Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 765 токтому менен бекитилди) |
2025–2030-жылдарга туризмди
туруктуу өнүктүрүү программасы
Киришүү
2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык жана локалдык актыларга, аймактык стратегиялык документтерге ылайык жылдын төрт мезгилиндеги туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин, артыкчылыктарын жана багыттарын аныктайт.
Программада 2030-жылга чейинки мезгилге индустрияны өнүктүрүүнүн перспективалары так көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети акырындык менен туристтик рынокторду диверсификациялоого, эл аралык аренада өлкө жөнүндө маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатууга, жеке секторго жогорку сапаттагы туристтик продуктуну түзүүдө көмөк көрсөтүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана ички туристтик рынокту андан ары өнүктүрүүгө дем берүүгө өз күч-аракеттерин багыттайт.
Ошол эле учурда туристтик индустриядагы өсүштүн жана прогресстин кыймылдаткыч күчү катары артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу болуп саналат.
Программа Кыргызстандын туризм индустриясынын баалуулугун, кирешелүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган так стратегияны жана Иш-аракеттер планын иштеп чыгуу максатында иштелип чыккан. Программа ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик активдерин дүйнөлүк деңгээлдеги туристтик продуктуларга жана туристтик тажрыйбаларга айландыруу аркылуу өлкөнүн туристтик потенциалын ишке ашыруу максаттарын камтыйт, анын натыйжасында дүйнөдөгү эң көп чыгымдалган туристтик рыноктордон туристтерди тартууга жөндөм түзүлөт.
2030-жылга карата Кыргызстан өлкөнүн уникалдуу маданий жана табигый мурастарынын, кардарларга жогорку деңгээлдеги кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле кыргыздын меймандостугунун кылымдардан бери калыптанган салттарынын негизинде өнүгө турган жылдын төрт мезгилиндеги жогорку сапаттуу туризмдин алдынкы багыттарынын бири катары кеңири таанылат деп шартталууда.
Инфратүзүмгө, агратууга жана маркетингге стратегиялык инвестициялоо аркылуу, ошондой эле Кыргызстанга келген туристтердин дүйнө жүзүндөгү жогорку кошумча наркы менен кызмат көрсөтүүлөр рыногу үчүн жагымдуу болгон уникалдуу тажрыйба алуусу аркылуу Кыргызстан туризм жана саякат чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдынкы 50 өлкөнүн катарына кирет.
Программа туризм секторунун бир топ өкүлдөрүн: мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ишкерлерди, коомдук уюмдарды, эксперттерди тартуу менен иштелип чыккан. Программанын долбоорун иштеп чыгууга жана талкуулоого туризм субъекттеринин кызыкчылыктарын коргогон ассоциативдик уюмдар активдүү катышты. Өнүктүрүү боюнча улуттук жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында жүзөгө ашырылган изилдөө иштери эске алынды.
Программа калктын бакубаттыгын жана жашоо сапатын жогорулатуу үчүн аймактарды тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылууну колдойт. Ошону менен бирге туризм чөйрөсүн өнүктүрүү аймактардын жашоо сапатынын өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калат.
Кыргыз Республикасы өзүнүн байыркы жана бай тарыхы, жагымдуу ландшафты, өзгөчө маданияты, тарыхы, көчмөн цивилизациясы, жаркын туристтик бренддери менен жылдын төрт мезгилиндеги олуттуу туристтик потенциалга ээ, аны бүгүнкү күндө жетиштүү пайдаланылбай жаткан туруктуу өнүгүүнүн алкагында ачып көрсөтүү зарыл.
2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында туруктуу өнүктүрүүнүн, анын ичинде туризм чөйрөсүндөгү багыттары чагылдырылган. Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана башкарууга, аймактарды өнүктүрүүгө, экологиялык натыйжалуулукту камсыз кылууга жана айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө умтулат.
Туризм индустриясы чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүдө негизги ролду ойноп, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшөт. Туризмдеги бир жумуш орду Кыргыз Республикасынын экономикасынын чектеш тармактарында 3 жумуш орундун түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн1.
Бул Программа Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 буйругу менен бекитилген Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоо боюнча методологияга ылайык иштелип чыккан.
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
1.1. Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиктер
Азыркы учурда өлкөнүн туристтик тармагы экономиканын реалдуу секторунда туруктуу өсүү темпин сактап турат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (УСК) маалыматы боюнча акыркы үч жылда туристтик тармактын өсүү темпи калыбына келүүсү байкалууда.
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү
Көрсөткүчтүн аталышы | 2022 | 2023 | 2024- жылдын 6 айы |
Туризм иши чөйрөсүндө кошумча дүң нарк (млн сом) |
35157,8 |
43645,1 |
15 107,7 |
ИДПга карата пайызы | 3,4 | 3,6 | 2,7 |
Туризм чөйрөсүндөгү негизги капиталга инвестициялар (млн сом) |
19391,8
|
16 874,5
|
4 177,1
|
Туризм тармагынын маанилүү маселеси болуп туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту менен импортунун катышы саналат | |||
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту (чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн киреше), млн АКШ доллары |
696,4 |
994,4 |
479,7
|
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту (Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү чыгашалары), млн АКШ доллары |
195,3 |
369,1 |
280,1 |
Бул көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын туристтик тармагы – экономиканын экспортко багытталган чөйрөсү экендигин тастыктайт.
Дүйнөлүк туристтик уюмдун (БУУ Туризм) расмий, бизнес, туристтик, диний, билим берүү, транзиттик2 сыяктуу классификациясына кирген жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын жалпы саны.
| 2022 | 2023 | 2024-жылдын 8 айы |
Кыргыз Республикасына келген туристтердин (адамдардын) саны | 6 912 557 | 8 557 136 | 6 143 487 |
Акыркы 6 жылда Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк туристтердин агымынын тенденциясы төмөндөгүдөй сакталууда: туристтердин жалпы санынын 95 %дан ашыгы Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Россия Федерациясынын субьекттеринен келгендер; алдынкы үчтүктө биринчи орунда Өзбекстан Республикасынан, андан кийин Казакстан Республикасынан жана Россия Федерациясынан келген туристтер турат, ошол эле учурда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн (КМШ, Араб жана Европа өлкөлөрү, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү жана Америка) келген туристтердин саны акырындык менен көбөйүүдө.
Туристтик тармак жөнүндө маалыматты натыйжалуу жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын өлкөлүк туристтик “www.discoverkyrgyzstan.org” сайты иштейт, ал 8 тилде колдонулат. Андан тышкары, “https://tourism.gov.kg/” расмий сайты иштейт, ал үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде колдонулат. Туризм боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана “Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААК тарабынан социалдык тармактардан Facebook, Twitter, YouTube жана Instagram колдонулат.
Кыргыз Республикасында кирүү, чыгуу жана ички туризм өнүгүп жатат. Ошол эле учурда кирүү туризмине артыкчылыктуу маани берилет. Ички туризм тармагына тийиштүү көңүл бурулбай калууда. Орто мөөнөттүү келечекте ички туризмди өнүктүрүү боюнча талдоо жана изилдөөлөрдү жүргүзүү жана активдүү өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарыл.
Жыл сайын дүйнөлүк рейтингдерде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүнүн жакшыруу тенденциясы байкалууда.
Бүткүл дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин баяндамасында өлкө дүйнөдөгү тез өнүгүп жаткан туризм багыты катары саналып, 10 жылдын ичинде туризм жылына 8,2 %га чейин өсүшү белгиленген. Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасындагы туризм көбүнчө, ал тургай дүйнөлүк уюмдар жана басылмалар, санариптик сервистик булактар тарабынан түзүлгөн рейтингдер боюнча ТОП-10, 20 жана 30 туристтик өлкөлөрдүн катарына кирет3.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун (ДЭФ) аналитикалык тобу тарабынан түзүлгөн “Саякат жана туризм секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү индекси” боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы 2015-жылдан 2021-жылга чейин 140 өлкөнүн арасында 116дан 90-орунга жогорулаган4.
