буюмдарды, жеке жактын алдында турган транспорт каражатын карап чыгуу жөнүндө протоколдун көчүрмөсү текшерүүгө алынган буюмдардын ээсине тапшырылат. Жеке текшерип кароону, фото жана кино тартууну, видеожазууну, буюмдук далилдерди белгилөөнүн башка белгиленген ыкмаларын колдонуу менен адамдын, транспорт каражатынын алдындагы буюмдарды текшерип кароону жүзөгө ашырууда алынган материалдар тиешелүү протоколго тиркелет.
32. Режимдик талаптар белгиленген жана кылмыш-жаза мыйзамдарынын чөйрөсүнө туура келген аймакта болгон окуялар жөнүндө эсепке алуу, таризделген материалдардын көчүрмөлөрү мекеменин ыкчам бөлүмүнүн тыштан кайтаруу боюнча ыйгарым укуктуу оперкызматкерлери тарабынан эсепке алынат жана сакталат.
33. Табылган тыюу салынган буюмдар, акча каражаттары жана баалуу кагаздар алынып коюлат жана материалдар менен бирге алгачкы текшерүү функциясын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу адамга берилет.
1-тиркеме
ЖАТтын мекемелерине келген адамдарды
кирүү эрежелери менен таанышуусун эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
Башталышы «___» ________20___ жыл
Аякаташы «___»_________20___жыл
№ | Датасы жана убактысы | ЖАТтын мекемелерине келген адамдардын Аты-жөнү | Укуктук нормалар менен таанышуу | Тааныштырган кызматкердин колу | Таанышкан адамдын колу | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
2-тиркеме
Сактоого берилген буюмдарды,
акчаларды жана баалуулуктарды эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
Башталышы «___» ________20___ жыл
Аякталышы « ___»_________20___жыл
№ | Датасы | Кимден алынды (Аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери) | Буюмдардын, баалуулуктардын жана акчанын тизмеси ( толук кол коюлган) | Келген адамдардын тапшыргандыгы тууралу койгон колу | Кабыл алган кызматкердин колу
| Келген адамдын алгандыгы тууралу койгон колу | Берген кызматкердин колу
| Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |