Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-декабры № 828
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмесин бекитүү жөнүндө
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 453 "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартиби жөнүндө" токтомунун 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссияларга турак жай маселелери боюнча арыздарды кароодо турак жай маселелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу кызматкерди жумушка тартуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын ТИЗМЕСИ
№ | Багыт | Керектүү тастыктоочу документтер |
1 | 2 | 3 |
1-глава. Саламаттык сактоо тармагында | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча толук төлөнбөгөн медициналык кызматтар, анын ичинде сарпталуучу материалдар жана нозологиялардын диагностикасы үчүн акы төлөө тиркелген нозологиялардын (оорулардын) тизмесине ылайык жүргүзүлөт | 1) медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кеңейтилген медициналык комиссиянын корутундусу; 2) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 3) мекеменин банктык реквизиттери |
2 | Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн реабилитациялоо программаларына, анын ичинде физикалык жана психосоциалдык реабилитациялоого акы төлөө | 1) медициналык корутунду; 2) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 3) мекеменин банктык реквизиттери |
3 | Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде терапиялык, хирургиялык жана ортодонтиялык кызматтарга акы төлөө | 1) медициналык корутунду; 2) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 3) мекеменин банктык реквизиттери |
2-глава. Билим берүү тармагында | ||
4 | Мамлекеттик жана жеке менчик орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө ЖОЖдон кийинки билим берүүдө контракт боюнча окуу үчүн акы төлөө | 1) аккредитация жөнүндө сертификаттын/лицензиянын көчүрмөсү; 2) окууга кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү; 3) билим берүү уюму менен келишим; 4) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 5) мекеменин банктык реквизиттери |
3-глава. Турак жай тармагындагы маселелер боюнча | ||
5 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайдын ижара акысын төлөө | 1) кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага алуу боюнча "МИК" ААК менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү; 2) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 3) "МИК" ААКтын банктык реквизиттери |
6 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасы боюнча ипотеканы алууда баштапкы төлөмдү төлөө | 1) "МИК" ААК менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү; 2) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 3) "МИК" ААКтын банктык реквизиттери |
7 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасынын алкагында учурдагы ипотеканы төлөө | 1) "МИК" ААК менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү; 2) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 3) "МИК" ААКтын банктык реквизиттери |
8 | Эгерде кыймылсыз мүлктүн ээси бала болсо, турак жайды оңдоону, жашоо шарттарын жакшыртууну же модернизациялоону каржылоо | 1) сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсү; 2) чыгымдардын сметасы; 3) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 4) мекеменин банктык реквизиттери |
9 | Кыймылсыз мүлктүн ээси бала болгон шартта, бала үчүн турак жай аянтын түзүүгө же кеңейтүүгө, анын ичинде кошумча турак жай аянтын курууга же сатып алууга чыгымдарды төлөө | 1) сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсү; 2) чыгымдардын сметасы; 3) төлөө үчүн эсеп/квитанция; 4) мекеменин банктык реквизиттери |
|
| "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмесине тиркеме |
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча толук көлөмдө төлөнбөгөн нозологиялардын (оорулардын) ТИЗМЕСИ
№ | Оорулар | ОЭАК | МКП |
1 | 2 | 3 | 4 |
1-глава. Шишиктер | |||
1 | Курч лимфобласттык лейкоз | C91.0 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
2 | Курч миелоиддик лейкоз | С92.0 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
3 | Ходжкин оорусу | C81 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
4 | Мээ шишиктери | C71.1-6 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
5 | Нейробластома | С47 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
6 | Нефробластома | С64 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
7 | Ретинобластома | С69.2 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
8 | Гепатобластома | С22 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
9 | Фолликулярдык ходжиндик эмес лимфома | С82 - С89 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
10 | Жумшак ткандардын саркомасы | С90.0 - С90.2 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
11 | Өнөкөт лимфоцитардык лейкоз | C91.1 - C91.9 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
12 | Өнөкөт миелоиддик лейкоз | C92.1 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
13 | Лангерганс клеткасынын гистиоцитозу | С96.6 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
2-глава. Кан жана кан түзүүчү органдардын оорулары | |||
14 | Басымдуу антителолордун жетишсиздиги менен иммундук жетишсиздиктер | D80 - 84 |
|
15 | VIII фактордун ("А" гемофилиясы) тукум куучулук жетишсиздиги | D66 | Негизги оорусу боюнча гемофилия менен ооругандар |
16 | IX фактордун ("В" гемофилиясы) тукум куучулук жетишсиздиги | D67 | Негизги оорусу боюнча гемофилия менен ооругандар |
17 | Виллебранд оорусу | D68 |
|
18 | Кандын уюшунун башка факторлорунун тукум куучулук жетишсиздиги (I, II, V, VII, X, XI, XII) | D68.2 |
|
19 | Тромбоциттердин сапаттык кемчиликтери (тубаса тромбоцитопатиялар: Бернар-Сулье оорусу, Гланцман оорусу) | D69.1 | Негизги оорусу боюнча гемофилия менен ооругандар |
20 | Баштапкы иммундук тромбоцитопения | D69.3 |
|
21 | Апластикалык анемия | D61.3 | Онкогематологиялык оорулуулар үчүн |
22 | Тубаса апластикалык анемия (Даймонд-Блекффан анемиясы) | D64.4 | Онкогематологиялык оорулуулар үчүн |
23 | Пароксизмалдуу түнкү гемоглобинурия (Маркиафава-Микели оорусу) | D59.5 | МКП аркылуу алынган кан препараттары толук жетиштүү эмес |
24 | Гемолитикалык анемия (гемоглобинопатия) | D58.2 | МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт |
25 | Кийин пайда болгон аутоиммундук гемолитикалык анемия | D59.1 | МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт |
26 | Гемолитикалык анемия (ферментопатия) | D55 | МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт |
27 | Тукум куучулук сфероцитоз (Минковский-Шоффар оорусу) | D58.0 | МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт |
28 | Гоше оорусу | Е75.2 | МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт |
3-глава. Сөөк-булчуң жана бириктирүүчү ткандардын оорулары | |||
29 | Идиопатиялык сезгенуү миопатиялары | МЗЗ | Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
30 | Түйүндүү полиартериит | М30 | Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
31 | Спецификалуу эмес аортоартериит (Такаясу оорусу) | M31.4 | Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
32 | Вегенер гранулематозу (полиангиит менен гранулематоз) | M31.3 | Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
33 | Бехчет оорусу | М35.2 | Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
34 | Чердж-Стросс оорусу | M30.1 | Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
4-глава. Жаак-беттин оорулары | |||
35 | Беттин, эриндин жана таңдайдын кыйгач жана туурасынан кеткен жаракасы | Q18.0 | МКП боюнча төлөнөт |
36 | Ван дер Вуд синдрому | Q38.0 | МКП боюнча төлөнөт |
37 | Ооз көңдөйүнүн былжыр фиброзу | K13.5 | МКП боюнча төлөнөт |
38 | Тубаса аягына чыкпаган остеогенез | Q78.0 | МКП боюнча төлөнөт |
39 | Тубаса сколиоз | Q76.4 | МКП боюнча төлөнөт |
40 | Радиоульнардык синостоз | Q74.0 | МКП боюнча төлөнөт |
41 | Люшка кабыргасы | Q76.6 | МКП боюнча төлөнөт |
5-глава. Нерв системасынын оорулары | |||
42 | Каракуш мээнин эрте атаксиясы (Фридрейх атаксиясы (аутосомдук-рецессивдүү) Х-байланышкан рецессивдүү спиноцеребеллярдык атаксия Х-уланган спиноцеребеллярдык атаксиялар, аутосомдук-рецессивдүү спиноцеребеллярдык атаксиялар, Е витамининин тукум куучу жетишсиздиги) | G11.1 | Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт |
43 | ДНКнын репарациясынын бузулушу менен каракуш мээнин атаксиясы Телеангиэктатикалык атаксия (Луи-Бар синдрому) | G11.3 | Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт |
44 | Гликоген топтоо оорулары (Помпе оорусу (гликогеноздун 2-тиби) | Е74.0 | Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт |
45 | Тукум куучу спастикалык параплегия (Штрюмпель оорусу) | G11.4 | Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт |
46 | Омуртканын I типтеги (Вердниг-Гоффман) булчуң дистрофиясы (омуртканын I, II, III типтеги амиотрофиясы) | G12 | Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт |
47 | Кыймылдаткыч нейрондун оорусу. Кыймылдаткыч невронго жакын оору (Амиотрофиялык каптал склерозу) | G12.2 | Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт |
48 | Базалдык ганглиянын башка дегенеративдик оорулары. Галлерворден-Шпатц оорусу | G23 | Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт |
49 | Дистония | G24 | МКП боюнча төлөнөт |
50 | Нерв системасынын башка рубрикаларда классификацияланбаган башка дегенеративдик оорулары (Башка рубрикаларда классификацияланбаган лейкодистрофиялар, анын ичинде Александер оорусу, субкортикалдык кисталар менен лейкоэнцефалопатия, МР-спектроскопияда сөңгөктүн жабыркашы жана лактаттын жогорку деңгээли менен лейкоэнцефалопатия, Канаван оорусу), метахроматикалык лейкодистрофия, Краббе оорусу | G31 | Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
51 | Энөө склероз | G35 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
52 | Оптиконевромиелит (Девик оорусу) | G36 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
53 | Эпилептикалык энцефалопатия жана эпилепсиялык синдромдор | G40.8 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
54 | Тукум куучу моторикалык жана сенсордук невропатия | G60 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
55 | Курч сезгенүүчү демиелинизациялоочу полирадикулоневропатия (Гийен-Барре синдрому) | G61.0 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
56 | Өнөкөт сезгенүүчү демиелинизациялоочу полиневропатия | G61.8 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
57 | Тубаса же кийин пайда болгон миастения | G70 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
58 | Булчуңдун дистрофиясы | G71.0 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
59 | Башка рубрикаларда классификацияланбаган митохондриялык миопатия (MELAS, MERRF, NARP синдрому, Керно-Сайер синдрому, митохондриялардын дем алуу чынжырынын комплекстеринин жетишсиздиги менен шартталган митохондриялык миопатиялар) | G71.3 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
60 | Факоматоздор: I типтеги нейрофиброматоз, тубероздук склероз. Башка рубрикаларда классификацияланбаган башка фокамотоздор | Q85 | Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт |
6-глава. Бөйрөк жана заара чыгаруу жолдорунун оорулары | |||
61 | Атиптүү гемолитикалык-уремиялык синдром | D59.3 | Органдарды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт |
62 | Ig-A баштапкы нефропатия | N02.0 | Органдарды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт |
63 | Фокалдык-сегментардык гломерулосклероз (ФСГС) | N04.1 | Органдарды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт |
64 | Диффузиялык мембраноздук гломерулонефрит | N04.2 | Органды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт |
7-глава. Кан айлануу органдарынын оорулары | |||
65 | Ичкерген тромбангиит (Бюргер оорусу) | 173.1 | Чыгымдалуучу материалдарсыз МКП боюнча төлөнөт |
66 | Идиопатиялык (баштапкы) өпкө артериялык гипертензия (ӨАГ) | 127.0 | Чыгымдалуучу материалдарсыз МКП боюнча төлөнөт |
67 | Башка оорулар менен байланышкан өпкө артериялык гипертензия (бириктиргич ткандардын системалуу оорулары, жүрөктүн тубаса кемтиктери, ВИЧ-инфекциясы, дарылардан жана токсиндерден улам пайда болгон портопульмоналдык ӨАГ ж.б.) ж.б. | 127.8 | Чыгымдалуучу материалдарсыз МКП боюнча төлөнөт |
68 | Аорта жана митралдык клапандардын тубаса аномалиялары | Q23 | Чыгымдалуучу материалдарды жана оксигенаторду кошпогондо, МКП боюнча төлөнөт |
69 | Тетрада Фалло | 021.3 |
|
70 | Аягына чейин чыкпаган остеогенез | Q78 |
|
71 | Буллездук эпидермолиз | Q81 |
|
72 | Көбүнчө беттин сырткы көрүнүшүнө таасирин тийгизген тубаса аномалия синдромдору. Гольденхар синдрому, Мебиус синдрому, оро-фациалдык-дигиталдык синдром, Робен синдрому, Тричер Коллинз синдрому, Вейль-Маркезани синдрому, Крузон синдрому, Сетре-Чотзен синдрому | Q87 | МКП боюнча төлөнбөйт |
73 | Көбүнчө кол-буттун тубаса аномалияларынын синдромдору: Холт-Орам синдрому, Клиппель-Тренон-Вебер синдрому, тырмактын-тизе томугунун жок болуу (жетилбеген) синдрому, Рубинштейн-Тейби синдрому, сирингомиелия (буттардын биригип өсүшү) синдрому, билек сөөктүн (TZR) жок болушу менен тромбоцитопения синдрому, VZTER синдрому, тубаса контрактуралык арахнодактилия | Q81 | МКП боюнча төлөнбөйт |
74 | Вильямс синдромунун, Стиклер синдромунун башка рубрикаларында классификацияланбаган тубаса аномалиянын башка такталбаган синдромдору, төмөнкү синдромдор: - Альпорт - Лоуренс-Мун-Барде-Бидль - Зельвегер (Цельвегер), ошондой эле LEOPAR синдрому | Q87.7 | МКП боюнча төлөнбөйт |
75 | Теринин жана тырмактын кандидозу Өнөкөт былжырлуу кандидоз (CARD9 жетишсиздиги, IL17F жетишсиздиги, IL17RA жетишсиздиги) | В37 | МКП боюнча толук төлөнбөйт |
76 | Фенилкетонурия (классикалык) | Е70.0 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
77 | "Клен сиробу" оорусу | E71.0 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
78 | Көрүү нервинин атрофиясы | Н47.2 | МКП боюнча төлөнбөйт |
79 | Тубаса глаукома | 015.0 | МКП боюнча төлөнбөйт |
80 | Тубаса катаракта | Q12.0 | МКП боюнча төлөнбөйт |
81 | Жаракаттан кийинки катаракта | H26.1 | МКП боюнча төлөнөт |
82 | Ара төрөлгөндөрдүн арткы агрессивдүү ретинопатиясы | Н35.2 | МКП боюнча төлөнбөйт |
8-глава. Эндокринология | |||
83 | Феохрамоцитома | Е27.5 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
84 | Аддисон оорусу | E27.1 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
85 | Аутоиммундук полигландулярдык синдром | E31 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
86 | Гигантизм | Е22.0 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
87 | Гипопитуитаризм | Е23.0 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
88 | Псевдогипопаратиреоз | E20.1 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
89 | Моди-диабет | E11.8 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
90 | Өсүү гормонунун жетишсиздиги | Е34.3 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
91 | Кушинг синдрому | Е24 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
92 | Порфирия | Е80 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
93 | Мукополисахаридоз | E76.1 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
94 | Гипофиздин гиперфункциясынын башка абалдары (борбордук генездин эрте жыныстык өнүгүүсү) | Е22.8 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
95 | Тубаса гиперинсулинизм | E16.1 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
9-глава. Өнүгүүнүн тубаса кемтиктери (неонаталдык хирургия) | |||
96 | VACTERL ассоциациясы | Q87.2 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
97 | Биригип өскөн эгиздер | Q89.4 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
98 | Беквит-Видеман синдрому | Q87.3 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
99 | Пруне белли синдрому | Q79.4 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
100 | CHARGE синдрому | Q87.8 | МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт |
101 | Гастрошизис | Q79.3 | МКП боюнча төлөнөт |
10-глава. Балдар урологиясы | |||
102 | Гипоспадия | Q54.0 | МКП боюнча төлөнөт |
103 | Эписпадия | Q64.0 | МКП боюнча төлөнөт |
104 | Табарсыктын экстрофиясы | Q64.1 | МКП боюнча төлөнөт |
11-глава. Балдар хирургиясы | |||
105 | Өт жолдорунун атрезиясы | Q44.2 | МКП боюнча төлөнөт |
106 | Диафрагмалык грыжа | К.44. 9 | МКП боюнча төлөнөт |
107 | Пейтс-Егерс синдрому | Q85.8 | МКП боюнча төлөнөт |
108 | Кароли Q44.5 оорусу | Q44.5 | МКП боюнча төлөнөт |
12-глава. Кулак, мурун, тамак оорулары | |||
109 | Эки тараптуу микротия | Q17 | МКП боюнча төлөнбөйт |
110 | Тубаса дүлөйлүк | Н90.3 | МКП боюнча төлөнбөйт |
111 | Кулактын угуусунун эки тараптуу/бир тараптуу начарлашы | Н90.7, Н90.8 | МКП боюнча төлөнбөйт |
112 | Кекиртектин стенозу | J38.6 | МКП боюнча төлөнөт |
113 | Кекиртектин кистасы | D14.1 | МКП боюнча төлөнөт |
114 | Кекиртектин папилломатозу | D14.1 | МКП боюнча төлөнөт |
13-глава. Жугуштуу оорулар | |||
115 | Тубаса кызамык синдрому (ТКС) | Р35.0 | МКП боюнча төлөнөт |
116 | Бактериалык менингиттер | G00.9 | МКП боюнча төлөнөт |
117 | Тырышма | A3 5 | МКП боюнча төлөнөт |
118 | Кене энцефалити, менингоэнцефаломиелит формасы | А84.9 | МКП боюнча төлөнөт |
119 | Курч паралитикалык полиомиелит | А80.3 | МКП боюнча төлөнөт |
120 | Легионеллез (легионерлердин оорусу) | A48.1 | МКП боюнча төлөнөт |
121 | Туляремия | A21 | МКП боюнча төлөнөт |
122 | Денге безгеги | А90, A91 | МКП боюнча төлөнөт |
123 | Хантавирус инфекциясы | А98.5 | МКП боюнча төлөнөт |
124 | Эболавирус инфекциясы | А98.4 | МКП боюнча төлөнөт |
Кыскартуулардын тизмеси
ОЭАК | - | Оорулардын эл аралык классификациясы |
МКП | - | Мамлекеттик кепилдиктер программасы |