Дүйнөдөгү эң меймандос мамлекеттердин “Welcoming Countries Rank-2023” жылдык интерактивдүү рейтингинде Кыргыз Республикасы 199 өлкөнүн ичинен 53-орунду ээлеген5.
Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрү боюнча 2023-жылга карата 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээлеп, Борбор Азияда алдынкы позицияны ээлеген.
Кыргыз Республикасынын туристтик тармагы өнүгүүнүн натыйжалуу деңгээлине жетип, туризмди туруктуу өнүктүрүү саясатын ишке ашыра баштады.
Ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн принциптерин үйрөтүү, инновациялык жана экологиялык жактан натыйжалуу технологияларды, туруктуу тажрыйбаларды жана финансылык инструменттерди киргизүү боюнча жигердүү аракеттер жүргүзүлүүдө.
Жергиликтүү туристтик дестинациялар формасындагы коомдук туристтик уюмдар активдүү өнүгүп жатат.
2022-жылы бир миллиард сом өлчөмүндөгү уставдык капиталы менен “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомунун түзүлүшү туризм секторун тез өнүктүрүү үчүн маанилүү фактор болуп калды.
Учурда Кыргыз Республикасында негизги туристтик рынокторду камтыган 80ден ашуун өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилген.
Кыргыз Республикасына КМШ, Перс булуңу жана КЭР өлкөлөрүнөн жаңы аба каттамдарынын саны көбөйдү.
Туристтик брендди жылдыруу боюнча акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан маркетинг саясаты көзгө көрүнөрлүк натыйжаларды бере баштады.
Региондор региондук тармактык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен туризмди өнүктүрүү аракетин көрсөтүүдө.
1.2. Туристтик тармактын көйгөйлөрү
Туристтик тармактагы негизги көйгөйлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасынын жетишсиздиги, бул аналитикалык материалдарга негизделбеген, төмөн деңгээлдеги чечимдерди даярдоого жана кабыл алууга алып келет;
туризмди өнүктүрүү чөйрөсүндө долбоорлорду иштеп чыгуу, туризм жаатында маанилүү экономикалык жана саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн Дүйнөлүк туристтик уюмдун (БУУ Туризм) сунуштарын эске алуу менен республиканын статистикалык практикасына алдынкы эл аралык тажрыйбаны жана туризм статистикасынын методологиясын киргизүүнү тездетүү зарыл;
тармакты жөнгө салуу механизмдери жетишсиз, ал эми иштеп жаткандары натыйжалуу эмес;
мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдерде туристтик бизнеске дем берүү механизмдеринин жоктугу секторго натыйжалуу өнүгүүгө мүмкүндүк бербейт;
сектордогу жагымсыз инвестициялык климат инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук кылат;
өлкө дүйнөлүк туризм рынокторунда азыркыга чейин анча белгилүү эмес, улуттук туристтик продуктуну илгерилетүү жетиштүү деңгээлде натыйжалуу болбогондуктан, тармакты маалыматтык камсыздоонун деңгээли төмөн жана улуттук туристтик продукт боюнча промоматериалдардын санынын жетишсиздиги байкалат;
негизги рынокторго жетүүдөгү кыйынчылык туристтик агымдын өсүшүн токтотуп жатат;
кызмат көрсөтүүлөр рыногунун проблемалары болуп туристтик продуктуну диверсификациялоонун начардыгы, мезгилдүүлүк, туристтик жана базалык инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарттарынын жана жөнгө салуунун жоктугу, туристтик объекттер, ресурстар жана тармактын субъекттери жөнүндө маалымат базасынын жоктугу саналат;
туризмдеги экологиялык абал жана айлана-чөйрөнү коргоо абалы жыл сайын өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, жаратылышты жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо менен байланышкан проблемалар бар.
2023-жылга карата Йель университетине караштуу Экологиялык саясат жана укук борбору (Yale Center for Environmental Law and Policy) тарабынан жыл сайын түзүлүп турган дүйнөдөгү эң экологиялык таза өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 126-орунда турат6. Бул көрсөткүч мамлекеттин алдына экологиялык чөйрөнү жакшыртууга багытталган милдеттерди коёт;
туризм тармагындагы курч проблема эмгек рыногунда зарыл болгон кадрларды даярдоонун натыйжасыз системасы менен байланышкан начар кадр саясаты болуп саналат;
айрыкча тоодо туризмдин коопсуздугун камсыздоо төмөнкү деңгээлде турат. Эл аралык тоо туризминин коопсуздук рейтингинде Кыргыз Республикасы 30 баллга ээ, алгылыктуу деңгээлде 70 жана максималдуу дегенде 100 балл;
өнүктүрүү документтеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жоктугу;
калктын тармакты туруктуу өнүктүрүүнүн маңызын жана маанилүүлүгүн түшүнбөстүгү.
2. Артыкчылыктар, максаттар жана милдеттер
2.1. Программанын жана тармактын максаттары
Программанын максаты
Программанын максаты болуп туризмди өнүктүрүүнү камсыз кылган жана жарандардын иш менен камсыз болуусун жана кирешесинин өсүшүн камсыздоо менен эл аралык аренада өлкөнүн имиджин көтөрүүгө, ошондой эле дүйнөлүк рыноктордо улуттук туристтик продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана туризмдин инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөткөн субъекттер үчүн мамлекет тарабынан жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен туризмди туруктуу өнүктүрүү саналат.
2.2. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана милдеттер
Бул Программада Кыргыз Республикасында орто мөөнөттүү мезгилге туризмди туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү үчүн негизги артыкчылыктар, милдеттер жана чаралар аныкталган. Алар пайда алуучулардын (мамлекеттин, калктын, ишкерлердин жана туристтердин) муктаждыктарына, тармактын проблемаларын чечүүгө жана дүйнөлүк туризм тенденцияларына негизделген.
1-артыкчылык. Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты оптималдаштыруу
Негизги милдеттер:
мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин киргизүү;
“Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомунун ишин оптималдаштыруу;
туризм жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү;
формалданган эксперттик коомчулукту түзүү;
туризмде статистикалык эсептин жаңы методологиясын иштеп чыгуу жана киргизүү;
туристтик бизнеске дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
тармакта мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
2-артыкчылык. Керектөө рыногун түзүү
Негизги милдеттер:
улуттук туристтик продуктуну ички жана тышкы рынокторго илгерилетүү;
улуттук туристтик продуктунун негизги түрлөрү боюнча жол көрсөткүчтөрдү (рекреациялык, кызыктуу жаратылыштык, медициналык, MICE (иштиктүү), маданий-экологиялык ж.б.) түзүү;
Кыргыз Республикасына негизги рыноктордон ыңгайлуу жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
керектөө рыногун маалыматтык камсыздоо;
ички туризмди колдоо жана өнүктүрүү.
3-артыкчылык. Туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүүдө санариптик трансформациялоо
Негизги милдеттер:
жылдын төрт мезгилиндеги туризмди өнүктүрүү;
туристтик продуктуларды диверсификациялоо;
жогорку жана орто деңгээлдеги кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүү жана киргизүү;
туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана жөнгө салуу;
меймандостук маданиятын өнүктүрүү;
жагымдуу туристтик климатты түзүү, туризм чөйрөсүндөгү жүрүм-турумдун региондук кодекстерин иштеп чыгуу;
региондордо туристтик ресурстарды өнүктүрүү;
өлкөнүн туристтик продуктунун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
көлөмдүү маалыматтар жана аналитика, онлайн-брондоо, мобилдик тиркемелер, виртуалдык чындык, төлөм технологиялары жана акылдуу отелдер технологиялары.
4-артыкчылык. Туристтик тармакта коопсуздукту камсыздоо
Негизги милдеттер:
туристтердин коопсуздугун камсыздоо;
коопсуздук стандарттарын иштеп чыгуу, киргизүү жана жөнгө салуу;
өзгөчө кырдаалдар (кар көчкү жана сел жүрүшүн болжолдоо, тоодо куткаруу иштери ж.б.) болгон учурда туристтик объекттердин жанында алдын алуу коопсуздугунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү.
5-артыкчылык. Тарыхый-маданий мурастарды, жаратылыш чөйрөсүн сактоо жана өнүктүрүү жана экологиялык тең салмактуулукка жетишүү
Негизги милдеттер:
экологиялык туруктуулук, анын ичинде жаратылыш ресурстарын коргоо, калдыктарды башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
тарыхый-маданий мурас объекттерин маалыматтык коштоо;
тарыхый жана маданий мурас объекттерин ички жана тышкы рынокто жылдыруу;
туруктуу туризмдин глобалдык критерийлерин ишке киргизүү;
жергиликтүү калктын адеп-ахлактык, экологиялык жана укуктук маалымдуулугун жогорулатуу;
экологиялык жактан натыйжалуу технологияларды жана өнүктүрүү куралдарын киргизүү;
айлана-чөйрөгө, туристтик ресурстарга аяр мамиле жасоо жана аларды сактоо боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
жаратылышты коргоо мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү.
6-артыкчылык. Региондорду өнүктүрүү
Негизги милдеттер:
мамлекеттик өнүктүрүү документтеринин алкагында региондордо туризмди өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
жергиликтүү деңгээлде туризмди башкаруу системасын түзүү;
өнүктүрүүнүн моделдик инструменттерин (кластерлер, дестинациялар, геопарктар жана башкалар) ишке ашыруу;
социалдык туризмди өнүктүрүү;
аймактык маркетинг стратегияларын иштеп чыгуу;
туристтик тармакты каржылоо үчүн региондорду өнүктүрүү фонддорун пайдалануу.
7-артыкчылык. Тармактык инфраструктураны өнүктүрүү
Негизги милдеттер:
негизги туристтик инфраструктураны өнүктүрүү (аэропортторду, республикалык маанидеги жолдорду жана туристтик объекттерге баруучу жолдорду куруу жана модернизациялоо, суу менен камсыздоо, тазалоочу курулмалар, катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо жана энергетикалык инфраструктура системаларын модернизациялоо жана кеңейтүү);
жыл бою иштөөчү туризмдин, анын ичинде медициналык, спорттук жана санаториялык-курорттук туризмдин болгон инфраструктуралык объектилерин өнүктүрүү жана жаңыларын куруу;
региондордо туристтерди жайгаштыруунун жаңы каражаттарын курууга дем берүү;
туристтик дестинациялардын жана объекттердин транспорттук жеткиликтүүлүгү;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында туристтерге багытталган өткөрүү пункттарын модернизациялоо же жаңыларын куруу.
8-артыкчылык. Туризмге жашыл технологияларды киргизүү
Негизги милдеттер:
жашыл туризмди өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
туризм чөйрөсүндөгү объекттерде зыяндуу чыгындыларды төмөндөтүүгө, тазалоочу курулмаларды орнотууга жана калдыктарды оптималдаштырууга багытталган чараларды ишке ашыруу;
энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүнү жана пайдаланууну стимулдаштыруу, ошондой эле ЭКБнын базасында микрогенерацияны өнүктүрүү;
Кыргызстандын туристтик тармагында энергиялык натыйжалуулукту илгерилетүү.
