Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабры № 765
2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өңүктүрүү
программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында туризм тармагын натыйжалуу өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары -Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
4. Бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |