Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-декабры № 755
Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу системасын өркүндөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Пенсия алууга укуктуу жана аскердик кызматын улантып жаткан адамдарды кошпогондо, аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия алып жаткан адамдарды пенсия менен камсыз кылуу 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмү кийин өзгөргөнгө чейин 10,8%га жогорулатылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар үчүн пенсия менен камсыз кылууну 10,8%га жогорулатуу механизми тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 140460800 (бир жүз кырк миллион төрт жүз алтымыш миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө каражат бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Пенсия менен камсыз кылууну 10,8%га жогорулатуу МЕХАНИЗМИ
№ | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренеси | "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренеси | КРӨ 2010-жылдын 2-февралындагы № 51 токтомуна ылайык индекстөө | 10,8%га жогорулатуу | Жалпы | ||
Чечмелөө | (АКМ +АНМ + АПОАК + үстөк и/ж) * % пенсия | КРӨ 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна ылайык райондук коэффициент үчүн үстөк | КРӨ 2010-жылдын 2-февралындагы № 51 токтомунун 3-пунктун кошпогондо | Мамычалардын суммасы (1+2+3+4) * 10,8% | Мамычалардын суммасы 1+2+3+4+5 |