9-артыкчылык. Медициналык, спорттук, санаториялык-курорттук туризмди өнүктүрүү
Негизги милдеттер:
медициналык туризм продуктуларын калыптандыруу (клиникалардын менеджерлерин туристтик продуктуларды калыптандыруунун эрежелерине, туристтик продукциянын компоненттерин түшүнүүгө окутуу);
медициналык уюмдардын жана санаторийлердин туристтик операторлор менен кызматташуу тартибин аныктоо жана өнүктүрүү;
медициналык, спорттук жана санаториялык-курорттук туризмди өнүктүрүүгө корпоративдик секторду жана бизнес түзүмдөрдү тартуу, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу;
медициналык, спорттук жана санаториялык-курорттук уюмдарда тейлөөнү жана башкарууну өнүктүрүү;
тейлөө стандарттарын киргизүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында жана жол-жоболорунда “кызматтык кабыкты” калыптандыруу, окутуу, тажрыйба алмашуу, медициналык туризмдин чет элдик эксперт лидерлерин тартуу;
Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүү медициналык, спорттук жана санаториялык-курорттук туризм продуктуларынын тизмегин аныктоо үчүн маркетингдик талдоо жүргүзүү;
атаандаштык артыкчылыктарынын негизинде маркетинг стратегиясын иштеп чыгуу;
Кыргызстандын медициналык кызматын чет өлкөлүк рынокто жылдыруу;
спорттук туристтик каттамдарды жана программаларды иштеп чыгуу, алардын негизинде туризмди уюштуруу.
3. Программанын максатына жетүүнүн негизги көрсөткүчтөрү
Программанын максатына жетүүнүн негизги көрсөткүчтөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
2030-жылга карата Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналитикалык тобу тарабынан аныкталган туризм жана саякат чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдынкы 50 өлкөнүн тизмесине кириши;
2030-жылга карата өлкөнүн ички дүң продукциясында (ИДП) туризмдин үлүшүнүн кеминде 7 %га өсүшү;
чет элдик жана ички туристтердин агымынын жыл сайын 10 %га өсүшү;
тоо туризминдеги коопсуздуктун эл аралык рейтингинде 70 же андан жогору баллга жетишүүсү.
4. Күтүлүүчү натыйжалар
Бул Программа мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, туристтик ассоциациялар жана дестинациялардын атынан коомдук уюмдар, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр жана жеке туризм сектору менен биргеликте ишке ашырылат.
Программаны ишке ашыруу туристтик тармакты өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүндө оң тенденцияларга жетүүгө мүмкүндүк берет. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында туризм чындыгында Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп калат.
Мамлекет туризмди туруктуу өнүктүрүү, эл аралык кызматташуу, туристтик агымдарды жана туризмге инвестицияларды тартуу үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзөт. Туризмди башкаруу мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде жакшыртылат, башкаруунун эффективдүү системалары түзүлөт жана туризм статистикасы өркүндөтүлөт.
Потенциалдуу туристтик аймактар (дестинациялар) сапаттуу инженердик-транспорттук жана туристтик инфраструктура менен камсыз кылынат. Максаттуу рыноктор менен, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен аба каттамдарынын (үзгүлтүксүз, түз, чартердик каттамдар), темир жол жана жер үстүндө жүрүүчү транспорт байланыштарынын саны көбөйтүлөт. Туристтердин келген жерлердеги керектөөлөрү максималдуу деңгээлде камсыз кылынат.
Туристтик ишкердик иши Кыргыз Республикасынын алыскы жана потенциалдуу туристтик райондорунун арасында кеңири жайылат. Туристтик продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана түрдүүлүгү жогорулайт жана жетиштүү болот, туристтик объекттерде жана жайгаштыруу жайларында кызмат көрсөтүү эл аралык стандарттарга мүмкүн болушунча жакындайт.
Мамлекет визасыз өлкөлөрдүн санын бир тараптуу жана эки тараптуу тартипте кеңейтүү, визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана чек арадан өтүү, анын ичинде чек арага чектеш аймактарга баруу маселелерин иштеп чыгат.
Туристтик рынокто атаандаштыкты жогорулатуу жана тармакта өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн санариптик чечимдер иштелип чыгып, туризмде санариптик инструменттер жана маалыматтык системалар киргизилет.
