Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-декабры № 757
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым айылдарын калктуу конуштардын эсептик маалыматтарынан чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын эсептик маалыматтарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 15-пунктунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым айылдары калктуу конуштардын эсептик маалыматтарынан тиркелген тизмеге ылайык чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык географиялык аталыштардын электрондук банкына өзгөртүүлөрдү киргизсин жана катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын калктуу конуштардын эсептик маалыматтарынан чыгарылуучу айылдарынын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Коргон-Жар айылы.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Көк-Алма айылы.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ак-Терек айылы.
4. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Гава айылы.
5. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Кыргыз-Каба айылы.
6. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Көк-Таш айылы.
7. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Бөкөй айылы.
8. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылы.
9. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Беке-Чал айылы.
10. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Э.Иманалиев айыл аймагынын Жар-Таш айылы.
11. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын Орто-Сырт айылы.
12. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын Өрүк-Там айылы.
13. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Памир-Алай айыл аймагынын Көк-Булак айылы.
14. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Памир-Алай айыл аймагынын Кургак айылы.
15. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Памир-Алай айыл аймагынын Сары-Могол айылы.
16. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Тосой айылы.