Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №51
Аскер кызматчыларынын пенсиясынын өлчөмүн индексациялоо боюнча чаралар жана 2010-жылдын 1-январынан баштап жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
"Аскер кызматчыларынын пенсия өлчөмдөрүн индексациялоо тууралуу" 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 510 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу, ошондой эле энергия булактарына тарифтердин жогорулаган шартында республиканын калкына даректүү социалдык колдоо көрсөтүү системасын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча пенсия алган адамдар үчүн пенсияларды алардын өлчөмүнө жараша кайра эсептөөнүн тиркелген механизми бекитилсин.
2. Эмгек акыга райондук коэффициент белгиленген жерлерде пенсиялардын эң кичине өлчөмү бул коэффициенттерди эсепке алуу менен белгиленсин.
3. Коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөөдө мурда 50 пайыздык жеңилдик укугу бар пенсионерлерге коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдик наркынын ордуна 650 сом өлчөмүндө 2010-жылдын 1-январынан баштап ай сайын компенсация төлөө жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткартуу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча) 2010-жылдын 1-январынан баштап жаңы өлчөмдөгү пенсияларды өз убагында кайра эсептөөнү жана төлөөнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аскер кызматчыларына пенсияларды төлөөгө чыгашаларды толук жана өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 51 токтому менен бекитилген |
Аскер кызматчыларына пенсияларды алардын өлчөмүнө жараша кайра эсептөөнүн механизми
1. Пенсияларды кайра эсептөө иштеген жылдары боюнча чектелген пенсиялардын негизги өлчөмүнөн дифференциялуу жүргүзүлсүн:
I топ: 1000 сомго чейинки пенсия өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлөт;
II топ: 1001 сомдон жогору 1500 сомго чейинки пенсия өлчөмдөрү 40 пайызга көбөйтүлөт, мында пенсиянын эң аз өлчөмү 1500 сомду түзөт;
III топ: 1501 сомдон жогору 2000 сомго чейинки пенсия өлчөмдөрү 30 пайызга көбөйтүлөт, мында пенсиянын эң аз өлчөмү 2100 сомду түзөт;
IV топ: 2001 сомдон жогору 2500 сомго чейинки пенсия өлчөмдөрү 20 пайызга көбөйтүлөт, мында пенсиянын эң аз өлчөмү 2600 сомду түзөт;
V топ: 2501 сомдон жогору 3000 сомго чейинки пенсия өлчөмдөрү 10 пайызга көбөйтүлөт, мында пенсиянын эң аз өлчөмү 3000 сомду түзөт;
VI топ: 3001 сомдон жогору 3500 сомго чейинки пенсия өлчөмдөрү 6 пайызга көбөйтүлөт, мында пенсиянын эң аз өлчөмү 3300 сомду түзөт;
VII топ: 3501 сомдон жогору 5000 сомго чейинки пенсия өлчөмдөрү 5 пайызга көбөйтүлөт, мында пенсиянын эң аз өлчөмү 3710 сомду түзөт.
2. Пенсияларды кайра эсептөө майыптыгы боюнча чектелген пенсиялардын негизги өлчөмүнөн дифференциялуу жүргүзүлсүн:
I топ: 2000 сомго чейинки пенсия өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлөт;
II топ: 2001 сомдон жогору 5000 сомго чейинки пенсия өлчөмдөрү 30 пайызга көбөйтүлөт, мында пенсиянын эң аз өлчөмү 3000 сомду түзөт.
3. Иштеген жылдары боюнча жана майыптыгы боюнча 5000 сомдон жогору пенсияларга пенсиянын эң аз өлчөмү 5250 сомго барабар.
4. Пенсияларды кайра эсептөө баккан адамынан айрылган учур боюнча чектелген пенсиялардын негизги өлчөмүнөн дифференциялуу жүргүзүлсүн:
I топ: 1500 сомго чейинки пенсия өлчөмү үй-бүлөнүн ар бир эмгекке жараксыз мүчөсүнө 50 пайызга көбөйтүлөт;
II топ: 1501 сомдон жогору 2000 сомго чейинки пенсия өлчөмү үй-бүлөнүн ар бир эмгекке жараксыз мүчөсүнө 30 пайызга көбөйтүлөт;
III топ: 2001 сомдон жогору 3000 сомго чейинки пенсия өлчөмү үй-бүлөнүн ар бир эмгекке жараксыз мүчөсүнө 15 пайызга көбөйтүлөт;
IV топ: 3001 сомдон жогору 5000 сомго чейинки пенсия өлчөмү үй-бүлөнүн ар бир эмгекке жараксыз мүчөсүнө 5 пайызга көбөйтүлөт.