Туризмди натыйжалуу өнүктүрүү маселелерин чечүү Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жана ички туристтердин агымын, өлкөнүн экономикасына валюталык келип түшүүлөрдүн агымын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык келип түшүүлөрдүн өсүшүнө жана калктын иш менен камсыз болуусунун өсүшүнө өбөлгө түзөт (бир турист 3–4 жумуш ордун камсыздай алат), ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасынын чектеш тармактарын өнүктүрүүгө олуттуу дем берет.
Программанын бардык чараларын ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын ИДПсындагы туризмдин үлүшү 2030-жылга карата 7 %га жетет. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту (чет өлкөлүк туристтер алып келген киреше) учурдагы эсептөөлөр боюнча 10 %га чейин өсүшү керек. Тиешелүү шарттарда негизги капиталга инвестиция 10 %га өсөт. Чет элдик туристтердин келиши жыл сайын 7 %га чейин өсөт.
Кыргыз Республикасы өзүнүн аброюн жакшыртат жана дүйнөлүк туристтик рыноктордо кеңири таанылат, ошондой эле эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртат.
5. Жагымдуу өбөлгөлөр жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер
5.1. Өбөлгөлөр
Туристтик тармакты туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
– туристтик потенциалдын болушу;
– тармакты мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар;
– региондордо туризмди өнүктүрүү;
– жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу;
– туризмге инновациялык чечимдерди жана технологияларды киргизүү;
– туризм боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, коомдук уюмдардын жана тармактын бизнес-чөйрөсүнүн эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөрү менен жигердүү кызматташуусу (туристтик инфраструктураны жакшыртуу үчүн гранттык каражаттарды тартуу, техникалык колдоо ж.б.);
– туризм чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, бул жакшыртууну талап кылган учурдагы туристтик объекттерди сактап калууга жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү Кыргыз Республикасына өлкөнүн аброюн жана ата мекендик туристтик продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;
– “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомунун иши.
5.2. Мүмкүн болгон тобокелдиктер
Бул Программаны ишке ашырууда жана анын максаттарына жетүүдө мүмкүн болуучу макроэкономикалык, социалдык, операциялык жана башка тобокелдиктерди эске алуу зарыл.
Бул коркунучтарды минималдаштыруу, милдеттерди жана иш-чараларды ишке ашырууга натыйжалуу мониторинг жүргүзүү, ушул Программанын артыкчылыктуу багыттарын жана индикаторлорун оңдоо боюнча ыкчам чараларды көрүү Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун эң маанилүү шарттары болуп саналат. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө жана акыркы натыйжаларына алардын таасиринин мүнөзү боюнча төмөнкү тобокелдиктер олуттуу болуп саналат.
Ички жана тышкы кырдаалдын начарлашы, улуттук экономиканын өсүү темпинин төмөндөшү, инвестициялык жигердүүлүктүн деңгээли жана инфляциянын жогорку деңгээли менен байланышкан макроэкономикалык тобокелдиктер. Бул тобокелдиктердин ишке ашырылышы туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын негизсиз жогорулашына, алардын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана тармакка инвестициянын кыскарышына алып келиши мүмкүн.
Финансылык тобокелдиктер бюджеттин тартыштыгынын келип чыгышы жана натыйжада республикалык бюджеттен каржылоонун жетишсиз деңгээли, иштин белгиленген багыттары боюнча бюджеттик чыгашаларды секвестрлөө, ошондой эле ушул Программаны ишке ашырууга катышкан коомдук бирикмелер жана мекемелердин ишин каржылоонун туруктуу булагынын жоктугу менен байланышкан. Бул тобокелдиктерди ишке ашыруу программалык иш-чаралардын үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн, бул туризмге тартылган адамдардын санын олуттуу кыскартат жана туризм тармагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээлин төмөндөтөт.
Бул Программаны ишке ашыруунун социалдык-экономикалык натыйжалары так жана түшүнүктүү болууга тийиш. Болбосо коомдо бул стратегиялык документке кайдыгерлик, терс мамиле жаралышы мүмкүн. Бул Программанын натыйжалары талап кылынбай калышына алып келиши мүмкүн. Тобокелдикти азайтуунун эң маанилүү фактору болуп өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кызыкдар тараптарга ушул Программанын максаттары, милдеттери жана ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүү саналат.
Жер титирөө, сел, жер көчкү, кар көчкү, өрт жана кургакчылык сыяктуу табигый кырсыктар туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай окуялар инфраструктуранын бузулушуна, туристтик аймактарга кирүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине, туристтерди эвакуациялоо зарылдыгына, табигый кооз жерлердин бузулушуна жана коопсуздук маселелеринен улам туристтердин агымынын азайышына алып келет. Климаттын өзгөрүшү, ошондой эле туристтик мезгилдерди өзгөртүп, уникалдуу экосистемаларга коркунуч келтириши мүмкүн. Тобокелдиктерди азайтуу үчүн алдын ала эскертүү системаларын киргизүү, эвакуациялоо пландарын иштеп чыгуу, туруктуу инфраструктурага инвестициялоо, туристтик жайларды камсыздандыруу жана кызматкерлерди жана туристтерди коопсуздук чараларына үйрөтүү зарыл.
Менеджменттин натыйжасыздыгы, тармактык жетекчиликтин тез-тез алмашышы, туризм боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайра түзүлүшү ж.б.
6. Программаны каржылоо
Бул Программанын иш-чараларын ишке ашыруу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, инвесторлордун, банктардын жана эл аралык финансы институттарынын кредиттеринин, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жеңилдетилген кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен каржыланат.
7. Мониторинг жана баалоо
Бул Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу мониторингге жана баалоого жатат. Мониторинг жана баалоо төмөнкүлөргө багытталат:
– башкаруунун өркүндөтүлгөн системасы менен Программаны ишке ашырууну координациялоого;
– ар бир артыкчылыктуу багыт боюнча иш-чаралардын аткарылышын системалуу талдоого жана баалоого;
– айтылган натыйжалардан четтөөлөрдү аныктоо, алардын келип чыгуу себептерин талдоого, зарыл түзөтүүлөрдү киргизүүгө.
Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо туруктуу негизде жүзөгө ашырылат жана туризм боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизи болуп калат. Бардык көрсөткүчтөр жылына эки жолу байкоого алынат.
___________________
1 Саякат жана туризм боюнча дүйнөлүк кеңеш. Саякат жана туризм. Экономикалык таасир 2017. Кыргызстан.
2 КР УКМК Чек ара кызматынын маалыматтары жана КР ЭКМ Туризм департаментинин эсептөөлөрү.
3 Эл аралык туристтик уюм (UNWTO). “Туризмге ыңгайлуу өлкө” рейтинги, "Lonely Planet" эл аралык басмакана компаниясы (“Саякаттоо үчүн мыкты жерлер” рейтинги), “ТурСтат” аналитика агентеттиги (“КМШнын мыкты курорттору” рейтинги), америкалык "Forbes" журналы (“Эс алуу үчүн эң жеткиликтүү өлкө” рейтинги), "Financial Times" гезити (“Бара турган өлкөлөр” рейтинги), Бакыт жөнүндө дүйнөлүк баяндама (“Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөлөр 2023” рейтинги (WorldHappinessReport)"), "Mastercard" төлөм системасы "MastercardGlobalDestinationCities" рейтинги), CrescentRating компаниясы MasterCard менен бергиликте ("Global MuslimTravel lndex" рейтинги) жана башка.
4 Ачык эл аралык документ, 13-бет:
https://www3.weforum.org/docs/WEF_Travel_Tourism_Development_2021.pdf?fbclid=IwAR3TFDtMeHI_VxBcwW0IC9RIp-KuyqPITA_Sb5HBMZPzACm3Mlo8TCe2Q9k
5 Henley & Partners компаниясынын "Passport Index" жана IATA маалыматтары.
6 (шилтеме https://nonews.co/directory/lists/countries/ecology),